КӨРКӨМ ӨНӨРДҮН ТУРМУШУ

ГЮЗЕЛЬ АЙТМАТОВА ГРАФИКАЛЫК ЭМГЕКТЕРИН ФОНДГО ТАРТУУЛАДЫ. АВТОР ЖӨНҮНДӨ ЭКИ ООЗ СӨЗ.

Гюзель Айтматова Фондго өзүнүн графикалык эмгектерин белекке тапшырды. Анын кошкон салымы Фонддун гуманитардык багыттагы долбоорлорун өркүндөтүүгө жана ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жардам бермекчи. Гюзель – Данияровдун үй-бүлө мүчөсү, Фонддун негиздөөчүсү жана директорунун сиңдиси.

Берилген сүрөттөрдү көрүүгө болот: СҮРӨТАЛЬБОМ 


Гүзел Фондго тартуулаган графикалык эмгектеринин баардыгын тушь жана калем уч менен тарткан. Ал бир эле сюжеттерди, ыргактарды түрдүүчө ырахаттануу менен аткарып, кээде күтүүсүздөн тап-такыр жаңы теманы ачып берет. Гүзелдин эмгектерине баам салган адам анын сүрөттөрүнөн назик, жеңил, анан анча-мынча тамашалуу маанайды баамдайт. Анын өзүнө гана таандык стили оңой эле таанылат. Гүзел Европадагы бир нече көргөзмөлөргө катышкан, кээ бир эмгектери күйөрмандарынын өздүк коллекцияларын толуктап келет. Андан тышкары, Гүзелдин эмгектери кеңселердин, мекемелердин жана конок үйлөрдүн дубалдарына көрк кошууга татыктуу.    

Гүзел бала кезинен бери сүрөт тартат. Өспүрүм кезинде сүрөткө хобби катары гана карачу.

Кесиби — дарыгер-биохимик. Медициналык жогорку билимди Н.И.Пирогов атындагы Москва медициналык институтунда (азыркы Россиялык мамлекеттик медициналык институту) алган. 1983-жылы иммунология боюнча илимий эмгек жазып, кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Медицина тармагынын медициналык камсыздоо багытында иштеп жүрүп, акырында өзүнүн табиятына жакын сүрөт тартуу ишине баш оту киришип кетти.

Гүзел азыркы учурда Кыргызстандан сырткары жашап жатса да, өз мекени менен карым-катнашын үзбөй, Бишкекке байма-бай каттап турат.

Гүзел Даниярованын Фондго тартуулаган эмгектерин төмөндөгү эки жол менен алууга болот:

  1. Бизден сатып алуу. Сатыктан түшкөн каражат Фонддун долбоорлорун ишке ашырууга жумшалат. Сиз өз каалооңуз боюнча ал каражаттарды Фонддун конкреттүү бир долбооруна жумшагыңыз келгенин көргөзсөңүз болот, же болбосо биздин тандообузга калтырсаңыз да болот. Биз сөзсүз түрдө ал каражаттарды кандай максаттарга жумшаганыбыз тууралуу сизге маалымдайбыз. Биздин 1 тираждын атайын баасы (паспарту жана багет менен жана аны Кыргыз Республикасынан жеткирүүгө мүмкүн болгон дүйнөнүн каалаган жерине жеткирүү менен) 15 000 сом же башка валюталардагы эквиваленти. Учурдагы алмашуу курстары — бул жерде акчабар
  1. Белекке алуу. Мындай белек Фонддун ишмердүүлүгүнө материалдык колдоо көрсөткөн Фонддун досторуна (адамдарга жана мекеме-уюмдарына) тартууланат.

Ал үчүн биздин төмөнкү электрондук дарегибизге жазыңыз: a.daniyarova@daniyarov.kg же WhatsApp аркылуу кайрылыңыз: 0 707 783295 (Асел Даниярова). Бул номур маалымат алмашуу, кат жазышуу, сүрөттөр үчүн гана.  Телефон чалууга болбойт


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз.


Дагы:
ГУЛЬНАРА НУРКУЛОВАнын «ТУРСУН» китебинде Гүзел Айтматованын иллюстрациялар


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *