1916: МОНОГРАФИЯЛАР/ МАКАЛАЛАРДЫН ЖЫЙНАКТАРЫ

1916-ЖЫЛДАГЫ ОКУЯНЫ ИЗИЛДӨӨ: АДАМДЫК ӨЛЧӨМДӨ ЖАНА САЯСАТТАН СЫРТКАРЫ КАРОО

 

1916-жылдагы окуяны изилдөө: адамдык өлчөмдө жана саясаттан сырткары кароо. Борбордук Азия / Ред. Редакторлор: Александр Моррисон, Гүлнара Айтпаева — Б .: Maxprint. — 2020.- 448 с


2019-жылдын 31-майында, 1-июнда Каракол шаарында өткөн Түркстандагы 1916-жыл темасына арналган эл аралык конференциянын материалдарын сунуштайбыз. Конференцияны профессор Гүлнара Айтпаеванын жетектеген “Айгине” Маданий жана илимий борбору уюштурду. 

Мындан 100 жыл мурунку окуялардын “ысык чекиттеринин” биринде уюштурулган иш-чара кызыктуу жана жемиштүү болуп, сессияларда жана пленардык жыйындарда кызуу талкуулар болду. Иш-чаранын темасы боюнча Борбор Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген изилдөөчүлөр баяндама жасашты, мындан тышкары конференцияга алыскы чет өлкөлөрдөн келген коноктор дагы катышты.

ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ PDF орус тилинде

Бул китептин кагаз түрүндөгү версиясын “Айгине” Илимий өнүктүрүү борборунун кеңсесинен office@aigine.kg электрондук дареги боюнча сатып алса болот.

 

Бул илимий форумга биз — Владимир Шварц менен Асел Даниярова — Айгиненин чакыруусу менен Санжарбек Данияров фондунун атынан катыштык. Владимир Шварцка пленардык доклад жасоого мүмкүнчүлүк берилди, андан соң угуучулардан спикер суроолорду кабыл алды жана комментарий берди.

Конференциянын материалдарын басып чыгарууга даярдоодо рецензенттер биздин көз карашыбызга толук макул болушкан жок, ошол эле учурда рецензенттердин бардык сын-пикирлерин шартсыз кабыл алууга мүмкүн болгон жок. Буга байланыштуу Жыйнакта биздин макалаларыбыз да, рецензенттер – Томохико Уяма менен Аминат Чокубаеванын сын-пикирлери да камтылган. Биздин оюбузча, редакторлор Александр Моррисон менен Гүлнара Айтпаеванын мындай адаттан тыш чечими жыйнакты ого бетер кызыктуу жана мазмундуу кылып, андан ары ой жүгүртүүгө, изилдөөгө негиз берет.

Китеп орус тилинде. Анда кыргыз тилиндеги редакторлордун кириш сөзү, ошондой эле аннотациялардын кыргызча версиясы бар, биз төмөндө келтиребиз.


АННОТАЦИЯЛАР

Асел Даниярова Жаңы ачылган булактардын негизинде 1916-жылдагы кыргыз уруу башчыларынын жүрүм-турумуна болгон көз караштардын өзгөрүшү Бул макалада 1916-жылы Жети-Сууда болуп өткөн окуялардын жүрүшүндө кыргыз манаптарынын жүрүм-турум үлгүсү каралат. Алардын дүйнө таануусунда «сөзсүз боло турган» кескин өзгөрүүнүн орун алганы изилденет. Ал өзгөрүүнү шарттуутүрдө баскычтарга бөлүп, төмөнкүдөй мүнөздөсө болот: шалдайуу, башаламандык, чечимдерди кабыл алуу жана аларды ишке ашыруу баскычтары жана Yркүн деп аталган туулуп-өскөн мекенин таштап кетүү. Мында жети манаптын иш-аракеттери көрсөтүлгөн. Ошого өткөн жүз жыл аралыгындагы окуу китептеринде, изилдөөлөрдө жана публицистикалык макалаларда жарыяланып келген пикирлер манаптардын жекече болгон ишаракеттеринине канчалык шайкеш келгендигине талдоо жүргүзүлгөн. Манаптарга мурун берилген баалар өлкөдөгү саясий кырдаалдарга жана кабыл алынган идеологиялык көз караштарга жараша түп тамырынан өзгөрүлүп турганы көрсөтүлгөн.

 Аминат Чокобаева 1916-жылдагы көтөрүлүштөгү манаптардын орду тууралуу: «Жаңы ачылган булактардын негизинде 1916-жылдагы кыргыз уруу башчыларынын жүрүм-турумуна болгон көз караштардын өзгөрүшү» аттуу Асел Даниярованын макаласы жөнүндө

Бул макалада Асел Даниярова 1916-жылдагы көтөрүлүштө кыргыз манаптары ириде уруулардын сакталуусуна жоопкерчиликти өз моюндарына алышканын көрсөткөн. Ошол эле кезде, бийликтин ар кандай көкүтүү аракеттеринен кыргыз манаптары көтөрүлүштү жетектегенге мажбур болушканын далилдөөгө аракеттенет. Бул макалада Даниярованын айрым пикирлерин архивдик документтердин негизинде сынга алып, кайрадан карап чыгууга аракет кылуудабыз.

Аскар Джумашев 1916-жылдагы көтөрүлүш Аму дарыянын төмөн жагында: мүнөзү жана өзгөчөлүктөрү

Бул макалада 1916-жылдагы көтөрүлүштүн Аму дарыянын төмөнкү агымындагы тарыхый татаал жана көрүнүктүү учурлары, анын мүнөзү жана өзгөчөлүктөрү изилденет. Тарыхый бай булактардын негизинде каракалпак элинин ар түрдүү эки мамлекеттин курамында болуу шарттары, анын коомдук-экономикалык абалы сүрөттөлөт. Хива жана Аму дарыясынын боюндагы көтөрүлүштүн пайда болуусунун жалпы жана ар түрдүү жагдайлары каралат.

Бахтиер Алимжанов «Жергиликтүү» Түркстандагы экономикалык жашоо жана 1916-жылдагы окуялар

Макалада Түркстан генерал-губернаторлугундагы Орусия империясынын экономикалык саясатынын баштапкы булагы каралат. Изилдөөчү жергиликтүү калктын соодалык банктагы ордун кеңири чагылдырып берген. Автор Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы экономикалык мамилелерди жана баалардын өсүшүн, ошондой эле 1916-жылдагы окуяларга экономикалык көрүнүштөрдүн таасирин өзгөчө орунга коет.

Владимир Шварц 1916-жылдын 25-июнундагы жогорку буйрук – кош маанидеги документ

Илимий изилдөөлөргө жаңы киргизилген архивдик булактардын негизинде, Орусия империясындагы чет өлкөлүктөрдү аскердик муктаждыктар үчүн жалданып иштөөгө тартуу ой-пикирдин келип-чыгышы изилденет. Көчмөн калкты окоп казуу иштерине тартуу демилгеси аскер кызматкерлеринен эмес, ошол кезде эле империянын азиялык бөлүгүндөгү эбегейсиз чоң аймактарды Биринчи дүйнөлүк согушта өзүн алдыңкы катарда көрсөтө алган орус аскерлери үчүн тез арада бошотуу менен алектенген Айыл чарба министрлигинин көчүрүү боюнча бөлүмүнө таандык болгон. Жогорку бийликтин маанилүү документинин акыркы таризин даярдоодо ар түрдүү ведомстволордогу төрөлөрдүн жасаганы жана күч колдонуу менен мал-мүлккө ээлик кылуунун мүмкүн болгон жолдору сүрөттөлөт. Акыр аягында көчмөн кыргыздарга тиешелүү жерлерди бошотуунун «көмүскөдөгү милдети» толугу менен ишке ашырылып, майданга жардам берүү максаты көмүскөдө калып, унутулгандыгы

 көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда Yркүндөн жабыркап жапа чеккен кыргыз элинин алган жарааты жүз жылдаса да, толугу менен айыга элеги сөзгө алынат.

Гүлзада Абдалиева Биздин тамырыбызда кайгылуу кан агып жатат: кыргыздардын эс тутумундагы үч Yркүн

Бул макалада азыркы Кытайдын аймагында жашаган кыргыздардын акылэсин жаралаган үч Yркүн маселеси каралат. Макала Yркүндө аргасыз мекенин таштап, Кытайдын аймагында отурукташып калган бир ууч кыргыздардын арасында жүргүзүлгөн талаа изилдөөсүнүн негизинде жазылган. Макаланын негизги максаты – Кытайда отурукташып калган кыргыздардын эс тутумунда сакталып калган аргасыз көчүп барууну айтып берүү болду.

Жамиля Мажун (Мусарова) Жети-Сууда 1916-жылдагы окуяларга катышкан чет өлкөлүктөр жана эл аралык байланыштар жөнүндө

Жети-Суунун падыша төбөлдөрүнүн бир тобу 1916-жылы Түркстандагы Yркүндү уюштуруучулар чет өлкөлүк тыңчылар деп эсептешкен. Арийне, орус жана казак интеллигенциясынын озукчул ишмерлери Yркүн окуясына эч кандай сырткы күч таасир эткен эмес, Yркүндүн келип чыгышына оторчул бийликтин, казактардын жана жаңы көчүп келе баштаган славян улутундагылардын кылмышкер, ачкөз өкүлдөрүнүн наадандык аракеттери себепкер болгон деп эсептешкен. 1916-жылы Жети-Суудагы көтөрүлүшкө сырткы жагдайлар чечүүчү таасир эте алганбы же көркөмдөлүп ойдон чыгарылган мүнөзгө ээ болгонбу?

Жаңыл Боконтаева 1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндөгү оозеки таржымалдар: Ысык-Көл облусунун жашоочуларынын эсинде жана тагдырында

Ысык-Көл облусунун тургундарынын оозеки сакталган окуяларынын негизинде жазылган макалада 1916-жылдагы көтөрүлүштүн тарыхый тажрыйбасын кабыл алуу, Yркүн жөнүндө азалуу эскерүүлөр, Кытайга тоо ашып, суу кечип качкан көлдүк туугандар, ач-жылаңач кырылган сансыз эл, Кытайдагы кыйын турмуш жана кайра өз мекенине кайтып келүү тууралуу эскерүүлөр талдоого алынган.

Жоомарт Сулайманов Орус бийлигинин Түркстан калкын коомдук-саясий жыйнакташы: ыкмалары жана кемчиликтери

Бул макалада оорук иштерине чыгууга үндөгөн чакырыктардан кийинки, 1916- жылы Түркстан элин социалдык-саясий жыйнактоонун (мобилизациялоонун) өзгөчөлүгү каралат. Автор мында жыйнактоо жөнүндө жарлыкты ишке ашыруунун ыкмалары, аймактык бийликтин толкундоолорго жана каршы чыгууларга алып келген көптөгөн кемчиликтери жөнүндө сөз кылат. Көтөрүлүштүн өзү жергиликтүү калктын дүйнөтаанымына өтө катуу тааасир эткени талдоого алынат. 425

 Иван Фукалов 1916-жылдагы Кыргызстандагы көтөрүлүш жетекчилеринин бийлигинин таанымдуулугу жана алардын жааттары

Мында Кыргызстанда 1916-жылда болгон көтөрүлүштүн жетекчилеринин бийлигинин таанымдуулугу (легитимдүүлүгү), алардын жаттары (аспектилери) жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө сөз болот. Жергиликтүү уруу башчыларынын башкаруу ыкмаларынын өнүгүүсү, алардын милдеттери жана негизги иш-аракеттери тарыхый өңүттөн каралат. Кыргызстанда болгон 1916-жылдагы Yркүн дүйнө жүзүндө болжолдуу түрдө ошол эле мезгилде, бирок башка чөлкөмдөрдө жана шарттарда болуп өткөн көтөрүлүштөр менен салыштырылып иликтенет. Макалада өзгөчө көңүл бийликтин легитимдик түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүнө, көтөрүлүшчүлөрдүн аскердик жагынан камсыздалышына, куралдануу жана сырткы күчтөрдүн бийликтин жана анын жааттарына тийгизген таасирине бурулган. Көтөрүлүштү уюштурган жетекчилердин ант берүү жана туу көтөрүү сыяктуу бийлик белгилерине, калыптарына да көңүл бурулат.

Иномджон Мамадалиев 1916-жылы Худжанддагы турмуш-тирлик чырчатактар: артка кылчайган көз караш (бийлик менен элдин мамилеси)

Макалада социалдык чыр-чатактын келип чыгуусуна мүнөздүү болгон бардык окуялар (1871-1916-жж.) каралып, турмуш-тирлик чыр-чатактардын (көтөрүлүш деп атабыз) келип чыгышынын негизги себептери, божомолдору жана мүнөзү каралган. Бирок, эң маанилүүсү, архивдерден табылган жаңы булактар болууда. Ошол жаңы табылгалар тарых барактарына кирбей же атайын киргизилбей четте калып унутулган кээ бир учурларды калыбына келтирет. Андан тышкары, автор оторчулук кезиндеги окуяларга, башкача айтканда, падышалык оторчул саясаттын Орто Азияга мамилеси боюнча жаңы ыкманы сунуштоо менен, 1916-жылдагы тирчилик чыр-чатактын келип чыгышына түрткү болгон бардык окуялардын мүнөзүн жана мазмунун түшүнүү мүмкүндүгүн камсыздайт.

Карлыгаш Бижигитова 1916-жылдагы көтөрүлүштүн катардагы катышуучулары жана алардын «үндөрү» (Верный уездиндеги Жети-Суу облусунун Жайылмыш болуштугунун мисалында)

Бул макалада автор бир көлөмдүү архивдик документтин негизинде жүргүзүлгөн талдоодо, Жети-Суу дубанынын Верный ойозунун Жайылмыш болуштугунун мисалында 1916-жылдагы окуялардын күбөлөрү жана бир топ катышуучулары «үнсүзкүбө» катары эмес, тескерисинче, алардын көрсөтмөлөрү, «үндөрү» сот төбөлдөрүн баш кылып, оторчулук бийлик өкүлдөрүнүн кабыл алган чечимдерине таасир эткен. Андан тышкары, бул «үндөр» оторчул бийликтин өкүлдөрүнө да, советтик жана азыркы изилдөөчүлөргө да жетип, бул болуштуктун аймагында 1916- жылдын жайында болуп өткөн окуяларды андан ары кайра сүрөттөп берүүгө өз салымын кошкон.

 Майсара Бекмагамбетова Торгай облусунун аймагындагы 1916-жылдагы окуяларда А. Жанбосыновдун жетекчилигин таанып кабыл алуу

1916-жылдагы окуялардын эң ири чордонунун бири Торгай дубаны болгон. СССР тарыхында марксисттик идеологиянын пайдасына Амангелди Имановдун жетекчилиги жөнүндө бир топ уламыштарды таратышкан. Макалада келтирилген макамы (статус), саясий салмагы, элге келтирген таасири, ыймандуулук мүнөздөмөсү жөнүндөгү маалыматтардан улам, Абдулгафар Жанбосыновду жетекчи жана көтөрүлүштөгү эл тааныган баштач (лидер) катары таанып кабыл алууга негиз берет.

Мурат Иманкулов Дагы бир жолу Кыргызстандагы 1916-жылкы көтөрүлүш мезгилиндеги жоготуулар жөнүндө

Илимпоз 1916-жылдагы көтөрүлүш кыргыз элинин өзүнүн эркиндиги, жашоосу үчүн ачык күрөшүнүн эң айкын үлгүсү деп эсептейт. Ал өзүнүн макаласында булкайгылуу окуянын эң көп талаш-тартышка кабылганы жана эң аярлуу орду жөнүндө сөз кылат. Бул жерде көптөгөн көйгөйлөр чагылдырылган. Тилекке каршы, арадан жүз жыл өтсө да, аеосуз басылган кандуу көтөрүлүштө кыргыз эли канча сандагы жоготууга учурагандыгы али так эмес. Макалада XIX кылымдын соңундагы жана XX кылымдын биринчи чейрегиндеги статистикалык материалдарды изилдөөнүн негизинде көтөрүлүштө курман болгон кыргыздардын санын аныктоо аракети жасалат.

Набиджон Рахимов Ходими Жамолак: кыялдан же турмуштан жаралган каарманбы?

1916-жылдагы Ходженттеги көтөрүлүш – тажик аялдары катышкан эң биринчи жана эң ири саясий окуя болуп эсептелет. Күрөшчүл аялзатынын элеси Ходими Жамолак аркылуу көрсөтүлөт. Тилекке каршы, ал жөнүндө архивдик булактар жана далилдер сакталган эмес. Өз укугу, теңдиги жана аялдардын саясий укугу үчүн күрөшкөн күчтүү аялдын элесин баатыр катары көрсөтүлүшү советтик идеологияга шайкеш келген.

Ойбек Махмудов 1916-жылдагы Түркстан окуяларындагы диний жагдайлар: алардын милдети жана мааниси россиялык төбөлдөрдүн көзү менен

Мында жарыяланган жана жарыяланбаган архивдик документтердин негизинде оторчул орус төбөлдөрү Түркстан генерал-губерниясында диний жагдайлардын 1916- жылдагы окуяларда ойногон ролун жана катышын кандай кабыл алып, кандай көрсөтүшкөндүгү белгиленген. Түркстандын оторчул аткаминерлеринин ар түрдүү катмарынын дүйнөтаанымы, алардын көз караштары, «жергиликтүүлөргө» мамилеси жана түшүнүгү жөнүндөгү маселе өтө маанилүү болуп эсептелет. Бул изилдөө Түркстандын кээ бир аймагындагы 1916-жылдагы окуяларды камтыган орусиялык оторчул төбөлдөрдүн жоопчотторунун, рапортторунун, «тоголок каттарынын» негизинде жүргүзүлгөн. Анын түпкүлүгүндө төбөлдөрдүн өзүнүн көз карашы боюнча бул окуялардагы ислам жана башка диндердин орду иликтенет. Бул маселелерди туура кабыл алуу 1916- жылдагы кайгылуу окуяларга кириптер кылган орусиялык бийликтин чечимдерин кабыл алуу тартибин жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.

Уяма Томохико Кутумчулук теориясы маселени түшүнүүгө тоскоолдуктарды жаратууда: В. Шварцтын «1916-жылдын 25-июнундагы жогорку буйрук – кош маанидеги документ» макаласы жөнүндө

Кээ бир изилдөөчүлөр сырткы күчтөрдүн «купуя» сүйлөшүүлөрүнүн жоромолу жөнүндө жазышса, В.Шварц Айыл чарба министрлигинин көчүрүү боюнча бөлүмүнүн тымызын сүйлөшүүлөрү тууралуу сөз кылып жатат. Ал таянып жаткан негизги документ албетте, аябай кызыктуу, бирок чет өлкөлүктөрдү жыйнактоо жөнүндө чечим кабыл алуу иш-аракетинде анын орду даана жана түшүнүктүү эмес. Көчүрүү бөлүмүнүн жардамчысы А.А.Татищев «кандуу көтөрүлүш жөнүндө алдынала айткан жана өкмөт империянын карамагындагы бүтүндөй бир чөлкөмдөгү «чет элдиктердин» жерин алуу максатында жыйнактоо чечимин кабыл алган» деп да тастыктоого болбойт. А.А.Татищевдин сунушу да, Жогорку бийликтин чет өлкөлүктөрдү «реквизициялоо» жөнүндөгү буйругу да жетишерлик деңгээлде түшүнүктүү жана бул жерде Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы Орусия империясында орун алган көйгөйлөрдүн маани-маңызын түшүнүүгө тоскоол болуп жаткан «купуя» сүйлөшүүлөр жоромолун пайдаланууга негиз жок. В.Шварцтын макаласын окуганда, биз эмгек ресурстары жана ооруктагы жумушчулардын иштери үчүн ведомство аралык атаандаштыктарды дагы тереңирээк изилдеп чыгуу зарыл экендигин түшүнөбүз

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *