Бүгүн Кыргызстанда Мугалимдер күнү. Урматтуу мугалимдер, педагогдор, тарбиячылар жана агартуучулар! Сиздерди чын жүрөктөн куттуктайбыз жана асыл эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Бул айда Кыргызстанда жогорку билим берүүнүн пайдубалын түзгөн биринчи окуу жайы болгон Кыргызстан агартуу институтунун (КИРИНПРОС) же Борбордук Кыргыз педагогикалык техникумунун (БКПТ) ачылганына жүз жыл толот.
Киринпрос 1925-жылдын 25-октябрында эшигин ачып, төрт жылдан кийин биринчи бүтүрүүчүлөр күбөлүктөрүн алышты. Кыргыз жаштары үчүн түзүлгөн бул биринчи мамлекеттик мекеменин алгачкы төрт-беш бүтүрүүчү класстары элибиздин сыймыгы болуп калды.
Тилекке каршы, алгачкы кыргыз агартуучулардын кийинки тагдыры кейиштүү… Алар сталиндик репрессиянын курмандыгы болушкан. Өмүрүн эл агартууга арнагандарды эстейли.
Дагы:
БИЗДИН УНИВЕРСИТЕТКЕ 100 ЖЫЛ, АНЫ МЕНЕН БИРГЕ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА 100 ЖЫЛ
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН КООМДУК ФОНДУ
Кызык болсо жазылыңыз


