ЧЫҢГЫЗ ХАНДЫН АК БУЛУТУ. Ч. АЙТМАТОВДУН чыгармасы боюнча Т. АБДУМОМУНОВ атындагы КЫРГЫЗ ДРАМА ТЕАТРЫ койгон спектакль.
Театрга баргандан кийинки ойлор
Адегенде спектакль жөнүндө
Жалпы жонунан алганда, постановкасы кубандырды: улуу жазуучунун бизге тартуулаган «белеги» көркөмдүү, тажатпаган, сюжети кызыктуу чагылдырылыптыр, актерлор да мыкты ойношту, менин жеке көз карашымда, башкы каармандын ролун Альбина Имашова өтө мыкты аткарды. Пьеса абдан кыска көрүндү, ошондуктанбы, антракт болгон жок. Мындай формат сюжетти толугураак ачууга мүмкүнчүлүк бербегендиктен, көрөрмөн драманын эң түпкү уңгусун түзгөн каармандар менен Улуу Кагандын бири-бирине каршылаш жүрүп отурган окуяларга тереңирээк сүңгүп кире алган жок.
Эми театрга баргандагы таасирлерим жөнүндө
Биз спектакль башталар алдында театрга келгенибизде, спектаклдин афишасын көргөн жокпуз, деги эле театрдын алдында ушул айда жүрүп жаткан жана кийинки айда боло турган спектаклдер жөнүндө эч кандай афишаны тапкан жокпуз. Ошол эле учурда театрдын алдында өтө маанилүү, бирок драмтеатрга эч тиешеси жок иш-чаралардын жарнамалары жайнап турат. Мисалга театр залында көрүүчүлөр менен тартыла турган телешоулардын афишаларын алсак болот.
Театрдын ичине кирдик. Көпчүлүк көрүүчүлөр сырткы кийимдери менен келишиптир – болбой эле жаз жаңы башталып, эртели кеч суук болуп атпайбы, бирок театрдын гардеробу иштебейт экен. Ал иштеген күндө деле көрөрмандар сырткы кийимдерин чечүүгө ашыкмак эмес, себеби имараттын ичи бир топ эле суук. «Театр кийим илгичтен башталары» белгилүү го! Ошол күнү көрөрмандар өздөрүн театрга келгендей сезишти болду бекен? Жеке мага учурунда белгилүү себептер менен театрлар жылытылбаган согуш мезгили элестеди…
Биздин электрондук билетибизди дароо орду көрсөтүлгөн билеттерге алмаштырып беришти, бирок орундуктарга каалагандай отура берсе болот экен, анда неге алмаштырганы түшүнүксүз бойдон калды. Атайын форма кийген эки айым олуттуу түрдө көрүүчүлөрдү сценага, башкача айтканда, партерге жакыныраак орундарды ээлеп отурууну жана уюлдук телефондорду өчүрүүнү өтүнүп жатышты. Албетте, мындай чакырыктар туура деңизчи, бирок эмне үчүн театр өзүнө келген көрүүчүлөрдү көрүүгө куштар экендигин көргөзүп, аларга бир ооз жагымдуу сөз айтып койбой, башка короого адашып кирген малды ары-бери айдагандай жүр-нары мамиле жасашат? Ар кандай жарыяларды башка жерлердегидей микрофон аркылуу жарыялоого эмне үчүн болбосун?
Андан тышкары, спектаклдин эч кандай программасы болбогондуктан, мага бул постановка кайсы жылы даярдалганы, чыгарманы кайсы драматург койгону, актерлордун аты-жөнү белгисиз бойдон калды.
Бактыга жараша, интернет аркылуу издеп отуруп, башкы ролдорду аткаруучулардын аты-жөнүн таап алдым. Спутник.кг маалымат агенттигинин баракчасынын жардамы менен сценадан көргөндөрүм боюнча актерлердун сырткы өң-келбеттерин салыштырып билдим: Азыркынын Таттыбүбүсү менен Сүймөнкулу ким? Топ жарган жаш актерлор. Айтмакчы, бул темага кызыккандар болсо, бир мүнөттүк убактыңарды коротуп, Спутниктин тандоосу боюнча биздин замандын театр символу болууга таймашкан кыргызстандык театр жана кино актерлордун сүрөттөрүн көрсөңөр болот.
Режиссер-постановщиктин ысмы мен билеттерди алган театрларга онлайн билеттерди сатуу сайтында көрсөтүлүптүр. Бул сайтты барактоону сиздерге да сунуштайм, анткени аябай ыңгайлуу — Ticket.kg. Койгон режиссер: Түркменистандын Эл артисти, СССР мамл. сыйлыгынын лауреаты, Мактымгулы атындагы сыйлыктын ээси Какжан Аширов.
Ал эми театрдын өзүнүн сайты жок! Бул фактыны кабыл алуу мага өтө кыйын! Азыркы заманда интернетте сайты болбой, элдин театрга келишин кантип күтүүгө болот? Же тармактарда, же сайтта системалуу түрдө маалыматтар чыгып турбаса, көрүүчүлөр спектаклдер тууралуу кантип билишет жана өздөрүнүн убактыларын кантип ыңгайлаштырып бөлүштүрө алышат? Анын үстүнө, сайт түзүү анчалык деле кымбат эмес ко?! Буга жумшалчу акча имаратты оңдоп-түзөө, аны жасалгалоо, кезектеги спектаклди даярдоо сыяктуу иштерге корогон чыгымдардан да аз болору анык! Белгилүү театрлардын сайттарынын көбүнүн түзүлүшүнө көз жүгүртсөк, аябай эле примитивдүү жана беттеринин саны да чектелүү. Эгерде чакан маалыматтарды камтуу жагын алсак, анда театрлардын сайтында төмөнкүдөй рубрикалар бар: афиша, репертуар, тарыхы, театр кызматкерлери, залдын схемасы. Дүйнөлүк театрлар өздөрүнүн сайтында театр билеттерин онлайн сатууну сунушташат, бизде болсо, ticket.kg. сайты менен чектелет, багыбызга жараша ошол бар.
Дүйнөлүк театрлардын көпчүлүгү сайт аркылуу көрүүчүлөргө жеке каттарды, чакырууларды жөнөтүшүп, көрүүчүлөргө театрды колдоо клубунун катышуучусу болууну сунушташат, андан тышкары, айтылуу спектаклдер жана актерлордун белгилүү даталарына байланышкан сувенирлерди сатышат… Сайттан социалдык тармактарга маалыматтарды жарыялап туруу да өтө ыңгайлуу, бул театрга жаңы көрүүчүлөрдү тартаары бышык.
Театрдын репертуары коюлган сайт көрүүчүлөргө спектаклдер жөнүндө пикирлерин жазып калтырууга мүмкүнчүлүк бермек, бул өз кезегинде жаңы көрүүчүлөргө спектаклдерди тандоого да жардамдашмак, ал эми театр болсо, көрүүчүлөрдүн пикирлерин эске алуу менен, өсүп-өнүгүп турмак.
Тап-такыр эле болбосо, эгерде мамлекет театрдын муктаждыктарын каржылоого жетишерлик каражат бөлүп бере албаса, татыктуу сайт түзүүгө көмөктөшөр меценаттар кантип эле табылбасын! Ага колдоо көрсөтүү үчүн театрга кызыккан адамды табуу жетиштүү. Жеке мен өзүм, сиздер окуп жаткан ушул сайтты колдонууну сунуштайм. Кыргызстандын ар бир театрына арналган өз-өзүнчө баракча ачып, ал жакка афишаларды, жаңылыктарды, сын макалаларды жарыялай алам, эгерде театр жамааты ынанса, албетте.
Театрдын афишасы жана репертуары театр сайттарынын өзүндө эле эмес, ЖМКларда да жарыяланбайт, мисалы мен, эч жерден көрө алган жокмун. Менимче, бул жерде дагы бир башка олуттуу маселе бар. Театр даталары коюлган, бир сезонго туруктуу өзүнүн ырааттамасын (расписание) түзүүгө шарты жок болсо керек. Бул болсо спектаклдерди көрүүгө келе турган көрүүчүлөрдүн санын көбөйтүүгө жана көрүүчүлөр клубун түзүүгө олуттуу тоскоолдуктарды жаратары айдан ачык. Кескин түрдө айтсам кечирип коюңуздар, театрда кайсы күнү же майрамдарда эмне болорун алдын-ала билүү адамдардын оюна да келбейт. Сүйлөшкөн кыздарын белгиленген бир күнү театрга чакырууга жигиттердин мүмкүнчүлүгү да жок. Борбордо жашагандар алыскы аймактардан айылчылап келген меймандарды театрга алып бара алышпайт, себеби кайсы күнү, кандай спектакль болору белгисиз…
Көрүүчү катары бул көйгөйлөрдүн себептерин боолголоп турам – актерлордун эмгек акысы аз болгондуктан жетекчилиги аларга башка жактарда иштеп, каражат табууга мүмкүнчүлүк берет… Ал эми сырт жактардагы иш-чаралар алардын турмуш тиричилигин жүргүзүүгө чоң көмөкчү болгондуктан, артыкчылыкка ээ болуп жатканы да ошондон уламдыр. Бирок андай учурларда ар бир постановканын аткаруучуларынын бир нече түзүмү болот эмеспи!..
Эми, театрдагы спектаклдердин саны жөнүндө айткым келет, эмне үчүн спектаклдер аз жүрөт? Менин түшүнүгүм боюнча, театрларда спектаклдер КҮН САЙЫН болуп турушу керек. Мына ошондо гана аны маал-маалы менен постановкалар, концерттер же дагы бир башка иш-чаралар жүрүп турган жер эмес, нукура театр деп билебиз.
Мына ушул көңүл чөгөргөн кээ бир учурларды эске албаганда, байкаганым – театрга келген көрүүчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү жаштар жана үй-бүлөсү – балдары, неберелери менен келишкен ата-энелер болду. Баардыгы тынчтыкты сактап, кунт коюп угуп отурушту, сценада болуп жаткан окуялар көрүүчүлөрдү кайдигер калтырбаганы байкалып турду, бирок эмнегедир аплодисменттер анча узак эмес, сейрек болду. Бул эмнеден кабар берет? Менин жеке көз карашым боюнча, бул — театрдын өзүнүн көрүүчүсү, өзүнүн театрга гана тиешелүү маданияты калыптана электигинен кабар берет.
Айтмакчы, театрдын “өзүнүн” көрүүчүсү деген темага байланыштуу бир жакшы мисал келтирип кетким келет. Кокусунан эле биздин жаныбызда отурушкан эки аял менен сүйлөшүп калдык. “Кыргыз сураштыра келгенде карын-бөлө чыгат” дегендей, алар биздин жакшы тааныш-досторубуздун жакындары болуп чыгышты. Бизге катар отурган аялдын аты — Рахиля Тойчубаева экен, ал көп жылдар Илимдер академиясында иштеп, учурда ардактуу эс алуудагы биолог. Ал театр сүйүүчүсү катары, театрга үзбөй келип тургандыктан, репертуардын, актерлердун баарын жакшы билет экен. Ал бизге өзү көргөн спектаклдер, андагы ойногон артисттер жөнүндө кызыктуу ойлорун айтып берди, биз кийинки жолу театрга барарда ал сунуштаган спектаклди да эске алабыз.
Сөздүн кыскасы, жыйынтык катары, төмөнкүлөрдү айткым келет:
Бактыбызга жараша, биздин шаарда (жана өлкөбүздө) театр жамааттары жана аткаруучулар бар. Бизде улуттук театрдын имараты бар. Бизде азырынча жетишсиз болсо да, көрүүчүлөрдүн театрга кызыгуусу бар.
Бизде театрга, театр искусствосун өнүктүрүүгө, аны эл арасында жайылтууга бийлик жана театр администрациясы тарабынан кандай болсо, кесипкөй театр коомчулугу жана жалпы эле коомчулук тарабынан да ошондой эле жетишерлик көңүл буруу деген жок. Бизде театрды колдоо үчүн өтө деле көп каржы ресурстарын талап кылбаган иш-аракеттер дээрлик жүргүзүлбөйт.
Биздин интеллигенцияны театрды колдоого жана достор, сүйлөшкөн кыздар, балдарыңар, үй-бүлөңөр менен чогуу барып спектакль көрүүгө убакыт табууга, бири-бириңерге белекке театрга билет тартуулоого, сайттарда жана социалдык тармактарда өзүңөрдүн ой-пикириңерди жазууга чакырамын.
Кесипкөй искусство таануучуларды жана театр сүйүүчүлөрүн БАРДЫК спектаклдерге сын рецензияларды жазуу процессине активдүү катышууга чакырамын. Т.Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрына жана Кыргызстандагы жалпы эле бардык театрларга жана ошондой эле жалпы театр коомчулугуна жана катардагы маданияттуу адамдарга өлкөбүздөгү театр искусствосунун өнүгүшүнө түрткү бере турган кесипкөй театр сыны тап-такыр жетишпейт!
Театр жетекчилигин, театр администрациясын, чыгармачыл жамаатын коюлган спектаклдердин өз көрөрмандарын табышына кам көрүүгө, маалымат саясатын жакшыртууга чакырамын. Көрүүчүлөр үчүн афишаларды күн сайын болуучу спектаклдердер менен толтурууга жетишсек эң сонун болмок. Театрды каржылоо үчүн мамлекеттик каражаттардан тышкары, маселен, дүйнөлүк тажрыйбанын мисалында театр күйөрмандарынын клубдарын түзүү аркылуу кошумча булактарды табуу зарыл.
Маданият жана туризм министрлигин театрдын муктаждыктарына көңүл бурууга, эң оболу, жөнөкөй эле жылытуу системасы менен камсыздоого көңүл буруусун чакырамын. Театрга жана чыгармачыл жамаатка каржылык колдоо көрсөтүүчү узак мөөнөттүү программа керек деп эсептейм. Анткени ал көрүүчүлөрдү тандоо мүмкүнчүлүгү менен камсыздап, постановкаларды көбүрөөк коюуга шарт түзүп бермекчи.