ЖАҢЫЛЫКТАРЫБЫЗ

БААРЫБЫЗГА ТЫНЧТЫК ЖАНА БАКУБАТ ЖАШОО КААЛАЙМ! 8-МАРТ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

Урматтуу достор!

Сиздерди 8-март – Аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктайм! Баарыбызга тынчтык жана бакубат жашоо каалайм! 

Сиздерге маалым болгондой, бул майрам бүткүл дүйнө жүзүндөгү аялзатынын эркектер менен тең укуктуулугу, эң оболу шайлоо кампаниясына тең добушка ээ болуу күрөшүнүн натыйжасында пайда болгон. Мен да биздин жана дүйнөдөгү бардык аялдардын ушундай тең укуктуу болушуна тилектешмин.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда эркек менен аялдардын бардык жактан укуктары бирдей экендиги кубандырат.

А бирок чыныгы турмушта тилекке каршы, өкмөттүк жетекчи кызматтарда, негизги мыйзам чыгаруу органында жана жер-жерлерде жетекчи аялдар аз. Баарынан кызыгы, мектептерде мугалимдер жалаң аялдар, ал эми билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери – эркектер. Дарыгерлер арасында деле аялдар басымдуулук кылат, башкы дарыгерлер көбү – эркектер. Алты президенттин ичинен бир гана жолу аял президент болду. Ошол эле учурда биздин аялдар дүйнөлүк спортто ийгиликтерге жетишип жатат, бизнесте жемиштүү иштеген аялдар да аз эмес, өлкөбүздөгү эң стабилдүү деп эсептелген жеңил өнөр жайында, кол өнөрчүлүгүндө аялдар арбын жана илимде өзүн көрсөткөн аялдар бар. Өлкөнүн гүлдөп өсүшү үчүн бул тармактар аз дешиңиздер мүмкүн, ал чындык. Андыктан аялдарга ар түрдүү тармактарда иштөөгө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берсеңиздер, алар жараткан ийгиликтерге күбө болосуздар!

 


Дагы:

БИЗДИН ФОНДУНУН СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТТАРЫ — ЖАШ ИЛИМПОЗ-МЕДИКТЕР — РЕПОРТАЖДАР 2014-2020
ЖАШ ИЛИМПОЗ — МЕДИКТЕРДИН САЯКАТТАРЫ — 2012-ЖЫЛДАН БАШТАП РЕПОРТАЖДАРЫ 
БИРИНЧИ МУГАЛИМ СЫНАГЫНЫН КҮНДӨЛҮГҮ — 2014-ЖЫЛДАН БАШТАП РЕПОРТАЖДАРЫ
БИРИНЧИ МУГАЛИМ СЫНАГЫНЫН ЛАУРЕАТТАРЫНЫН САЯКАТТАРЫ — 2011-ЖЫЛДАН БАШТАП РЕПОРТАЖДАРЫ
ОКУУЧУЛАРДЫН САЯКАТТАРЫ — 2015-ЖЫЛДАН БАШТАП РЕПОРТАЖДАРЫ

Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК КӨРКӨМ СҮРӨТ МУЗЕЙИНИН КОЛЛЕКЦИЯЛАРЫНА ЖАСАЛГАН ОБЗОРЛОР


Автору
Асель Даниярова

2 комментарии на “БААРЫБЫЗГА ТЫНЧТЫК ЖАНА БАКУБАТ ЖАШОО КААЛАЙМ! 8-МАРТ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

  1. Асель, рахмат! Мен дагы сиздин ушундай жакшы создорунузго кошулуп сиздин досторунузду куттуктагым келет! Озунузго дагы ден-соолук, узун омур, энелик бакыт жана Володя экоонор жасап жаткан, элге эн керектуу иштеринизде албан-албан ийгиликтерди каалайм!

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *