БАРДЫК ДОЛБООРЛОР ЖӨНҮНДӨ

ФОНДДУН ИШТЕП ЖАТКАН ДОЛБООРЛОРУ

Фонддун ишмердүүлүгүн биздин сайт толугу менен чагылдырып турат. Фонд ишке ашырып келаткан бардык долбоорлор төрт багытта жүрөт: билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо. Иштеп жаткан ар бир долбоордун жүрүшүн, ага тиешелүү жаңылыктарды, тема боюнча маалыматтарды чагылдырып турган өзүнчө бир же бир нече рубрика бар. Рубрикаларды табууга оңой болушу үчүн жана долбоор жөнүндө маалымат алуу үчүн төмөндө ИШТЕП ЖАТКАН ДОЛБООРЛОРДУН тизмеси берилген.

(Көңүлдө жүргөн же пландаштырылып жаткан жаңы долбоорлор жөнүндө “КӨҢҮЛДӨГҮ ДОЛБООРЛОР” рубрикасынан окуңуздар»).


“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” долбоору – 2011-жылдан ушул күнгө чейин уланып келаткан Кыргызстандын айылдык мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдеринин сынагы. Фонд аны үзгүлтүксүз улантууну пландаштырууда. Баш байге – Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу 10 күндүк саякат жана ошондой эле 3 жеңүүчү мугалимдин класстагы окуучулары менен бирге Бишкек шаарына саякаты.

Бул долбоорго сайттагы өз алдынча БИРИНЧИ МУГАЛИМ рубрикасы арналган. Рубрикадан долбоордун маани-маңызы, сынактын күндөлүгү, сабактар, саякаттоо учурун сүрөттөгөн баяндар бар, ал эми саякат жана сынактардын өзүн чагылдырган сүрөттөрдү СҮРӨТГАЛЕРЕЯдан көрө аласыздар.

Лауреаттардын пикирлери ЛАУРЕАТТАР рубрикасында жайгашкан.

 


Радик и Аллан — лауреаты Премии Фонда

“ЖАШ ОКУМУШТУУ ДАРЫГЕР” долбоору. Долбоор 2012-жылы уюштурулуп, ушул күнгө чейин уланууда. Долбоордун максаты – ата-мекендик медицина жана медициналык илимдин келечекте гүлдөп-өсүшүнө салым кошуп жаткандарды Санжарбек Данияровдун Фондунун атайын сыйлыгы – Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу 10 күндүк саякат менен сыйлоо. Жеңүүчүлөр жана алардын саякаттары жөнүндө долбоордун “ЖАШ ИЛИМПОЗ-МЕДИК” рубрикасынан таанышууга болот. Мында да “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” долбоору сыяктуу эле саякаттарды жана сынактын өзүн чагылдырган СҮРӨТРЕПОРТАЖДАРДЫ СҮРӨТГАЛЕРЕЯСЫНАН көрө аласыздар, ал эми лауреаттардын ой-пикирлери ЛАУРЕАТТАР рубрикасында жайгашкан.


“1916-ЖЫЛ”долбоору – 1916-жылдагы драмалык окуялар жөнүндө документтерди, макалаларды жана жыйнактарды чогултуу, систематизациялоо, анализдөө жана жарыялоо. Максаты – сайтка ал кайгылуу окуяларга тиешелүү маалыматтарды айкын жана толук жайгаштыруу жана ал маалыматтар кимге маанилүү болсо, ошол адамдардын баарына жеткиликтүү чагылдырып берүү. Бул долбоордун иши азыр улантылууда. Сайтта бул темага арналган төмөнкү бир нече бөлүмдөр бар:

  • «1916-ЖЫЛ» (тилекке каршы, орус гана тилинде), бул өз иретинде «Жылнаама: Түркстан 1916” деп бөлүнөт – мындан туура 100 жыл мурда болуп өткөн окуяларды (рубрика 2016-жылы толтурула баштаган) ирети менен – ар күн сайын болгондорун сүрөттөп берүү, жана кээ бир маанилүү маселелер, атап айтканда, окуялардагы чет элдик фактордун ролу, окуялардын кээ бир катышуучуларынын көз караштары, маселен губернатор Гиппиус жана башкалар жөнүндө ротмистр Железняковдун көз карашы, ж.б. “1916-жыл жөнүндө макалалар”.
  • «1916-ЖЫЛДАН КИЙИН» — 1916-жылдагы драмалык окуялардан кем эмес мааниси бар ошол кайгылуу окуялардын кесепеттери, алардын чечилиши тууралуу документтер жана макалалар.
  • «1916-ЖЫЛДЫН АРХИВИ» — мында документтердин жана жарыяланган жыйнактардын түп нускасынан сканирленип көчүрүлгөн көчүрмөлөрү бар. Фонд азыркы учурда 1916-жылдагы документтердин маалыматтык базасын иреттеп түзүү менен алектенүүдө. Бул база жогоруда айтылган рубрикада жайгаштырылат жана аталган тема менен алектенгендердин баарына жеткиликтүү болмокчу.

«МЕНИН ЧӨЛКӨМДҮН ТАРЫХЫ» долбоору. Анын идеясы — улуу муундагы адамдар менен балдар өз ара турмуштук көйгөйлөр жөнүндө гана сүйлөшпөстөн, бири-бири менен башка темалар боюнча да көбүрөөк аңгемелешсе, балдар өздөрүнүн ата-бабаларынын басып өткөн жолу, өзүнүн туулуп-өскөн жери жөнүндө көбүрөөк билишсе, ошол эле учурда өз чөлкөмү тууралуу маалымат топтошсо деген тилекти камтыйт. Рубрикасы да «Менин жеримдин тарыхы» деп аталган долбоор жөнүндө. Долбоордун алкагында окуучулар үчүн өзүнүн айылынын тарыхы жөнүндө дилбаян жазуу сынагы уюштурулган. Сынактын шарты боюнча балдар дилбаянга өзүнүн үй-бүлөсүнүн генеалогиялык санжырасын кошуусу керек. Ал сынак 2013-2014-жылы бир жолу Кемин районунда өткөрүлгөн. Фонд бул долбоорду түрдүү формалары менен улантып, башка аймактарды да кошуп өткөрүүнү пландаштырууда. Ал тууралуу Фонддун досторуна жана сайтка баш баккандарга сөзсүз кабарлайбыз.

 


«КЫРГЫЗСТАНДЫН ИНСАНДАРЫ». Долбоор жана атайын рубрикалар мыкты инсандарга арналган: САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВ, ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА, ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ. Рубрикалардын саны өсүп турмакчы, Фонд сайттагы ушул жана башка инсандар жөнүндөгү маалыматтарды толуктап турат. Долбоордун бөлүмдөрү: 1) Фонд бул сайтта рубриканын каармандары, ал же анын иштери, чыгармалары жөнүндө маалыматтарды жарыялайт, 2) мүмкүнчүлүгүнө жараша, ал эмгектерди электрондук түрдө эле эмес, басма түрүндө да басып чыгарат, 3) маданий-маалымат арттыруучу, илимий жана билим берүү мекемелери менен биргеликте Фонд рубриканын каармандарына арналган тегерек столдорду же конференцияларды уюштурууга катышуу менен, унутулууга тийиш болбогон инсандардын ысмын түбөлүккө калтырууга өз салымын кошот. Бул долбоордо 20-кылымдын билим берүү жана маданиятын өнүктүргөн агартуучуларга негизги көңүл бурулат.

Кезекте – БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ, КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ, ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВ, АЖЫЙМАН ШАБДАНОВ, ТАЗАБЕК САМАНЧИН, ГУЛЬБАРА ДАНИЯРОВА ж.б. рубрикалары.


«ИНСАНДАР ЖАНА ДООР». Бул долбоордун милдети – өзүнүн алдыңкы эмгектери менен элдин урмат-сыйына арзыган эң атактуу же атагы чыкпаган, карапайым адамдар жөнүндө айтып берүү. Бул рубрика – руханий баалуулуктар жана аны жараткан адамдар жөнүндө. Алар — өз замандаштарынын маанилүү маселелерин чечүүдө четте карап турбай, учур маселелерин чечүүгө активдүү катышып, ошол доордон биздин заманга чейин унутулбай келаткан замандаштар. Алардын катарында Кыргызстандан тышкары жашап эмгектенишкендер да бар. Рубрика улам жаңы материалдар менен толукталат.


«ДОСТОРДУН КИТЕПКАНАСЫ» долбоору. Бул өтө жөнөкөй бирок, Фонд үчүн өтө маанилүү долбоор өзүнүн ишмердүүлүгүн 2010-жылдын аягында баштаган. Фонд Кыргызстандын Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылында жайгашкан мектептин китепканасы үчүн китеп чогултат. Бул долбоордун баш аягы жок. Эгер Сиз буга катышууну кааласаңыз, биз кубанычта болобуз, ал тууралуу бул жерден окусаңыз болот: “Достордун китепканасы”.

 


Иштеп жаткан долбоорлорго сайттын бардык эле рубрикалары арналган жок. Фонд тарыхый эстеликтерди сактоо, маданиятты жана билим берүүнү өнүктүрүү, адамдарды жана айлана-чөйрөнү камкордукка алуу сыяктуу турмуштук сфераларга тиешелүү маалыматтарды жана ой-пикирлерди чагылдырган жаңы долбоорлорду пландаштырууда. Маселен, “МАДАНИЙ ТУРМУШ” рубрикасын Кыргызстандын маданий турмушу жөнүндө өз алдынча журнал катары ачууну ниет кылуудабыз.

Ишке аша элек же пландаштырылып жаткан жаңы долбоорлор жөнүндө “КӨҢҮЛДӨГҮ ДОЛБООРЛОР” рубрикасынан окуй аласыздар.


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *