
Менин ушул пикиримди аягына чейин окуп, мен маанилүү деп эсептеген жыйынтыктарга көңүл бурасыздар деп ишенем!
- Автору – Каныбек Иманалиев
- Койгон постановщиги — Уланмырза Карыпбаев
- Башкы ролду аткаруучу – Алыкул Исаков
- Сүрөтчүсү – Садыр Ниязакунов
“КУСА” спектакли белгилүү жазуучу, адабият ишмери, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВдин чыгармасынын негизинде коюлган. Жекшемби күнү, 5-апрелде Т.Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында шаар күйөрмандарына спектаклдин бет ачары болду.
Аталган спектакль терең таасир калтырды. Адегенде адабий негиздери жөнүндө айта кетейин. Каныбек Иманалиевдин бул чыгармасын окууга азырынча мүмкүнчүлүк боло элек, бирок ийгиликтүү чыгарманын ачкычы – татыктуу адабий негиз болот эмеспи. Тема – энесиз өскөн өспүрүмдүн башынан өткөргөн окуялары. Аны атасынын апасы, чоң энеси чоңойтот, чоң энеси аны жанындай жакшы көрөт, бирок бул апасынын мээримин алмаштыра албайт. Алардын мамилеси кынтыксыз деп айтууга болбойт, көрүүчүлөр аны тарбиялап жаткан чоң энеге да, өспүрүмгө да бирдей боор толгойт.
Бул спектакль стандарттуу, калыптанып калган форматта эмес, жалгыз адамдын катышуусунда өткөн моно спектакль катары жалаң декорациялар, жөнөкөй реквизиттер менен коштолгондугуна карабастан көрүүчүлөрдүн жан дүйнөсүн козгойт. Мындай жанр көптөн бери белгилүү, атүгүл моноспектаклдердин эл аралык фестивалдары бар, бирок биз көрүүчү катары бул форматты сейрек кездештиребиз. Бул эми таң калыштуу деле эмес, менин оюмча, көрүүчүнүн сезимдерин ойготуп, аны бир-эки саат чыңалтып, демин ичине кармап турган абалга жеткирүү — бул режиссердон да, аткаруучудан да укмуш чеберчиликти талап кылынат. Спектакль – авторлордун чыныгы табылгасы, ал эч кимди кайдигер калтырбады. Бул жерден тексттин, коюлушунун, актердук аткаруучулуктун жана көркөм жасалгалоонун шайкештигин көрүүгө болот.
Спектаклди койгон постановщик — УЛАНМЫРЗА КАРЫПБАЕВ, бул жигитти шаар көрөрмандары көп деле биле бербесе керек. Бирок интернеттеги маалыматтардан отуз жаштагы режиссер Султан Ибраимов атындагы Ош облустук театрдын жетекчиси экенин, ал Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусия, Жапония жана Түштүк Кореяда спектаклдерди коюп жүргөндүгүн билебиз. Ал “Түрк дүйнөсүнүн мыкты режиссеру” жана башка эл аралык жана ата мекендик көптөгөн сыйлыктардын ээси. Биздин интеллектуалдуу көрөрмандарыбыз бул ысым менен жакшы тааныш болууга тийиш деп эсептейм!
Мен үчүн укмуштуудай ачылыш — башкы ролду ойногон АЛЫКУЛ ИСАКОВ болду. Ал өтө таланттуу жана көп кырдуу актёр катары эки ролду — өспүрүм менен анын чоң энесин бирдей жогорку чеберчиликте ойноду. Сахнада анын жанындагы аккордеончунун аты-жөнүн билбей калдым, ал Алыкул Исаковдун ырын сонун коштоп берди. Анын катышуусу мизансценаны түзүлүшүнө, башкача айтканда спектаклдин калыптанышына жардам берип, толуктап турду. Исаков эки ролду тең жеңил, так, эмоция менен ойноп, көрүүчүлөрдү каармандардын кайгылуу сезимдеринен бир саамга да алыстаткан жок! Бул көрүнүктүү актер Алай районунун он төрт миң калкы бар, былтыр гана шаар статусун алган Гүлчө районунун борбору Гүлчөдө театрдын актёру жана көркөм жетекчиси да экени эң сонун. Борбор калаанын канча тургуну Алай театрынын бар экенин уккан? Алымбек датканын жана Курманжан датканын урпактары дүйнөлүк деңгээлдеги театрды көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанам!
Спектакль боюнча чакан пикиримди жыйынтыктап жатып, мен үч маанилүү тыянак чыгаргым келет:
БИРИНЧИСИ:
Региондордогу драма театрларынын гастролдорун Бишкекте жана башка шаарларында үзгүлтүксүз уюштуруу зарыл. Ошол эле учурда театрдык иш-чараларды жайылтуу боюнча СӨЗСҮЗ ТҮРДӨ кеңири кампания жүргүзүү керек: спектаклдерди, режиссерлорду, актерлорду, адабий чыгармаларды масштабдуу жарнамалоо, билеттерди алдын ала онлайн түрүндө (Тикет.кг, Кассир.кг сыяктуу билет операторлору аркылуу) сатуу, афишаларды социалдык тармактарда, шаар боюнча билборддордо жана лайтбокстарда, айрыкча автобус токтоочу жайларда, ошондой эле окуу жайларда жайылтуу зарыл. Биздин колубуздагы ушундай кенч байлыгыбыз бар, биз болсо аны толук пайдалана албай жатабыз!
ЭКИНЧИСИ:
Бизге кесипкөй театр сынчылары жана искусство таануучулар абдан керек! Балким алар бардыр, бирок алардын үнү көрүүчүлөргө кеңири жетпей жатат. Сынчылар онлайн басылмаларда, сайттарда, социалдык тармактарда жазып, жарыяланып турушу зарыл. Театр жашоосундагы жаңы нерселер тууралуу блогдорду жүргүзүп, көрүүчүлөрдү активдүү талкууга, өз пикирлерин айтууга шыктандыруусу абзел!
ҮЧҮНЧҮСҮ:
Өлкөбүздө театр искусствосу жанданып баратканы байкалат. Аны колдоп, өнүктүрүү керек. Көрүүчүлөрдү драма жана музыкалык театрларга барууну массалык адатка айлантууга чакырам!
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Эгер сизди кызыктырса жазылыңыз


