ФОНДДУН КАБАРЛАРЫ

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТУУЛГАНДЫГЫНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КӨРКӨМ СҮРӨТ МУЗЕЙДЕГИ СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨ

“ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА – РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН” деген аталыштагы фотосүрөт көргөзмө Г.Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейде 25-майда саат 15:00до ачылат жана 2023-жылдын 11-июнуна чейин уланат.


Көргөзмө 25-майда, саат 15:00до ачылат. Кирүү акысыз


Сүрөт көргөзмө Кыргызстандын тунгуч кесипкөй кинематографисттеринин бири – Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналат. Режиссердун үй-бүлөсү тарабынан даярдалган музейдеги экспозиция Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин иш-чараларынын алкагында уюштурулууда.  

Лиля Турусбекова документалдык кино тармагында өтөгөн өзүнүн 36 жылдык эмгек жолунда өз өлкөсүнүн жылбаянын түзгөн десек жарашат. Анын фильмографиясында 100гө жакын тасмалар бар: 32 документалдык тасма, анын ичинде – 4 толук метраждуу тасманы жана “Советтик Кыргызстан” киножурналынын 65ке жакын чыгарылышын кошууга болот. Лиля Жусуповна өзүнүн кесиптештеринин тасмаларынын редактору жана ошондой эле киностудиянын көркөм кеңешинин мүчөсү болгон.

Режиссердун чыгармачылык ишмердүүлүгү жигердүү өнүгүп турган мезгилде кинотеатрларда көркөм тасмалардын ар бир сеансы башталар алдында өлкөбүздөгү маанилүү окуялардын хроникасы көргөзүлүп турар эле. Ал учурларда кинотеатрларга келген адамдардын саны да өтө көп болгон. Андыктан режиссер Лиля Турусбекова тарткан хроникалык-документалдык тасмаларды көптөгөн көрүүчүлөр көргөндүгүн ишенимдүү айтса болот. Убакыт өткөн сайын өлкөбүздүн кечээки тарых баяны заманбап көрүүчүнүн көңүл куштарлыгын жаратып, кызыгуулары артууда. Лиля Турусбекованын тасмаларында мына ошондой кызыгууну жараткан Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Мыскал Өмүрканова, этнограф Клавдия Антипина сыяктуу искусство чеберлеринин жаркын өмүр баяны чагылдырылган. Көрүүчү режиссердун тасмаларынан Саякбай Каралаевди, Чыңгыз Айтматовду, Бүбүсара Бейшеналиеваны, Айсулуу Токомбаеваны жана ошондой эле башка дагы көптөгөн биз үчүн өтө баалуу адамдарды көрө алышат. Биз кино аркылуу ошондой эле карапайым адамдар — мугалимдер, завод-фабрикалардын жумушчулары, 60-80-жылкы студенттери, айыл-кыштак тургундары менен таанышабыз.

КЫРГЫЗ ФИЛЬМ киностудиясы Лиля Турусбекованын тасмаларынын теңинен көбүн санариптештирди, алар менен YouTube каналы аркылуу таанышууга болот.

Режиссер ГАНИ КУДАЙБЕРГЕН киностудияда Лиля Турусбекова жөнүндө документалдуу тасма тартты, анын бет ачары АСЕЛЬ ЖУРАЕВА башында турган Азиянын чыгармачыл айымдарынын фонду жыл сайын уюштуруп келген Кыргызстандын режиссер-айымдарынын V Кинофорумунун ачылышында көрсөтүлдү. Кинофорумда Лиля Турусбекованын кыска метраждуу эки тасмасы көрсөтүлүп, форумдун катышуучулары тарабынан жылуу кабыл алынды.

Музейдеги сүрөт көргөзмөдө үй-бүлөлүк архивден, Кыргызстандын кинофотофонодокументтер архивинен жана режиссердун тасмаларынан алынган кино кадрлар көрсөтүлөт.

Сиздерди сүрөт көргөзмөдө күтөбүз!


Лиля Турусбекова жөнүндө сайтыбызда:

башкы › адамдар › кыргызстандын инсандары. лиля турусбекова


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *