БАРДЫК ДОЛБООРЛОР ЖӨНҮНДӨ

МЕРЧЕМДЕЛГЕН ДОЛБООРЛОР

Бул жерде мен иш жүзүнө ашыра турган долбоорлор жөнүндө айтып берейин. Бөбөктөргө арналган баш катырмадагыдай, суу бир түтүк аркылуу кирип, экинчисинен каякка агып кетет деген көлмө менен салыштырып, суу өлчөмүн ченеш керек болсо, менин милдетим — жаңы долбоорлор жөнүндөгү идеяларды мерчемделгендердин тизмесине “киргизип”, ыкчамдык менен иштеп жаткан долбоорлордун “агымына кошуу”.

 

(Иштеп жаткан долбоорлорду “ФОНДДУН ИШТЕП ЖАТКАН ДОЛБООРЛОРУ” жөнүндө жарыяланган макалалардан окуңуздар)


Радлов Фридрих Вильгельм (Василий Васильевич)

ИЙГИЛИКТҮҮ КЫРГЫЗСТАН долбоору. Долбоордун максаты – өз мекени Кыргызстандан башка болгонуна карабай, биздин өлкөнүн пайдубалын түптөгөнгө көмөктөшкөн, аны сүйгөн жана анын гүлдөп-өсүшү үчүн ченемсиз салым кошкондордун ысымдарын өчүрбөй сактоо. Сабатсыздыкты жоюу учурундагы “Биз маңкурт эмеспиз, маңкурттар биз эмес” палиндромун башкача өңүткө салсак, ылайыктуу болчудай. Биз ал адамдардан үйрөнө тургандарыбыз арбын. Биздин балдар, неберелер муундан муунга эстафета сымал алып жүрө турган сыймыгыбыз, байлыгыбыз ушул деп ойлоймун.

Төмөндө мен тизмеге түшүргөн адамдар:

 

  • РАДЛОВ ФРИДРИХ ВИЛЬГЕЛЬМ (ВАСИЛИЙ ВАСИЛЬЕВИЧ) – белгилүү түрколог, бүткүл дүйнөгө Манас эпосу менен бирге биздин элдин поэтикалык маданиятын, тилибиздин ченемсиз сулуулугун ачып берген адам.
  • ФЕТИСОВ АЛЕКСЕЙ МИХАЙЛОВИЧ – бул адам бизге бак өстүрүү чарбасын жүргүзүүнү, багбанчылык маданиятын үйрөткөн, ушул адамдын жардамы менен бизде азыр кара жыгач токою, эмен токою, баарыбыз сүйүп-ардактаган Дзержинский бульвары бар… андан тышкары, бак өстүрүү мектебин уюштуруп, тургундарыбызга багбанчылык сырларын үйрөткөн.
  • ИНТЕРГЕЛЬПО КООПЕРАТИВИ – 20-кылымдын 20-жылдарында романтикага сугарылган чехтерден турган чоң топ, бир нече словак жана венгерлер өздөрүнүн бир ыргактуу жыргал жашоосун таштап, оокат-аштарын сатып, Кыргызстанга жаңы турмуш курууга жардамдашууга үй-бүлөлөрү менен көчүп келишкен. Алар өз максаттарына жетишти – бизге эң чоң маанилүү өндүрүш объектилерин, үйлөрдү, көчөлөрдү куруп беришти. Бул жөнүндө унутууга болбойт!
  • ЮДАХИН КОНСТАНТИН КУЗЬМИЧ – кыргыз тилинин тунгуч сөздүгүнүн автору, лингвист-түрколог, кыргыз тилин таануучу, профессор. “Слово Кыргызстана” гезитинин журналисти жазгандай, “Анын бүт өмүрү, илимий ишмердүүлүгү – бул тил маданиятына жасалган мамиленин эң ишенимдүү, акылман, сый-урматка толгон жаркын үлгүсү. К.Юдахин уникалдуу кыргыз сүйлөө речине жана маданиятына жан киргизип, өзүнүн чыгармачыл эмгеги менен кыргыз тилин бийик статуска жеткирүү менен анын баа жеткис байлыгын, барктуулугун башкалардын алдында ачык көргөзүп бере алды…” Анын кыргыз-орус жана орус-кыргыз сөздүктөрүн эң кызыктуу көркөм адабият катары окуса да болот. К.Юдахиндин бул эмгеги кийинчерээк түзүлгөн башка түрк тилдеринин сөздүгүнө үлгү болуп бере алды.
  • ЮДАХИН ПЕТР КУЗЬМИЧ – Кыргызстандагы биринчи ЖОЖдун – Кыргыз эл агартуу институтунун директору.
  • ШУБИН ПЕТР КОНСТАНТИНОВИЧ — Л.Сыдыкова таамай сүрөттөп жазгандай, “композитор, педагог, дирижер, музыкант-агартуучу, эң чоң энтузиаст, руханий жан дүйнөсү бай жана жөнөкөй бул адамдын ысымы Кыргызстандын кесиптик музыкалык маданиятын куруу жана өнүктүрүү тарыхында түбөлүк сакталып калды”.
  • Жана башкалар

Фонд долбоордун алкагында төмөнкү иштерди аткарууну пландаштырууда:

  • Биографиялык китептерди басып чыгаруу
  • Документалдуу фильмдердин серияларын жаратуу
  • Эстеликтерди орнотуу, көчөлөрдү жана/же башка объектилерди атоо
  • Музейлерди, мемориалдык бурчтарды, мемориалдык тактайларды түзүп даярдоо
  • Раидо уктурууларды, телекөрсөтүүлөрдү даярдоо, конференцияларды өткөрүү
  • Мектептердеги окуу программаларына киргизүү (тарых, Мекен таануу, көркөм маданият ж.б.)

Албетте, аларды сайтка да жайгаштырабыз. Жогоруда белгиленген иш-чараларды жүзөгө ашырууга каражат жана убакыт талап кылынат, андан сырткары ар түрдүү адистерди тартуу керек. Ошол себептүү биз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша этап-этап менен ишке ашырууга аракеттенмекчибиз, бирок көпкө созбой, кайсынысына каражат табылса, четинен ишке ашыра беребиз.


КИТЕП ААЛАМЫ долбоору. Бул жерде эмне үчүн китеп окуу керектигине кеңири токтолуунун кажети жок деп ойлойбуз. Тилекке каршы, азыркы учурда кыргыз тилиндеги китептерге жетүү дээрлик кыйын болуп калды. Кыргыз тилинде жарык көргөн көркөм, документалдуу, профессионалдык китептер жок. Болсо да, баардыгы эле эстетикалык талапка жооп бере албайт. Айрыкча кичинекей бөбөктөргө, орто жаштагы балдарга арналган китептер тартыш. Кыргыз тилинде жарык көргөн дүйнөлүк адабияттар жок болгондуктан, дүйнөлүк маданиятты кыргыз тили аркылуу таануу мүмкүнчүлүгү болбой жатканы кабатырлантпай койбойт. Мисалы, биз дүйнөлүк маданият менен орус, англис тили аркылуу гана тааныша алабыз. Биз эмне үчүн өзүбүздүн тилибизди экинчи орунга коебуз? Эмне үчүн кыргыз айылдарындагы кичинекейлерибизди башка өлкөлөрдөгү өздөрүнүн теңтуштарынын алдында ыңгайсыз абалга калтырабыз? Биз өзүбүздүн бай тилибизди баалап-барктап, өстүрүп-өндүрүүнүн ордуна эмне үчүн ушундай кайдигер мамиле жасайбыз? Электрондук жана кагаз түрүндө ДҮЙНӨЛҮК АДАБИЯТТЫН КИТЕПКАНАСЫН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ максималдуу толук түзүп чыгуу керек. Бул өтө татаал, бирок аткарыла турган иш. 1. Окууга сунушталган белгилүү чыгармалардын тизмесин тактап, маалымат базасын түзүү зарыл. 2. Кыргыз тилине которулган котормолорду таап, же котормолору жокторун аныктоо. Профессионалдык деңгээлде которуп чыгуу. 4. Макет жасап, электрондук версиясын жарыялап элге таратуу. 5. Китеп версиясын басып чыгаруу. 6. Эффективдүү таратуу.

Бул өтө татаал долбоор, анткени биз аны бир жолу ишке ашырууга аракеттенгенбиз, бирок ал-күчүбүз жеткен эмес (эсептеп чыгуу, ээлик укуктарын аныктоо, басып чыгаруу ж.б. кызматтарынын кымбаттыгы). Бирок биз баштаган ишибиздин аягына жетебиз деп ишенем, анткени бул долбоордун мааниси өтө чоң. Азырынча кээ бир китептерди басып чыгарууга аракеттенүүдөбүз.

 


Комитет латинского алфавита

ПАССИОНАРИЙЛЕР же АГАРТУУЧУЛАР ДООРУ долбоору (КЫРГЫЗСТАНДЫН ИНСАНДАРЫ долбоорунун уландысы). Бул долбоор “ИЙГИЛИКТҮҮ КЫРГЫЗСТАН” долбооруна жакын, бир гана айырмасы – мында өзүбүздүн жергебизде төрөлүп-өскөн агартуучулар жөнүндө сөз болмокчу. “БУЛ ИНСАНДАР ЖӨНҮНДӨ БИЛҮҮ – БИЗДИН ЖАРАНДЫК МИЛДЕТИБИЗ” десек, аша чапкандык болбос.

Төмөндө менин тизмемдеги инсандар:

ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВ, КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ, БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ, ПЕТР ЮДАХИН, ОСМОНКУЛ АЛИЕВ жана башкалар.

“Ийгиликтүү Кыргызстан” долбоору сыяктуу эле Фонд мында да төмөндөгү иш-чараларды аткармакчы:

  • Биографиялык китептерди басып чыгаруу
  • Документалдуу фильмдердин серияларын жаратуу
  • Эстеликтерди орнотуу, көчөлөрдү жана/же башка объектилерди атоо
  • Музейлерди, мемориалдык бурчтарды, мемориалдык тактайларды түзүп даярдоо
  • Раидо уктурууларды, телекөрсөтүүлөрдү даярдоо, конференцияларды өткөрүү
  • Алар жөнүндө көркөм чыгарма жаратуу (мисалы, адабий сынактын алкагында)
  • Мектептердеги окуу программаларына киргизүү (тарых, Мекен таануу, көркөм маданият ж.б.)

Бул жерде белгилей кете турган жагдай, ал каармандардан сырткары, алар күйүп-жанып жараткан, аракеттенген ошол доор, ошол мезгил – 20-жылдар, 30-жылдардын баш жагы биздин көңүл чордонубузда болмокчу. Эгерде ошол агартуучулардын плеядасы жөнүндө, алар кантип иштеп жатышканы, кызуу талаш-тартышкандары, бири-бирин колдошкону, адабий ийримдерге чогулушканы, бийик трибунадан чыгып сүйлөгөн сөздөрү, жүргүзгөн агартуучулук иштери, илимий комиссия, драмалык ийрим, басма органын уюштурушкандары жөнүндө  документалдуу жана көркөм фильм жаратып, китеп жазсак кандай сонун болор эле!

Албетте, алар басып өткөн өмүр жолун көңүлдөн сырт калтырууга болбойт, алардын көбү азаптуу Үркүндүн күбөсү болушкан жана ошондой эле көбүнүн өзгөчө тагдыры трагедиялуу аяктаган.

Бул тизмеде алгачкы саясатчылар – Жусуп Абдырахманов, Баялы Исакеев,  Абдыкадыр Орозбекова, Иманалы Айдарбеков, Төрөкул Айтматовдордун ысымдары бар. Бул ысымдарды мен “ДООР ЖАНА ИНСАНДАР” долбооруна да кошмокчумун


В театре Оперы и Балета им А.Малдыбаева

КӨРҮҮЧҮНҮ ТЕАТРГА КАЙТАРУУ долбоору. Таланттуу артист, ырчы, музыкант, бийчи, режиссер жана башка чыгармачыл адамдардын канчасы башка жактарга кетишсе да, улам жаңы, жаңы ысымдар жарк этип чыгып жатканы кубандырбай койбойт. Бирок бизде көрүүчүгө байланыштуу бир көйгөй бар, көрүүчүлөрдүн таңсыкка айланганы аз келгенсип, анын табити да төмөндөп, азыр “сабаттуу” көрүүчү, окуучу, угуучуну табуу өтө эле кыйын. Көрүүчүсү жок театрдын барк-баасы болмок беле, андыктан көрүүчү театрга аба сындуу керек. Биздин идеябыз – көргөн спектаклдер боюнча көрүүчүнүн рецензиясы, пикирин чагылдырган сынак жарыялоо, сынактын жеңүүчүсүнө дүйнө жүзүндөгү эң мыкты театрлардын бирине баруу сыйлыгы тартууланат.

Албетте, аны менен катар театрларыбыздын абалын талапка ылайык жасалгалоо зарыл, бирок муну биринчи кезекте бийлик өкүлдөрү жасай алышат деп ойлойм, биз болсо бул тууралуу бийликтегилердин эсине салып турмакчыбыз. Андан тышкары, театрларды маалымат каналдары менен камсыздоо керек, бул максатты ишке ашыруу үчүн эң оболу интернет желелерин колдонуу, улам жаңы маалыматтар байма-бай жарыяланып турган сайт ачуу сыяктуу аракеттерди көрүү керек, биз жардам иретинде театрларга сайтыбыздан атайын бет бөлүп берүүгө даярбыз.


Ысык Көл (Иссык-Куль)

КЫРГЫЗСТАН – КОРУККА АЛЫНУУЧУ ӨЛКӨ долбоору. Биздин өлкөнүн жашоочулары, биринчи кезекте биздин балдар биздин энчибизге тийген жаратылыш байлыктарынын баалуулугун билишсе деп ойлойбуз. Ал үчүн: 1) Балдар (чоңдор да) “өзгөчө корукка алынган аймакта” жашоо дегенди кандай түшүнүшөрү жөнүндө дилбаян, видео, спектакль ж.б. боюнча сынак уюштуруу, жеңүүчүнү корукка алынган аймакка экскурсияга алып баруу, андан да жакшысы – бир аймактын окуучулары үчүн башка аймакка экскурсия уюштуруу. 2) Мектеп окуучуларын үй-бүлөсү менен өз мекенине саякатка алып чыгууну ар биринин турмушунда сөзсүз ишке ашыруучу бир бөлүк катары демилгелөө, б.а. “ички туризмдин” өнүгүшүнө түрткү берүү. Түпкү максаты – окуучулар жетилүү аттестатын алышы үчүн жок дегенде бир жолу саякатка чыгуу талабын окуу программасына киргизүү.


СОГУШКА КОЮЛГАН ЭСТЕЛИКТИ ЭСКЕРҮҮ долбоору. Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согушка коюлган эстеликтерге байланышкан уникалдуу кырдаал түзүлгөн. Анын уникалдуулугу эмнеде? Анын бир нече урунттуу жерлери бар: биринчиден, Кыргызстанда солдатка арналган мүрзө жок, ал болууга да тийиш эмес, анткени тилекке жараша, согуш жүргөн талаа бизден алыс болгон. Ошол эле учурда ал согушта курман болгондор өтө көп, ар бир үй-бүлөдөн жок эле дегенде бирөө согушка катышкан же курман болгон. Ошондуктан ар  бир айылда согушка катышкандардын жана курман болгондордун ысымдары жазылган эстеликтер коюлуп, ага жакындары, туугандары, жердештери барып эскерип турушат. Экинчиден, ал эстеликтердин көбү мамлекеттин эсебинен эмес, элдин эсебинен, анын ичинде жаштардын, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн, согушта салгылашкан аскерлердин, курман болгондордун урпактарынын эсебинен орнотулган. Биз эстелик коюлган адамдардын сүрөттөрү, аты-жөнү жана ага тиешелүү маалыматтар камтылган маалымат базасын түзгүбүз келет. Аны жалпы элдик кыймылдын жардамы менен ишке ашырууга болот: ар бир айылдагы эстеликтер жөнүндө керектүү маалыматтарды жана сүрөттөрдү ошол айылдын тургундары салып жиберсе болот. Биз ушул долбоорду эртерээк баштагыбыз келет.

 


ЖАЗУУ (САБАТТУУЛУК) МУЗЕЙИ долбоору

МИЛДЕТТҮҮ ОКУУ МУЗЕЙИ долбоору

АДАМДЫН ТУРАЙ ҮЙҮ МУЗЕЙИ долбоору

ЧЧК долбоору

БАЙЛАНЫШ ЖАНА БААРЛАШУУ МАДАНИЯТЫ долбоору

 

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *