ЖАҢЫЛЫКТАРЫБЫЗ

КЫРГЫЗ ТИЛИ КҮНҮ ЭЛДИН ЖАН ДҮЙНӨСҮНҮН ЖАҢЫРУУСУН БЕЛГИЛЕЙТ

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз тили күнү менен куттуктайм!

Биздин байыркы жана бай тилибиз сүйүүгө, көңүл бурууга жана колдоого муктаж. Баарыбыз — замандаштарым, жаш-кары, теңтуштарым — кыргыз тили шаарларда да, айылдарда да улуттар аралык баарлашуунун, иш жүргүзүүнүн, илимдин жана маданияттын тилине толук айланган күндү көрөбүз деп үмүттөнөм!

Куттуу жерибиздин тургундары эки, үч же андан көп тилди өздөштүрүп, тилибиз кайрадан жашоонун, ой жүгүртүүнүн, баарлашуунун, кубанычтын, кээде кайгынын тилине айланып, адамдардын акылында жана жүрөгүндө өзүнүн татыктуу ордун ээлейт деп үмүттөнөм.

Мен өзүм тилдин расмий статусу жок мезгилде төрөлүп-өскөм. Мен шаарда орус мектебинде окугам, ал жерде кыргыз тилине орун жок болчу. Ал эми менин өмүрүмдө көз карандысыз мамлекет пайда болду, ал эми менин өмүрүмдө эне тилибиз расмий статуска ээ болду. Ошондуктан, мен мунун ошондой болоруна үмүттөнөм жана ал тургай ишенем!

Асел Даниярова


 


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Эгер сизди кызыктырса жазылыңыз


Дагы тема боюнча:

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БИРИНЧИ БАСЫЛГАН КИТЕП ЖӨНҮНДӨ



Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *