КӨРКӨМ ӨНӨР БИЗДИН ТУРМУШТА

ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВ. 12-ЧЫГАРЫЛЫШЫ: АМАН АСРАНКУЛОВ. 2-БӨЛҮГҮ. Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КУСӨМ КОЛЛЕКЦИЯСЫНА ОБЗОР

Улуттук музейдин фондусуна коюлган кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектерине искусство таануучу ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВдин обзорун жарыялоону улантабыз. Бул -Аман Асранкуловдун чыгармачылыгына арналган эки бөлүмдүн экинчиси.

Асранкулов Аман (1939-1998) — сүрөтчү. Фрунзе шаарында туулган. 1964-жылы Фрунзе сүрөт техникумун жана 1969-жылы Москвадагы В.И.Суриков сүрөт институтунун живопись факультетин аяктаган. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү. 1971-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.


Менин ата-энем. Кенеп, май боек, 113,5х97,5, 1985

Ата-эне катар туруп алышып, майрам тосууга даярданып жатышат. Артындагы дубалда беш бурчтуу, узун күзгү илинип турат. Жакшылап үңүлүп караганда, карылар катарлаш турбаганын көрүүгө болот. Ардагердин жүзү күзгү аркылуу чагылдырылган. Күзгүнүн алдында жубайы жалгыз турат, муну артынан түшүп турган көлөкө аркылуу байкоого болот. Ак жоолук салынып, кара кемсел кийген аял колундагы орденди аяр кармап турат. Анын жүзү бактылуу да, муңайым да көрүнөт. Ал орденди кимдир бирөөгө такканга даяр… Бирок аны тагаарга эч ким жок.

Ал алыс-алыс бир жакты, параллелдүү күзгү дүйнөгө үңүлө карап тургансыйт. Ал жакта -үстүнө төшүндө ордендери бар боз костюм, боз көйнөк кийип, кочкул кызыл түстүү галстук тагынган жоокер. Ак саамай чачтарын ыргаган шамал асмандагы булут менен чырмалышып туш тарапка тарайт…. Биз сүрөтчүнүн ата-энесинин өмүр баянын билбейбиз (бул, чынында, музей изилдөөчүлөрүнүн милдети). Өтө аз маалыматтардан белгилүү болгондой, сүрөтчүнүн атасы, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери БӨРҮБАЙ АСРАНКУЛОВ 1912-жылы Ош облусунда туулган. 1985-жылы СССРдин коргоо министри аны 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сыйлаган. Сүрөттө ошол орденди колуна кармаган кары энеси турат. Кыязы, ардагер бул жогорку сыйлыкты алганга үлгүрбөй калса керек… Сүрөт ошол жылы тартылган. Түсү шаңдуу эмес, басмырт күңүрт. Кээ бир жерлери гана кичине гүлдүү болбосо, бозомук охра, кара күрөң түстөр басымдуулук кылат. Курамы өзгөчө: бардык элементтер сол тарапты карай ооп турат. Столдун сол тарабында гүл салынган кумура турат, ал тагыраак айтканда, кызгылт көк түстүү крокус гүлү жана ордендин кутучасы өңдөнөт. Эки сары гүл символикалык түрдө ылдый салбырайт. Оң жактагы талаа бош. Ошентип, эненин колундагы орден көңүл чордонуна жылып, сыйлыктын сюжеттик мааниси көрсөтүлөт. Же, балким, сүрөтчү сүрөттүн оң жагын тартып бүтүргүсү келсе да, бүтүрбөй койгондур…


Жай. Кенеп, май боек, 61х65, 1983

Талаанын бир четинде, чопо тандырдын жанында бир жигит менен кыз куурулган жүгөрү жеп отурушат. Меште дагы эле көмүрдүн табы өчпөй күйүүдө, жанында кара кумган, отундун калдыктары жатат. Калпакчан, жылаңаяк жигит, кызыл көйнөкчөн кыз. Күн чайыттай ачык, көлөкөгө караганда – чак түш болуп калгандай. Балким, август айы болсо керек, бирок жаштарга ысык эмес. Ачык түстүү жана кызыл охра үстөмдүк кылат, баары биригип “куурулган» түстү түзүп турат.  Ачык түстүү сүрөттө тунук көлөкөлөр чагылышууда. Көйнөктүн өңү акиташ менен акталгандай жылуу, аппак, очоктон түтүндүн муздак илеби сезилип тургандай. Оттун жалынындай палитраны көпкөк асмандагы ичке тилке жана адырлардын астындагы жашыл бак-дарактар толуктап турат… Кыязы, бул жерде жеке эле жүгөрү куурулуп жаткан жок. Жай, жер, аба дагы аны менен кошо куурулуп жаткандай! Кыз жигит да куурулуп кетти. Аларга ысыктын табы сезилбейт, анткени алар – сүйүү сезимине чулганып турушат! Советтик сүрөтчүлөр куулук-шумдугу жок, карапайым дыйкандын турмушунан өзүнчө эле поэзияны көрө билген; талаадагы эркиндиктин жөнөкөй романтикасын баалай билген…. Экөөнүн темасы — кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүйүктүү темасы, эске салсак: Гапар Айтиев «Айыл четинде» (1959), Александр Воронин «Үч-Коргон» (1968). Ал эми бул жерде да алар экөө. Албетте, алар колхозчулар (ал кезде башкалар жок болчу), бирок көздөн далдоо жерге жашырынып келип, чогуу болуу кандай сонун. Колхоздун жүгөрүсүн уурдап алып, кууруп жеген.


Күтүү. Кенеп, май боек, 81,5х69, 1982

Секелек кыз жонунда кичинекей бөбөгүн көтөрүп турат. Ал бизге далысын салып, алдында жайылып жаткан кең талаага кылдат көз салууда. Кыз жөнөкөй кийинген: ак көйнөк жана боз түстөгү жеңи жок чыптама. Анын бутунда азиялыктар кийчү кара көлөч. Кичинекей бөбөгү кечки асмандын түсүндөй кочкул көк кийимчен. Жакын жерде ит жатат, жатышына караганда, ал көптөн бери жаткандай. Чоңдордун колхоз талаасынан кайтып келишин күтүп жатышат. Бул түшүнүктүү: жай мезгили, түшүм жыйноо учуру дегендей. Атасы менен апасы өтө алыс жерде жүрүшкөндөй, алардын качан келеринен эч дайын жок. Алар келгенде, түн кирип, караңгы болот. Бала чактагы эскерүүлөрдөн көз алдыңа тартылган сүрөт: көпкө зарыга күткөндө жан дүйнөң кусага батат. Бирок күтүү дайыма майрам менен аяктайт! … Көз алдыңарга кичинекейлердин күндүн чыгышын күтүп жатканын кыялданып, элестетсеңер болот. Бул жаңы күндүн, жаңы үмүттөрдүн жолугушуусунун символу! …Кандай болгон күндө да балдар менен ит ушул күтүүлөрү менен назик сезимдерди козгойт. Кубаныч, бакыт, сүйүү күткөн сезимдер! Үмүттөнүү…. Бир аз жымсалдап койсо, бул сүрөт аялдар журналы үчүн сентименталдуу иллюстрацияга айланары анык.

Автор сентиментализмден алыс болгусу келет, каардуу эскиздикке ык алат (ал кийин автордун кол жазмасы болуп калат!). Бул баланын сүрөтү үчүн стилизация эмес. Бул жерде кыргыз сүрөт модернизминин идеологиясы  – татаал эмес предметтер расмий эмес, бирде катаал, бирде үрөй учурган сүрөттөөлөр аркылуу ачык айкын берилген. Көйгөйлөрдү сүрөттөө: атайылап өнүкпөгөн, начар тарбияланган балдарды чагылдыруу жана сүрөт тартууга жөндөмсүздүктүн артында каардуу “идеологияны” жашыруу. Бирок, таланттуу автор үчүн сүрөт тарта албагандык — гений баладай сүрөт тартуу дегендик!


Аза күтүү. Кенеп, май боек, 97х115, 1982

Алар Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусун, фронттун жоокерин жоктоп аза күтүшүүдө. Боз үйдүн кире беришинде маркумдун сүрөтү илинип турат, бул – советтик доордо калыптанып калган адат. Сүрөткө караганда, бул 1943-жылга чейинки (Кызыл Армияда погондор киргизилгенден кийин) окуя болсо керек; шапке кийген жигит фронттун жоокери экен, ал сержант же офицер болгон окшойт. Боз үйдүн үстүндөгү мамыга кара чүпүрөк илинип турат. Адатта, кара түстүү чүпүрөк орто жаштагы адамдын каза болгонунан кабар берет. Же балким, маркумдун сырткы кийимидир. Аны эмне үчүн илип коюшту болду экен?

Чогулгандардын арасында эркектер көрүнбөйт – жалаң гана жаш балдар жана карыялар.

Ортодо бир өспүрүм бүк түшүп ыйлап олтурат. Бир буту жок майып адамдын карааны көзгө урунат. Бул согуш учурундагы окуя экенин боолголосо болот. Оң тарапта маркумдун балдары менен картаң атасына үймөлөктөшүп, бири-бирин сооротуунун аргасын көрүшүүдө. Боз үйдүн ичинде аялдар отурушат, алардын сөлөкөттөрү бир гана кара чийин менен тартылган. Карыялар адатта боз үйдүн сыртында, сөөк жаткан тушка чогулушат. Молдо көрүнбөйт. Байыркы каада-салт боюнча маркумга өзүнчө боз үй тигилип, жуундуруп, кепиндеп жаткырып коет. Айыл ападагылар келип, маркумдун жакындарына көңүл айтып, акыркы сапарга узатат. Бул жерде суроолор туулбай койбойт. Балким жоокер фронттогу алган жараатынан кийин үйүндө каза болгондур. Бирок боз үйдүн маркум жаткан жери бош турат. Ошол алыскы батыштагы кан күйгөн согуш учурунда каза болгон маркумдардын сөөгүн өз мекенине жеткирүү дээрлик мүмкүн эмес болчу. Көбүнчө алар жалпы мүрзөгө коюлуп, ата журтуна “кара кагаз” жөнөтүлгөн. Демек, маркумдун сөөгү жок эле аза күтүлүп жатабы?.. Маркумдун сөөгү жок эле акыркы сапарга узатууну чечтиби?.. Мындай өңүттөн алганда трагедиянын мейкиндиги чексиз кеңейет. Элдин кайраты да чексиз кеңейет. Алар өз жеринде баатырдын рухун акыркы сапарга узатууну чечишкен. Маркумдун элесине арналган акыркы вазийпаны аткаруу дегендик. Мындай кооптуу темаларды өткөн кылымдын 1970-жылдарынын сүрөтчүлөрү тайманбай козгошкон. Мындай эрдик азыркы муундун колунан келбейт.

Байыркы мезгилде жашап өткөндөр каза болгондорду мүрзөгө койбосо, тынчтык таба албай, азап тартат жана өч алат деген ишенимди карманышкан. Демек, сөөк жок болсо да символикалык мүрзө турушу керек.


Темир уста. Кенеп, май боек, 79,5х60,5, 1980

Темир уста өзүнүн устаканасында оттун, табышмактуу сырдын жана чеберчилигинин жардамы менен өжөр темирди өз эркине багындырууда. Белине чейин жылаңачтанган уста, ар кайсы жерине чоктун тактары түшүп күйүп калган алжапкычын тагынып, усталардын тирөөч жабдыгынын үстүнө колундагы кычкач менен тумарга окшош үч бурчтуу темирдин кесигин кармап турат. Же балким бул жөн эле балта болушу да мүмкүн. Экинчи колу менен кудум эле сыйкырчыдай темир устаканадагы отту алып чыгып жаткандай көрүнөт. Темирди эритип иштөөдө колдонулуучу тирөөч катары ага килейген чоң дөңгөч кызмат кылууда. Шыпта көөрүгүнө абаны кол менен сордурууга арналган жыгач моюнтурук салаңдап илинип турат. Мештен чыккан от устакананын ичин бүтүндөй жарыкка бөлөп айланасына нурларын чачууда. Ал жарык дубалдын жогору жагына жана шыпка жетпейт, ал жакта чагылышкан оттун жашыл түстүү нурлары билинер-билинбес жаркырайт. Терезенин оюктары караңгы тартып турат. Күүгүмбү же түнбү? Ачык көк түстөгү жарым тегерек оюктары бар мештен башка дүйнөнүн жарыгы чыгып жаткандай. Сүрөтчү так жана жөнөкөй ыкмалары менен турмуштук байкоолорду жана анын ички туюмун колдоно билет, ошондуктан сүрөт туура тартылган деп баалоого болот. Темир уста алибеттүү, күчтүү адам, өзүнүн индивидуалдуулугу менен кызыктуу. Ал кайдыгер чөйрөнүн куралы эмес. Ал өзүнүн башкаларга окшобогон өзгөчөлүгү жана кайталангыс личностугу менен беттегенин бербеген өжөр адамдардын символу катары да көрүнөт. Анын жасагандар буюмдары суроо-талапка ээ, бирок ал түнкүсүн иштөөгө туура келет.

Советтик система темир устаны индустриализация доорундагы орто кылымдын калдыктары, ал эми устачылыкты пайда бербеген кирешенин булагы катары карайт. Өзү өзүнө хан, өзү өзүнө бий темир уста өзүнүн жеке менчик устаканасында түнү менен ээн-эркин иштейт жана каржы инспекторуна жолуккусу келбейт.


Тамекинин жаңы түшүмү (Колхозчулар). Кенеп, май боек. 145 х121, 1980

Бастырманын алдында тамекинин кургатылган жалбырактары илинип турат. Ошол эле жерде ящиктерден жасалган столдун четинде, ошондой эле ящиктерден жасалган отургучтарда колхозчулар тегеректеп олтурушат. Кара шляпа жана кара костюм шым кийип ортодо олтурган адам (балким, агроном-технологбу) колго папирос жасап жатат. Анын сол тарабында өз кезегин күтүп олтурганы ага баалуу кеңештерди берүүдө. Туруп турганы тамекисин бир кере сорду да, колун көкүрөгүнө кайчылаштыра, бир паска тунжурай түштү, ал тургай тамекисинин түтүнү чыкканы көрүнбөй калды. Тамекинин жытын искеп көрүп жатат. Колхозчулар тамеки фабрикасына жиберерден мурда жаңы түшүмдү өздөрү ушинтип сынап көрүшөт, алардын берген баасы реалдуу келет. Бул формалдуу эмес баалоо жана өздөрү ойлоп тапкан лаборатория. Сүрөттүн түсү тамеки өсүп чыккан топурак сыяктуу. Винсент ван-Гогдун «Картошка жегичтер» аттуу картинасы таасир эткенин болжолдоого болот. Түсү, текстурасы, жеке каармандары боюнча. Бирок болуп жаткан окуялардын мааниси бир аз башкачараак. Колхозчулар жат көрүнүштөргө каршы. Алар кол оюнчук болгусу келбейт. Алар жаркын келечектин куралы эмес — бул алардын жашоосу, эмгеги, тамекинин өздөрүнө гана тиешелүү жана кайталангыс даамы, болгону ошол. Отар Иоселианинин көрүнүктүү “Жалбырактар күбүлгөндө” (“Листопад”) фильминдеги жумушчулар эске түшөт. Анда шарапчылар болсо, бул жерде тамекичилер бар. Эмгекчилер бардыгынын баасын билишет, алар өздөрүн көкүрөккө чаап көрсөтүп мактанышпайт, социализмди колдон келишинче куруп жатышат. Эмне үчүн алар бечарадай көрүнөт? Анткени колхозчу болгон үчүнбү? Алардын Совет бийлигине болгон ишенимине доо кеттиби? Кайсы гана бийлик тушунда болбосун жумушчулар, колхозчулар эмгектенип, кесибин баалап, кадыр-баркын бапестеп, ушулардын баары текке кетпесе экен деп үмүт кылышкан. Алардын сырткы кебетеси аянычтуу көрүнгөнү менен, ички жан дүйнөсү береги тамекинин жалбырактарынан алынган жаңы түшүмүндөй алтын.


Ош шаарындагы биринчи комсомолдук ячейкалардын уюштуруучулары Касымбековдор. Кенеп, май боек, 138,5х130, 1978

Мына ушул укмуштуудай эмгек жөнүндө белгилүү искусство таануучу Ольга Петровна Попова мындай деп жазат: «Оштогу комсомолдук ячейкалардын уюштуруучулары Касымбековдордун портрети коомдук мазмундун терендиги, көркөм тилинин жалпылыгы менен айырмаланат. Бул портрет-биография Кыргызстандын Түштүгүндө Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы романтика менен курчалган портрет-медитация болуп саналат. Ачык террасада столдо аскер кийимчен жаш жоокер отурат. Жакын жерде чачтары ачык түстүү жубайы жарык түшүп турган дубалдын түбүндө турат. Саратан жайдын кайнап турган маалы, жашылга бөлөнгөн бакча сырдуу көлөкөлөргө толгон. Столго сүйөнгөн жигит бир колу менен башын жөлөп, экинчи колу менен тизесиндеги китепти кармап отурат. Социализмдин жеңиши жөнүндө кыялданып олтурабы? Же өзүнүн жеке турмушу, бактысы жөнүндөбү? Же ажырагыс болуп бир бүтүнгө бириккен баардыгы жөнүндөбү? Жубайы жөнүндө маалымат дээрлик жокко эсе. Тек гана аты-жөнү кыскартылып жазылган бир гана сүйлөм: “1918-1920-жж. Ош уездиндеги партиялык жана комсомолдук ячейкалардын жигердүү катышуучулары жубайлар С.Ф. жана Е.К.Касымбековдор”. Болду! Эмне үчүн Санжарбек Касымбековдун өмүр баянында анын жубайы жөнүндө маалымат жок? Биз болгону боолголой гана алабыз. Маалыматтын жетишсиздиги ар түрдүү божомолдордун жаралышына түрткү берет. Сүрөтчү чачтары ачык түстүү аялдан Россиянын образын көргөн окшойт! Сүйкүмдүү жана чечкиндүү, олдоксон жана жагымдуу. Ыймандын, үмүттүн, сүйүүнүн символу! Жана курмандыктар! Мында улут маанилүү эмес – руханий жакындык маанилүү. Окшоштуктар кызыгуу жаратпайт. Жеңил окулат жана тез унутулат.

Табышмактуу божомолдор эске түшөт… Э.К.Касымбекова кош бойлуу эмеспи? …Баатырдын өзү жөнүндө көбүрөөк белгилүү. Санжар Фозилбекович Касымбеков — өзбек, 1900-жылы туулган (башка маалыматтар боюнча 1902-ж.), Анжиян реал училищесинде билим алган. 1917-жылы туулган шаарына кайтып келген. Ош шаарынын алгачкы комсомолдорунун бири. 1918-жылы большевиктер партиясынын катарына кирген. Түркстан аймагында Совет бийлигин орнотуунун активдүү катышуучусу, контрреволюцияга жана басмачыларга каршы күрөшүүчү. Ош уездинин башчысы. 1924-жылы ноябрда Самарканд областында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Кыргызстандын уезддик-шаардык партиялык уюмдары. (1918-1924) [Текст]: Документтер жана материалдар жыйнагы / КПСС БКнын алдындагы ИМЛ филиалы – Кыргызстан КП БКнын алдындагы Партия тарыхы институту; [Комп.-ред. В. Н. Семенков жана В. В. Санников]. – Фрунзе: Кыргызстан, 1968. – 660 б., 4б.


Социалисттик эмгектин баатыры С.ТЕШЕЕВдин портрети. Кенеп, май боек, 100х80, 1975

Сүрөтчүнүн портреттери тууралуу белгилүү искусство таануучу Ольга Попова мындай деп жазат: “Асранкуловдун чыгармачылыгындагы эң маанилүү сызыгы портрет менен байланышкан. Бул жерде жакын адамдардын камералык образы да, социалдык мааниге ээ инсандардын образдарынын монументалдуу түрдө жогору көрсөтүлүп чечилиши да камтылат… Портреттер композициялык ар түрдүүлүк, олуттуу түс схемасы менен айырмаланат”. Сынчы сүрөтчүнүн мыкты эмгектеринин катарына ушул сүрөтүн да кошот…

Тешеев Сайдила (1925-1985) – Кадамжай металлургия комбинатынын эритүүчү бригадири; Социалисттик Эмгектин Баатыры (1960). СССР Жогорку Советинин, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына шайланган. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү болуп шайланган. Ленин (1960), Октябрь Революциясы (1971), Эмгек Кызыл Туу (1966) ордендери менен сыйланган… Бригадир пролетариат диктатурасынын өлкөсүндө бир топ ийгиликтерге жетишти! Гегемондун фигурасы композицияны жарып чыгып көрсөтүлүп турат! Башындагы шлем менен оң колу алкакка батпай калган! Улуу совет адамы! Портреттик окшоштук сакталып калганын көрүүгө болот: орто жаш курактагы, кызыл жүздүү, кууш көздөрү жана дердейген таноолору. Профессионалдык тандоонун натыйжасында жаралган типтүү образдын дал өзү. Алибеттүү, курч, майтарылгыс жана кайраттуу, күрөктөй чоң күчтүү колдору менен. Мына ушундай эмгекчилдер эч кимге баш ийбейт. Анын артында кудум дубалдай бекем Сезанна тургандай. Кубизмдин артында: цехтер, жабдуулар, жумушчу кийимдер. Бригадирдин жүзү да миниатюралык чакан өндүрүш цехине окшошуп кетет. Бирдей көлөмдө, бирдей мааниде, кудум кызыл чоор сыяктуу. Ал эми чоордун өзү ураан сыяктуу, желек сыяктуу. Бирок пафос иронияга айланып, унутулган замандын каарманы өзүнө тарта албайт. Бечара — бирок башканын кереги жок: бир добуштан добуш берүү үчүн көп акылдын кереги жок. Карикатурабы? Бул дагы дурус көрүнүш, күлкү гана жагымдуу маанай жаратат. Сүрөтчү көргөнүн жазат, анын каарманы өз алдынча жашоого өтүп кеткенде, белгиленген аныктамалардан ашып кетет. Сүрөтчү өзүнүн интуициясын ээрчип, универсалдуу визуалдык жооп берет: баатыр өзүнүн чектелүү убактысында гана баатыр болуп эсептелет.


Эрдик жөнүндө аңгеме. Кенеп, май боек, 100х114, 1977

Ай тоолорду, жайлоонун боорлорун жаркыратып тийип турат. Аялдар көшөгө артында калган сыяктуу, кечки тамактан кийин жыйналып жаткан учуру. Чоң киши балдарга эрдик жөнүндө айтып берүүдө. Ал көрүүчүгө далысын салып жерде жатат, бир колу жерге таянып, экинчи колу менен жаңсап бир нерселерди айтып атат. Анын маңдайында үч бала отурат. Биринчиси таң калгандан оозун ачып алган, экинчиси көрүүчү тарапка тынчсызданып карайт, үчүнчүсү улуураак, анын эмоциясын байкоо татаалыраак. Темасы, аталышы жана сюжети жөнөкөй, түшүнүктүү, расмий түрдө бекитилген, бирок сүрөттүн тили стандарттуу эмес! Бул социалисттик реализм эмес — бул ирониянын элементтери камтылган кооз примитив. Айтуучу баатырга окшобойт, акынга да окшобойт. Айтып берип жаткан окуясын колунан келишинче кооздоп айтып берип жаткандай, албетте, ортодо оюнан чыгарып кошуп да жибериши толук ыктымал. Окуя эмне жөнүндө болушу мүмкүн? Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктер жөнүндөбү? Же элдик баатырлар жөнүндөбү? Балким баары аралашып кеткендир? Чынгыз Айтматовдун айтылуу Жамийла повестинин каарманы Данияр согуш тууралуу сөз кылганды жактырчу эмес. Бирок андан бери 30 жылдан ашык убакыт өттү. Баяндамачы салгылашуулардын катышуучусу болушу да мүмкүн, бирок бул эч кандай ачыкка чыкпайт. Кандай окуя жөнүндө болсо да, бул жерде филармониянын жаркыраган сахнасы жана буржуазиялык пафосу жок. Мында концерттик залдардын да кереги жок! Фантастикалык тоолор, зор шыктануу менен айтып жаткан баяндамачы, таң кала оозун ачып угуп олтурган угуучулар – ушулардын баары балдарды каармандыкка жана адилеттүүлүккө үйрөтүү үчүн жетиштүү нерселер… Ошол кезде мода болгон күчтүү романтика да байкалбайт бул жерде. Сөлөкөттөр жана тоолор оюнчук сыяктуу күлкүлүү көрүнөт. Мына ушундай стандарттуу көрүнбөгөн чечмелөөгө ишенесиң. Ар бир адам өнүккөн социализм жөнүндөгү расмий жалгандардан тажап, эң жөнөкөйгө: формага, сезимге, ойго бурулду. Ал эми кыргыздын жан дүйнөсүн эки гана нерсе таң калтырып, сый-урматка бөлөп турат – бул төбөңүздөгү тоолор жана эрдик жөнүндөгү аңгемелер!


Ит менен бала. Картон, темпера, 69,5х49,5, 1972

Боз үйдүн жанында колунда кызыл алма кармаган бала турат, ал көрүүчүнү карайт, анын жанындагы ит баланы карап, анын колундагыдан бир үзүм тиер бекен деп күтүп турат. Боз үйдүн ары жагында далысын салып кызыл көйнөк, жеңи жок күрмө кийген кемпир отурат. Алыс жакта, дарыянын жанында, чоктой кызыл талаанын фонунда ак чака көтөргөн көк кийимчен аялдын келбети көрүнүп турат. Мында алтын түстүү охра басымдуулук кылат, ачык жана кара түстөр чоң штрихтер менен атайылап колдонулганы байкалат. Күчтүү басым менен түшүрүлгөн: асман, тоолор, боз үй. Көк жана кызыл түстөгү тактар ​​жана чекиттерге басым жасалган. Сүрөттүн примитивдүү тартылганы энергия кошуп турат. Сүрөтчү композициялык курал катары арыдан бери эптей салган “илендиликти” мыкты өздөштүргөн! Ал форма менен кандай гана ишенимдүү иштейт! Ал негизги нерсени билет. Негизгиси — жөнөкөй сүрөттүү сюжет. Мастердин колунда ал бийик учат! Эл өз иштери менен алек, бала эс алып жатат, ит күтүп жатат: балким, адамдар ага даамдуу бир нерсе берип калабы? Албетте берет! Карапайым эл багат! Кедейлер эч кимди ачка калтырбайт. Ааламдагы жалпы тынчтык жана бейпилдик сезими өзүнө тартат. Бул кыргыздын экзистенциализми! … Бир жылдын ичинде ар кандай иштер жасалат. Бири түштүктө, экинчиси борбордо. Бири жарык, экинчиси — караңгы.

Экзистенция жана декаденция. «Ит менен бала» жана «Замандаштын портрети». Эки сүрөт тең башкалардан бирдей айырмаланып турат. Алар жөнөкөй, примитивдүү, күчтүүрөөк, чынчыл. ХХ кылымдын 70-жылдарында Кыргызстанда, СССРде чирип бараткан өнүккөн социализмдин салтанат курган доорунда кыргыз сынчыл модернизми башталат.


Натюрморт. Кенеп, май боек, 49,3х67, 1970

Чыгарма Василий Суриков атындагы Москва искусство институтун аяктагандан бир жылдан кийин жазылган, бирок композициянын таптакыр тарбиялык мааниси жок. Композициянын борбору — хризантема, орхидея, лаванда, шалфей сыяктуу гүлдөрдүн топтомунан турган букеттен түзүлгөн. Кытай вазасы — вертикалдуу огу. Алма, айва, хурма горизонталдуу сызыкта жайгашкан. Сары хризантемалар ылдый салаңдап мөмө-жемиштерди жыттоого умтулуп жаткандай. Тамаша…. Вазага тартылган гүлдөр, табигый гүлдөр жана мөмөлөр тик үч бурчтукту түзөт. Охра кооздугу чопо топуракка көбүрөөк окшош — ал бардык элементтерди бириктирип турат. Топуракка чулганган гүлдөр жана жемиштер — бул жерде автор өзгөчөлүгүн көрөт! Сезанндын таасири талашсыз. Бирок биздин сүрөтчүбүз андан ары тереңирээк кеткен — фон материалдык гана эмес, ал үстөмдүк кылып турат! Ал жандуу, динамикалуу, соккулардын энергиясынын аркасында кызыктуураак көрүнөт. Штрихтер башкача жантайып берилген! Мына ошол жерде өзгөчөлүк бар! Жантайыңкы берилген штрихтер хризантема сабагы менен айкаштыкты түзөт! … Фон предметтерге караганда ири бадырайып берилген! Логикага каршы! Кабыл алуу мыйзамдарына каршы! Адаттан тышкары! Жаңы! Бул техника чыгарманы уникалдуу кылат, бирок … маанисине маани кошоору күмөн. Келечекте автор объектилердин өздөрүн «чоңойтуп» бере баштайт, андан кийин андан дагы татаал идеялар пайда болот.


Эне. 58,5х51,1, 1969

Бул эмгекти автор Василий Суриков атындагы Москва сүрөт институтун аяктаган жылы жасаган. Эненин чарчаңкы жүзү көрүнөт, анын каректерин ылдый түшкөн. Анын башында жөнөкөй ак жоолук, жонуна кочкул жашыл түстөгү жөнөкөй көйнөк кийген. Эч кандай көнүмүш оймо-чиймелер көрүнбөйт. Сүрөтчү символду түзүү үчүн ашыкча нерселердин баарын алып салган, мында ак түс — ойдун тазалыгын, жашыл түс – жөнөкөй, карапайым дыйкандын жашоосун көрсөтүп турат. Монументалдык композиция, боектун бир кылка түрлөрү менен тартылган олуттуу текстура, жалпыланган формалар. Бирок бул жерде мындан да чоңураак,  олуттуу нерсенин фрагменти камтылган деген сезим кетпейт. Баардыгы атайылап ушундай жасалгандай. Аны толуктап, кеңейтип, тереңдетсе деле болмок. Лукас Кранах аксакалдын портреттери эсиңе түшөт. Немис сүрөтчүнүн протестанттык жөнөкөйлүгү бар! Ал эми биздикиндечи? Бул олуттуу стилдин уландысыбы? … Же балким, баары жөнөкөй эле болуп жүрбөсүн. Жаш сүрөтчү ишенет: эне жөнүндө ашыкча сентименталдуу нерселерди кошпой, жөн гана айтуу керек. Эне – талыкпаган эмгек, адилет жашоо, бийик руханият. Андан бөлөк эч нерсенин кереги жок. 


<= 11-ЧЫГАРЫЛЫШ                                                    13-ЧЫГАРЫЛЫШ =>


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Гамал Бөкөнбаев

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *