ТЕАТРЛАР ЖӨНҮНДӨ

КЫРГЫЗСТАНДЫН БАЛДАРЫНА КООЗ, ЗАМАНБАП ЖАНА МЫКТЫ ЖАСАЛГАЛАНГАН ТЕАТР КЕРЕК!

 Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры өзүнүн  80 жылдык юбилейинде киши чыдап көргүс, өтө кейиштүү абалда турат. Биздин,  Кыргызстандын балдарын тез арада заманбап талаптарга шайкеш келген куурчак театры менен камсыздоо керек. Биздин балдар дүйнө жүзүндөгү башка өлкөнүн балдарынан эч жеринен кем болбошу керек!

КР Маданият жана туризм министрлигинен куурчак театрынын юбилейлик жылында театрды жаңыртуу жана жарыктандыруу, театрдын жамаатына колдоо көрсөтүү боюнча чукул чараларды көрүүнү талап кыламын!

ЭЛЕКТРОНДУК ПЕТИЦИЯГА колду катты аягына чейин окуп чыккан соң аягында койсо болот. Же болбосо, дароо эле бул жерге койсо болот: Петиция Маданият Министрлигине


 Кыргыз Республикасынын Маалымат жана туризм министри
ЖАМАНКУЛОВ Азамат Капаровичке

 

                                                                                                                      11.05.2019

 

МУСА ЖАНГАЗИЕВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КУУРЧАК ТЕАТРЫ ЖӨНҮНДӨ

Урматтуу Азамат Капарович!

Сизге мамлекетибиздеги маданият жана искусство маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси катары кайрылуудамын.

Быйыл, 2019-жылы Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына туура 80 жыл толот. Албетте, ушундай тарыхый учурда көрүүчүлөргө жаңы спектаклдер даярдалып, чыгармачыл жамааттарга урмат-сый көрсөтүүлөрдү, театр фестивалдарын, салтанатуу жана чыгармачылык багыттагы иш-чаралардын өтүшүн күтөбүз. Ал эми иш жүзүндө кандай болуп жатат?

ТЕАТРДЫН ИМАРАТЫНЫН АБАЛЫ ЭҢ ЭЛЕ КОРКУНУЧТУУ АБАЛДА! Анын жанындагы Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын имараты деле жыргап кеткен абалда эмес! Бул имараттардын бирдиктүү комплексинин абалын начар деп сүрөттөө жетишсиз, ал ӨТӨ КОРКУНУЧТУУ абалда турат.

  • Имараттын сыртынан караган адам, ал жер бөбөктөр эс алууга келе турган жай эмес, коркунучтуу фильмдер, триллерлер же шаардын ыпылас чет жакасында жашоочулардын же кылмыш чөйрөсүнүн турмушунан алынган тасма тартылуучу жайга окшоштурууга болот.
  • Көрүүчүлөр залы: отургучтар эскирип, самсаалап тамтыгы чыкканынан отурууга эң ыңгайсыз. Азыркы учурда ӨЗҮН СЫЙЛАГАН БАЛДАР ТЕАТРЫНДА БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН ОТУРГУЧТАР – бийиктиги жөнгө салууга ыңгайлуу отургучтар орнотулган. Ал эми бул театрга келген адам эптеп эле бир нерсеге илинип, жыгылбай отурсам болду дейт.
  • Кышында болсо, жарытылуу жылыткыч же желдеткич жок.
  • Сахна жана көрүүчүлөр залы жарыктандыруучу заманбап техника менен камсыздалган эмес.
  • Фойеде балага майрамдык маанай тартуулай турган эч нерсе жок.
  • КӨШӨГӨ АРТЫНА баш багып калсаңыз, өздөрүн искусствого курмандыкка чалган адамдар гана иштеп жаткандай сезим калат. Анткени ал жерде күнүмдүк чарба муктаждыктарына жумшалуучу эң жөнөкөй бюджеттик каражатты албай иштеп жатышкан адамдарды көрөсүз.

Кыргызстандын балдарын тез арада заманбап талаптарга жооп берген куурчак театры менен камсыздоо керек деп эсептейм. Биздин балдар дүйнөдөгү эч бир балдардан кем болбошу керек!

Өкмөт тарабынан толук кайдигерлик өкүм сүрүп жатса да, театрда иштеп келаткан альтруисттер бар экендиги үчүн өлкөбүз бактылуу деп ойлойм. Бирок бул “тизгинди бош коюп”, театрды колдобой койсо болот экен дегендик эмес.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Урматтуу министр, төмөнкү суроолорго жооп берип коюуңузду өтүнөм:

 

  • Сиз өзүңүз жана Сиздин жамаат, министрликтин приоритеттүү багыты — биздин өлкөдөгү балдарды маданий жана эстетикалык тарбиялоо деп эсептейби?
  • Эгерде Сиз “ООБА” десеңиз, анда Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги үчүн ошол приоритеттүүлүгү эмнеден көрүнөт?
  • Имаратты ремонттоо жана заманбап жарыктандыруу иштери качан, кайсы мөөнөттө жүргүзүлөт?
  • Эмне үчүн театрдын 80 жылдык юбилейи тууралуу эмдигиче эч ким үн катпайт? Быйыл коомчулукка театрдын юбилейин салтанаттуу өткөрүү программасы жарыяланабы жана искусство чеберлерине сыйлыктар тапшырылабы?
  • Эң башкы суроо. Сиз бул кызматка жакында эле дайындалганыңызды жана театрды жаңылоо багытында тиешелүү иштерди жүргүзүүгө жетише электигиңизди түшүнгөндүктөн, суроону мындай өңүттө койгум келет: Азыр Сизге ишенип берилген министрликтин алдына театрды жаңылоо жана юбилей белгилөө маселесин койдуңузбу? ҮСТҮБҮЗДӨГҮ 2019-жылдагы Сиздин иш пландарыңызда театрдын 80 жылдыгына байланыштуу театрды ремонттоо, жарыктандыруу, эмгек жамаатка материалдык колдоо көрсөтүү сыяктуу иш-чаралар белгиленгенби?

КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫ – бул театр көрүүчүлөрү же көрүүчүлөрдүн ата-энелери же көрүүчүлөрдүн тарбиячылары. Мен көтөргөн маселе КЫРГЫЗСТАНДЫН БАРДЫК ЖАРАНДАРЫ үчүн өтө маанилүү иш деп эсептейм. Андыктан мен ушул катты жеке өзүмдүн атымдан Сиздин өзүңүзгө жиберемин, ошол эле учурда www.daniyarov.kg, сайтына жана ошондой эле ЖМК жана социалдык тармактарга да жарыялаймын. Жообун өз убагында алууга куштармын жана аны да жарыяламакчымын.

Сизди терең урматтоо менен

Санжарбек Данияровдун фондунун негиздөөчүсү жана директору
Асель Даниярова

ПЕТИЦИЯГА КОЛ КОЮУ: Петиция


Биздин театрга экскурсиялары жөнүндө

2019-жылы:

2018-жылы:

2017 -жылы:

 

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *