28-октябрда укмуштуудай программадагы концерт болот! Астор Пьяццолонун “Буэнос-Аайрестеги төрт мезгил” цикли жана барокко доорунун улуу шедеврлери – Бах менен Телеман тартууланат. Менимче, дүйнөлүк шедеврлердин катарындагы бул тандалган чыгармалар жаш куракка карабай ар бир адамдын жүрөгүнө жол табаары анык. Классикалык музыка менен жаңы таанышып жаткан балдар жана өспүрүмдөр үчүн да бул чыныгы музыкалык чоң майрам болот деп ойлойм.

Бүгүн мына мындай маанилүү фактыга сиздердин көңүлүңүздөрдү бургум келет:
Мен 2011-жылдан бери жыл сайын Кыргызстандын айыл жергесиндеги мектептердин башталгыч класс мугалимдери үчүн БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагын өткөрүп келатамын. Ушул мезгил аралыгында мен салт катары, 20 мүнөттүк музыкалык тыныгуу иретинде классикалык музыка аткаруучуларды чакырамын. Мен биздин фольклорду чексиз сүйүп-урматтаганыма карабай, классикалык музыка аткаруучуларды чакырууга аракеттенемин, себеби айыл жергесинде жашаган мугалимдер классикалык музыканы угууга мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Музыканттар эс алуу күндөрү уюштурулган конкурска келишип, мугалимдерге жана мениин конкурсума ыктыярдуу түрдө колдоо көрсөтүп акысыз концерт коюп беришет. Алар чыныгы таланттуу, жогорку суроо-талапка музыканттар! Ал үчүн мен баарына терең ыраазымын!

ЭРНИС АСАНАЛИЕВ 2017-жылы (конкурс 6-жолу өткөрүлүп жатканда) менин чакыруум боюнча өзүнүн оркестри менен келип “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын катышуучу мугалимдерине Моцарт сыяктуу бир нече классикалык чыгармаларды аткарган. Ал менин чакыруумду дароо кабыл алып, өзүнүн милдетин өзгөчө жоопкерчилик жана берилүү менен аткарды жана ошондой эле кыргыз тилинде достук маанайда, абдан мазмундуу баяндап айтып берип жатты. Менин оюмча ал скрипач жана оркестрдин жетекчиси катары элибизге кеңири таанымал болгондуктан, аны жаңыдан тааныштыруунун кажети деле жок!
Конкурстун экинчи турунун жүрүшү жөнүндө жазган репортажымда ал тууралуу жазган элем
СОФИЯ СУ (СУ ЧИ ХЕ) өзүнүн кесиптеши Айтурган Беренбек кызы менен бирге 2018-жылы (бул 7-конкурс болчу) классикалык эки чыгарманы жана “Аял жыты” (“Запах женщины”) фильминдеги Астор Пьяццоланын аргентиналык тангосун аткарышты. Софья андан бери Германиядан кошумча билим алып, Германиянын, Италиянын, Норвегиянын жана Франциянын сахналарында өнөрүн көрсөттү, Mainzer Virtuosi камералык оркестринин концертмейстери болду. Азыркы учурда Софья концерттик ишмердүүлүгүн Кыргызстандагы педагогикалык иши менен ийгиликтүү айкалыштырып келе жатат.
Бул конкурс тууралуу да менин репортажым бар:
БАШТАПКЫ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИ ӨЗ КЕСИБИ ТУУРАЛУУ КАНДАЙ ОЙЛОШОТ?
Баарыңыздарды бул концертке үй-бүлөңүздөр же досторуңуздар менен барып көрүп келүүгө чакырамын!
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Эгер сизди кызыктырса жазылыңыз


