25.08-27.09.2023 жана 22.09-24.09.2023
Балдарга да, ыктыярчыларга да кызыктуу болот! Муну өз тажрыйбабыздан билебиз.
Санжарбек Данияровдун Фонду жыл сайын өткөрүүчү республикалык “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагында 1-3-орундарды жеңип алышкан айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин окуучулары Бишкек шаарына атайын маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келишет. Балдар театрга барышып, шаар менен таанышып, эстеликтер-скульптуралар, музейлерди кыдырышат.
Ыктыярчынын иши — шаар көрсөтүп, балдар көргөндөрдү талкуулап, аларды коштоп жүрүү. Биз программаны жана экскурсиянын мазмунун алдын-ала сунуштайбыз жана талкуулайбыз. Ыктыярчынын милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон сапаттар:
- КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨӨ
- АҢГЕМЕЛЕШЕ БИЛҮҮ, СУРООЛОРДУ БЕРҮҮ ЖАНА СУРООЛОРГО ЖООП БЕРҮҮ
- АЧЫК МААНАЙ ЖАНА ШАЙЫР МҮНӨЗДҮҮ
- ӨЗ ИШИНЕ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ МАМИЛЕ ЖАСОО
- ИШЕМБИ КҮНҮ ТОЛУГУ МЕНЕН ЖАНА ЖЕКШЕМБИ ТҮШКҮ ТАМАККА ЧЕЙИН ЭКСКУРСИЯГА ДАЯР БОЛУУ.
Каалоочулар 24.08.2022-ж чейин 0707783295 WhatsApp номуруна жазыңыздар. Бул номур маалымат алмашуу, кат жазышуу, сүрөттөр үчүн гана. Телефон чалууга болбойт
Мурда уюштурулган экскурсиялар жөнүндө:
КҮН НУРЛУУ БАЛДАР КҮНӨСТҮҮ БИШКЕКТЕ. 2018-ЖЫЛДАГЫ ЭКСКУРСИЯ ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТ ОТЧЕТ.
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз