СУНУШТАЛГАН КЫЗМАТТАР ЖАНА ДОСТОРДУН КОЛДООСУ

СУНУШТАЛГАН КЫЗМАТТАР: ТЕКСТ МЕНЕН ИШТӨӨ

Бардык чогулган каражаттар фонддун долбоорлорун каржылоого жумшалат. Бул жөнүндө төмөндө берилген.


СУНУШТАЛГАН КЫЗМАТТАР:

Орус тилинде: тексттерди корректордук оңдоо, макалаларды жана көркөм тексттерди редакциялоо, журналдардын талабына шайкеш макалаларды жана библиографияларды жасалгалоо, Power Point түрүндө презентацияларды түзүү, электрондук жарыялоо жана андан кийин басып чыгаруу үчүн pdf китептерди жасалгалоо.

Кыргыз тилинде: журналдардын талабына шайкеш макалаларды жана библиографияларды жасалгалоо, Power Point түрүндө презентацияларды түзүү, электрондук түрүндө жарыялоо жана андан кийин басып чыгаруу үчүн pdf китептерди жасалгалоо.

Орус тилинен кыргыз тилине которуу

Кызматтарга буйрутма берүү үчүн төмөнкү электрондук почта, дарекке кайрылыңыздар:  a.daniyarova@daniyarov.kg; вотсап (whatsapp) +996 707 783295 – бул номур маалымат алмашуу, жазуу жана сүрөт үчүн гана болгондуктан, телефон чалууга болбойт.

Сунушталуучу бардык кызматтардын болжолдуу тарифтери сайтка жарыяланган, же болбосо келишим боюнча бааланат.

Эскертүү: Сиздин каалооңузга жараша, сиз төлөгөн акчаны Фонддун сиз өзүңүз тандаган конкреттүү долбооруна багыттасаңыз болот. Же болбосо Фонд өзүнүн тандоосу боюнча ал каражаттарды бөлүштүрөт жана ал тууралуу сизди кабар кылат.


Урматтуу достор!

Санжарбек Данияровдун Фондуна 2020-жылы 10 жыл толот. Ушул жылдар аралыгында Фонд өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө  жараша биздин өлкөбүздүн билим берүү жана маданият тармагын колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырып келди. Мен фонддун негиздөөчүсү, директору жана аткаруучусу катары бул ишмердүүлүктү пайдалуу деп эсептейм жана аны андан ары улантуу ниетиндемин. Фонддун долбоорлорун ишке ашырууга мага жардам бергендерге чын ыкласымдан чыккан ыраазычылыгымды билдиремин.

Долбоорлордун баары менин жеке каражатымдан каржыланып келди жана да каржыланууда. Ал иштер менин пенсиямдын жана банктагы топтолгон пайыздык анча көп эмес акчамдын эсебинен ишке ашырылып келет. Арийне, жыл сайын ал пайыздар төмөндөп жаткандыгына байланыштуу долбоорлорду каржылоо кыйынга тургандыктан, өзүмдүн турмуш тиричилик чыгымдарымды кыскартууга туура келип жатат. Бул билим берүү жана маданият тармагын колдоого алган долбоорлорду өнүктүрүүдө жана анын ишмердүүлүгүн кеңейтүүдө кадыресе кыйынчылыктарды жаратууда.

Ушул саптарды окуп жаткан окурмандардын баарына Сиздин ишиңизди алга жылдырууга түрткү берген жана ошол эле учурда Фонддун билим берүү жана маданият тармагындагы долбоорлорун каржылоого кошумча булак катары жардам берүүчү Фонддун кызматтарын сунуштап кайрылгым келет.


Дагы:

ФОНДДУН ИШТЕП ЖАТКАН ДОЛБООРЛОРУ

МЕРЧЕМДЕЛГЕН ДОЛБООРЛОР


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *