ИШ-ЧАРАЛАР

Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КСӨМдеги “ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА – РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН” СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮНҮН АЧЫЛЫШЫНАН РЕПОРТАЖ

Документалдык кинонун режиссеру Лиля Турусбекованын туулгандыгынын 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө биздин Г.Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейде ачылды. Анын ачылуу салтанаты 25-майда саат 15:00до болду.

Көргөзмө 11-ИЮНГА ЧЕЙИН АЧЫК БОЛОТ


Сүрөт көргөзмөнүн ачылышында эл көп болду, баардыгы болуп 150гө жакын меймандар келди: кинематографисттер, киносынчылар, ар түрдүү чыгармачыл кесиптердин өкүлдөрү, Госкино департаментинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилиги жана албетте жакын туугандары келишти.

Иш-чарада кыскача баяндамалар, кызыл тасма кесүү, экспозицияларды кыдыруу, жеңил фуршет уюштурулду жана Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналып режиссер Гани Кудайберген тарткан “КЫРГЫЗФИЛЬМ” киностудиясынын жаңы документалдык тасмасы көрсөтүлдү.

ЧЫГЫП СҮЙЛӨГӨНДӨР

Иш-чараны жаш киносынчы кинокритик Жазгуль Ибраимова алып барды.

Келген меймандардын алдында сүйлөгөндөр:

Марат Тагаев,
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары
Акжолтой Бекболотов,
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кинематография департаментинин директору
Манасбек Мусаев,
Коюучу кинооператор, КР искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, КР эл артисти, Кыргыз-Түрк кинематография академиясынын анык мүчөсү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору
Ракия Шершенова,
Документалдык тасманын кино режиссеру, монтажер, педагог, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Гульбара Төлөмүшова,
кино таануучу, кино тарыхчы, киносынчы, телережиссер жана теле алып баруучу
.
Роза Төрөкуловна Айтматова,
Төрөкул Айтматов, Чыңгыз Айтматов жөнүндө бир катар документалдык китептердин автору

Лиля Турусбекованын кыздары —
Асель Даниярова, Гюзель Айтматова,
уулу
Бектур Данияров

Карел Абдыкулов,
кинорежиссёр, кинооператор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Тыргоот Чортонбаев,
К.И.Скрябин атындагы КУАУнын илимий иштер боюнча проректору, айыл чарба илимдеринин доктору,
Назира Акматова,
Тарых музейинин кызматкери, 
Жусуп Турусбековдун туугандары

________________________________________

  • Чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрү так, кыска, ошол эле учурда мазмундуу, ар түрдүү, кызыктуу болду. Алар Лиля Турусбекованын чыгармачылык стилинин өзгөчөлүгүн, анын инсандык жана маданий деңгээлинин бийиктигин белгилешти. Ракия Шершенова өзүнүн сөзүндө киностудиядагы кесиптештери ал босогону аттагандан тарта ага карата кандай бийик деңгээлдеги сый-урмат мамиле жасагандарын айтып өттү. Гульбара Төлөмүшева “Кошой-Таш” толук метраждуу тасманы тартып жаткан учурда режиссер жана Гульбаранын монтажер апасы күндөлүк иш планын талкуулоо үчүн күндө эртең менен саат 8де телефон чалып сүйлөшкөндөрүн эскерди.

_________________________________________

ТАСМА КЕСҮҮ

Кире бериште Гюзель Айтматованын сүрөттөрү жайгашкан баннер орнотулган. Баннерде кеңири планда Лиля Турусбекованын Мовиола – кинотасмалардагы кадрларды монтаждоо жана редакциялоо үчүн жабдуу алдындагы образы чагылдырылган. Андан ары, алысыраак жакта – Лиля Турусбекова атасы – ал сегиз жашында согушка аттанып кайтпай калган белгилүү акын Жусуп Турусбеков менен турган бала чактагы образы байкалат.

Келген меймандар чын ыкластары менен баннердин жанында сүрөткө түшүп жатышты.

 

 

Кызыл тасманы белгилүү оператор Манасбек Мусаев, Арсен Эгизов, Тыргоот Чортонбаев кести.


ЭКСПОЗИЦИЯЛАРДЫ КЫДЫРУУ

Экспозициянын дизайн жана макетин Лиля Турусбекованын кызы Асель Даниярова (мен, бул макаланын автору) даярдады. Апабыздын өмүр жолун биз – балдарынан артык ким билет дейсиз…

Экспозиция үч бөлүктөн түзүлгөн: залдын периметри боюнча – хронологиялык тартипте Лиля Турусбекованын жана анын жакындарынын сүрөттөрү кыргыз жана орус тилдеринде баяндалат. Мольберттерде – Лиля Турусбекованын иш үстүндөгү, тасма тартуу процессиндеги жана кадрлар менен иштөөдөгү кийинки иш-аракеттери, тасма тартуу тобу, монтажерлор менен түшкөн сүрөттөрү чагылдырылган. Тасмалардагы кадрлар фильм катары стилдештирилген он полотнодо берилген. Бул ыкма мурда Төлөмүш Океев менен Геннадий Базаровго арналган көргөзмөлөрдө колдонулган.  

Кадрларды Лиля Турусбекованын кызы Гюзель Айтматова, Аселдин өмүрлүк жолдошу жана Лиля Турусбекованын күйөө баласы Владимир Шварц менен бирге тандаган. Бул эң татаал иш процесси десе болот, анткени тасмалар, кызыктуу кадрлар өтө көп, алардын арасынан тандап алуу үчүн тасмаларды бир нече саат бою көрүүгө туура келди. Тилекке жараша, Кыргызфильм киностудиясы тасмалардын басымдуу бөлүгүн санариптештиргендиктен, тандап алуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болду. Архив бөлүмү Жолдош Ахматалиев менен биргеликте бул ишти юбилейге карата жасап үлгүрдү. Тандалгандан кийинки стоп-кадрларды Кыргызфильм киностудиясынын кызматкери Оркен Рысбай даярдады.



Сүрөттөрдүн арасынан эң эле эски сүрөт таятабыздын (Байтик баатырдын небереси Молдахмат) жана Лиля Турусбекованын таянесинин (Ажар) 1914-жылдагы сүрөтү болду, ошол жылы анын апасы – Үмү-Күлсүн Молдахматова төрөлгөн. Сүрөт көргөзмөдө акын жана драматург Жусуп Турусбековдун калемдештери менен түшкөн сүрөттөрү да коюлган. Кыргызстандын тарыхында, анын ичинде кино тарыхында сакталып калган адамдардын, мисалы Мар Байжиев, Марлес Туратбеков, Салима Бекмуратова жана башкалардын сүрөттөрү Лилянын бала чактагы сүрөттөрүндө да бар. Лиля Турусбекова кичинекей бала кезинен баштап эле сүрөттөрдүн алдына түшкөн датасын, окуяларды жана адамдардын аттарын жазып жүргөн. Аны жардамы менен биз №28 мектепте бирген окуган классташтарынын жана мугалимдеринин ысымдарын билип калдык. Сүрөттөрдүн артындагы ал жазуулар экспозицияда көрсөтүлгөн.

Биздин алган таасирибиз боюнча, көрүүчүлөр сүрөт көргөзмөнү абдан жылуу кабыл алышты. Биз кайдигер эмес адамдардын көптөгөн комментарийлерин уктук. Айрыкча иш-чаранын катышуучулары тарабынан берилген кызыктуу суроолор бизге абдан жагымдуу болду. Бул көрсөтмө 11-июнга чейин уланарын эсиңиздерге сала кетким келет.

РЕЖИССЕР ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ТАСМА

Иш-чаранын соңунда Гани Кудайбергендин Лиля Турусбекова жөнүндөгү жаңы тасмасы тартууланды. Режиссерду Кинематография департаментинин жетекчиси Акжолтой Бекболотов тааныштырды. Жакынкы мезгилде ал тасма интернет айдыңына чыгарылат.

Бардык каалоочуларды музейдеги көргөзмөгө келүүгө чакырабыз. Музей саат 11:00дөн 18:00гө чейин ачык.

Төмөнкү жакта:

Ачылыш учурлары. конокторду чогултуу жана чыгып сүйлөгөн учурунда

Экспозицияны көрүү учурлары

001 002
001 002
« 1 of 10 »
экспозиция (9)
экспозиция (9)
« 1 of 12 »

Дагы көргөзмө жөнүндө

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТУУЛГАНДЫГЫНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КӨРКӨМ СҮРӨТ МУЗЕЙДЕГИ СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨ

Лиля Турусбекова жөнүндө сайтыбызда: 
башкы › адамдар › кыргызстандын инсандары. лиля турусбекова

Дагы музей жөнүндө:
башкы › башкы бет ирети › маданий турмуш › көркөм искусство

Дагы Гүзелдин сүрөттөрү жөнүндө:
ГЮЗЕЛЬ АЙТМАТОВАНЫН (ДАНИЯРОВАНЫН) ГРАФИКАСЫ. ФОНДГО КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ ҮЧҮН БЕРИЛДИ.


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз

 


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *