Жаңыланган 2024-ж.
Фонддун ишмердүүлүгүн биздин сайт толугу менен чагылдырып турат. Фонд ишке ашырып келаткан бардык долбоорлор төрт багытта жүрөт: билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо. Иштеп жаткан ар бир долбоордун жүрүшүн, ага тиешелүү жаңылыктарды, тема боюнча маалыматтарды чагылдырып турган өзүнчө бир же бир нече рубрика бар.
Биз ишке ашыра элек, бирок ишке ашырууну пландаштырылып жаткан долбоорлор тууралуу “КӨҢҮЛДӨГҮ ДОЛБООРЛОР” рубрикасынан окуңуздар.
БИРИНЧИ МУГАЛИМ
Бул Кыргызстандын айыл мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн жыл сайын өтүүчү сынак. Биринчи жолу 2011-жылы уюштурганда, катышуучулар чоң кызыгуу көрсөтүштү, бул бизди улантууга шыктандырды. Сынак бүгүнкү күндө дагы өтүп жатат. Биз аны эки этап менен өткөрөбүз: алгач катышуучулар бизге дилбаяндарды жөнөтүшөт, анан экинчи турга келишет.
Жыл сайын биз үчүн актуалдуу көрүнгөн жаңы теманы жарыялайбыз.
* Биринчи мугалимди кошкондо ҮЧ ЖЕҢҮҮЧҮ үчүн сыйлык (1-2-3-орундар), — бүткүл класстын мугалими жана окуучулары үчүн дем алыш күндөрү Бишкек шаарына маданий-агартуу саякаты.
* БИРИНЧИ МУГАЛИМ Сыйлыгы (1-орун) – дүйнөнүн борборлорунун бирине 10 күнгө билим берүүчү саякат. Рубрикалардын шилтемелери аркылуу маалымат алыңыз:
Билим берүү › Сынактын катышуучуларына — сынактын эрежелери жана мыкты дил баяндар ушул рубрикада жарыяланган
Билим берүү › Биринчи мугалим сыйлыгы — бул рубрикада сиз мугалимдердин жана балдардын саякаттары менен таанышып, сүрөттөрдү көрүп, репортаж окуй аласыз
Билим берүү › Биринчи Мугалим сынагы — бул шилтемеден сынактын жүрүшү жөнүндө репортаждарды таба аласыз (Күндөлүк рубрикасы) жана 2-турдун жана мугалимдерди сыйлоо аземинин фотогалереясы
ЖАШ ИЛИМПОЗ-МЕДИК
Идея 2012-жылы пайда болгон. Бул жыл сайын ишке ашырылып жаткан долбоор. Анын маңызы Санжарбек Данияров Фондунун сыйлыгы – дүйнөнүн борборлорунун бирине 10 күндүк билим берүү саякаты менен биздин медицинанын жана медицина илиминин келечектеги түсүн кубаттоо болуп саналат. И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы тарабынан уюштурулуп жаткан жаш «Илимий күндөр» алкагында «Жаш окумуштуулар сынагынын» жеңүүчүлөрүнө бул сыйлыкты тапшырууга “Биринчи мугалим” сынагынын жеңүүчүлөрүнөн келген пикир түрткү болду. Санжарбек Данияров бул окуу жайды 17 жыл – 1970-1987-жылдар аралыгында ийгиликтүү жетектеп, дарыгерди көз карашы кең, маданияты бийик адам болушу керек деп эсептеген. Сапарыбыздын программасы жаңы тажрыйбаларды алууга, көз карашыбызды кеңейтүүгө, театрларга, музейлерге барууга багытталган.
Толук маалымат бул шилтемеде аркылуу окуй аласыз:
Медиктер › Фонддун жаш дарыгерге сыйлыгы
1916-ЖЫЛ. 1916-ЖЫЛДАН КИЙИН
1916-жылы элибиз тарыхтын андан аркы жүрүшүнө таасир эткен оор сыноолорду башынан өткөрдү.
Биз бул окуялар тууралуу даректүү булактарды чогултуу, системалаштыруу, биз алган маалыматтарды жана алардын анализдерин, ошондой эле башка изилдөөчүлөрдүн материалдарын изилдөө жана жарыялоо менен алектенебиз. Максаты — маанилүү болгон ар бир адам үчүн маалыматты жеткиликтүү кылуу, сайтыбызда окуялардын ишенимдүү жана толук сүрөтүн көрсөтүү. Бул долбоор боюнча ишибиз уланууда.
Сайтыбызда бул темага арналган бир нече рубрикалар бар:
1916-ЖЫЛ › 1916: Биздин изилдөө — Биздин жеке изилдөөбүздө 1916-жылдын тарыхнаамасы күн өткөн сайын берилген — «Түркстан: хронологиялык баяндама», «Кандуу жарлыктын тарыхнаамасы» жана биздин макалалар, ошондой эле Владимир Шварц түзгөн документтер жыйнагы «Имею честь донести…», андан тышкары биздин подкаст маектерибиз
1916-ЖЫЛ › 1916: Тарых тизмеги, орус тилинде гана — окуялардан бери жүз жыл бою изилдөөчүлөрдүн макалалары жана жыйнактары
1916 › 1916: Документтер — тандалган архивдик документтер жана документтердин жыйнагы
1916-жыл › маданияттагы 1916-жыл — бул бөлүм али толтура элек, 1916-жылдагы Жети-Суудагы окуяларга арналган адабий чыгармалар жана көркөм сүрөт искусствосу болот.
1916-жылдан кийин › биздин изилдөө — биздин макалалар жана видеомаектер
1916-жылдан кийин › Тарых тизмеги — ар кыл авторлордун макалалары жана жыйнактары
1916-жылдан кийин › Документтер — бул тема боюнча тандалган документтер
АДАМДАР: ЭЛ АГАРТУУ ЖАНА АГАРТУУЧУЛАР, КЫРГЫЗСТАНДЫН ИНСАНДАРЫ, ИНСАНДАР ЖАНА ДООР, СҮРӨТТӨРДӨГҮ ТАРЫХ
“Адамдар” долбоору адабиятта, кинодо, медицинада жана башка ишмердүүлүк тармагында из калтырган инсандар тууралуу маалыматтарды чогулткан. Билим берүү системасынын жана агартуунун тарыхына өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары “Доор жана инсан” бөлүмүндө өтө атактуу инсан болобу, атагы алыска чыга элек адам болобу, өзгөчө иштери менен элдин урмат-сыйына ээ болгондор тууралуу сөз кылабыз. Булар замандаштарынын эң маанилүү түйшүктөрүнөн четте калбай, аларды чечүү менен өз доорунан бизге өтүп кеткен адамдар.
Биздин өлкөдөн тышкары жашап, иштегендер да бар.
Биз көбүрөөк билгендер жөнүндө, биздин үй-бүлөбүздүн инсандары жөнүндө маалыматты жарыяладык (алар жөнүндө гана эмес). Бирок, албетте, биз басылмаларыбызды, изилдөөлөрүбүздү ушул чөйрө менен чектебейбиз.
Шилтемелер аркылуу рубрикаларды таба аласыз:
- Адамдар › Эл агартуу жана агартуучулар
- Адамдар › Кыргызстандын инсандары. Санжарбек Данияров
- Адамдар › Кыргызстандын инсандары. Лиля Турусбекова
- Адамдар › Кыргызстандын инсандары. Жусуп
- Адамдар › Кыргызстандын инсандары. Базаркул Данияров
- Адамдар › Инсандар жана доор
Бул рубрикалар төмөнкү маалыматтар камтыйт:
- Аталган адамдарга арналган макалалар, китептер жана тарыхый сүрөттөр,
- Алардын чыгармалары, китептери жана кинотасмалары,
- Турмушуна жана ишмердигине байланыштуу музей көргөзмөлөрү, анын ичинде биз тарабынан түзүлгөн
- Каармандарыбызга арналган кереге кеңештер жана конференциялар жана баяндамалар, анын ичинде биз уюштурган иш-чаралар
- Рубрикалардын ичинде айрым басылмалар “Сүрөттөрдөгү тарых” деген сөздөр менен белгиленет, бул материалдар өзүнчө долбоорду түзөт.
Кийинки сапта төмөнкү рубрикалар: Касым Тыныстанов, Эшенаалы Арабаев (ал жөнүндө материалдар “Агартуу жана агартуу” рубрикасында, ошондой эле ушул сайтта жарыяланган “Базаркул Данияров. Портрет доорунун фонунда” деген китепте бар ), Ажыйман Шабданов, Абжалилбек Чолпонкулов, Тазабек Саманчин, Гүлбара Даниярова ж.б.
МАДАНИЙ ТУРМУШ. КӨРКӨМ ӨНӨР БИЗДИН ТУРМУШТА
“Маданий турмуш” деген аталышы менен театр, музей, китепкана, китеп, кино, эстрада, этикет боюнча долбоорлорду пландаганбыз. Ал эми рубриканы маданият жөнүндө журнал сыяктуу айландырсак деп ойлогонбуз. Биз бул пландарды таштаган жокпуз, колдон келишинче улантып жатабыз.
Азырынча биз негизинен Кыргыз мамлекеттик сурет искусство музейинде жыйналган кыргыз художниктеринин керкем сурет искусствосунун коллек-тивине рецензияларды жарыяладык. Рецензияларды искусство таануучу Гамал Бөкөнбаев даярдаган. Бул дагы узак мөөнөттүү долбоор.
Сын-пикирлерди бул жерден тапса болот:
ДОСТОРДУН КИТЕПКАНАСЫ
Бул жөнөкөй, бирок Фонд үчүн маанилүү долбоор, ошону менен Фонддун ишмердүүлүгү 2010-жылдын аягында башталган. Фонд Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кайыңды айылындагы мектептин китепканасы үчүн китептер чогултууну жарыялады. Биздин чакырыгыбызга көп адамдар жооп берип, китептерди жөнөтүштү. Айрымдары үй-бүлөлүк китепканадан белекке берсе, башкалары биз учун дүкөндөн атайын сатып алышкан.
Бул тууралуу бул шилтеме аркылуу окуй аласыз:
Бул басылмадагы шилтемени басып, сүрөттөрдү карап көрүүнү унутпаңыз!
МЕНИН ЖЕРИМДИН ТАРЫХЫ
Идея чоңдор менен балдар бири-бири менен абстрактуу темада көбүрөөк баарлашып, практикалык маселелерди чечүү үчүн гана эмес, балдар санжырасын түзүшүп, кызыгып, жакындары, жери жөнүндө көбүрөөк билип, ошол эле учурда өлкө таануу маалыматын чогултсун. Бул тууралуу бул шилтеме аркылуу окуй аласыз:
Долбоордун алкагында мектеп окуучуларынын өз айылынын тарыхы тууралуу дил баяндардын сынагы уюштурулду. Сынактын шартына ылайык, балдар дилбаяндарына өздөрүнүн үй-бүлөсүн киргизишти. Бул сынак 2013-14-жылдары Кемин районунда бир жолу өткөрүлгөн. Биз долбоорду чоңураак аймакты камтыган ар кандай формада улантууну каалайбыз, бул тууралуу сөзсүз сайтыбызда айтып беребиз.
Жаңы долбоорлор тууралуу концепциянын же пландын баскычында “Мерчемделген долбоорлор» басылмасынан окуңуз.
Бул басылмада фонддун ишмердүүлүгүн кыскача көрсөтүүгө аракет кылдык. Бул сайттын беттеринде көбүрөөк маалымат. Бардык басылмалар үч тилде: кыргыз, орус жана англис тилдеринде (1916-жылга арналган рубрикаларды кошпогондо – бул бөлүмдөрдө басылмалар негизинен орус тилинде, бул орус тилиндеги документтердин көптүгүнө байланыштуу, биз аларды акырындык менен которобуз).
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз