ЖАҢЫЛЫКТАРЫБЫЗ

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ. МААЛЫМАТТЫК КАТ

Убакыт спиралы (Интернеттен)

Урматтуу мугалимдер жана билим берүү тармагындагы долбоорлорго кызыккан сайттын меймандары!

Мен Санжарбек Данияровдун Фондунун билим берүү тармагына байланышкан жаңылыктары иш-чараларыбыз көп болгонуна карабай Сиздерге айтып бере элегиме бир айдан ашык убакыт болуптур.

Анын себеби жүйөлүү. Анткени мен ушул жылдын июль айында 20 күн бою Санжарбек Данияровдун фондунун төрт лауреатынын Москва шаарында өтүүчү маданий-маалымат арттыруучу 10 күндүк саякатын уюштурдум, адегенде БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын 8-жолку жана 9-жолку эки жеңүүчүсүн, андан соң дагы эки лауреатты – БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын 10-жолку жеңүүчүсүн жана КММАдагы Илимдер күнүндө жеңүүчү болгон жаш окумуштуу-дарыгерди кабыл алдым.  Санжарбек Данияровдун Фондунун жыл сайын жаш окумуштуу-дарыгерге жана айылдык башталгыч класстын мугалимине берилүүчү сыйлыгы экөөнө тең 10-жолу тапшырылды.

  1. Жакынкы убакытта төрт лауреаттын июль айындагы 10 күндүк саякаттары жөнүндө репортажды жарыялоону пландап жатамын.
  2. Ал эми лауреаттардын окуучуларынын май-июнь айларындагы Бишкекке уюштурулган эки жолку экскурсиялары жөнүндөгү репортажды мен сайтка мурдараак жарыялаганмын. Ал Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген беш класстын окуучулары жөнүндө эле. Алдыда дагы ар кайсы аймактардагы мектептерден келүүчү төрт класстын окуучуларынын Бишкекте өтүүчү экскурсиясы күтүлүүдө. Алар акыркы 10-жолку сынактын лауреаттарынын үч классы жана 9-жолку сынактын лауреат-мугалиминин бир классы. Мен азыр эс алуу күндөрүнө ылайыктап, Бишкекке маданий-маалымат арттыруучу кезектеги саякатын өткөрүүгө даярданып жаткан учурум. Ал тууралуу сиздерге сөзсүз кабарлаймын.
  3. Андан тышкары, көпчүлүк мугалимдер кезектеги БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагын жана дилбаяндын жаңы темасын сунуштаган СЫНАКТЫН ЖОБОСУ жарыяланышын күтүп жатышканын билемин. Ал жөнүндө кулактандыруу жакынкы күндөрү сайтта жарыяланат, мен анын шилтемесин мугалимдердин чатына сөзсүз жөнөтөмүн.
  4. Менин мойнумда дагы “АРДАК БЕЛГИСИ” – мугалимдердин сыйлыгы жөнүндө да жаңылыктарды жарыялоо “карызы” турат. Тилекке каршы, жиберилген талапкерлер боюнча чечим кабыл алуу процесси мен ойлогондон да көбүрөөк убакытты талап кылды, андыктан мени туура түшүнүү менен кабыл алаарыңыздарга ишенемин. Убактымдын көбү мугалимдер жана дарыгерлер менен байланышкан долбоорлорго жумшалды. Мен сыйлыкка көрсөтүлүп жаткан ар бир талапкердин жеке өзүнө жооп жазамын жана сайтка сыйлыктар жөнүндө репортаж жарыялаймын.

Аягында кошумчалай кетчү нерсе, Фонд Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейдин коллекциясындагы картиналарга искусство таануучу Гамал Бөкөнбаевдин көз карашында даярдалган обзорлорду жарыялоону улантмакчы. Биз баарыбыз сүйүп көргөн Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылыгына арналган обзорлорду жарыялоону дээрлик аяктадык жана кезекти улуттук музейдин коллекциясындагы башка сүрөтчүлөргө узатмакчыбыз.

Албетте, Фонд билим берүү темасына түздөн-түз байланышпаган рубрикалардагы макалаларды, мисалга алсак, 1916-жылдагы окуяларга жана ошондой эле Кыргызстандын сыймыктуу инсандарына арналган башка рубрикалар үчүн макалаларды жарыялоону улантмакчы.

Ушул маалыматтык катты окуган кээ бир окурмандар мен жаңы маалыматтарды анонск чыгарган чаттардын катышуучулары болушат. WhatsApp тагы ал чаттар:  Кыргыз тилинде — Биринчи мугалим 2019, Биринчи мугалим 2020, Биринчи мугалим 2021, орус тилинде —  Первый учитель 2021.

Каалоочулар телеграм-каналдарга жазылса болот: кыргыз тилинде “Санжарбек Данияровдун коомдук фонду” жана орус тилинде “Фонд Санжарбека Даниярова”  деп аталат. Сайттагы “Комментарийлер” бөлүгүнө, телеграм-каналдарга жана чаттарга, же болбосо бул номурга:  707 783295 (маалымат алмашуу, кат жазышуу, сүрөттөр үчүн гана,   телефон чалууга болбойт) маалыматтар, өзүңүздөрдүн каалоо-сунуштарыңыздар болсо жазыңыздар.

Урматтоом менен
Асель Даниярова


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *