КӨРКӨМ ӨНӨР БИЗДИН ТУРМУШТА

ГАМАЛ БОКОНБАЕВ. 6-ЧЫГАРЫЛЫШЫ: СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ. 6-БӨЛҮМ. Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КУСӨМ КОЛЛЕКЦИЯЛАРЫНА ЖАСАЛГАН ОБЗОР

Көркөм сүрөт таануучу Гамал Боконбаев Гапар Айтиев атындагы Мамлекеттик көркөм сүрөт музейдин коллекциясы менен тааныштырууну улантат. Бул музейдеги белгилүү сүрөтчү жана кыргыздын сыймыктуу актерунун чыгармачылыгына арналган циклдин акыркысы өңдөнөт. Анын иши ушунчалык жемиштүү болуп чыкты, ошондуктан биздин обзорубуздун бир нече бөлүгү менен чектелүүгө болбойт. Кийинки баяндама музейдеги башка авторлордун эмгектерине арналат.

Окурмандарыбыз көркөм сүрөт жөнүндөгү биздин баяндамаларга өздөрүнүн суроолорун жана комментарийлерин жазып калтырышса, кубанычта болобуз.


Майрам. Кенеп, май боек, 117,3х141,5, 1987

Майрамга ар түрдүү курактагы аялдар бири-бири менен көрүшүүгө, баарлашууга, балдарын жана неберелерин көрүп кубанычтарын бөлүшүүгө чогулушкан. Алар алма бактын түбүндө төшөлгөн килем, шырдактарда отурушат. Оймо-чиймелер жана түстөрдүн чыгыш калейдоскобу басымдуулук кылган ачык, кооз кийимдеринен майрамдагыдай жасанып алышканы көрүнүп турат. Ортодо жайылган дасторкондо жалгыз гана чай көрүнөт. Алардын арасынан концерттик кийим кийген кыздын сөлөкөтү бөлүнүп турат. Мамлекеттикпи же үй-бүлөлүкпү, айтор, ошол жерде белгиленип жаткан майрамдын алып баруучусундай көрүнгөн ал кыз башкаларды үстүртөдөн карап тургандай. Жаз майрамына окшобойт, түшүм майрамы болсо керек. Тынчтык жана токчулук, бейпилдик жана береке, энелик жана балалык… 80-жылдан баштап сүрөтчүнүн тукум куучулук илдети кескин күчөп кеткендиктен, догдурлар суюктукту ичүүсүн чектешкен. Ошондон улам, ал дайыма каны катып суусап турган. Анын таасири катары идиллия каалообу? Өзүнүн кыялын ишке ашыргысы келгениби? Энелер, байбичелер, балдар – булардын баары чоң үй-бүлө. Сүрөттүн ортосундагы чоң эненин колунда небере – ушунчалык сулуу, күчтүү, сүйүктүү, уруусунун жана атасынын ишин улантуучу, мураскери. Сүрөтчү ага өзү бала кезинде куру калган — ден соолуктун символу жана кубанычтын булагы болушун каалап жатат. Оору басаңдайт. Бирок гармония бузулган.

Эмне үчүн чоңдордун баары аялдар болду экен? Алардын жүздөрү ар кандай сүрөттөрдөгүдөй ар башка. Сөлөкөттөр пропорционалдуу эмес. Оң жактагы чоң эненин колдору укмуштуудай чоң экен. Сүрөттөгү ким? Алар сүрөтчүнүн жакындарыбы? Же ар түрдүүлөрбү, символдорбу? Суроолор көп, баарына жооп бере албайсың. Бул, кыязы, сүрөтчүнүн эң сырдуу иши болсо керек. Ал тайманбастык менен эксперимент жасап, тобокелге салып, калыптанып калган стереотиптерди талкалаганга батынып отурат, бирок 80-жылдардын аягында түбөлүктүүлүктү козгоп көрүү каалоосу пайда болду. Бирок андан эч майнап чыккан жок. Аны олку-солкулуктун жана кемчиликтердин коомунда ишке ашырууга мүмкүн эмес болчу. Ал кайда жана кайсы убакта жашары талантты кызыктырбайт. Чыныгы сүрөтчү үчүн эксперименттин өзү түбөлүктүү жана анын кандай бүтөрү маанилүү эмес.


Чоң-Таш жеринде. Кенеп, май боек, 122,5х249, 1972-1981

Улуу социалисттик реалисттик сүрөт. Чон тема — чабындыдагы дыйкандар жумушчулар классына коммунизмди курууга коллективдүү жардам берип жатат. Тагыраагы, жардам берип бүтүштү: жумуш күнү да аяктап, чөптүн көлөкөсүндө эс алууда. Алар жөн гана эс албай, маданий денгээлин жогорулатууда. Жанына айрыларын коюп коюшуп, бут кийимдерин чечип алышкан. Күн батып баратат, алыстан тоолор көрүнөт, тоонун боорунда жылкылар жайылып жүрөт – кереметтүү пейзаж (автор өзү ошол жердик болгондуктан, бул жерлерди жакшы билет). Топтошкон чоң топтун борборунда жаш агроном турат. Агроном болсо керек. Шаарда окуп, ал жактан “башкы нерселер тууралуу жаңы ырларды” алып келип, комузда чертип жатат. Аны бардык курактагы көрүүчүлөр кызыгуу менен угуп турушат. Жаштар аябай таасирленип угуп жатканы байкалат! Экинчи чаканыраак топ обочолонуп турат, бул жерде жалаң карылар, алардын маанайы башкачараак. Улуу муундун өкүлдөрү алаамат заманды, салтанаттуу ырларды укпай кеткендерди эстеп турушат. Анда эмне үчүн алар четке сүрүлүп калды экен? Көлөкөдө? Балким, булар коллективдүү эмгектин натыйжалуулугунан шек санагандар болуп жүрбөсүн? Коммунизмдин биротоло жеңишине ишенбейби? Картина өнүккөн социализм доорунда жаралган жана мындай көркөм эркиндиктерге жол берилген. Же байкалбай калгандыр… Азыр сүрөтчүлөр мындай эки ача иштерди жасаганды билишпейт, кантип жасаганды унутуп калышты.

Социалисттик реализм коммунисттик жетекчилердин жактыруусуна ээ болгон эң начар чыгармалар менен бааланат. Чындыкты, балким, эрксизден сындаган сүрөттөрдү алар түшүнүшпөйт… Түшүнүксүз, табышмактуу жерлер да болгон, убакыттын өтүшү менен алар эң маанилүү болуп калат. Карылар кимди эстеп тунжурап турушат? Каардуу 1916-жылы жазыксыз курман болгондордубу? Сталиндик репрессиянын курмандыктарынбы?

1991-жылдын жай айларында Кыргызстандын борборунун чет жакасындагы Чоң-Таш айылына жакын жерде адамдардын сөөктөрү массалуу көмүлгөн жер табылган. 2000-жылы бул жерде сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган Ата-Бейит мемориалдык комплекси түзүлгөн; ал эми 2016-жылы 1916-жылы курман болгондордун мемориалдык эстелиги курулган. Демек, Советтик Кыргызстанда жаралган эц сонун социалисттик реалисттик живопись такыр башка мааниге ээ болот… Баса, агроном картинанын авторуна, балким, анын бир тууганынабы, абдан окшошуп турат…


Шаардын сыртында. Картон, май боек, 59,7х 79,8, 1983

Ачык жерде, бак-дарактардын көлөкөсүндө үч эс алуучу жайланышып отурат. Кара шымчан эки киши чөптүн үстүндө жатат. Ак юбка кийген аял жерге абайлай отурду, аны дарактын сөңгөгү бир аз тосуп турат. Ортодо жайылган дасторкон, тегерегинде идиш-аяктар жайылган. Жакын жерде агып жаткан арык көрүнөт. Төмөндө балким көрүнбөгөн дарыя бар болсо керек, андан ары колхоз талаалары жайылып кетет. Жайдын ачык күнү, асман чайыттай тунук, бирок али ысый элек. Калың жашыл шиберден эртең мененки муздак аба урат. Асман дагы муздай тунуп көпкөк. Көктөм аз-маз жылуулуктун илебин таратып жаткандай, бирок, түпкүрүнө кире электей, үстүртөдөн жайылып турса да, күндүзү кайнаган ысык болору анык. Жолдун боюндагы бак-дарактардын көлөкөсү талааны каптап баратат.

Жолдун жээгинде этюд тартчу жабдыгы менен сүрөтчү турат. Чакан компания шаардан сыртка эс алууга чыккан. Артында иш, түйшүк, көйгөйлөр, куру бекерчиликти таштап чыгышкан, а бул жерде жай баракат эс алып, жата аласың… 1980-жылдары советтик жарандын бакубатчылыгы өсүп, коммунизмди куруу үчүн гана эмес, эс алышы керек, эң жакшысы, жаратылыш койнуна чыгып, жыргалчылык көрүшү керек деген түшүнүгү да өскөн. Бактыга жараша, кызыл “копейка”, ВАЗ 2101 машинасы бар. Айтмакчы, ал жакка кантип кирген? Мүмкүн, сол жакта кире турган жол бар болсо керек, ал балким сүрөткө батпай калгандыр.  

«Көк шибердеги эртең мененки тамактануубу»*? “Жол жээгиндеги пикник”** сыяктуу. Бир визуалдык табышмак бар: түз сөңгөк, башка сөңгөктүн алдында турат, андан кийин артында калат. Бул эмне? Кыйытуубу? Композициянын негизин адам менен жаратылыштын, борбор менен айлана-чөйрөнүн карама-каршылыгы түзөт. Бирок — бул СССР жана карама-каршылык конфликтке айланбайт — комсомолдук пафоско айланат! Адам жана анын Ата мекени! Бизде толук канааттануу жана айлана-чөйрө менен гармония жагынан баары жакшы! Анан сүрөтчү эмне кыла алат? Ал адамдар жаратылыштын кожоюну эмес экендигин, алар анын акылсыз балдары экендигин эскертти. Шайыр жана ойноок. Бүгүнкү күндө республикада жаратылышты укмуштуудай тездик менен булгап жатышат! Ал эми мындай “жол жээгиндеги пикниктер” бизди мурдагыдай кубандырбай калды.

*”Көк шибердеги эртең мененки тамактануу” – деген аталышта сүрөтчү-импрессионист Эдуард Мане жана Клод Моненин эки картинасы белгилүү. Обзордун автору Гамал Боконбаев алардын кайсынысын айтты болду экен? Бул комментарийди окуган окурман интернеттен картиналарды тапкан соң, өзүнүн жеке пикири пайда болот деп ойлойбуз.

**”Жол жээгиндеги тамактанууБир туугандар Стругацкийлердин 1972-жылы жарык көргөн фантастикалык повести, ал жарык көрөр менен укмуштуудай популярдуулукка ээ болгон. Көптөгөн тилдерге которулган. Атактуу режиссер А.Тарковский повесттин негизинде “Сталкер” деген белгилүү фильмди тарткан.


Фазан менен пейзаж. Кенеп, май боек, 59,2х79, 1986

Көз алдыбызда токой талаасы мелтиреп жатат. Дарыянын жайылмасында чытырман бак-дарактар: клен, терек, тал, кайың… Ошондой эле бадалдар: барбарис, чычырканак, чымчык алча… Охра түсү басымдуулук кылат. Чакан жайытка укмуштуудай ар түрдүү бак-дарактарды батырганын айт. Жалбырактардын жана бутактардын жыштыгынан өзүнчө эле чытырман уюк пайда болгондой. Жыш көлөкөдөн улам жер алды абдан караңгы. Балким, кээ бир бутактарда, нымдуу кардын ак тактарынын изи калгандыр. Балким бул өңү өчкөн боёктун изи болуп жүрбөсүн… Же гүлдөп жаткан гүлдүн өңүдүр? Бул эрте жаз! Бул күз эмес. Саргайып турган жалбырак эмес, кандайдыр бир жашыл түстүү нерсе турат, бак-дарактар ​​жана бадалдар үлпүлдөп ак болуп турат.

Өзгөчө бир керемет! Эми эмне үчүн түстүү кыргоолдун токойдун четине — сүйүү окуяларын издеп чыкканы түшүнүктүү! Көзүнүн айланасында кызыл шакекче, башы жана моюну алтын-жашыл, узун куйругу тик турат. Андан башка дагы эки канаттуу көрүнүп турат, … бул бир сүрөт үчүн өтө көптүк кылат. Же, балким, сүрөтчү бир эле окуянын ар кандай мезгил аралыгын айкалыштыргандыр? Сүрөт тартууда көбүнчө ушул ыкма колдонулат. Кыргоол ээн талаага учуп чыгып, даракка конду да, анан андан ары биротоло учуп кетти. Бул канаттуу адатта бадалдарга жашынганды жактыргандыктан, дарактарга сейрек конот, өзгөчө учурларда гана учат. Тынымсыз өзгөрүүлөргө бай жаз!

Же, балким, аны сары көздүү коркунучтуу кара көлөкө чоочутуп жаткандыр. Балким үкү? Океандын тереңдиги кооптуу көрүнгөн сымал, калың бадалдын арасы коркунучтуу көрүнөт, андагы бизге белгисиз жашыруун сырлар кол булгалап азгырып, өзүнө чакырып жаткандай. Алар ачык кызыл, кызгылт сары жана көк түстөрү менен өзгөчө жаркырап көрүнөт. Адатта ушундай эле болот: эң кызыктуу нерселердин баары кабыкчанын артында бизге көрүнбөй жашырынып калган. Сүрөтчү сырткы бетинде эмне бар экенин сүрөттөп берип, кыргоол жөнүндө сюжет аркылуу кең мейкиндикти кыйытып көрсөтө алган.


Гүл ачуу. Картон, май боек, 60х79, 1987

Топтошкон кой-эчкилер күнөстүү жайлоодо жайылып жүрөт. Айланасы чылкый бак-дарактар жана бадалдар. Акация жана четиндин ак гүлдөрү. Андан алыс эмес жерде ээр токулган ат турат, анын шыйрактары чөптүн арасынан көрүнбөгөндүктөн, бою жапыс көрүнөт. Сол жагында чоң эчки багып, талдын назик жалбырактарын жеп жатат. Андан ары карарган эки сөлөкөтү көрүнөт, ал эчкилер, бирок алар адамдардай сезилиши мүмкүн. Эл көрүнбөйт. Жаздын кызып турган кези: көз уялта жаркырап тийген күн, жашыл шибер, жайнаган гүлдөр. Көктө көгүш тарткан асмандын бир үзүмү жана чытырман жыш жалбырактардын арасынан ачык кызгылт сары дөбөлөр көрүнөт. Негизинен дарактардын таажылары ак жана жашыл шарлардан тизилген.

Вертикалдуу созулган эллипстер бар. Бадалдардын формасы татаалыраак, жерде чөп көрүнөт. Динамикалык композиция вертикалды кармап турат! Сүрөттүн огунда жайгашкан эки терек асманга карай чексиз созулуп кеткендей. Жарым жартылай тегеректүү талдын бутактары борборду өзүнө карай бекем тартып турат — бир терек жүгүнгөндөй бери карай ийилген, бирок ашыкча ийилгени көрүнбөйт. Сүрөттөгү чоң-чоң бадырайган чийимдер жалпылап тургансыйт, бирок бүтүндүк сезилбейт! Түстөрү өтө эле ачык көрүнгөн ак тактар. Эбелектей жеңил жарык абага сыйбай калган. Жылкыдан тартып сол жактагы кара текеге чейинки абалды сүрөттөгөн сызык гана абалга бир аз тактоо киргизип тургандай. Бирок баары бир башың маң: жарык кайда кеткен? Көлөкөлөр кайда?

Ак түстү ого бетер агартууну каалаган сүрөтчү жашыл түстү карартып салгандыктан, боз көлөкө жарыктан ачыгыраак көрүнөт. Мына кеп каякта жатат! Бул — формасы, мейкиндик логикасы жана … тажатма эрежелердин бузулушу. Ак шарлар жарык тийген күндө жаркыраган софиттей күйүп турат. Ал эми жашыл чөптөр тик кулак «коёндой» көрүнөт. Мына эми сен каалагандай болду – жайнаган гүлдөрдөн көз тайгылат! А сен дагы эле түшүнбөй, башың маң: эчки кайда кетти? бутактары канакей? … Айтмакчы, эчкилер биздин салондун сүйүктүү мотивине айланды. 


Павлиндер. Картон, май боек, 57,5х74,5

Автор 70-80-жылдардагы пейзаждарда жана натюрморттордо модернисттик живопистин принциптерин тайманбай колдонот. Сүрөтчүгө алар жеке милдеттерин чечүү үчүн керек болчу: ал сулуулуктун көз ирмемдерин тез жеткирүүгө, актёр да, сүрөтчү да болууга үлгүрүүгө тийиш. Ал эми модернизм — бул жыйырманчы кылымдын кол жеткис мезгилин кармап калууга аракеттенген ылдамдык. СССРде бул негизинен формалдуу табылгалар, идеяларда олуттуу эч нерсе жок. Бул социалисттик реализмдин койнундагы «бөтөн» көрүнүштүн өнүгүшү эмес. Советтик модернизм — бул химера — ишке ашпаган кыял! Балким муну сезген сүрөтчү тамашалап, павлиндин куйругундай куйруктуу үндүктөрдү тартып жаткан болбосун? Бул канаттуулар жакын туугандар, бирок аларды чаташтыруу кыйын. Сүрөтчү баяндаган окуя дарактын көлөкөсүндө орун алган.

Бул жерде жай баракат сейилдеп жүргөн кара кочкул, ачык көк, ак түстүү укмуштуудай канаттуулар павлинге караганда үндүктөргө окшош. Канаттуулардын түзүлүшү бутактардын түзүлүшүнө түспөлдөшүп кетет. Өзгөчө бажырайган жыш бутактардын түзүлүшү сыйкырдуу көрүнөт, бирок алар баары бир сөңгөктөн чыгат эмеспи, ал эми канаттуулар өз алдынча ары-бери басып жүрөт, бирөөсү бийик учуп чыкты. Кыл калем чебери муздак тунук жашыл чөптү бизге жакыныраак кылып, сары-кызгылт түскө чөмүлгөн жерди андан ары жайгаштыра алган… Бутактарды, канаттууларды салыштырып көргүлө… Ошондо болгон идея ушулбу? Таң калыштуу! Ушундай абалдагы өлкөгө… эксперименттердин кереги жок эле. Чакан сүрөттөрдө-этюддарда бир нерселерди кыйыткан химераларды* тартып шакаба чексе болот, бирок андан ашык эмес. А балким, муну жакшы түшүнгөн сүрөтчү бул ишинин аягына чыкпай койгондур.

*Химера — грек мифологиясында арстандын башы жана мойну, эчкинин тулкусу жана жылан түрүндөгү куйругу бар от менен дем алуучу желмогуз; мифологиялык каармандар Тифон жана Ехиднанын жаралышы. Бул сөз көбүнчө каймана мааниде – акылга сыйбаган, ишке ашпай турган идеяны билдирүүдө колдонулат.


Чак түш. Картон, май боек, 16х25, 1962

Этюдду Ленинграддагы живопись, скульптура жана архитектура институтунун студенти тарткан. Аны борбордон анча алыс эмес жерде жайгашкан кичи мекени Чоң-Таш айылында каникулда жүргөндө жасаган. Адамдардын чакан тобу бакчада, алма бактын көлөкөсүндө, жууркан, жаздыктарда жай баракат эс алууда. Булар жакын адамдар, өздөрүн эркин сезип отурушат. Бекер отурган жери жок, алар ысыктан корголоп отурушат. Аптаптуу жайдын толуп турган маалында, чак түштө иштөөгө мүмкүн эмес. Чөптүн үстүндө жаздык жазданып жаткан жигит комузда күү чертүүдө. Анын арртында, көрүүчүлөргө далысын салып бир кыз уктап жатат.  Алардан обочороок жерде орто жаштагы аял бир нерсе менен алек болуп отурат, бөкчөйүп отурганына караганда, чарчагандай түрү бар…

Кыз сүрөтчүнүн карындашы болушу мүмкүнбү? Толук мүмкүн, НАСИКАТ 1942-жылы туулган, 20 жашта. Жигит улуу агасы болушу мүмкүнбү? 1936-жылдагы СҮЙӨРКУЛ болушу мүмкүн, ал 26 жашта. Ал кезде баары абдан жаш эле… Жашыл шалбаанын ортосунда күрөң сөңгөк жана таажы сымал тегерек көлөкө бар. Аба ысык болгондуктан айлана да жап-жашыл болуп ысып чыккан. Ал эми ортодогу кочкул жашыл тарткан салкын аралда түркүн түстүү кийимчен адамдардын тобу отурат. Алардын так ортосунда жаткан жаздык көзгө урунат. Жалбырактардын арасынан аралап өткөн күндүн нурлары ар кайсы жеринде ар кандай түзүлүштө чагылышат. Гүлдөрдүн жана түрлөрдүн карама-каршылыгы айылдык үй-бүлө бейкуттугун бузуп, романтикалуу көрүнүштөрдү аралаштырып жандандырып жибергендей: жай, Ленинградда окуган агасы келди, ал чыгармачылык менен алектенет, түркүн түскө жамынган бак-дарактар, жаштык кез жана жагымдуу жаңырган обон… Болочокто сүрөтчү мындан да радикалдуу болот.


Чак түш. Картон, май боек, 55,5х72,5, 1986

Европалык модернизмдин көптөгөн формалдуу жетишкендиктери колдонулган: импрессионизм, пуантилизм, сезаннизм, поп-арт жана примитивизм*. Албетте, бул советтик живопись, аны, мисалы, өнүккөн социализмдин советтик модернизми** деп атоого болот. Импрессионизм булуттар жана тоолор, сары жарык жана көгүш көлөкө. Ортодо жайгашкан дарак — цезаннизм жана бир аз кубофутуризм. Алдыңкы планда примитивдүү түрдө тартылган үндүк, бадал жана көптөгөн башка нерселер. Чоң типографиялык растрды имитациялоо эстрадалык искусствонун ыкмалары – поп-артка таандык болушу мүмкүн. Жана да авангард живопись чыгармасынын кездемесинде графиканы камтыганын эске салсак болот… Эмнеси өзгөчө? Бул жерде формалдуу жетишкендиктердин нак өзү колдонулган. Мында нормадан четтөөлөргө суктанган модернизм идеологиясы жок: түстөрү, формалары, методу.

Батышта ал эбак эле классикага айланган, ал классикага айлангандан кийин СССРде алгылыктуу болуп калган. Бардыгы талаш-тартыш идеяларды эбак эстеринен чыгарып коюшту. Бул жерде постимпрессионизм, символдордун маанисине каныккандык байкалбайт. Белгилүү бир советтик бейпилдик бар. Бул чыгарманы постмодерндик живописке байланыштырууга болобу? Болушу мүмкүн! Бирок бул жарыяланган модернизм-постмодернизм эмес, эч кандай көркөм сын талаш-тартыштар болгон жок, суроолор көп…

Кара түс менен, контурдун кереги жок, жашасын көгүш көлөкөлөр. Негизгиси — кызыктуу оюн, ал эми чындык эргүү булагы болуп саналат. Советтик сүрөтчүнү эби жок, эскиздик деп айыптоого болот. Улуу актер өзүн-өзү актап тургандай: анын кылдат иштөөгө убактысы жок болчу, ага киного тартылуусу тоскоол болуп жаткандыктан, табияттын кубулуштарын убагында тез тартып калыш керек.

* XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында пайда болгон жана гүлдөп өскөн европалык көркөм искусствонун багыттары көрсөтүлгөн

**Өнүккөн социализм — 1977-жылдагы СССРдин Конституциясы социализмдин теоретиктери анын эң жогорку баскычы деп эсептеген “өнүккөн социализмдин” этабына жетишкенин жарыялаган.


Кара-Көлдүн жээгинде. Картон, май боек, 49х80, 1980

Бул көрүнүш жогору жактан көрүнгөн көрүнүшпү, балким дөбөдөнбү? Биздин көз алдыбызда бир катар чакан дыйкан чарбалары тизилип турат: үйлөр, бастырмалар, тосмолор. Короонун төр жагынан меш көрүнөт, жол боюнда тезектер жатат. Ар кайсы жерде таштар чачылып жатат, ошондон улам бул жер таштактуу, тоолуу жер экендигин аңдоого болот. Эч жерден бир да дарак көрүнбөйт. Жалпак тамдын үстүндө үндүк басып жүрөт, ал кара текеден качып чыккандай түрү бар. Ал төмөн жакта, аштоонун жанында турат. Композициянын ортосунда тоодой үйүлгөн чөптүн чөмөлөсү, анын фонунда кудум башка чөйрөдөн келип калгандай көрүнгөн бала турат. Жолдо карылар, аялдар көрүнөт, алардын арасынан бир жигит көзгө урунат. Саркеч кийинген шаардык көйрөң жигит, анын ак көйнөгүнүн жакасы күрмөсүнөн агарып чыгып турат. Алардын баарысы бир нерсени күтүп жаткандай, бир тарапка суктанып карап турат… Жердин сары түсүн кочкул көк асман толуктап турат. Ал каралжын тарткан күздүн белгиси.

Бардык буюм-тайымдарды чагылдырып, жолду кызыл-охра түскө боек чачат. Түстүү акценттер бар (аларсыз кантип болмок эле) — бул жашыл, кызыл, көгүш өңдүү кийимдер.

Кыргызстандын живописинде түштүк темасы абдан жакшы өнүккөн. Мыкты табылгалар бар! Бирок убакыттын өтүшү менен алар бири-бирине окшош, бири-бирин кайталаган сулуулуктун жыйындысына айланган. Сүймөнкул Чокморов бул эмгеги менен түштүктү түшүнөрүн, башка чөйрөдө, башка ыкмада иштей аларын далилдеди. Мындан тышкары, ал маанисин көрө билет! Ал форманы турмуштук байкоолор, философия, драма менен толтурганды билет… Балким, сүрөттөгү адамдар баласын (агасын, небересин) узатып, өз маалында каттап турчу автобусту күтүп жатышкандыр. Жигит окууга кетип баратат, ал кыязы, бул жерди биротоло таштап кетип баратат. Ушунчалык кызыктуу, ушунчалык фантастикалуу жерди! Бирок адамдар борборду карап… суктанып турушат.


Кара-Көлдөгү короо. Картон, май боек, 48,5х76,6, 1980

Күз. Бак-дарактар, бадалдар саргайып, жалбыраксыз жылаңачтанган бастырмалардын түзүлүшү ачык көрүнүп калган. Тик турган тосмолор жана мамылар тигинен кеткен сызыктардай көрүнөт; кайчылаш жайгашкан устундары жана сабагы — горизонталдуу. Ал түз сызыктардын көлөкөсү жерге, короонун дубалына түшүп турат. Баары биригип таң калыштуу оймо-чиймелердин торуна айланышты. Уникалдуу көрүнүш! Бастырманын түзүлүшү пейзажды майда бөлүктөргө бөлүп салган. Бул тема сүрөтчүгө дем берди! Бул абстракционизм деп жарыяланган эмес — бул социалисттик реализм доорунда жаралган этюдга башкача мамиле жасоо. Сүрөтчү өзүнө формалдуу милдеттерди коё баштайт. Ал эми адамдар бул жерде композициянын элементтери катары катышууда: кызыл көйнөк кийген аял, көк жемпир  кийген секелек кыз. Алардын эмнени ойлоп жатканын айтуу кыйын. Күзүндө ойлор да эс алат… Сүрөтчү өз ара аракеттенүүлөрдү: объектилерди жана көлөкөлөрдү, торлорду жана боштуктарды, формаларды жана контрформаларды изилдеп көрүп жаткандай. Ошол эле учурда ал жаратылышка болгон сүйүүсүн ачык тунук боектор менен майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруп, жөн гана этюд тартып жатат. Көбүнчө расмий изилдөөлөрдөн «эч нерсе жөнүндө» деген аталыштагы схемалар гана калат. Ал эми сүрөт ар дайым салтанат курат!

Кара-Көл – Кыргызстанда жайгашкан Жалал-Абад облусундагы шаар. Ал 1962-жылдын 16-июнунда Орто Азиядагы эң ири ГЭС — Токтогул ГЭСинин гидроку-руучуларынын поселогу катары пайда болгон… Бул шаарда сүрөтчүнүн назарына… короо түшкөн. Бул түштүк пейзажы чөп үймөктөлгөн бастырмага мүнөздүү чатырды эске салат. Ал арткы планда көрүнүп турат. Жемиштер жана мөмөлөр үчүн ыңгайлуу кургаткыч.


Эшек менен короо.  Кенеп, май боек, 51,5х51,5. 1984-1985

Жөнөкөй этюд. Чатырдын астына эшектин “үй-бүлөсү” жайгашкан. Атасы, апасы жана кичинекей кодолек. Алар бирин-бирине ыкташып жакын турушат. Колуна айры кармаган аксакал аларга чөп салуу үчүн жанына барды. Айылдагы короолорго тиешелүү көрүнүштөр: дубалдар, чатырлар, жыгач тосмолор, жылаңач бак-дарактар, жер жана көк асман. Кыязы, эрте жаз болсо керек: түстөр жаз күнүндөй жана үй жаныбарлары адатта февраль айында туулат. Этюд тунук боёктор менен боёлгон: охра, күрөң, көк түстүү. Сүрөтчү энеси менен кодолегинин үстүнөн бир сыйра боек сыйпап өткөндүктөн, алар киргилтим тартып турат.

Кыргыз ССРинде сүрөтчүлөр маанайдын жана мотивдердин этюддарын жан дили менен тартышкан. Алар көп деле мааниге ээ эмес болсо да, байкоолору, композициясы, түстөрдүн жана фактуралардын айкалышуусу аркылуу кызыгууларды жараткан. Ага сиз өзүңүз кайгылуу окуяларды кошуп койсоңуз болот: Балдар чоңоюп, туш тарапка кетип калышты. Карыя жалгыз калды. Үйдө жалгыз отура албай, кыштын узун күндөрүнөн кийин бактылуу үй-бүлөнү көргөнгө келди. Анан сүрөтчүгө сүрөтүн тарттырганы атайын келди.


<= 5-ЧЫГАРЫЛЫШ                                                                                                         7-ЧЫГАРЫЛЫШ =>


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 

 Кызык болсо жазылыңыз.


Автору
Гамал Бөкөнбаев

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *