ЖАҢЫЛЫКТАРЫБЫЗ

ФОНДДУН НЕГИЗДӨӨЧҮНҮН ЮБИЛЕЙИ ЖАНА КУТТУКТООЛОР ЖӨНҮНДӨ

Фонддун негиздөөчүнүн жана директорунун сайттын окурмандарына кайрылуусу


Хорошее настроение — в день рождения внучки

Урматтуу менин досторум!

Жаңырган 2018-жылы, жакында менин юбилейим болот. Араңыздарда мага куттуктоо сөздөрүн арнагысы келгендер арбын экенин билем, ал мен үчүн өтө жагымдуу. Бул датаны кыргыздын мыкты салттарынын коштоосунда белгилейин деген оюм бар, бирок так ошол күнү эмес, жылдын ортосуна жылдырып белгилейин деп турам.

Туулган күнүмдө кабыл алчу каалоо-тилектерди сиздер менен бөлүшкүм келет. Юбилейиме карата белек катары Санжарбек Данияровдун Фондуна акчалай салым түшсө деп кыялданам. Кимде-ким чакан кошумча кошо алса, мен чексиз кубанычта болмокмун жана менин демилгелериме колдоо катары кабыл алмакмын. Фонд үчүн чакан эмес, чоң эле кошобуз дегендердин кошумчасын да өтө кубануу менен кабыл алабыз :-).

Ким кайсы долбоорду колдоп жатканын каалоосуна жараша белгилеп койсо болот, эгерде каршылык болбосо, ким канча кошконун, аты-жөнүн биздин сайтка жазып коебуз.

Кошумчаңыздарды сом, доллар же евро түрүндө банктык эсепке которо аласыздар (реквизиттери ушул жерде) же болбосо мага же менин жакындарыма аты-жөнүңүздү белгилеп берип койсоңуздар да болот.

Баардыгыңыздарга алдын-ала ыраазычылык билдиремин!


ФОНДДУН ИШТЕП ЖАТКАН ДОЛБООРЛОРУ

МЕРЧЕМДЕЛГЕН ДОЛБООРЛОР


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *