ДОЛБООРЛОРГО ЖУМШАЛГАН ЧЫГЫМДАР

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» ДОЛБООРУНУН БОЛЖОЛДУУ СМЕТАСЫ. САЯКАТТАР+ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮҮ

 БИРИНЧИ МУГАЛИМ долбоорун ишке ашырууга жыл сайын жумшалган чыгымдар 2017-жылдын Атайын сыйлыгынын алкагында 2017-жылы өткөрүлгөн сынактын үлгүсүндө, 2018-жылы балдар үчүн уюштурулган экскурсияны кошуу менен бирге  бааланат. Төмөндө 1) долбоордун бардык баасы жана 2) Фонддун ДОСТОРУНУН салымдарын жана өзүнүн жеке салымын кошпогондо (мисалы, Фонддун негиздөөчүсүнүн Москвадагы квартирасында жашаган эсебин), Фонд жумшаган чыгымдар көрсөтүлгөн.


Бул долбоорду ишке ашырууга жумшалган чыгымдар 3 бөлүктөн турат. Кененирээк төмөнкү шилтемелерден көрүүгө болот:

  1. БИРИНЧИ МУГАЛИМДИН СЫЙЛЫГЫ – Москвага 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат — 162 000 сом (123 642 сом натуралай салымды эсептебегенде)
  1. ҮЧ МУГАЛИМГЕ АТАЙЫН СЫЙЛЫК — Үч класстын окуучуларын Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсия — 448 480 сом (211 680 сом —  Фонддун ДОСТОРУНУН салымын кошпогондон кийинки Фонддун чыгымдары)
  1. Сынакты өткөрүү үчүн УЮШТУРУУ ИШТЕРИНЕ ЖУМШАЛГАН ЧЫГЫМДАР 88 502 сом (44702 сом  – Фонддун ДОСТОРУНУН салымдарын эсептегенден кийинки Фонд жумшаган чыгымдар).

Натыйжада, долбоодун бир жылдагы ЖАЛПЫ БААСЫ715 321 сом, ал эми Фонддун ДОСТОРУНУН жана Фондду негиздөөчүнүн натуралай салымдарын эсептеп чыккандан кийинки Фонддун чыгымдары – 396 024 сом түзөт.

Биз долбоорду каржылоого салым кошуп жатышкан ФОНДДУН ДОСТОРУНА чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз:

  • Акысыз иштешкендиги үчүн Калыстар тобунун мүчөлөрүнө
  • Акысыз иштешкендиги үчүн Ыктыярчыларга-гиддерге
  • Билимкана Фондуна – мектептер тармагына — окуучуларды жатакана менен камсыздашканы, 2 жолку эртең мененки жана кечки тамак үчүн – баасы 142 800 сом
  • АВРОРА-ГРУП компаниясына (Азрет Боотаевке) – 1 түшкү тамак жана 1 кечки тамак үчүн – баасы 45000 сом.
  • И.Арабаев атындагы КМУга – Жеңүүчүлөрдү сыйлоо Салтанатын өткөрүүгө Жыйындар залын сунуштагандыгы үчүн.

Сынактын бардык катышуучулары, ДОСТОРУБУЗДУН колдоосу жана саякаттар жөнүндө баяндарды төмөнкү рубрикалардан окусаңыздар болот:

БИЛИМ БЕРҮҮ>БИРИНЧИ МУГАЛИМ СЫНАГЫ> СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

Сүрөт репортаждар:

БИЛИМ БЕРҮҮ>БИРИНЧИ МУГАЛИМ СЫЙЛЫГЫ>МУГАЛИМДИН САЯКАТЫ

БИЛИМ БЕРҮҮ> БИРИНЧИ МУГАЛИМ СЫЙЛЫГЫ>БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *