ШААР ЧӨЙРӨСҮ ЖӨНҮНДӨ

ЧЫДАМЫБЫЗ ТҮГӨНДҮ! ШААР ТУРГУНДАРЫНЫН ӨЗ ЖЕРИНДЕ ТАТЫКТУУ ЖАШООГО УКУГУ БАР!

20.09.2022-жылдын шейшемби күнү Бишкектин борборундагы турак жай кварталынын жашоочулары үйлөрүнүн айланасындагы көчөлөрдүн абалы жөнүндө өз пикирлерин билдирүү үчүн көчөгө чыгышты


Раззаков, Түгөлбай ата, Орозбеков, Чуйков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары үйлөрдүн айланасында жол салынбагандыгына көп жылдар бою чыдап келишти. Сөздүн түз маанисинде айтканда, бул көчөлөрдө асфальт төшөлгөн эмес, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар чуңкурлардан, аң-дөңдөрдөн айланып өтүп, жаан-чачын жааганда ылай суу кечип өтүүгө мажбур болушкан. “Элита” деп аталган үйлөрдүн айланасы өлкөбүздүн эң алыскы аймактарына караганда аябай начар.

Буга турак жайдын короосунда жайгашкан РОСНЕФТ май куюучу жайды жана ошондой эле бак-дарактардын ортосундагы газондордун ичинде мыйзамсыз жайгашкан, эң жөнөкөй ажатканасы жана элементардык санитардык-гигиеналык шарттары жок кафени кошуу керек.

Ушул эле жерде суу аккан түтүк да бар, ал жерге сугаргыч машиналар келип суу алышат, ал суулар каяктан келип, каякка агып жатканы белгисиз.

Жыш салынган көп кабаттуу үйлөрдүн айынан уламдан-улам тарып бараткан бул көчөлөрдөгү тынымсыз жүргөн автоунаалар асфальтталбаган Чуйков көчөсүнүн бурчундагы “кууш тешик” аркылуу эптеп кыпчылып өтүшөт.

Мына ушулардын бардыгы – биздин шаарыбыздын так борборунда, темир жол вокзалынын, Жаратылыш ресурстар министрлигинин (тагдырдын тамашасы), ошондой эле Чуйков атындагы сүрөт окуу жайынын тарыхый имаратынын жанында орун алган…

ЭМНЕ ҮЧҮН ШААР ТУРГУНДАРЫ УШУНДАЙ КӨРҮНҮШКӨ КӨП ЖЫЛДАН БЕРИ ЧЫДАП КЕЛДИ?

Анткени ушунча жылдан бери тургундарды жакын жердеги үйлөрдүн курулушу аяктагандан кийин, же курулуш сезону башталгандан кийин, же кандайдыр бир башка маанилүү окуядан кийин боло турган сонун келечек тууралуу таттуу кыялга жетелеп, “куру сөз эмизип” келишкен.

Элибиз сабырдуу, бирок убакыт өтүп жатат, балдарыбыз ушул чөйрөдө чоңоюп келатышат, ал эми айланада баягысы баягы, эч бир өзгөрүүсүз. Жетекчилер, жооптуу адамдар улам-улам алмашып, жергиликтүү администрациянын жана шайлануучулардын ар бир өкүлү бизге мурунку өкүлдөрдөн жакшыраак болууга убада бергенден тажабайт…

Акыры, “Мына, ура!  Машиналар келип, жерди талкалап, ишке киришти!” — деп сүйүнөлү десек, автоунаалар жүрүүчү тарапты турак-жай үйлөргө жабыштырып жаап салчудай аракеттер көрүлүп жатат. Мектепке же бала бакчага же жөн гана дүкөнгө чыга турган балдардын коопсуздугун ким ойлойт? Таза аба маселеси кантет? Автоунаалардын, темир жолдун ызы-чуусунан тосуучу тосмочу? Деги эле, бульвар менен үйлөрдү байланыштырган тротуар болобу? Темир жолдон обочо  жерде атайын жасалган аянтча, жашыл бак-дарактар ​​орнотулган аянт болобу? Терезе түбүндө май куюучу станция турса, жашоо кандай болот? Автоунаалар чөптөрдү, бак-дарактарды тебелеп-тепсеп жатса, жаратылышка кантип кам көрөбүз?

Мына ушунун баары шаарыбыздын чок ортосунда болуп жатат! Биздин татыктуу жашоого болгон укуктарыбыз акыры эске алынат деп администрациядан күтүүгө акыбыз бар!

БИЗДИН ТАЛАПТАР

  1. Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки Түгөлбай ата көчөсүн бойлогон тротуар менен жолдун ортосуна бак-дарактарды отургузуу менен газон өстүрүү.
  2. Ошол эле жерге – анын ичинде Раззаков көчөсү менен кесилишиндеги тилкеге тротуар салуу.
  3. “РОСНЕФТЬ” май куюучу жайын алып салуу (анын ордуна автоунаа токтотуучу жай куруу).
  4. Темир жолдон өтүүчү тилке катары кызмат кылган жашыл зонадагы “чатырды” алып салуу.
  5. Газондо унаа токтотууга тыюу салып, ал жерди тосмо менен тосуп, аянтты иретке келтирүү.
  6. Орозбеков көчөсүндөгү тротуарды бойлой, Түгөлбай ата көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуарлардын жээгине чакан газондорду бөлүп берүү.
  7. Түгөлбай ата көчөсүнө бир багыттагы кыймыл киргизүү.
  8. Орозбеков көчөсүнөн баштап Раззаков көчөсүнө чейинки тилкеге кирген Чуйков көчөсүнө асфальт төшөө.
  9. С.Чуйков атындагы училищенин тосмосунун алдындагы газонду калыбына келтирүү, автоунаалар газонду тебелеп кетпеши үчүн жапыс тосмолорду орнотуу.
  10. Зебра коюлган жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөлөрдү а) Түгөлбай ата көчөсүнөн министрликке чейинки, Эркиндик бульварына; б) Түгөлбай ата көчөсү менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишине орнотуу

 

2022-09 ПЛАКАТ
2022-09 ПЛАКАТ
« 1 of 5 »

 


Жаңы басылмалар жөнүндө билгиси келгендер үчүн:

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН телеграм каналына жазылуу
СДКФ телеграм каналы кыргыз тилинде


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *