1916-жылы Жети-Сууда болгон окуялар кесипкөй тарыхчыларды кандай кызыктырса, Кыргызстандын, Казакстандын, бүткүл Борбордук Азиянын, Россиянын тарыхынын, деги эле жалпы тарых күйөрмандарын да кызыктырат.
Түркстан генерал-губернаторлугунун Жети-Суу аймагындагы 1916-жылдагы кайгылуу окуялар Верный издөө пунктунун документтеринин негизинде кириш сөз жана соңку сөз менен баяндалган жаңы жыйнагы үстүбүздөгү 2024-жылы:
«Имею честь донести…» Семиреченские события 1916 года в документах Верненского розыскного пункта/ Санжарбек Данияровдун коомдук фонду / [түзүүчү, кириш сөз жана соңку сөздүн автору В.И. Шварц] – Бишкек: Санжарбек Данияровдун коомдук фонду, 2024. – 704 б., ил.
деген аталышта жарык көрдү.
Китеп тууралуу кыскача маалымат: 2024-ЖЫЛЫ ЖАРЫК КӨРГӨН “СЫЙМЫК МЕНЕН ЖЕТКИРЕМИН» ДОКУМЕНТТЕР ЖЫЙНАГЫ
Китептин бет ачары 17-майда Бишкектеги М.В. Фрунзе музейинин жыйын залында өттү. Бул иш-чара тууралуу репортажды сиздер менен бөлүшөбүз.
Иш-чара М.В. Фрунзе музейинде өттү. Анын имараты шаардын так ортосунда, Эмен сейил багынын жана Эски аянттын жанында жайгашкан жана тарыхчыларга, тарых күйөрмандарына жана Бишкек шаарынын тургундарына жакшы белгилүү.
Биз М.В. Фрунзе музейинин директору Кеңешпек Алмакүчүковго китептин бет ачарын музейдин имаратында өткөрүү сунушу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Музей кызматкерлери бизге жана келген меймандарга илбериңки мамиле жасашып, ыкчам маалыматтык колдоо көрсөтүштү!
Фойеден музейдин жыйын залына алып баруучу тепкичтерде китептен тандалган фотосүрөттөр коюлуп, аларды келген катышуучуларга тааныштыруу ыңгайлуу болду. Иш-чарага алдын ала 72 адам катталган (залдын сыйымдуулугу 70-80 киши деп болжолдонууда), бирок иш жүзүндө коноктор көбүрөөк болду – уюштуруучулардан – Владимир Шварц менен Асел Данияровадан, музейдин директору жана кызматкерлеринен тышкары жалпысынан 83 адам катышты.
Аудиториянын басымдуу бөлүгүн кесипкөй тарыхчылар, коомдук ишмерлер, окуялардын катышуучуларынын урпактары, 1916-жылдагы теманы изилдөөчүлөр, журналисттер, ошондой эле тарых сүйүүчүлөрү жана биздин жакын санаалаш адамдар түздү. 1916-жылдын темасын көптөн бери изилдеп, бир нече документтер жыйнагын чыгарган окумуштуу, Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Илим комитетинин Ч.Ч. Валиханов атындагы Тарых жана этнология Институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Шамек Тлеубаев аталган китептин бет ачарына катышуу үчүн коңшу мамлекеттен атайын келген. Урматтуу тарыхчы китеп менен мурдатан эле тааныш болуп, биздин окурмандарга өз оюн айтуу үчүн келген.
ПРОГРАММАСЫ
16:30 – 17:00
Катышуучуларды каттоо
17:00 – 19:30
Саламдашуу. Алып баруучу – Асель Даниярова · Китеп кантип жана эмне үчүн жаралган. Түзүүчү, кириш сөздүн жана соңку сөздүн автору — Владимир Шварц• Китептин түзүлүшү жөнүндө окурмандарга бир ооз сөз. Асел Даниярова – Китептин биринчи окурмандарынын пикири: Шамек Тлеубаев, Эмилбек Каптагаев, Гүлнара Айтпаева, Айида Кубатова — Комментарийлер, суроо-жооптор: Эльмира Ногойбаева, Аблабек Асанканов, Каныбек Иманалиев, Насикат Дакенова.
19:30 – 20:30
Фуршет жана оозеки эркин баарлашуу
Залдагы катышуучулар – чыгып сүйлөгөндөрдүн тандоосу боюнча кыргыз жана орус тилинде чыгып сүйлөштү
Жыйнактын түзүүчүсү, кириш сөздүн жана соңку сөздүн автору Владимир Шварц 1916-жылдагы тема боюнча материалдарды издөө кандай жүргүзүлгөнү, иш кагаздар менен кандай иш алып барганы жана архивдерге «саякаттардын» сүрөттөрү ошондой эле бул кайгылуу окуялардын катышуучуларынын үй-бүлөлүк альбомдорунан алынган сүрөттөр менен бөлүштү. Презентацияны ушул басылманын аягында көрүүгө болот.
Андан соң Асель Даниярова китептин түзүлүшү тууралуу айтып, андагы документтердин бардык резолюциялары жана маргиналдары менен берүү өзгөчөлүгүнө угуучулардын көңүлүн бурду. Китеп Тиркемелер менен толукталган, атап айтканда, аты-жөнү индекси 800гө жакын ысымдарды камтыйт; «Индексти карап көрүңүз, балким жакындарыңыздын, атүгүл туугандарыңыздын ысымдарын таба аласыз». Эң кызыгы, ошондой эле окуя болду! Катышуучулардын бири, КР Илимдер академиясынын Тарых институтунун илимий кызматкери Насикат Дакенова өзүнүн ата-бабаларынын биринин Молтаев (Молтаев) фамилиясы менен Күнгөй-Аксуу болушунан, ысымын аты-жөнү индексинде таап алып, ал тууралуу залда отургандарга айтып берди.
Түзүүчү жана кириш сөздүн автору Владимир Шварцтын жана редактор Асел Даниярованын комментарийлеринен кийин китеп менен алдын-ала тааныш болгон катышуучулар өз ойлорун ортого салышты.
Казак тарыхчысы Шамек Тлеубаев материалдардын, айрыкча тарыхнаамалык бөлүгүнүн так жана ырааттуу берилиши, документтердин терең ойлонулуп тандалып алынгандыгын, алардын жаңылыгын жана изилдөөчүлөр үчүн өтө баалуулугун белгилөө менен бирге, автордун көңүлүн көтөрүлүштү изилдөө 1926-жылы эмес, окуя болуп өтөр замат 1917-жылы эле башталганын «Казак» газетасында жана башкаларда жарыяланган макалалар далилдеп турганына бурду. Ал ошондой эле Кытайдан качкындардын кайтып келиши темасы жетишерлик иштелбей жаткандыгын, аны изилдөө үчүн жыйнактагы материалдар баштапкы маалымат булагы боло ала тургандыгын жана тарыхчы угармандардын көңүлүн эмнеге бургусу келерин белгиледи*.
Белгилүү саясатчы жана мамлекеттик ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн талдоосун угармандар менен бөлүшүп, теманын толук ачылганын, аны изилдөөдөгү жаңыча мамилени белгилеп, ошол эле учурда автордун сөзүндө “мусулмандардын көтөрүлүшү” сыяктуу терминдерди колдонбоого кеңеш берди, себеби, толкундоолор диний мааниге ээ болгон эмес жана колониялык администрациянын документтеринде бул термин орус отурукташкандарынан жергиликтүү калкты бөлүп белгилөө үчүн колдонулган.
2016-2019-жылдары 1916-жылдагы драмалык окуяларды изилдөө боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген изилдөөчүлөрдөн турган долбоордук топ түзүп, редактор катары “1916-жылды изилдөө: билимди саясатташтыруу жана гуманизациялоо” аттуу макалалар жыйнагын чыгарган “Айгине” изилдөө борборунун жетекчиси Гүлнара Айтпаева Борбор Азиядагы көтөрүлүш жөнүндө» (бул жазуунун аягындагы электрондук вариантка шилтеме*) китепке кирген даректүү материалдар кантип чогултулганы тууралуу өз байкоолору менен бөлүштү. Белгилей кетсек, көтөрүлүштүн 100 жылдыгынан кийин долбоордук топтун жана Санжарбек Данияровдун фондунун иши, болжол менен бирдей убакытта башталып, «Айгинеде» изилдөө топторунун ортосунда пикир алмашуулар, талкуулар болгон.
Кийинки сөздү КР Илимдер академиясынын Тарых институтунун улук илимий кызматкери, Кыргызстандагы жадид агымы боюнча өзүнүн изилдөөлөрү менен белгилүү Айида Кубатова алды. Ал китептеги белгисиз документтер менен таанышууга өзгөчө кызыккандыгын белгилеп, ал тургай капитан В.Ф. Железняковдун сөзүнөн цитата келтирди. Тарыхчыга мамлекеттик империялык системадан чыккан, жергиликтүү калктын көз карашын түшүнүүгө жана кабыл алууга, бийликтин аракеттерин сындоого жөндөмдүү адамдын позициясы таасир калтырды.
Кийинки сөз жазуучу жана коомдук ишмер, саясатчы Каныбек Иманалиевге берилди, ал китептин бет ачарына чейин таанышууга мүмкүнчүлүк болбогонун, бирок көтөрүлгөн теманын актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн баса белгилеп, коомчулукту изилдөөгө колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Белгилүү саясат таануучу, коомдук-саясий жана коомдук процесстерди изилдөөчү, оозеки тарыхты жыйноочу, “Эсимде” долбоорунун түзүүчүсү жана жетекчиси Элмира Ногойбаева учурда колониялык мезгилди изилдөөлөрдө жергиликтүү калктын көз карашы жетиштүү түрдө чагылдырылбаганын жана изилдене электиги тууралуу ой-пикирин айтты. Анын айтымында, архивдик документтерди гана эмес, окуянын күбөлөрү менен алардын урпактарынын оозеки тарыхын да изилдөө өтө маанилүү.
КР Илимдер академиясынын Тарых институтунун директору, профессор Аблабек Асанканов окуяларды изилдөөдө колдонулган салттуу эмес ыкмаларды издөө тарыхчыларга ой жүгүртүүгө азык болорун белгиледи.
Ушундан кийин тарыхчы Дакенова Насикат жогоруда белгилеп өткөндөй өз ойлорун айтты.
Талкуу фуршет үстүндө формалдуу эмес кырдаалда улантылды. Көптөгөн ар кандай пикирлер айтылып, суроолор берилди, бул 1916-жылдагы окуялардын темасына чоң көңүл бурууну жана ошол эле учурда болгон окуянын себеби жана мүнөзү боюнча бирдиктүү көз караштын жоктугун жана бул тема боюнча мындан ары да материалдарды жарыялоонун зарылдыгын көрсөтүп турат.
Владимир Шварцтын презентациясы:
Асель Даниярованын презентациясы:
Дагы тема боюнча:
Китеп тууралуу кыскача маалымат: 2024-ЖЫЛЫ ЖАРЫК КӨРГӨН “СЫЙМЫК МЕНЕН ЖЕТКИРЕМИН» ДОКУМЕНТТЕР ЖЫЙНАГЫ
1916-жыл › 1916: жеке изилдөөлөр › 1916: биздин макалалар
1916-жыл › 1916: жеке изилдөөлөр › 1916: жылнаама
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз