КММАНЫН ИЛИМ КҮНДӨРҮ ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ

КММА 2015 ИЛИМ КҮНДӨРУ: ЖАШ ИЛИМПОЗ МЕДИК КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮНҮН СЫЙЛООСУН УЛАНТЫП ЖАТАБЫЗ

moskva
Победитель поедет в культурно-познавательное путешествие в Москву

Мына бул төртүнчү жолу КММА Жаш Илимпоз Медик конкурстун Жеңүүчүсүнө Санжарбек Данияров Фондунун Сыйлыгы  Россиянын борборуна, Москвага, 10-күндүк МАДАНИЯТ-БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ САЯКАТТЫН элесинде  берилет. Бул Сыйлыкка маданий мурастарына жана шаардын көркөм курулуштарына баруу да кирет.    Жеңүүчү комфорттук шарттарда Москва шаарынын жакшы районунда жашайт, жана саякат убагында жеңүүчүгө үзгүлтүксүз көңүл бурулат. Сыйлык боюнча маалыматты бул жерден окуй аласыз.

Жаш Илимпоздор конкурсту Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы жыл сайын апрель айында «КММА Илим Күндɵрү» конференциянын чегинде өткөрөт. Келе жаткан конференциянын программасы менен академиянын сайтында бул жерден таанышсаңыз болот.

Адат боюнча, бул чара көргөзүү маанилүү тарых окуяга арналат. 2015 жылы ушундай окуя Улуу Ата Мекен Согушунда Жеңишинин 70 жылдыгы болгон. 2014 жылы КММАнын  юбилейи болгон, ал эми 2012 жылы конференция Данияров Санжарбек Бакировичдин элесине арналган.

КГМА им. И.К.Ахунбаева
КГМА им. И.К.Ахунбаева

Жаш медиктердин илимий иштерине кызыгуусуна, ишинде бийик деңгээлге жетишүү умтулуусуна, чыгармачылык ой-тилектери менен алмашуу жана билимдеринин көлөмүн кеңейтүүгɵ демилге берүү максаты менен Санжарбек Данияров Фондунун Сыйлыгы 2012 жылы уюштурулган. 2015 жылы сыйлык төртүнчү жолу берилет. Мындан мурун Аллан Абдиев (2012), Радик Талант (2013), Юрий Даниленко (2014) жеңишип, бул сыйлыкты алышкан.

2015 жылдын женүүчүсүн КММАнын жюриси тандайт. Жаңылыктар менен биздин сайтыбызда таанышсаңыз болот. Биз сөзсүз жеңүүчү боюнча маалыматты жана саякаттын фотоотчетун орундатабыз.

 

 

 

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *