БИЗ ЖӨНҮНДӨ

ФОНД КАНДАЙ МАКСАТ МЕНЕН ЖАРАЛГАН?

Санжарбек Данияровдун Коомдук Фонду — өлкөбүздөгү билим берүү жана маданиятынын өнүгүүсү, адамдардын саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында көмөктөшүү үчүн негиз катары алынган. Ушул категориялардын өзгөчөлүгүн өлкөбуздун жашоочуларына  билгизип, айлана чөйрөдө жана шаар тиричилигинде  татыктуу жашоо мейкиндигин  куруу. Ал жөнундө Милдеттерибиз аттуу баракчадан окуп билсеңиздер болот.

Бакыт-дөөлөттүн  көптөгөн түшүнүктөрүнө карасак, илимдүүлүк менен  мыкты маданият, элибиздин дени сактыгы жана айлана-чөйрөбүздүн тазалыгын анын негизги шарттары катары кабыл алабыз. Ар бирибиз каалаган келечегибизге колубуздан келген үлүшүбүзду кылганга  мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жаткан таштын алдына суу акпайт эмеспи.

Жакшылыкка ишениш үчүн, аны өз колуң менен жасоо керек. Адилеттүүлүккө ишениш  үчүн , адилеттүүлүктүн негиздерин колдонуу керек. Жакшы менен адилеттүүлүктү,   жаман менен  адилетсиздиктен  айырмалаш  үчүн өз алдынча  ой жүгүртүүнү билиш керек. Билим, жогорку маданият –ушулар өз алдынча ой жүгүртүүнүн ачкычы, ошондуктан, бул- биздин да өсүп өнүгүүбүздүн жана балдарыбыздын да бактысы. Каражат байлыктары  көпчүлүк адамдар үчүн  мааниси  зор, ал үчүн да талыбас кызмат жана өз ишинин мыктысы болуу керек, булардын негизинде билим жана аларды ыктуу колдонуусу, бакытка жетүүнүн максаты болуп эсептелет.

Биз башка иштер менен алектенип турганда, билимдүүлүк жана жогорку маданият  коомубузга жана балдарыбызга , ааламдан келип түшпөйт.  Сиздер биздин долбоорлорубузга кошулсаңыздар абдан кубанабыз, жана сунуштарыңыздарды эске алабыз.

Практика жүзүндө Фонд өзүнүн кызматын, милдетине жараша жашоого айкын Долбоорлорубузду ужутка чыгарууну, алардын ичинде сиздер сунуштаган жана Фонд  кабыл алган ушул тармактагы масштабы боюнча чоң эмес, бирок аракетти чоң талап кылган демилгелер.

Ыктыярчылар –деп өз ыктыяры менен биздин долбоорлорубузду иш жүзүнө ашырууда бир же ар нече жолу көмөктөшкөндөрдү атайбыз. Сиздердин катышууңарга кубанабыз!

 Досторубуз – бир  же бир нече жолу каражат же каражат эмес жардам көргөзгөндөрдү атайбыз. Сиздердин катышууңарга   кубанабыз!

Познакомиться с нами вы можете в разделе О нас


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *