ИШ-ЧАРАЛАР

1916-ЖЫЛДЫН ТЕМАСЫ БОЮНЧА “АЙГИНЕ” ФОНДУНУН СЕМИНАРЫНЫН АЛКАГЫНДА ӨТКӨН ТАРЫКЧЫЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК ЖОЛУГУШУУСУ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 31-мартта “1916-жылдагы үркүн жөнүндө жаңы маалымат алуу үчүн Борбор Азия академиялык коомчулуктарын бириктирүү жана этникалык жана/же саясий аялуу темалары боюнча маалыматтарды алмашуу жана таратуу үчүн жалпы платформаларды түзүү” долбоору боюнча “Айгине” маданий-изилдөө борбору уштурган семинар өз ишин баштады.

Санжарбек Данияровдун Фонду Кыргызстанда 1916-жылы болгон үркүнгө арналган веб-ресурстарды жана китептерди презентациялоо алкагында чакырылган эле. Биз 1916-жылга арналган төмөнкү рубрикаларды көрсөттүк:

  • 1916-жыл: а) Летопись: Түркстан 1916 б) 1916: макалалар жана китептер
  • 1916-жылдын архиви: а) 1916-жылдын документтери б) Документтер топтому
  • 1916-жылдан кийин: а) Тарыхый документтер б) Макалалар жана китептер
  • Искусстводогу 1916-жыл (бул рубрика азыркы учурда толукталып жатат)

Рубрикалар тынымсыз толукталып турат. 1916-жылдын документтеринин маалыматтык базаларын аларды сүрөттөп жазган маалымат булактары менен бирге жалпы колдонуучулар үчүн ылайыктап түзүү иштери жүрүүдө.

Бул жолугушууга Санжарбек Данияровдун Фондунан башка катышкан катышуучулар: Павел Дятленко (Кыргыз-Орус Славян Университети, Тарых жана маданий таануу кафедрасы, Бишкек); Кубан Мамбеталиев (Борбор Азиянын аймактык институту, Бишкек); Татьяна Котюкова (Жалпы тарых институту, Россия Илимдер Академиясы, Москва), — онлайн презентация

Бул жолугушуудагы сүрөттөр:

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *