БИЗ ЖӨНҮНДӨ

ФОНД КАНТИП ЖАРАЛГАН

Уюштуруучунун преамбуласы.

Менде фонд жаратуунун эки тарыхы бар, экөө тең чындык…

Биринчи тарых:

Татынакай интернационалдык үй-бүлөсү бар таанышым, аялы  француз, өзү немец Питер мени менен ой бөлүштү. Анын кызы, медициналык университетинин студенти, ыктыярчы болуп (ал өлкөнүн атын ачпай эле коёйун) Н өлкөсүнө деп атайлы, кичине балдар менен иштегени кетет. Ал абдан эле кедей, айрыкча көптөгөн революцияларга жабыркаган өлкө экен. Питер аялы менен кызына учурашканы барышып, кайрадан карама-каршы таасир менен келишет. Н өлкөсүнүн кээ бир ата-энелери балдарына ат коё алышпайт, аткени атын каттоодон откоруш үчүн кандайдыр бир каражат керектелет. Ал  эми балдарынын кандайдыр бир өнүктүрүүсү үчүн ата-энелер анча деле кам көрүшпөйт. Балдар  чоңоюп жатышып бири-бирин «Чоң сары бала», же «Бою узун жигиттин карындашы» сыякту лакап аттар менен аташат. Качан, алар мектепке келишкенде өз аттарынан кайрылууга үйрөтүү үчүн көп убакыт кетет.  Мени бул окуя өтө чочутту. Менин байкоом боюнча бизде билим берүү денгээли төмөндөп кетти, эгерде ушундай бойдон  уланса, анда биздин балдар да өз атын билбей калган учурга туш болобузбу? Кантип  эле бизди ушундай келечек күтүп турабы? Бул ой менин үрөйүмдү учурду!

Бул көрүнүчтү  мен сырттан эле, жайбаракат карап тура алам бы? Бир аракет кылуу керек. Мына ушинтип  фонд уюштуруу ой жаралды.

Экинчи тарых:

Учурда ар кандай өлкөлөрдө биздин мекендештер  эмгек мигранттары көп болуп баратат. Алар келип, жумушка орношуп, базарлардын жайгашкан жерлерин билишет, шаардын четки айылдарынын жайгашкан жерлерин, коомдун анча адептүү эмес катмарлары менен катыша башташат. Алар мекенине кандай таасир алып келишет, алар менен балдарын  кандай  келечек күтүп жатат? Бирок ар бир өлкөдө жаңы адамдар менен достошуп, билим, маданият жана акыл-ой байлыгын үйрөнсө болору белгилүү. Алардын эң сонун өзгөчөлүктөрүн жактырып, кабыл алса болот. Көчөдө калган бир адамдын сизге узаткан жаман сөздөрү – чоң калктын маданиятын көргөзбөйт.

Маданияты мага жакшы таанымал, Россия өлкөсунө, мен билген Москвага, мекендештеримди чакыра аламда, Кремлди, Кызыл аянтты, Чоң театрды, музейлерди, жана концерттик залдарды жана башка жерлерди тааныштыра алам да. Эгерде менин мейманым кайдыгер мугалим болсо, ал  өзүнүн көнүлүндө калган таасирин болдарга жеткирет да?  Бул ой-максатты ишке ашыруу үчүн, мугалимди таап, процессти уюштуруп, убакыт болуп, күч жумшап, каражат табуу керек. Планды ишке ашыруу үчүн жардам бере турган адам жана уюм керек экендиги билинди. Фонд керек болду.

Башталышы

Мен бактылуумун: ата-энем – атам, Санжарбек Бакирович Данияров, жана апам, Турусбекова Лиля Жусуповна,  Фонддун максаттарын жашоосунда кадыресе аткарган адамдар болгон.

Лиля Турусбекова жана Санжарбек Данияров

Ошондо Фонд уюштурууну башташ үчүн, мен Атамдын батасын сурадым. Мага жана туугандарыма анын атынан иш жүргүүзүүгө, атам өзү уруксат берген.  2010 жылдын декабрында болгон. Ошол эле убакытта Санжарбек Данияровдун коомдук фонду катталган. Алгачкы долбоорлор «Достордун китепканасы» жана «Биринчи мугалим» болгон.

 

 

 

Уланууда

Бул тарыхтын уландысы – бул биздин долбоорлордун тарыхы. Алар менен сиздер атайын бөлүнгөн сайттын баракчаларынан тааныша аласыздар. Санжарбек Данияровдун коомдук фондунун Премияларынын Лауреаттары менен да тааныша аласыздар. Албетте. Биздин Досторубуздун жана Шериктешибиздин жардамы менен долбоорлорубуздун ишке ашуусу – бул биздин тарыхыбыздын улануусу.

Фонддун тарыхы уланууда.


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *