БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ

2019. САЛАМ, БИШКЕК! КЫРГЫЗСТАНДЫН АЛЫСКЫ АЙМАКТАРЫНАН КЕЛИШКЕН 1-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ САЛАМ АЙТЫШАТ! ЭКСКУРСИЯ ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТ ОТЧЕТ

СҮРӨТ АЛЬБОМ. Кыргызстандын айылдык мектептеринде эмгектенишкен башталгыч класс мугалимдеринин «БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2018» сынагынын үч-жеңүүчү мугалиминин өздөрүнүн окуучулары менен биргеликте өтүүчү саякаты биз мурда пландагандай эле, 2019-жылдын 19-21-апрелинде болду. Быйыл экскурсияга эң кичинекей балдар келишти — Баткен облусунун Кадам-Жай районундагы Чечме айылындагы мектептин 1-классынын окуучулары (мугалими — Камбарова Динара Дарманбековна), Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылындагы мектептин 1-класстын окуучулары (мугалими Ашымова Назира Асанбековна) жана жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы мектептин 3-классынын окуучулары (мугалими Суранчиева Фарида Кенжалиевна).

Кичинекей саякатчылар Куурчак театрын, Опера жана балет театрын көрүшкөн соң, борбор калаабыздагы кооз жайларын өтө кызыгуу менен кыдырышты. Балдарга ошондой эле БИК (ДНК) музейи жана “Жандуу экзотика” чакан зоопаркы өзгөчө таасир калтырды. Былтыркылардай эле концерт даярдап келишкен балдар быйыл өз өнөрлөрүн Опера жана балет театрын алдында тартуулашты. Бул укмуш сонун болду!

Бул экскурсия жөнүндө кененирээк төмөнкү материалдан окуңуздар: САЛАМ, БИШКЕК! ЧЕЧМЕ, ЧЕЛПЕК ЖАНА АК-ДӨБӨ АЙЫЛЫНАН БОРБОР ШААРГА ЭКСКУРСИЯГА КЕЛИШКЕН 1-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНАН САЛАМ!



Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *