КӨРКӨМ ӨНӨР БИЗДИН ТУРМУШТА

ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВ. 13-ЧЫГАРЫЛЫШЫ. ЖАМБЫЛ ЖУМАБАЕВ. 1-БӨЛҮМ. Г. АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КУСӨМ КОЛЛЕКЦИЯЛАРЫНА ОБЗОР

Искусство таануучу ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВдин Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин коллекциясындагы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларынын жыйнактары менен таанышууну ЖАМБУЛ ЖУМАБАЕВдин чыгармачылыгына жүргүзгөн обзору улантат. Анын эмгектеринин айрымдары музейдин сайтында, калгандары музейдин коллекциясында бар, бирок музейдин сайтында көрсөтүлгөн эмес.

Жамбыл Жумабаев (1946-2005) — живописчи жана чиймечи, китеп иллюстратору жана көркөм жана телефильмдердин продюсери. Анын эмгектери Г.Айтиев атындагы КУСӨМдө, Третьяков галереясында, Москвадагы Мамлекеттик Чыгыш музейинде, Саратов, Новосибирск, Астрахань шаарларынын музейлеринде жана ошондой эле Япония, Германия, АКШ, Греция, Италия ж.б. жеке коллекцияларында бар.

Обзор 28 чыгарманы камтыйт. Алардын баары тематикалык, бирок аларды шарттуу түрдө жанрларга бөлүүгө болот. 4 пейзаж, 4 портрет, калган 20 чыгарма тематикалык композиция.

Биз обзорду эки бөлүккө бөлдүк – ар бири 14 эмгектен турат.


Пейзаж №2. Кенеп, май боек, 49,8х65, 1991

Автор бул картинага экинчи номер коюп белгилеп койгон! Бул көнүгүүнүн сериялык номери жана ошол эле учурда — концептуалдык билдирүү! Ал убакта ушундай кылуу мода болчу! Кыргыз пейзажынын ыйык маңызын визуалдык изилдөөнүн экинчи аракети! Мына ушундай! Бул чыгарманы «Сары Тоо» деп атаса жакшы болмок, бул жерде анын формасы, текстурасы, түсү үстөмдүк кылат. Биз жалпак фрагментти гана көрүп турабыз, бирок биз чоң жана тегиз нерсени сезебиз. Тоонун боорунун астына уялаган чакан айылдын өзүнүн жашоосу бар: бир кабаттуу имараттар, чатырлары, аппак дубалдары, жашыл бактары, күрөң тосмолор. Ал жердеги көк дарбазага басым жасалган! Ал эми анын жанында чоң сары так бар. Укмуштуудай кооздук! Композициянын негизги карама-каршылыгы бир түстүү жана көп түстүү контраст болуп саналат. Парадоксалдуу байкоо – жогору жактагы боз асмандын чети ылдыйдагы боз топурак жолго чагылышып турат; экөө тең боз ала болуп калган, бирок булуттан эмес – өтө эле жаркырап турган күндөн… Сары түс али абстракция эмес. Жана дизайн да эмес. Азырынча живопись гана. Сүрөтчү реалдуулукту табигый таасирлерге таянып, реалдуу сүрөттөйт, бирок аны философ, акын сыяктуу аткарат. Мына ошентип айыл жери — кудум курактай, ал турмуштун ар кандай сыныктарынан токулган. Ал эми сары түс – тоодон чагылган күндүн түсү. Чагылышуусу көздү жалтантат! Күндүн нурлары бардык түстөрдү жеп, күлгө айландырып салгандай, а бирок адам ойлоп тапкан түстөргө алы жеткен жок! Бул жерде импрессионизмден кубизмге чейин көп нерсе бар, ошол эле учурда – бул кыргыздыкы, табияттыккы жана адамдык нерсе. Түбөлүктүүлүк токтоп, катып калгандай, сулуулук да токтоп калган!

Улуу сүрөтчү, улуу талант, бийик рух… Табият сыяктуу түшүнүксүз! Ал эми жаратылыш эч кимге эч нерсени түшүндүрбөй, айылды тоо менен тосуп кое алат. Түбөлүктүүлүк деген жакшы дечи, арийне, жер көчкүдөн сактануу абзел.

*Курак – кыргыздын байыркы жамаачы жана мозаикалык тигүү ыкмасы, ал башка көптөгөн элдерге да мүнөздүү.


Пейзаж №1. Кенеп, май боек, 49,8х65, 1991

Автор пленэрге (ачык асманга) кайтууну чечти*! Табигый таасирлерге багыттоо үчүн! Чындыкты реалдуу көрсөтүү үчүн! Ошол эле учурда ал акын бойдон калган. Бул эмгегине биринчи деген санды белгилеген! Көнүгүү сыяктуубу? Билдирүүбү? Кыязы, экөө тең окшойт. Пейзажды “Кызыл тоо” деп атаса болмок, анткени бул жерде ал үстөмдүк кылууда, формасы, текстурасы, түсү. Өрөөндү ээлеп чоң, күчтүү, жылаңач, жакшынакай бир желмогуз жаткандай сезилет. Кызыл охра менен коргошун түстүү, кара боз өңдүн карама-каршылыгы көрүнөт. Тунук лессировка ыкмасы менен тартылган асмандагы булуттар сүрдүү самсаалайт; ары жактагы томсоргон эңкейиштер андан-мындан көрүнө калат; кызыл чополуу тоо жыш катмарлар менен калыпка салынгандай тартылган. Драмалуу көрүнүштү толуктап турган үчүнчүсү — тоо этектери жайгарып кетет. Ал сары жана жашыл күңүрт түстөрдүн аралашмасы менен композицияны ар түрдүү кылып, ааламдын улуулугунун жөнөкөйлүгүн баса белгилейт. Баткак жол, дарактар ​​жана бадалдар жаратылыштын жаралышынын чыныгы масштабын жана андагы адамдын ээлеген ордун түшүндүрөт… Бул абстракция эмес, алыскы композиция эмес! Сүрөтчү тааныш маанайды кылдат тартып алган. Мындай да болот: тоонун ары жагында күн күркүрөп, булуттар чогулуп, ал жерде жамгыр жаап, суук болуп жатат, ал эми бул жерде азырынча күн жылуу жаркырап жумшак тийип турат. Тынчтык жана бакубаттуулук. Жашоодо да ушундай болот: кара тилке жакындап келе жатат, бирок коркунуч али алыс болгондуктан, биз азырынча жашоодон, искусстводон ырахат ала беребиз! Келгиле, көңүл ачып, шаттаналы! Кыйынчылыктар келгенде, ошого жараша кабатырлана баштайбыз. А балким эч нерсе болбой калар? Кайчы өтүп кетер? … Алдыда 90-жылдар, тагдыр чечкен, жөнөкөй эмес, каардуу жылдар! СССРдин кулашы, кайра куруу доору, анан ушундай көрөгөчтүк, көркөм жана турмуш шартка байланыштуу кош айтышуу – тап-такыр ашыкча эмес.

*Пленэр (фр. – «ачык асманда») – сүрөттөгү түстөрдүн бүт байлыгынын сүрөтү күн нурунун жана курчап турган атмосферанын таасиринен өзгөрөт. Пленэр живописи студияда эмес, табиятты анын табигый жарыгында түшүнүүгө негиз болуп кызмат кылган табиятта сүрөттөрдү жаратууну камтыйт.


Катаал жылдар. Кенеп, май боек, 99х100, 1985

Оң жагында аксакал турат, сол тарабындагы олтургучта чоң эне алдына бала кармап олтурат. Үйдүн жарымы гана көрүнүп турат, веранда, эшик, терезе. Эркектер согушта, аялдар оорукта эмгектенишет. Карыялар: эркектер кайтып келер болду бекен деп кооптонуп турганы байкалат. Анан аялдар кандай абалда? Жеңил-желпи тынчсыздануу болот, ал эми бул күңүрт, караңгы. Кайгыга баткан чоң ата, маанайы чөккөн чоң эне, бала колун көтөрүп, тыбырчылап жатат, бирок бул кубанычтан эмес, тек гана тентектигинен. Фон шарттуу түрдө берилген, жашыл бак, көк асман көрүнбөйт. Фактура гана бар. Жамбыл Жумабаев менен Сатар Айтиевдин чыгармаларынын формалдуу белгилеринин жакындашуусу байкалат. Бирок Жамбылда баары жакшыраак жасалган. Өтө эле сулуу! Татаал эмоциялар, парадоксалдуу ассоциациялар жетишсиз. Бул жерде сүрөтчүнүн чеберчилиги да жардам бербейт. Эмне үчүн эшик көк түс менен мынчалык баса белгиленген? Кудум эле башка мейкиндикке алып чыга турган эшиктей… Сыягы, бул композицияга ылайык жасалган формалдуу акцент өңдөнөт, анын маанисин ушундай гана түшүндүрсө болчудай. 1980-жылдардын орто ченинде советтик модернизмдин карама-каршылыктары күчөгөн. Ал сюжет бойдон калып, өзүнүн актуалдуулугун жоготкон. Куш тилинде кооптонбой талкуулана турган темалар ушуну менен аяктайт. Эч нерсе жөнүндө баяндабаган чыгармалар — бул Советтик Кыргызстандын сүрөт искусствосу келип такала турган жалпы тыянак. Кыргызстандын мольберттик живописи дагы эле ушул оорудан жапа чегип келет… Бул жерден сюжетти актуалдаштырып, жаңыртып көрүүгө болот! Бул кимдин баласы экенин аныктап билсе болобу? Апасы кайда, атасы бар беле? Бирок антүүнүн кажети жок. Жакында “кайра куруу жана айкындуулук” башталат, анан баары шектелип суракка алына баштаганда, көркөмдүккө каршы каралоолор жетиштүү эле болот.


1945-жылдын жазы. Кенеп, май боек, 89х99, 1985

Жерде эки киши отурат: аял жана эркек. Жоокердин бир буту жок, жанында балдагы жатат; аял баласын эмизип олтурат. Ортосунда дасторкон жайылып, өп-чап тамак-аш турат. Алардын сол жагында бери бурулуп турган кыз бир колу менен башын жөлөп алыска көз чаптырат, анын экинчи колунда – жоолук. Айлана бозомук тартып, боз топурак түсү басымдуулук кылат, айланадагы сөлөкөттөр жана фон жалпыланып берилген. Аскердик кийимдин түсү менен аялдын кып-кызыл көйнөгү өзгөчөлөнүп турат, ары жакта кыздын көк түстөгү жеңи жок күрмөсү кийилбей томсорот. Согуштан бир бутунан ажырап майып болуп үйүнө кайтып келген жоокер жана анын үйүндөгү жаңы төрөлгөн ымыркайы, азыр алар үй-бүлөсү менен баарылап Жеңиштин келишин күтүп зарыгышат. Бирок алардын жүздөрү муңдуу жана аялуу. Анткени кыз эми эч качан кайтып келбес адамды күтүп зарыгат. Жазында ал үмүтү жандана түшөт!.. А балким кыздын боюнда бардыр! Кудум эле Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестиндеги эрте жесир калган Алимандын келини Толгонайдай болуп жүрбөсүн! Колундагысы да кол аарчы эмес, башынан чечип алган ак жоолугу! Мындай боолголоолор сүрөттүн маанисинин мейкиндигин ого бетер тереңдетип кеңейтет! Каармандардын сезимдерин көлөмдүү, кайгылуу жана… адамгерчиликтүү, абийирдүүрөөк кылат… 1985-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 40 жылдыгын майрамдаганбыз. Тематикалык көргөзмөлөр өтө эле көп болгон. Ошол көргөзмөлөр уюштурулган учурда музей көптөгөн эмгектерди сатып алган, алардын арасында чечмелениши эң татаал, эң кыйын, түшүнүксүз, фантастикалык терең маанилүү так ушул чыгарманы сатып алганы эң сонун болгон!


Активисттерге салынган кыргын. Кенеп, май боек, 149х180, 1984

Совет бийлигинин душмандары революциялык жаңылануу үчүн күрөшкөн активисттердин үйлөрүнө түн ичинде уктап жатканда капилет кирип келишкен.

Уйку-соонун ортосунда, эс-учун жыя элек үчөөнү аркан менен байлап, жазага тартканы алып кетишет. Сол жакка сүрүлгөн карыялар үрөйү учуп кыйкырык салууда. Алар жаштарга каршы кандай арга кыла алмак? Анын үстүнө баш кесерлер алда канча көп эле, сүрөттө сегиз басмачынын сүрөтү камтылган. Жерде кызыл желек тебеленип жатат. Жакында айлананын баары канга боёлчудай, кынынан чыгарыла элек кылычтан улам ушундай ой келет. Басмачылардын башчысы кара ат минип турат. Башка деталдар жок, ошол жерде камтылган сөлөкөттөр баардыгын айтып турат.

Арткы фонунда – жайылган тоо этеги. Чополуу охра жана муздак кап-кара түстөр коркунучтуу атмосфераны жаратат… Азыр бизде мындай темаларга башкача мамиле болуп жатат. Азыр «басмачы» аныктамасы да башкача кабыл алынат. Ал кезде  таланттуу советтик сүрөтчү өзүнүн саясий ишенимдүүлүгүн далилдеп, акча тапкысы келген. 1984-жылы Советтик Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдык юбилейи белгиленген эле.

Жана да тематикалык көргөзмөлөр абдан көп уюштурулса керек. Көргөзмөлөр учурунда музейге идеялык жактан ырааттуу чыгармаларды сатып алууга туура келген… Сахна авторду драматургиясы, массанын кыймылы, жаркыраган жарыгы менен өзүнө тартып алганы байкалат. Ошол күндөрү революциялык романтиканын театралдуулугу жана Совет бийлиги түптөлгөн доордогу стилдүү каармандар ылайыктуу көрүнгөн: башына селде чалынган басмачылар – коркунучтуу, сакалчан, ал эми активисттер – жаш, жаркын. Оптимисттик трагедия – душмандар арам айла-амалдарды колдонуп, убактылуу үстөмдүк кылышкандыгында болгон.

СССРдин тушунда бардык искусство жаштарды коммунисттик дүйнө таанымын туура таанууга тарбиялоо максаттарына кызмат кылган. “Отко таазим” (1971, режиссёр Төлөмүш Океев) тасмасы эске түшөт, бул тасманын финалдык сценасы коркунучтуу жана кандуу. Азыр бул маселени кантип чечмелесе болот? Большевиктердин басмачыларга кандай мамиле кылганын көрсөтүү керекпи? Большевиктер ак, басмачылар карабы? Билбейм. Муну эч ким билбейт. Бир жагынан тасмалар аркылуу советтик стереотиптерди жакшы көрдүк, мисалы, «Жетинчи ок» (1972) фильминде Сүймөнкул Чокморов басмачыларга каршы күрөшчүнүн ролун эң сонун аткарган. Экинчи жагынан, зордук-зомбулук ар дайым жаман.


Айылдык мотив. Кенеп, май боек, 90х150, 1984

Алар бүтүндөй колхоз менен иштешет! Бир бригада! Үй-бүлөлөрү менен! Ортодо балалуу аял килемчеде ыраазы жүзү менен жылмайып отурат! Жакын жерде курбу кыздар тамеки жалбырактарын жипке тизип, кошуналарча ушак-айың айтышууда. Сол жагындагы тебетейчен кыз даяр “тизмектерди” ташып жүрөт, ал эми оң капталдагы эркек менен аял тамекинин жалбырактарын кургатуу үчүн илип жатат. Кыязы, көчөгө таштап коюп, түн киргенде сарайга ташып алат окшойт.

Дарбазасы ачылган сарай тээ алыстан, дөбөдө көрүнүп турат. Негизинен аялдар иштеп жатышат, аларга жамаатындагы калпакчан, өтүк кийген жалгыз эркек жардам берүүдө. Боз булут басып түнөргөн күн. Алтын түстүү охра үстөмдүк кылат, тамекинин жана жердин түсү. Башка түстөр жалпы түскө ылайыкташтырылып, бозомук тартат. Формасы кыл калемдин кыймылына, ал эми кыл калемдин кыймылы сүрөтчүнүн жан дүйнөсүнүн кыймылына баш ийет. Ал болсо темпераменттүү, ритмди жана темпти өзгөрткөндү жакшы көрөт. Жана да өзүнүн кыялдарын турмуштук байкоолор менен толтурууну каалайт. Сүрөтчү түштүктө Тамеки Мадоннасын, тебетей кийген канаттуу периштени, таң аткандан каш карайганча кол менен иштеп жаткан дыйкандар Милле менен Ван Гогду көрөт. Көргөн соң социалисттик реалисттик догмаларды ээрчибей калган. Формасы  жердеги топурактай чаң, кир, ачуу чындыктай таш боор болуп чыкты! Эскиздүүлүгү, толук эместиги, жакындатып тартылганы үчүн айыпталган. Мындай бир нерсе бар. Мадоннанын артында кандай фигура турат? Түшүнүксүз, ачык, так эмес жасалган. Өтө эле абстракттуу! Бирок баары жалганга айланган доордо абстракция чындай көрүнөт.


Түштүк мотив. Кенеп, май боек, 89,5х99,7, 1984

Жаш келин эртең менен жумушка, мисалы, базарга соода кылганга баратат. Бир колу менен башындагы түйүнчөктү кармап алган; экинчи колу – дасторконго оролуп, дүр-дүйүм салынган жайык табакты кармап баратат. Кийгени өңү кызыл көйнөк, көк түстөгү жеңи жок күрмө, башындагы бир байлам жоолугу да ошондой эле түстө.  Наристе бөлөнгөн бешикти терметип жаткан улгайган аялга кылчайып карайт. Аял ишине жөнөп баратат — үйүндөгү кичинекей баласы чоң эне менен калат. Кыязы, ушундай болсо керек. Сол жакта дарактын сөңгөгү жана дарактын таажысынын бир бөлүгү кылайып көрүнөт. Алыста катар-катар тизилген үйлөр – бул түштүк жергесинде жайгашкан шаар. Сүрөтчү адегенде охра жана кара түстүү боёк менен баштап, андан кийин гана башка түстөрдү кошкон. Мурунку сүрөтчүлөр ушундай ыкманы колдонушкан, бирок модернизмде техника ыкмаларына басым жасалат. Түсү формасы жана мааниси боюнча эмес, курамы боюнча жайгашкан. Мындан тышкары, формасы түсү боюнча бөлүктөргө бөлүнүп турат. Ушундай кылганда кызыктуураак болот! Бул оюн! Сары түс басымдуулук кылып, көк жана кызыл түстөргө куюлушуп турат. Көп учурда алар заманбап дизайндын көз карандысыз элементтери катары өз алдынча берилет. Бул түштүк мотивинин түстүү дизайнине тиешелүү! Мотив деген сөз качан пайда болгон? Ал көзгө илешпеген, колго тийбеген, туруксуз маанайдагы жок нерсени билдирген. Эч кандай идеология жок. Бирок мотив — чечилген нерсе, бул жерде болсо эксперимент. Бул заманбап түштүк жана бир аз түшүнүксүз, бүдөмүк. Ал эми оң жактагы адамдын карааны үстүнө кийген халатына, шымына жана баш кийимине караганда армян кол өнөрчүсүнө окшошуп жатканы, сүрөтчүгө баары бир болсо керек. Ал эми түштүк шаардын имараттары Жер Ортолук деңизинин архитектурасын элестетип турат. Ага бул карама-каршылыктар баары бирдей, ага эч маани бербей жаткандай сезилет, ал ошол карама-каршылыктардан жаңы форманы көрүп жатат. Ал бүткүл дүйнөнүн жараны жана башкалардыкын көчүрүп алганы азыр эч кандай мааниге ээ эмес. Анткени акыр-аягы келип баары жалпыга айланышы керек! Искусствонун чектелген чеги, шарттуу белгилери болууга тийиш эмес, талант талантты түшүнсө, табитин өркүндөтүп, ар тараптуу тереңдетип, биргелешип элге кызмат кылат. Таланттар парадоксту кабылдоо жөндөмүн берет! Жана да ошол аркылуу сулуулукту түшүнүү үчүн! Ошол жолдо баарыбызды фантастикалык рухий ачылыштар күтүп турат! Бул кыргыз модернизминин негизги өзгөчөлүгү болгон! Эң башкысы — оптимизм! Андан соң  табышмактуу сюжет, анан акыр аягында — парадоксалдуу форма боюнча парадоксалдуу боёк… Азыр биз аны эклектика* деп атайбыз, анткени таланттуу сүрөтчүлөрдүн дүйнөлүк коомчулугу жок. Жана да жакында болору күтүлбөйт.

*Эклектика (байыркы грекче “мен тандайм, иргейм, шайлайм”) гетерогендик стилдердин, идеялардын, көз караштардын ж.б. аралашмасы, бирикмеси


Кечинде. Кенеп, аралаш техника менен, 90х119, 1983

Жамбул Жумабаев Кыргызстандын сүрөт искусствосундагы биринчи постмодернист экенин эми ​​ким танат? Сүрөтчү бир эле учурда ар кандай стилде жана бирдей жакшы иштей алат! Ойноп гана аткарып коет… Балдар жумуштан кийин футбол ойноп жатат. Студенттик куруучу отряддын балдары болсо керек. Же куруучуларбы? Монтаждоочулар бригадасы электр линиясын тартып жатат. Так айтууга мүмкүн эмес. Жанында вагончик турат, чатыр жасалган — тамактануу, эс алуу жана жолугушууларды өткөрүүчү жай. Башка «сүйлөп бере турган» объектилер жок. Алар үч-үч болуп ойноп жатат. Экөө ойнобой турат, аларды көбүрөөк кыз кызыктырып жаткандай, ал кыязы ашпозчу кыз окшойт. Ал эс алып олтурат, демек, ал кечки тамакты ичип бүтүшкөн. Жайдын узун аптаптуу күнү аяктап, күн батып баратат. Көркөм мейкиндик көлөмдүү чоң массаларды түзөт. Чайыттай мелтиреген кең асман, алтындай жаркырап тунук, боекторго бай болгону менен ныгырып басып тургандай. Өзү менен өзү болгондой, ага башка эч нерсе керек эместей! Жарыктандырылган беттери — ачык охра түстүү; өздөрүнүн көлөкөлөрү — кызыл; узунунан түшүп турган көлөкөлөр — күрөң жана муздак түстө. А бирок алардын сөлөкөттөрү таанымал! Типтүү, жогорку көркөм сапаттуу! Аларды орус-совет сүрөтчүлөрдүн көп сандаган муундары иштеп чыгышкан. Ошондуктан, ал жакшы жыйынтык берген. Бул бир жагынан жогорку чеберчиликти айгинелейт. Башка жагынан алып караганда, бул компиляциялык (өз алдынчалуулук эмес) жөнүндө*. Советтер Союзунда ыкманы тез өзгөртүү бир нече жүйөлүү себептер менен акталган: биринчиден, буйрук менен; экинчиден, чыгармачылык изденүүлөр менен; үчүнчүдөн, алдыдагы көргөзмөнүн тапшырылган темасы. Мисалы, «Комсомол — дың жерге!». Балким, бул ошол эле аталыштагы тасманын эскизидир? Ал эми ыкманы сценарийдин стили таңуулаганбы?

Бул азыр татаалыраак маселе катары каралууда. Мастер бир стилдин (ыкма, кол жазуу) өзүнүн чеги бар экенин түшүнөт жана башка тема үчүн башка стилди (ыкма, кол жазма) колдонуп сынап көрөт. Сүрөтчү эксперимент жүргүзүүгө, моралдык жана финансылык колдоо көрсөтүүгө укуктуу! Колдоо көрсөтүү болгон: чыгарманы музей сатып алган. Бирок постмодерндик эксперимент, бул бир нерсеге байланыштуу! Ал өз алдынча эмес да! Ал баары кандайдыр бир жакка укмуштуудай ылдамдык менен кетип баратканын жана аны кууп жетүү керектигин түшүнгөндүктөн болуп олтурат.

А бирок кайда качыш керек? Түшүнүксүз! Форманы андан ары өнүктүрүү мүмкүн эмес, мазмунун да өнүктүрүү мүмкүн эмес! Анан кийинчерээк постмодернизм деп атала турган бир ыкма, манера пайда болот. Эгерде керек болсо автор башка бирөөнүн стилин өзүнө таандык кылып алат. Бирок бул керекпи? Бул эмне кыларын билбей, кандайдыр бир оюн баштаган абдан акылдуу, таланттуу сүрөтчүнүн тамашасы окшойт! Орус темасын алган да, атын кантип атоо керектигин издеп кыйналган жок.

*Компилятивдүүлүк — компиляцияга негизделген, компиляция мүнөзү; Компиляция –

баштапкы булактардын үстүндө өз алдынча изденбей туруп, башка бирөөлөрдүн изилдөөлөрүнүн бардык маалыматтарын алуу жолу менен кандайдыр бир чыгарма жаратуу, түзүү.


Түштүктөгү күз. Кенеп, май боек, нет, 1983

Биз жерди жогору жактан, ал эми адамдарды кадимки деңгээлден көрөбүз. Бул театрга же киного тартылган эскизди эске салат. Артында үйдүн дубалдары, имараттар, тосмолор зигзаг түрүндө тизилген. Алар жалбырактары саргайган бак-дарактуу айыл короолорун бизден жашырып турат. Сахнада көбүнчө аялдар. Үчөө катарга тизилгендей жүрүш менен баратат (кыязы, базарга баратса керек). Чоңдор баштарына түйүнчөктөрдү көтөрүп алган: көк жынсы шымчан аял жана өспүрүм, биз аны Ромео деп атап коелу. Жанында бир кыз баратат. Дагы бир жасанып кийинген аял суу ташуучу бакан менен кетип баратат.

Дарактын жанында бир ордунда жылбай турган кызгылт көк түстүү кийимчен Джульеттаны дарактын сөңгөктөрү тосуп турат. Чар жайыт өскөн дарактын охра түстүү тегерек таажысы – жалпы мейкиндиктин борборун түзүүдө. Тегерегинде койлор оттоп жүрөт, алардын арасында жалгыз эркек киши кошо жайылып жүргөндөй көрүнөт… Калган каармандардын баары ак дубалдардын артында убактылуу катылган. Эч кандай иш-аракет болбой турган драманын экспозициясы. Бир гана сүрөт калды, ал да анча жакшы эмес. Конфликт сюжет боюнча эмес, түс, форма аркылуу жаралат. Үчөө – биримдик, бирдейлик, тартип жана каада-салт. Жарашыктуу кооз, сары-кызыл, үч бурчтуу, өтө активдүү, ал үч тартиптүү адамга карама-каршы келип, айырмаланып турат. Эшиктин тешигинен кара караан көрүнөт. Анан көп маанини билдирген көк түстүү кара тешик. Маңдайдагы жалгыз терезеге көңүл буруу керек. Бардык элементтер биригип оң тарапка жебенин сүрөтүн тартат. Эмне үчүн? Кээде ортодогу кара нерсе — чыныгы борбордун дал өзүндөй көрүнөт. Бирок жайлоодо оттоп жүргөн кой бизге эмне жөнүндө айтышы мүмкүн? Ооба! Бул жерде сюжет маанилүү эмес — … абстракциядан келип чыккан эмоциялар маанилүү! Бирок биздин алдыбызда таза абстракция эмес. Караандарды жана каармандарды аңдап таанууга болот, алар көп нерсе жөнүндө айтышпайт! Бул Түштүк! Пассивдүү жана ачуулуу, тааныш жана сырдуу, меймандос жана кайдыгер.


Арслан-бабдагы күз. Кенеп, май боек, 29,7х64,4, 1981-1982

Ортосунда жаңгак дарагы, сөңгөктөрү чырмалышкан, майда жалбырактары боз болуп, эбак түшкөн. Аллея дарактарды аралап өтөт. Аллеяны бойлой чатыры жалпак имараттар тизилип турат. Андан ары дөбөнүн артында көк чөп, майда бадалдар көрүнөт. Бак-дарактардын баштары эчак эле саргайып кеткен. Кыязы, бул жаңгак багындагы пансионаттын аймагы болсо керек. Калың таажылар асманды тосуп турат, бирок алардын арасынан тараган муздак жарык айланага жалпы нур чачып турат. Автордун жаратылыштан тарткан саналуу чыгармаларынын бири. Арыдан-бери тез жасалганы көрүнөт, кээ бир жерлерде кенеп сороюп чыгып турат …

Аллеянын бурма жолдору адырдын чокусун бойлоп, түз сызык болуп калганын көрүүгө болот. Имараттардын пайдубалдары, алар турган жери да көрүнбөйт. Мындай ракурс окуу тарбия иштеринде, фотографтар, операторлор арасында утушка ээ болбойт, тескерисинче, жоготуу болуп эсептелет. Ал эми бул сүрөтчү чакырыкты коркпой кабыл алып, жоготуудан философия жаратат. Көбүнчө адамдын колунан жаралган нерселер жаратылышка туура келбейт, а бирок бул кызыктай объектилер, түз сызыктар жана тик бурчтуктар туура келет! Бул эми имарат же аллея эмес. Бул Джорджио де Кириконун метафизикалык сүрөтүндөгүдөй геометриялык примитивдер. Болгону бул жерде бардыгы атайылап кокусунан жасалгандай жана кыйытмалар азыраак… Табигый баш аламандыктын арасында эки бак жолдун үстүндөгү арканы түзүп турат. Бул пафостуу кыймылды бутактары жогору карай тирелген кооз бадал колдойт. Ал эми эки параллелепипед көрүүчүнүн көңүлүн капталга буруп, аларга түшүнүктүү көнүмүш адаттарды карманууга жол бербейт. Алар: “Жаратылыш – бул жалаң гана дарактар эмес! Биз да табиятбыз! Биз жарык менен көлөкөнү, түстү жана форманы камтыйбыз. Биз жөнөкөй жана түшүнүктүүбүз. Келечек биздики!” – деп шыбырап тургансыйт.


Күн бүркөктө. Кенеп, май боек, 69,5х90, 1981

Дөңсөөдөгү үй караңгы терезеден сыртты карап турат, ага түшүнүксүз дубал жабышып турат, анын жанында жайылып кеткен чөптүн чөмөлөсү. Кара күрөң тартып айдалган аянтта ак боз ат оттоп жүрөт. Топурактын жылуу түстөрү басымдуулук кылат, алардын арасында темир боз чатыр көк болуп көрүнөт. Түстөрдүн башаламандыгы күзгү баткактарга сонун коштолуп кеткен. Короо чыбыктардан, бадалдардан жана мамылардан жасалган тосмолору менен курчалган. Калың камыштар дарыяга карай ылдый куюлуп түшөт. Тээ алыста теректер менен адырлар көрүнөт. Боз чалган асманда ак булут каалгыйт. Көрүнүшү борбордун чет жакасына окшоштой, бул Түштүк пейзажы эмес, бирок автордун жөнөкөй пейзаждары да эмес. Ак булут, ак чарчы сыяктуу — парадоксалдуу акцент, ачык боздун үстүндөгү ак түс. Андан бир сыйкырдуу нерсе чыгып тургандай. Ак, кара күрөң, сары түстөр фантастикалык кооз көрүнөт, алар чоочун эмес, алар ошол жерден, ошол аймактан. Бирок, ошого карабай, кара күрөң түстөр — туңгуюкка кирип жок болуу; сары — алтын, башка планетадан келген баатыр келгин сыяктуу; үстүнкү бурчунда кир боз түстүү сырдуу сызык сызылган. Ал эч нерсени билдирбейт, аны идеалдуу композиция таңуулап турат. Асмандагы жалгыз чоң, апакай сулуу ак булут муңайым көрүнөт, ал алыстан аттын, үйдүн, бакчанын, адырлардын үстүндө турат. Алыстан бизди аягандай муңайым карайт (Ю.Казаковдун 1961-жылы чыккан “Тигинде ит чуркап баратат” (“Вон бежит собака”) повестинде да ушундай үзүндү бар)… Кыргыз пейзажынын бул өзгөчөлүгүн кыргыз модернизми өзүнө тартып алган. Табиятка туура байкоо жүргүзүп, баам салса, ал бир гана асманда эмес, ар дайыма эле фантазия менен айкалышып кетет. Эгерде фантастика жок болсо, анда окуу куралдарынын кабат-кабат көчүрмөсү болуп калары чындык. Ал эми абстракция гана болсо, композициядагы тарбиялык көнүгүү болуп чыга келет. 70-80-жылдар Кыргызстандын философиялык пейзаждык живописиндеги эң кубаттуу мезгил болуп эсептелет.


Кеч күүгүм. Кенеп, май боек, 60х60, 1981

«Эскерүү» картинасынын темасы боюнча вариация, башкы каармандар менен жалпы композиция кайталанат. Кайсынысы мурдараак жасалганы түшүнүксүз. А  балким, баары бир айырмасы жок чыгар, алар бир убакта жаралып, сүрөтчү бир чыгармасында баштаганын экинчисинде улантууга аракет кылгандыр. Музей эки чыгарманы тең сатып алган! … Бул жерде автор эркин, сулуураак, ойноок, шок болууга аракет кылганы байкалып турат. Тал чыбыктай ийилген сымбаттуу кыз! Анын башында алмага окшош түстүү түйүнчөк бар! Жаштыктын образы ашыкча жасалгаланып боелгон, бир аз толкунданып турганын байкоого болот.

Каптал жактан башына тебетей кийген киши кирип келатат, анын сүрддуү кара муруттары, Бармалейдикиндей айбаттуу каштары бар. Ал чаарала чийиктери бар көйнөк кийген, колтугунда коон кысып алган. Же мышыкпы? Кыздын башындагы түйүнчөк алмага окшош, коон болсо мышыкка окшош… айтор, баары бир нерсеге окшош… Коон окшойт, Бармалей кызды коон менен сыйлайын десе керек. Күн батып баратат, асман текши кызгылт сары боекко боелгон. Бардык жерге күндүн нурларындай чагылышып күйүп-жанган ой жүгүртүүлөр. Жалпак чатыры бар үй турат, анын жанында дарак өсүп турат. Айлананын баары канга окшош кызыл, кочкул кызгылт сары, уудай жашыл, көз жоосун алган аппак боекторго толгон. Автор чыгарманы эмне үчүн “Кечки” деп атаган? Бул цитатабы? Окшошпойт.

Автор аны цитата кылууга укугу бар экенинен күмөн санайт, кандайдыр бир модернизм менен постмодернизмдин ортосунда… Асел колуна тийген буюмдарын алып Ильяз менен качып баратабы? Жок. Ильяз андайга барбасы анык. Же, балким, комсомолканы ала качкысы келген партиянын мүчөсүбү? Авторго мындай нерселердин кереги жок. Ал өзүн эзип кыйнаган образдардан кутулгусу келип жаткандай… элестетүү – подсознание эмес, советтик маданиятта андай болгон эмес (азыр да жок). Кереметтүү кооз түстөр, сонун тактар, ырдап турган саптары, жарашыктуу ритм, назик боёк, ийгиликтүү композиция, фактуралык фактура! – мына, каалаганыңдын баары! Андан ары эч нерсенин кереги жок… Бир нерсе толук ачылбай калгандай сезим бар. Автор табышмактуу тамашалап, күтүүсүз формуланы таап алгандай: эстетикалык живопистин артында дайыма эле кадимкидей жаман нерсе катылган.


Эскерүү. Кенеп, май боек, 140х125, 1981

Оң жагында белине көк жоолук байлап, шырылган чапан кийген адам. Чапандын оймо-чиймелери жок, бирок кудум алтын! Сол жакта жеңи жок кочкул кызыл күрмө кийген, башына түйүнчөк койгон аял – түйүнчөгү чүпүрөктөн тигилген түркүн түстүү. Ортодо турган тестиер бала колдорун кетменге же чабандын ийри таягына жөлөп турат. Жакын жерде ак жана кара өңдүү эки кой жайылып жүрөт. Баланын ары жагында кызгылт көк кийимчен, жашы улгайыңкы бир аял эңкейип турат. Андан ары алысыраак жакта, адырда байыркы мазар жайгашкан. Айлана-чөйрө көлөмдүү чоң көрсөтүлгөн, жана алар негизги нерсени — үч бурчтуктун формаларын баса белгилеп тургандай. Бул символдор болушу мүмкүнбү? Жаштык (ал экөө), андан кийин өспүрүм курак, андан ары — карылык. Бул үй-бүлө болушу мүмкүн: атасы, апасы жана уулу. Же агасы менен кошунасы, же эжеси менен кошунасы. Кандай болгон күндө да, бойго жеткен аял менен бойго жеткен эркектин, алардын ортосундагы аял тарапка жан тартып турган өспүрүм, анын ачык маанайы мээримин төгүп жарашыктуу жайдары көрүнүп турат. Ал эми эркеги – анын атаандашы катары, жеңи узун, алтын жалатылган чапан кийип койкоңдоп турат. Аны бойго жетип керилген келбети, сыланган сакал-муруту, үстүртөн ылдый караган сырдуу көз карашы, кычыраган кара өтүгү сүйкүмдүү көргөзөт. Береги өспүрүм да ага аяр карап, бардык жагынан: кийим-кечеси, жүрүм-туруму боюнча аны туураганга аракет кылып жатканы байкалат. Анысы бирок анча коошпой, чоңдор жөнүндө эскерүүлөрдү эске салат. Алар такыр эле түшүнүксүз, толугу менен карама-каршы, сулуулук жана жалкоолук, балким ал анаша ышкыбозу болгондур, бирок алар күңүрт бүдөмүк жолдо бири-бирине тартылып баратат, аларды токтотууга мүмкүн эмес.


Күз. Кенеп, май боек, 88,5х149,5, 1980

Күз, айылдын чети, үйлөр, чарбалык курулуштар, бак-дарактар. Аялдар кезектеги автобусту күтүп турушат. Алар бери жактан көрүнбөгөн жолдо турушат, анткени ал жол сүрөттүн алдынан өткөрүлүп, көрүүчүлөр тарабынан тартылган. Жолдо үчөө турат: улуусу, ортончусу жана кичүүсү бала менен, анын этегине бир кыз жармашып турат. Капталда башына түйүнчөк койгон жалгыз караан турат. Чогуу тургандары — жакындар, ал эми аларга кошулбай обочо турганы – тек гана айылдашы. Демек, айыл бир топ эле чоң болсо керек. Жер кара күрөң түс менен берилген, саргайган дарактар, охра жана көлөкө түшүп турат. Ага кошумча ачык ар түстүү өндөр. Бир нече катмардан турган колориттик биримдик. Төмөнкү катмары тунук, суюк боёктор ичкерип туш тарапка агып кеткен. Берки катмары тыгызыраак, бул жөнөкөй жана татаал, палитрага кыл калем менен сүртүлгөн аралашмалар. Дагы бир катмар палитрасы бычак менен сүртүлгөн — ал табигый өңүндөй ачык түстөр менен берилген. Натыйжада Түштүктүн укмуштуудай татаал сүрөттүк технологиясы! Гармония эмес, бирдей көлөмдүүлөр үчүн — какофония. Эгерде үн алышып жооп бере алсаң, сүрөтчүнүн чыгармачылыгындагы эң жемиштүү мезгилинин авторлошуна айланасың. Композиция эрежелерге баш ийбейт жана жарыктандыруу чексиз асман сыяктуу ээн-эркин. Маанисин сүрөтчү жараткан мыйзамдарга ылайык кабылдайсың. Бул түштүктүн пластикалык метафизикасы. Максат реализм чеберлерине окшош, бирдей эле. Бирок автор образды аз-аздап топтогусу келбейт. Ал өзүнүн көркөм инстинктине гана баш ийип, жаалданып-каарданып, аң-скыл-эсине баш ийбей, кенептин бетинде сыйкырчыдай өз ишин жарата берет. Ал чөйрө ага кандай эркиндик берсе, ошончолук эркин. Ошол 80-жылдардагы кырдаал укмуштуудай жагымдуу болгон!


<= 12-ЧЫГАРЫЛЫШ                                                                               14-ЧЫГАРЫЛЫШ =>


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


 


Автору
Гамал Боконбаев

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *