Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинин (КУСӨМ) коллекциясындагы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларынын жыйнактары менен тааныштырууну улантабыз. Бул ирет искусство таануучу ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВДИН МУРАТ БЕКЖАНОВДУН чыгармаларына жасаган обзорун сунуштайбыз.
Эмгектердин айрымдары музейдин сайтында, калгандары коллекцияда бар, бирок музейдин сайтында көрсөтүлгөн эмес. Обзорго баардыгы 18 чыгарма камтылган, аларды шарттуу түрдө төмөндөгүдөй жанрларга бөлүүгө болот: пейзаж – 5, портрет – 12, натюрморт жок, 1 тематикалык композиция.
Биринчи бөлүгү 9 чыгарманы камтыйт.
МУРАТ БЕКЖАНОВ (1946-жылы туулган) – Постер сүрөтчүсү. Сүрөтчү. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 1946-жылы 17-ноябрда Токмок шаарында туулган. 1966-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, 1972-жылы В.И.Суриков атындагы Москва сүрөт институтунун графика бөлүмүн бүтүргөн, Н Пономаревдун плакат устаканасында билим алган. 1976-жылдан бери СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Чыгармалары Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде ошондой эле КМШ мамлекеттеринин музейлеринде бар (Маалыматтар Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинин сайтынан алынды).
Күн шооласына оронгон кыз 1974. Кенеп, май боек, 121×100
Терезенин түбүндө бир кыз тизесине койгон китепке үңүлүп окуп отурат. Ал китепте ырлар, олуттуу ырлар. Жеңил желпи роман же монография эмес. Биз аны даана көрүп турабыз! Биз сүрдүү түстөрдү, тондордун логикасын, туура түзүлгөн сызыктарды, античный (нукура байыркы) сулуулукту көрөбүз. Бөлмөнүн аксонометриясынын монотондуу вертикалдары жана горизонталдары жантайган сызык аркылуу жандуу берилген — бул терезеден тийип турган күн, ал төрт бурчтуу болуп түшүп тургандыктан, кызга жарык диагональ боюнча тийип турат. Жарыктын жана көлөкөнүн чек арасы дал ортосунан бөлүп өтүп, кыз үчүнчү өлчөм менен тик бурчтуу түрмөктөргө жуурулушуп кирип кеткен.
Тоналдык акцент — көздү уялтып жаркыраган барактын бети — жантайынан түшкөн сызыкты жана …драманы күчөтөт. Адатта, терезенин астына жылытуу радиаторлору жайгашат эмеспи, бирок сүрөтчү аларды алып салган: алар анын гармониясына коошпой сыртка чыгып кеткенсийт. Сүрөтчү жашоо, чыгармачылык, кыз жөнүндө көркөм ырларды жазган жана поэтикалык эмес нерселердин баарын алып салган. Бирок эмнегедир көздү уялтып жаркыраган баракты калтырып койгон. Бул сөздүн артында жогору жактан келген бир көрсөтмө жаңырып турат: «Советтик модернист үчүн акцент деген түшүнүк бар, бирок дисгармония деген жок. Контраст деген түшүнүк бар: бир бети жарыкта, экинчиси көлөкөдө. Баары туура». Бирок аны окуу кыйынчылыкты туудурат, көз талыйт, ыңгайсыздык жаралат, бейгам турмушту сүйүүчүлөрүбүз биздин! Дисгармония жаралат! Бирок кызга эч нерсе тоскоол болбогондой таризде, мени кудайлап тынчтандырат: «Кабатыр болбоңуз, барак күйүп жатат – бул Бродский кетип, Высоцкийдин ырлары жарыкка чыкпай жатканы жөнүндө… бул мезгилдер жакында өтөт. Баардыгы жакшы болот. Кол жазмалар күйбөйт – Искусство түбөлүктүү”.
Эртең менен. Кенеп, май боек, 70х50,5, 1998
Таң эрте, асман акырындап агарып, айланадагы буюмдар даана көрүнө баштаган учур. Алар боз түстөр, контурлар жана текстуралар менен тартылган. Бир аял ашканада, эртең мененки тамак жасаганга даярданып жатат, колдору столдун үстүндөгү азыктарды туурай турган тактада. Жаш, сымбаттуу, күчтүү, колу сулуу, чачы кыска, жөнөкөй көйнөкчөн. Жылуулук тактадан келип аткандай сыягы. Же ал кичинекей дасторконбу? Же таттуу токочпу? Мештен жаңы чыккан? Жөн эле акцентпи? Таңдын атышы менен башталган нерселер мына ушулар! Күнүмдүк наныбыздан! Ашканадан тарап жаткан жылуулуктан. Аял колдорун камыр жайып жаткандай кыймылдатат, бирок үбөлүк көрүнбөйт. Караңгыда жүзү көрүнбөйт. Аялдын артында канаттары бар шекилдүү; дубалдагы чарчы квадрат караңгылатат; Так ортосунан өйдө карай жалгыз көз пайда болгондой көрүнөт. Таң сүрүлүп атып келатканга түндөгү көрүнүштөр таркап кетет. Кандайдыр бир мистика. Күтүлбөгөн жана орунсуз. Эмне үчүн бул жерде жашагың келет? Ушундай карапайым, жөнөкөй шартта, жүзү көрүнбөгөн аял менен. Мен жашагым келет! Бир нерсе кармап турат. Болбогон жана эч качан болбой турган нерсе кармап турат. Утопиянын кооздугу ай! Коомдук жана көркөм утопия! Чыныгы келечек, реалдуу перспективалар жокто бир гана баш калкалоочу жай – бул сүрөт… 90-жылдар өттү, кетти. Советтик нерселердин баары жок болуп, долбоор бүттү жана эч качан кайталанбайт окшойт. Бирок сүрөтчү үчүн эч нерсе өзгөргөн жок, баары мурункудай: минимализм, стиль, назик табит. Чындык эмес, жаңы дүйнө ырасталышы керек деген ишеним. Теңдиктин жана жөн гана сулуулуктун заманбап, социалдык дүйнөсү. Жаңы бекитүү долбоорлору! Эль Лисицкидей*! ПРОУНДАР**! Эч нерсе кеткен жок! Советтик модернизмдин идеалдары улантыла берет! Бүгүнкү күндө аз гана сандагы адамдар түшүнгөн идеалдар. Демек, жаңы иштерди жасоого убакыт келди.
*Эль Лисицкий (чын аты Лиссицкий Лазарь Маркович, 1890-1941), — орус сүрөтчүсү, график, дизайнер, архитектуралык долбоорлордун автору, мугалим; орус авангардынын улуу чеберлеринин бири.
**Проундар — Архитектоникалык формалардын негизги элементтери (масса, салмак, материалдуулук, пропорциялар, ритм, мейкиндик ж.б.) Л.Лисицкий тарабынан графикалык эксперименттерде тегиздикте иштелип чыккан — “Проунах” (жаңы нерсени орнотуу боюнча долбоорлор).
Эль Лисицкий жана проундар менен кененирээк бул жерден таанышууга болот — https://www.livemaster.ru/topic/297383-el-lisitskij-hudozhnik-po-prizvaniyu-revolyutsioner-po-ubezhdeniyu (Эскертүү — АД)
Чак түш. Кенеп, май боек, 70х89,5, 1996
Ачык верандадан короонун көрүнүшү. Турак жай жана чарбалык курулуштар көрүнүп турат; чатырлар жыгач мамыларга таянып орнотулган; чатырларында куполдорго окшош үйүлгөн чөптөр. Алардын түзүлүшү алыскы дөңсөөлөрдү кайталап чагылышат — караңгы фонго жарык түшүп турат. Түшкө маал түштүктөн күн аёосуз чакчыйып тийет. Короонун ичи бүтүндөй ак-ачык-сары жарыкка толуп, күрөң көлөкөлөр рефлекстерден түшүп жаркырап турат. Сүрөтчү өзүнүн сүйүктүү темасын — модернизацияланган чөйрөнү улантат. Жөнөкөйлүк, стиль, логика. Тик мамычалар мейкиндикти тик бурчтуктарга бөлүп салган.
Чатырдан түшкөн көлөкө үч бурчтуу клин болуп саналат. Короонун өзүнүн түзүлүшү да үч бурчтук болуп, сүрөттүн төмөнкү четинен чыгып кеткен. Тик бурчтукка басылган жарым шарлар… Веранданын четинде бир аял отурат. Анын күнгө какталып отурушуна эмне себеп болду экен? Күнгө жылынгысы келдиби? Дене түзүлүшүнө караганда жаш келин окшойт, мындайлар жылынбайт, ичинен күйөт. Жаркыраган ак түстүү боекко чулганган аял композициянын борборунун расмий белгилениши болуп саналат. Жабык короонун борбору. Атайылап чечим менен бул жерде түбөлүк кызматка дайындалган. Ал модернисттик композицияда акцент катары кызмат кылат. Ал эми идея жаралышы үчүн сүрөтчү түстү чебердик менен күйгүзгөн. Өтө жеңил, өтө ысык, өтө кооптуу, жинди адамдын кутурган фантазиясындай. Расмий ачылыш сүрөт идеясына айланган! Чакыруу идеясына! Бул ысыкка жана короо жайга карата подсознаниеден чыккан чакырык. Аял түштүк изоляциясынын квинтэссенциясында* үнсүз акцент менен жашагысы келбейт — ал күн болгусу келет! Чыгуу жолун көрбөй күйүп кеткени жакшы. Өзүнө өзү кол салууга окшойт. Же ага жөн эле күн өтүп кетсе керек.
* эң башкысы, эң негизгиси, бир нерсенин чыныгы маңызы (Эскертүү АД)
Рахиманын портрети. Кенеп, май боек, 90х80, 1996
Белгилүү искусство таануучу Ольга Петровна Попова сүрөтчүнүн чыгармалары жөнүндө мындай деп жазат: «Бекжановдун портреттери назик тоналдык өнүгүүлөргө жакын түстөрдүн эң сонун диапазонунда тартылган. Көбүнчө бул конкреттүү адамдын эмоционалдык абалын чагылдырган маанайдын портреттери». Цитата аягы… Бул болочок колукту. Албетте, жаш колукту. Турмушунда кандайдыр бир маанилүү окуя болор алдындагы кыздын абалы. Жүзүндө жылмаюу уялайт, бакыт жана сүйүүдөн үмүттөнөт. Ишенимдүүлүктүн сүйкүмдүүлүгү жана үмүттүн сулуулугу! Баарын жеңүүчү ийкемдүүлүк, жумшактык! калың чапанчан, ак көйнөкчөн (жакасы гана көрүнүп турат); башында ак жоолук бар. Баш ийүү позасында отурат: колдору бүгүлгөн тизесинде. Отургучтун чети гана көрүнүп турат. Күн анын жүзү менен келбетин жарык кылып турат, ал эми колуктунун колдору! Алар көлөкөдө, бирок алар өздөрүнөн жылуулук бөлүп жаткандай сезилет… Келиндердин баары бирдей эле көрүнөт жана ал үчүн өзгөчө «эч нерсе жоктой», бирок сүрөтчү фантастикалык боёкту көрөт — жарык күндөн келет , ал эми жылуулук адамдын жан дүйнөсүнөн келет…
1976-жылдагы «Жашыл жоолукчан кызга» окшош, бирок анда активдүүлүк жана динамика бар. Ал эми мында статикалык жана тынчтык бар. Биз тынчтыктан жана бейпилдиктен тартынабыз. Бул сөздөр биз үчүн сенектиктин жана зериккендиктин синоними болуп калды. Тынчтык күчтү сактаарын түшүнбөйбүз… Аны эмне күтүп турат? Автор эч кандай кыйытма, эч кандай майда-чүйдө нерселерди бербейт, айланасында боштук, ырайымсыз, орой бүртүктүү текстура. Ал эми бул суроого жооп — келинди ыңгайсыз чөйрө күтүп турат! Тээ түпкүрдөгү туңгуюктан тикенек суроолор угулуп жаткандай: «Адатты билет бекен? Бул чеберчиликти көрсөтөбү? Чарба ишин тартып кете алабы? Кайненесин ыраазы кыла алабы?» … Ага эми адамдарга болгон ишеним гана бир жактуулукту, этияттыкты, текебердикти, жек көрүүчүлүктү, сыймыкты жана бейкалыстыкты* жеңүүгө жардам берет.
*”PRIDE AND PREJUDICE” (“Сыймык жана бейкалыс») — 1813-жылы жазылган англис жазуучусу Жейн Остиндин атактуу романынын аталышы, ал ошол кездеги англис коомунун жашоосун жана адеп-ахлагын сүрөттөйт (Эскертүү АД)
Интерьер. Кенеп, май боек, 119,5х140, 1989
Он тогузунчу кылымдын аягындагы интерьер (ички жасалгалар). Модерн стили, бай жасалгаланган; энфиладдык мейкиндиктер антиквардык скульптуралар менен кооздолгон. Эшиктер алдыга карай ачылып, ички бөлмөлөргө жарык киргизип турат. Олдоксон, табитсиз, провинциялык. Декорация, өзгөчө бриллианттар, автордун тандоосу. Совет адамында баары аралашкан: алча багы бар ак сөөктөрдүн үйү, Баскервилдердин иттери кууп бара жаткан он кичинекей негр бала… Сүйүү үч бурчтугу: эри, аялы жана үчүнчү ашыкча адам. Же, балким, бул жөн гана кызматчы күтүп жаткандыр? Анда ал тап-такыр эле кызыксыз болуп калат. Бала мергенчи ит менен ойнойт. Интерьер майда-чүйдөсүнө чейин толтурулган, ал эми каармандар — жарыктын кооз жибинен токулган силуэттери сындуу. Интерьердин статикасы менен кыймылдап турган чекиттердин өзгөчөлүктөрүнүн динамикасынын ортосундагы контраст. Кызык комбинация… Бирок 1989-жылы башка нерсе актуалдуу! СССРде “кайра куруу”, Кыргызстанда “Жаңы толкун” болгон! Сатар Айтиев да, Жамбул Жумабаев да жаңы толкундун эпкини менен жарк этип пайда болду. Бирок советтик модернист сүрөттүү инновацияларга аралашкысы келбейт; бир нерсенин өзгөрүшү керек экенин түшүнөт жана баары эптеп-септеп болорун сезет. Мурда жөнөкөй болчу — эркиндик жок эле, мольбертчи дизайнга, китеп иллюстрациясына жана театрга киришип кетер эле.
Баардыгына жол ачылган мезгил келди, бирок талант эч нерсе кыла албайт экен. Чернухадан башка эч нерсе чыкпайт. Советтик кыргыз сүрөт модернизминин парадигмасы кетип баратат. Башка жок. Чынчыл сүрөтчүлөргө башкасы тез эле боло койбойт. Баары бир нерсе кылуу керек. Бирок эмнени? Түшүнүксүз! Өзгөрүүлөр доорун күткөн белгисиздик абалы… Балким, бул белгилүү бир спектаклдин сценографиясы болсо керек, анда жогоруда айтылгандардын баары эсепке кирбейт. Мына, бир гана сөз менен кабылдоону кандай өзгөртүүгө болот!
Силуэттер. Кенеп, май боек, 130х124,5, 1988
Авансценада (сахна алды) дарак, андан ары көк чөптүү аянт, анын ары жагында бак дарактуу короо жай, колонналуу портик, андан ары – тармал булуттуу түбөлүк асман… Орусия кең талаасы! Сырты жарык жана аба менен тартылган, ал эми каармандар… кара кагаздан кесилген. Жалпак жана бир гана перспективалык кыскартуулар түшүнүүгө мүмкүндүк берет: ким жакыныраак — ким андан ары. Өчпөс баалуулуктар бар — асман, дарактар, чөптүү аянт, жана да архитектура! Ал эми эл — закым сындуу, келип жана кетип турат… Мольбертчинин сценографияга өтө качышы. Түшүнүктүү!
Дайыма жаңы маанилерди, жаңы формаларды таап чыгарып туруу кыйын. Эс алып алган соң, жеңилдеп алып театралдык шаблондор менен оңой аткарып койгуң келет. Бирок болбой жатат! Кайрадан жаңжалдын чордонунда! Өзүнүн кайталангыс жана кыйынчылык менен жетишкен темасы бар оригиналдуу сүрөтчүгө башка замандын, башка өлкөнүн, башка маданияттын бул алыскы көрүнүшү эмне үчүн керек? Бул ага эмне үчүн керек? Ооба! Москвадан билим алган, орус тили “эне тили” сыяктуу, орус маданияты, жалпы советтик маданият сыяктуу болуп калды. Ар бир адам дүйнөлүк контексттердин мейкиндигине сүңгүүгө укуктуу. Тургеневдин, Толстойдун, Чеховдун адабий дүйнөсүнө. Ак сөөктөрдүн уя дүйнөсүнө. Креслодо ит жетелеген айым отурат: күйөөсүн жоготкондон кийин анын ден соолугу начарлап кеткен. Анан күтүлбөгөн жерден «Ал» пайда болот! Үй-бүлөлүк дос. Ары жакта бала же кызы няня менен ойноп жатат. Өтүп бара жаткан маданиятты чагылдырган. Ал кантип узап баратканын көрсөттү. Убакыттын өтүшү менен жансыз шаблонго, анан силуэтке айланып, акыры барып отуруп закымга айланат! Ал эми түбөлүк асман гана калат… Дүйнөлүк маданият бизди ар дайыма «басып» турат, ал эми метафизикалык көз караштан алганда, баары бир: орусчабы же англисчеби. Эң негизгиси ар кандай шартта элдин руханий жактан өнүгүүсү. Жана да алар эч качан жагымдуу болбойт. Муну саясатчыларга түшүндүрүп жеткирүү кыйын – андан көрө тартуу оңой.
“Жаш Кыргызстан”. Цирк артисттери. Кенеп, май боек, 119,1×139, 1987-жыл
1962-жылы республикада биринчи цирктин «Жаш Кыргызстан» труппасы уюштурулган. Жетекчиси – Евгений Александрович Чжан Фунглинг (Жаныбеков); катышуучулар — Мамытбеков Эсенгул, А.Жусупов, С.Бейшебаев, Б.Кулубаев, С.Сооронбаев, М.Жумалиев, Клара Линчан. Алар биринчи жолу 1963-жылдын 20-октябрында аренага чыгышкан! Бул күн кыргыз циркинин туулган күнү деп эсептелет! Программалык номерлер улуттук оюндардын негизинде түзүлүп, спектаклдердин айрым фрагменттери комуз чертүү менен коштолгон… Менин оюмча, сүрөттө 1962-жылдагы ушул эң биринчи труппанын катышуучулары көрсөтүлгөн! Оң жакта костюм кийип, галстук тагынган, колундагы таякка жеңил таянган Евгений Жаныбеков турат. Ортодо бир кыз бар; көйнөктүн жабык жакасы, чач жасалгасы — мунун баары Клара Линчан экенин көрсөтүп турат. Оң жагынан четинде турганы клоунга окшош: ал жылмайып турат, кенен пиджак кийип алган. Балким, бул Сооронбай – биринчи кыргыз клоуну… Балким ал эместир. Мунун баары жеке менин гана божомолдорум. Менде ишенимдүү маалыматтар жок, биз алардын ар биринин аты менен тааныш эмеспиз. Алардын ар бирин бирден изилдөөгө да убактым жок, мен тарыхчы эмесмин – мени көркөм парадокс көбүрөөк кызыктырат… Алар тандалып алынган сыяктуу, баары бири-биринен өткөн сымбаттуу, сулуу, күчтүү! Атлеттер жана акробаттар. Алар “көшөгөнүн” артында толук күжүрмөн даярдыкта турушат, көшөгө артка тартылып, цирк аянтчасы, ат майданы, чабандес көрүнүп турат. Жүздөрүндөгү майда сызыктар жаркырап даана көрүнүп турат, мейкиндик текстура менен скульптураланган, монохромдуу көлөкөлөргө бай. Бир гана ал сүрөт көчөлөрдөгү кенептин бетине май боек менен тартылып илинген афишага көбүрөөк окшойт… бир гана жазуулары жетишпейт. Алар ошондой кылчу! Тулуз-Лотрек 20-жылдары СССРде ошондой жасаган! Авангард кайтып келдиби? Окшошпойт. Жаңы форма жаңы мазмунду кошпойт. Бул өзгөчө учур. Плакат жасап, аны музейге мольберттин сүрөтүндөй сатуу сонун болду! Бул эркиндик эле! Искусство эркиндиги! Алар сүрөтчү халтура кылып койду деп айтышы мүмкүн эле. Алар бирок айткан жок. Жалпы түшүнүк пайда болду — бул ылайыктуу, ыңгайлуу, оригиналдуу жана таланттуу! Либералдык маанайдагы чөйрө сүрөтчүнүн эксперимент жүргүзүү укугун коргогон. Бардык издөөлөр мына ушундай ийгиликтүү боло берген эмес! Ошондо ушундай болду! Цирктин атчандарына окшоп таамай так секирип чыкты. Ал эми аткаруунун жөнөкөйлүгүнөн артынан цирк артисттери сыяктуу жылдап топтолгон дасыккан чеберчилигин көрүүгө болот. Автор стрит-арт форматын колдонсо эмне экен? Бул «кетип бараткан табиятты» жана стихиялуулукту сүрөт бетине сактап калууга жардам берди! Ал эми анын афишага окшоштугу жамандык эмес! Бул анын кадыр-баркы, артыкчылыгы! Бардык плакаттар ушундай болушу керек — жарашыктуу, эстетикалуу! Ал эми станоктук живописке партия менен өкмөттүн жооптуу тапшырмасы катары эмес, элдик оюн-зоок катары жеңил мамиле кылуу керек! Биз элге жакын болушубуз керек! Кыскасы, Кыргызстандагы биринчи цирк труппасынын 25 жылдык мааракеси шаңдуу өттү!
Күүгүм. Картон, май боек, 68,7х58,7, 1982
Айыл короосу тосмо менен курчалган, анын астында уй жатат. Тосмонун артында чөп жана бадалдарга жык толгон; бак дарактардын башы көрүнүп турат, андан ары алыстан дөңсөөлөр көрүнөт, алардын баарынын үстүндө түбөлүк мелмилдеген көпкөк асман. Гризайл жашыл жана көк түстө. Айлуу түнгө окшойт. Бирок автор аталышында сутканын убактысын – күүгүм деп так аныктаган. Жерди жарык кылган ай эмес, асман. Кошумча жарык кайдан келип атат? Үйүлгөн чөпкө караганда — оң жагында, ал эми уйга карасак — сол жакта. Объекттердин өздөрү жаркырап турабы? Жаркыраганга окшобойт. Жарык адатта жылуулукту бөлүп чыгарат, ал эми бул жерде жылуу тондор жетишсиз. Жарык чыгып турган булагы сүрөттүн алдында жайгашкан, ал кээ бир нерселерди камтып турган менен, бирок чагылдырыла албайт!
Башка дүйнөлүк бир нерсеби? …Чөптүн чөмөлөсүнө жана жапжашыл бак-дарактарга караганда, жайдын аягы же күздүн башталышы. Жылдын жылуу мезгили, бирок сүрөттөн муздак илеп уруп турат. Эмнеге?.. Уй, дарак, тосмо – түбөлүк символ! … жана башкалары да таанымал. Эч кандай тааныш сезимдер жок болгондуктан биз алардын сүрөттө жок экенине ишене албайбыз. Байыркы нерсеге суктануу жок, укмуш керемет нерсеге жолугушуудагы кубанычы жок, пасторалдык пафос жок! Сенейип катып калган салттар! Эми модернизация жардам бербейт, техникалык дагы, көркөмдүк дагы! Кыялданууну токтот! Шаардык сүрөтчү өзүнүн позитивдүү пардасын чечип салып, азыркы айылды такыр башкача көргөн. Биздин бет алдыбызда алдыдагы түндү күткөн учурда бардык сезимдер муздай баштаган айылдык идилиянын күүгүмү турат…
Түстүү кубиктер (төрт бурчтуктар). Кенеп, май боек, 80х80, 1982
Бир бөлмөдө ак көйнөкчөн аял ачык эшиктин жанында тизесине бала алып отурат. Бала ак көйнөк жана күрөң түстөгү чыптама. Сыртта тып-тынч, апасы жел тийет деп коркпойт, кичинекей жел ыргагын сезе берсин дегендей… Кереметтүү айыл пейзажы: асман, тоолор, теребел бүт жап-жашыл, курчалган дубал, чатыр, короонун ичи мизилдеп тап-таза. Ачык охра, кызыл охра, кочкул жашыл түстөр. Түстөрдүн гармониясы! Көзгө жагымдуу! Ал эми көрүүчүнүн көзү кичинекей сары-кызыл-жашыл төрт бурчтуктарга урунат! Уулуу акцент диссонанттуу көрүнөт! Композициянын борбору — заманбап химия өнөр жайы! Бирок апасы ал оюнчукту алаканына кандай аяр кармап турат. Бала үчүн кандай кызыктуу! Төрт бурчтуктар актуалдуу! Эрне Рубик 1974-жылы баш катырма оюнчуктардын катарын толуктаган Рубик кубигин ойлоп тапкан, ал СССРде 1981-жылы пайда болгон. А балким, эне-бала Рубик кубиги менен ойноп жаткандыр!.. Дүйнөлүк визуалдык инновациялар жаратылышка, кыргыз айылынын табигый чөйрөсүнө агрессивдүү түрдө киргизилүүдө жана… андан буйтап кетүүгө болбойт. Модернизациянын кысымы менен пайда болгон салт! Бирок автор бир кыйла татаал табышмакты коёт. Анын түшүнүгү боюнча, салт – бул биз көнгөн жана жалпы кабыл алынган нерсеге окшобогон өзгөчө бир нерсе. Анын салты кургак стиль, формалары жөнөкөйлөштүрүлгөн жана токтоо көрүнгөн түстөр, ал эми сүрөттө жандуу жана табигый көрүнгөн жаркыраган төрт бурчтуктар. Аны көрүүчү түшүнбөйт: бул жерде эмне менен эмненин ортосунда талаш болуп жатат? Же, балким, бул идеалдуу айылдык модернизм* менен чыныгы шаардык постмодернизмдин тирешүүсүбү? Постмодернизм** жаңы парадигманы*** сунуштады, 80-жылдардын эклектизми менен келишүүгө жардам берди. Эми бизге эмне жардам берет? Бүгүнкү визуалдык мыйзамсыздыкка каршы эмне кыла алабыз?
* Модерн – көркөм өнөрдүн, көркөм кол өнөрчүлүктүн, зергерчиликтин, интерьер искусствосунун жана архитектуранын стили. Ал 19-кылымдын аягында пайда болгон жана Биринчи дүйнөлүк согуш башталганга чейин популярдуу болгон. Бул стиль кооздук деталдардын жана элементтердин көптүгү, жылмакай сызыктары, тегеректелген жана суюк формалары менен айырмаланат. Ал ошондой эле ар кандай табигый үлгүлөрү жана табигый мотивдер менен мүнөздөлөт. Ар бир өлкөдө аны ар кандай деп аташкан: Россияда — «модерн”, Австрияда – “сецессион”, АКШда — «Тиффани», Францияда — «арт-нуво», Германияда — «югендстиль», Бельгияда – “жыйырманын» стили, Англияда — «модерн стайл», Италияда — «либерти стили», Швейцарияда — «карагай стили».
**Постмодернизм – 20-кылымдын орто ченинен аяк ченине чейин философияда, искусстводо, архитектурада жана сында өнүккөн жана модернизмден чыгууну белгилеген кеңири кыймыл.
***Парадигма – бул модель (бир нерсенин, бирок көбүнчө бул сөз илимге же жалпы дүйнө таанымына карата колдонулат), өнүгүүнүн ошол берилген этабында ошол тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө кандайча мамиле кылуу керектигинин жалпы кабыл алынган үлгүсү же мисалы (Эскертүү AД)
<= 14 ЧЫГАРЫЛЫШ 16 ЧЫГАРЫЛЫШ =>
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз