БИЗ ЖӨНҮНДӨ

ФОНДДУН МАКСАТТАРЫ, НЕГИЗДЕРИ ЖАНА КАРАЖАТ БУЛАКТАРЫ

ФОНДДУН МАКСАТТАРЫ

  • Билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында демилгелерди жаратуу жана ишке ашыруу.
  • Жеке адамдардын, жергиликтүү калктын, уюмдардын, коомдордун билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо тармактары боюнча сунуштаган демилгелерине жана долбоорлоруна колдоо көрсөтүү.
  • Жарандарды, романтиктерди, идеалисттерди, өз ыктыяры менен катышууну каалаган адамдарды долбоорлордун ишине тартуу.
  • Ар башка өлкөлөрдүн атуулдарынын  ортосунда  акыл-ой  байлыгы менен бөлүшүүнү,  тажрыйба алмашууну калыптандырууга  жана бекемдөөгө багытталган,   билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо тармактарын өнүктүрүү жана байланыш түзүү долбоорлоруна колдоо көрсөтүү.

ФОНДДУН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ

  • Фонд өз долбоорлорун каржылоо үчүн мамлекеттик органдарга кайрылбайт. Мамлекеттин агартуу ишине кошумча салымын кошууну өз милдети катары карайт. Фонд коомдук уюмдардын арасынан АТКАРУУЧУ талап кылынган мамлекеттик долбоорлорго катыша алат.
  • Фонд идеологиялык жана диний пропагандалоо иштерине катышпайт. Өз долбоорлорун мамлекет тарабынан колдоого алынган программалардын, мыйзамдардын, адептик нормалардын чегинде гана ишке ашырат.
  • Жарандар Фонддун ишине өз каалоосу менен гана катыша алышат. Фонддун долбоорлорун иш жүзүнө ашыруу үчүн сөзсүз түрдө Фондго кызматкер болуу талап кылынбайт.

ФОНДДУН КАРАЖАТ БУЛАКТАРЫ

Фонддун долбоорлору төмөнкү каражаттык жана материалдык эмес булактардын жардамы менен ишке ашырылат:

Акча каражаттары:

  • Фонддун негиздөөчүсүнүн жеке төлөм-салымы.
  • Фонддун досторунун төлөм-салымдары.
  • Фонд тарабынан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каражат издеп табуу максатында өткөргөн акциялардан жана кызматтардан түшкөн кирешелер. Бул киреше булагы Фондду негиздөөчүнүн,  же долбоорлордун ыктыярчаларынын гонорарына жумшалбайт. Фонддун максаттарына негизделген иш-аракеттерине гана колдонулат.

Каражаттык эмес булактары:

  • Жарандардын долбоорлордун ишине кошкон жеке салымдары.

Дагы: БИЗ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

же сайттын ар бир беттеринин үстүндө:


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *