Кымбаттуу достор!
Силерди өзүмдүн жана Санжарбек Данияровдун Фондунун атынан жаңы 2019-жылыңыз менен куттуктаймын!
Эч качан сыркоолобой, дайыма сак саламатта жүрүңүз!
Келаткан жылы өзүңүз каалаган ой-тилектериңиздин баарын тартынбай ишке ашырыңыз, саякатка чыгыңыз, кызыктуу китептерди окуңуз, анан эң башкысы — биз менен бөлүшкөндү эсиңизден чыгарбаңыз!
Табитиңиз тартканда, тартынбай ырдап-бийлеп, турмуштун таттуусун татып, ара-чолодо адамдардын көңүлүн көтөргөн жагымдуу иштерди жасап, жылы бою чарчабай, чаалыкпай, шаттуу күндөрдө жүрүңүз!
Дагы окуу:
ФОНДДУН ИШТЕП ЖАТКАН ДОЛБООРЛОРУ