ЖАҢЫЛЫКТАРЫБЫЗ

ЖАҢЫ 2020 ЖЫЛЫҢЫЗ МЕНЕН КУТТУКТАЙМЫН!

УРМАТТУУ ДОСТОР!

Сиздерди Санжарбек Данияровдун Фондунун жана өзүмдүн атымдан менин эң сүйүктүү Жаңы жыл майрамы менен куттуктаймын! Эмнеге бул майрамды жакшы көрөм? Анткени бул майрамда эч кандай саясий, диний, идеологиялык мааниси жок! Бул майрам – өмүрүбүздөгү жаңы үмүт! Салт боюнча биз аны өзүбүздүн эң жакын жана кымбат адамдарыбыз менен, үй-бүлөбүз менен тособуз! Көп адамдар адаттагы чөйрөдө, салттуу тамактар жана суусундуктар менен, жакшы көргөн музыка менен,  досторубузга дал түн ортосунда куттуктоолорду  айтуу менен Жаңы жылды тосууну жакшы көрүшөт!

2020-жылы сиз каалаган жерде, сүйүктүү адамдарыңыз менен, жана сиз ойлогон пландарыңыз менен жаңы жылды тосууңузду каалаймын!

Жылдагыдай эле сиздерге каалоорум, ойлогон ой-максаттарыңыздардын ишке ашуусун, көп саякаттоону, кызыктуу китеп окууну, бийлечү жерден бийлеп, ырдачу жерден ырдап, жашоодон ырахат алууну  чын дилимден тилемекчимин!


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *