Биз искусство таануучу ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВДИН Гапар Айтиев атындагы МКСМ коллекциясына баяндоосун улантабыз. Бул музейдин коллекциясындагы Сүймөнкул Чокморовдун эмгектерине жасалган баяндаманын соңкусу болуп эсептелет. Биз мындан мурунку маалыматыбызда башка сүрөтчүлөрдүн эмгектерине обзор жүргүзүүгө өтөрүбүздү жаздык эле, бирок биз аны кийинки сериясында улантабыз. Обзордун окурмандары мурда окугандарына кайра кайрылып окуп же тескерисинче, озунуп кийинкисине өтө берет болуш керек деп ойлойбуз. Бул обзорлор аткарылган иштерди жыйынтыктоочу отчет эмес болгондуктан, мында хронологиялык тартип сакталган жок.
Бул обзорлорду жарыялоо менен биз, аны окуган окурмандарда жаңы таасирлер пайда болсо деп ойлойбуз, балким мурда көңүл бурбаган нерселерге кызыгуу жаралышы да мүмкүн, балким кайсы бир эмгек сизге жагып калса, башкалары балким сизде жаңы идеялардын жаралышына түрткү берсе жана ошондой эле биздин өлкөбүздүн көркөм өнөр дүйнөсү менен таанышса деген изги тилегибиз бар. Балким сиздерге бул обзорлордун досторуңуз менен пикир бөлүшүүдө же мугалим болсоңуз, окуучуларыңыз менен талкуулоодо жардамы тийер.
А балким сиз өзүңүз көркөм сүрөт искусство боюнча жүргүзгөн обзоруңуз менен бөлүшкүңүз келсе, ушул сайтта аны жарыялоо сунушун карап чыгууга даярбыз.
Биз ошондой эле окурмандардын комментарийлерин да кош колдоп колдойбуз.
Сирень бадалы. Картон, май боек, 69,8х48,2, 1984-1985
Жалгыз түп сирень бадалынын майда-чүйдөсүнө чейин иштелип чыкканы көрүнүп турат, анын ар бир жалбырагы даана тартылган. Фондунда жыш өскөн жашыл чөптөр көрүнөт, сыягы — жайдын башталышы болсо керек. Этюд жашыл түскө айкалыштырылып куралган: кара — ачык, жылуу — муздак, тунук — тыгыз. Күрөң түстүү тосмо аларга ар түрдүүлүктү кошуп тургансыйт. Ошондой болсо да бул жерде гүлдөр дагы эле жетишпей турат! Ак, кызгылт көк, кызгылт түстөр жетишпейт! Сирень гүлү жетишсиз! Бул типтүү сүрөт эмес — сирень гүлү гүлдөп бүттү! Же такыр эле гүлдөгөн жок беле? Куураган жансыз сабактары калган: кочкул сирень түсү, ошол эле жашыл түстөгү ак-көгүш түстөр сейрек тартып суюлуп, жандандырып турган ширелердин бир бөлүгүн өзүнө алып кеткени байкалат. Карама-каршылык жетишпейт, баары нюанстарда берилгендиктен, ой кыялдар туюкка кептелет.
А мен жарык жөнүндө айткым келүүдө! Кубанычтуу! Гүлдөгөн! Майрамдагыдай! Чеберлик менен, кереметтүү жана … өтө чынчылдык менен жасалган. Тап-такыр эле үлбүрөгөн араң жан реализм – бул лирика эмес. Турмуштун өзүндөгүдөй эле. Бул жерде эркин чебер фантазия, индивидуалдуу чечмелөө болсо жакшы болмок … Жарык жөнүндө болбой жатса, анда караңгы жөнүндө айтса болот. Жөнөкөй, сыйлуу, бирок курулай эмес. Түссүз болгону, өз алдынча сулуулук берет, бирок ага өкүнбөй койсо деле болот. Ал жалгызсырап тургандыктан, кубаныч тартуулай албайт. Эч кимге. Багбан аны качан кыйып салаарын күтүп тургансып. Ага керек болот эмеспи, отун үчүн, тосмо жасоо үчүн. Азырынча күн жаркырап тийип турганда, жашыл түстүү кулпунуп турат.
Тоолор. Картон, темпера. 32,5х49,8. 1969
Канаттуулардын деңгээлиндеги бийиктиктен көрүнүшү. Үстү чокулардын контурлары менен тартылып, ал эми горизонт сызыгы жердин тегерегинен айланып өтөт. Асманда жамгырдын булуттары бир сапка тизилген кууш тилкени пайда кылып, күндү тосуп турат. Батыш жак кызгылт сары түстө жалындап күйөт. А балким, бул эртең мененки кызгылт жалындыр? Эмне, күн али чыга элекпи? Дарыя тоо кыркаларынын ортосунан жарып өтүп, ылдый агып келип көпүрөнүн астынан экиге бөлүнөт. Анын жолун унаалар өтчү чоң жол кесип өтөт, жалаңдаган курч кылычтын мизиндей жарк этип, дарыяны тең эмес экиге бөлөт: көпүрөгө чейинкиси ийри-буйру болуп кетип, көпүрөдөн кийин түзөлөт. Бул жерде эл жашаган конуш көрүнбөйт.
Эл бир конуштан экинчи конушка өз алдынча жол салып өтүп, бул жерде токтобойт. Алар тоолорго транзиттик жүргүнчүлөр. Ал эми алардын курал жабдыктары – чакан, үнөмдүү, жансыз болот да, жаратылыштын табигый кооздугун бузат. Тоо кыркаларындагы эби-сыны жок перпендикулярдуу ийри сызыктар. Сүрөтчүнүн кыялы: дарыя жебеге айланат, жол болсо жаага айланат… сабы жокпу? Сүрөтчүнүн философиялуу ой жүгүртүүсү – өз жолу бар адамга дарыянын жолу; гармония мүмкүнбү? Жооп жок. Сүрөтчү табигый эмес нерсени табиятка сыйдырууга аракет кылат. Анан ал албетте, ийгиликке жетпейт. Контраст антагонисттик болуп саналат.
Бири экинчисине баш ийет. Адам табияттан, анын кудуретинен, улуулугунан шыктанат да, а бирок… ага чоочун бойдон кала берет… Асмандын кууш тилкеси гана чайыттай тунук жазылган. Ал эми тоо кыркалары жыш жайгашкан. Күткөн натыйжа татыктуу акталгандай сезим калат. Күндүн батышы табигый жалындап күйүп жасалгандыктан, жолду мүмкүн болушунча бекем кылуу керек болгону байкалат. Жетер чегине жеткендей. Сүрөтчү сүрөттөлүп жаткан нерсенин маңызын түшүнгөн, бирок чыгарманын эстетикасы жабыркап калгандай… Ошентсе да бул күндүн батканы. Жолго чыккандар мынчалык кооз, мынчалык керемет, көптөгөн чакырым узактагы ээн жерге эрте жете алышмак эмес!
Жоогазын менен кулун. Картон, май боек. 40,7х42,5. 1983
Жем салынган акырдын жанындагы бактардын көлөкөсүндө кулуну менен бээ турат. Ак калпакчан, көк футболкачан аксакал ээси аларга жаңы чабылган беде чөп берип жатат. Жайдын ачык күнүндө күндүн нурлары жашыл жалбырактарды аралап өтүп, ар кайсы буюмдарга жомоктогудай кооз оймо-чиймелерди түшүрүп жатат. Алыста көгөргөн асман менен дарыя көөшүп, адырлар, жашыл бак-дарактар күнгө жаркырап чагылышат. Топурактан чыккан салкын жел, күндүн нурунун жылуулугу, чөптүн жана үй жаныбарларынын жыты мурун аралай өрдөп, дем алуу жеңилдейт. Ачык жана караңгы, муздак жана жылуу, тыгыз жана тунук, көп түстүү тактардын калейдоскобу. Алар форманын туура түзүлүшүн бузуп, мейкиндикти көңүл ачуучу оюнга айландырышат. Ал эми мына бул кулундуу бээ күнүмдүк жашоого өтө эле окшош. Күнүмдүк чындыкка. Аттын тумшугун бак-дарак жаап турат жана бул эч нерсени билгизбейт – бул символ эмес. Бечара кулун тап-такыр туура эмес жерде туруп калыптыр. Сүрөтчү тек гана көргөнүн сүрөткө тартып койгондой, анан негедир бул көрүүчүнү кызыктыраарына ишенген. Бул кыязы, сүрөтчүнүн Улуттук музейдеги эң эле талаш-тартыштарды жараткан эмгеги болсо керек. Бээнин аты да түшүнүксүз: Жоогазын – эркектерге ылайыктуу аталыш*. Балким жылкыларды мындай атай берсе болот чыгар… Ал – Жоогазын. Арабага чегилген көпчүлүк аттардын жондору сүйрү жана дөң болот, алар күчтүү жана чыдамкай келишет, бирок минип жүрүүгө ылайыктуу эмес.
Ооба, дыйкан чарбасы үчүн кайдагы бир абстрактуу тактарга караганда, ушундай майда-чүйдө нерселер өтө маанилүү. Андан да маанилүүсү – кымыз!
*Орус тилинде бул сөз эркектерге тиешелүү, ал эми кыргыз тилинде эркек, аял деп бөлүнбөйт.
Кеч күз. Картон, май боек. 20,8х30,7. 1957
Автордун музейдин коллекциясындагы эң алгачкы эмгектеринин бири. Аны Фрунзедеги сүрөт окуу жайында окуп жүргөндө тарткан. Дарыянын жайылмасында жасалган чакан этюд*. Жаңы чыккан күндүн нурлары жай баракат саргайган дарактарга, бадалдарга, чөптөргө жарык чачат. Күңүрт окра үстөмдүк кылат. Өрөөндүн коңур капталдарына көлөкө түшүп карайып, көгүш тарткан боз асмандагы бак-дарактардын баштарын караңгы каптап баратат. Алдыда ачык түстүү чөптөр жана таштар. Кооз боёк, стилдүү жана… бир өңдүү. Суу ар түрдүүлүктү кошо алмак! Бул дарыя эмес да, туурабы? Дарыя болсо да ордунда тоңуп калгандай. Сыягы, селден кийин жайлоодо суусуз жайылган бутактар пайда болгон. Ийнинде артылган кызыл баштыгы бар, ачык түстүү калпак кийген жалгыз бой сөлөкөткө басым жасалбаса, кырдаал кыйла кейиштүү болчудай. Кара сөлөкөттүү жолоочу тынчсызданууну жаратат. Тынчтыктын жана бейпилдиктин маанайы жоголот. Бир киши суусуз таштак өтмөктөн өтүп, ары кетип баратат. Андан ары эмне? Жаңы жолугушуулар, көптү үмтөттүргөн таанышуулар же кайгылуу көңүл калууларбы? Жолоочунун сызыгы фантомдун сызыгын кесип өтөт! Бул жакшы жышаан эмес. Же, балким, баары алда канча жөнөкөй болуп жүрбөсүн? Ал адамдын жонунда боолонгон отун артылган болсо, анда кеп башка эле. Анда баары түшүнүктүү болмок… бирок кызыл баштык тынчсызданууну жаратат жана бул таланттуу эскиздин ар бир сабында кабатырлануу сезими пайда болот.
*Көркөм өнөрдөгү этюд — керектүү материалды үйрөнүү, бекитүү, композициялык идеяларды текшерүү максатында түз жаратылыштан же эс тутумдан аткарылуучу даярдоо иши же тарбиялык көнүгүү.
САМАРКАНДИЯ (композиция). Картон, май боек, 44,8х39,8, 1970
Самарканддын көгүш түстүү куполдору! Аркалар, мунаралар, бош дубалдар, чакан терезелер, тар көчөлөр. Көздөр аёосуз тийген күндөн коргогон декоративдик торлорду баса белгилеп көргөзөт: алар боз үйдүн бриллиант сымал алкагын элестетет. Охра, кобальт жана күрөң марс, тунуктук жана тыгыздык. Ал эми композициянын так ортосунда көз жоосун алган апакай, ээн аянт бар. Формалардын оюну фантазияны козгойт. Жибекке оролгон сулуунун элеси көз алдына тартылат, анын маңдайында, көчөнүн аркы өйүзүндө, кыйгачынан тизилген жигиттер көтөрүлөт. Чоң сарайдын кире беришин жасалгасы укмуштуудай жакалуу кийимчен ак сөөк адам кайтарып турат; тосмонун артында жасалгалуу кийимчен жоокер тынчсызданып турганы байкалат, дагы бир аз болсо, кылычын сууруп алганга даяр; узун таякта тик турган мунарадагы арбактай цирк артисти аларды үстүртөдөн карайт.
Мына эми аянт каармандарга толуп, толкунданган сөлөкөттөрү менен аянтты дээрлик каптап кетти. Имараттар баш кийимдерин кийип, көп түстүү көздөрү туш тарапка чачырайт. Самаркандия! Бул аталышы кайдан келип чыккан? Кузьма Петров-Водкин «Самаркандия» деген сонун китебин Петербургда, 1923-жылы басып чыгарган. Аталышы ошондон улам келип чыккан, бирок мында ориентализм жана экзотика азыраак — фантазия жана театр көбүрөөк. Аталышында «композиция» деген сөз кайдан келген? Картинанын өзү композиция экенин атайын тактоо керек болгондой. Ошондой мода бар болчу!
Моданы Сенеж дизайн студиясынын студиялары тараткан. Ошондон бери СССРде кооз сүрөттөрдү «композиция», ал эми сүрөтчүлөрдү «композиторлор» деп атоо модага айланган. Формалдуу көнүгүүлөр эң негизгиси болуп калды. Көптөр бул кылтакка илинип калышты: алар дизайнды ээн эркин сүрөт менен чаташтырышты, бирок талант автордун маанисиз формаларга берилип кетишине жол берген жок. Ал композицияны жандандыра баштады! Ал тайманбастык менен тыюу салынган сызыктан өттү, анткени дизайн бул таза абстракция, анда сырдуу сулуулар жана кумарпоз эркектер жок.
Хартум. Картон, темпера, 44,6х50, 1975
Судандын борбору — Хартумга чыгармачылык сапардан алган таасирлери. Сүрөтчү советтик мыйзамдарга ылайык болбогон бейтааныш архитектурадан шыктанган. Стихиялуу түрдө. Арабдардыкы, байыркы, салттуу, стилдүү. Мындай архитектура авторго жайлуу, атүгүл бир аз театралдашкандай көрүнөт. Бир кабаттуу турак жай: дубалдар, тосмолор, эшиктер, терезелер, короолор жана тар көчөлөр. Ар бир буюм уникалдуу, көркөм чыгарма сыяктуу кооз! Бул жерде тар, коммуникация, таза аба тартыштыгы көйгөйлөрдү жаратат. Ал эми сүрөтчү үчүн — бул жасалга. Ал эми структурасы түшүнүксүз болгон жерде кооз абстракттуу тактар колдонулат. Бул таң калыштуу формаларда жашоо кызыктуураак болот окшойт. Заманбап имараттар деле бар, алар горизонтто жансыз тизилип турат. Сүрөтчү негизгилерди, түстөрдү жана тонду туура айкалыштырып тандап алган: жашыл боз асман жана алтын жалатылган курулуштар. Күндү туман каптап турат, жарык жумшак тийип турат, булут баскан горизонт караңгы. Же, балким, бул суу болуп жүрбөсүн? Шаар Ак жана Көк Нилдин кошулган жеринде жайгашкан… Тунук, бир кыймылда жазылган – бул акварель менен иштөөдө өтө жогору бааланат, жалпысынан алганда деле баасы жогору.
Бул жеңил, грация, чеберчилик. Хартум — дүйнөдөгү эң ысык ири шаар болуп саналат. Бирок пейзаж нымдуулукту жана салкындыкты бөлүп чыгарып турат. Балким, сүрөтчү жылдын жалгыз, өтө ысык эмес күнүнө туш келгендир. Советтик Кыргызстандын сүрөтчүлөрү советтик шаарларга маани беришкен эмес, алар үчүн романтикалуу эместей сезилген. Алар азыр деле биздин чалды-куйду курулуштарга шыктанышкан жок жана… туура эле кылышат.
Күүгүм. Картон, май боек, 25х38,3, 1978
Күн жаңы эле уясына батып, жарыктын нурлары дагы эле бир топко чейин тарабай кармалып турат. Аба күндүзгү шаңдуу маанайдан ажырагысы келбейт. Жер менен асман өздөрүнө топтолгон энергиясын бөлүшүп берип, түндүн келишин бардык жол менен кечеңдетип жаткандай. Алар караңгы болушун каалабайт, анткени күн батса да, ар дайым… күүгүм болуп турсун! Баары тоналдык түстө болуп калды, караңгы эмес, ачык эмес, боз эмес — тунук! Асмандагы ай араң эле байкалат. Бул жерде ырахаттана турган эмне бар? Эмнени караш керек?
Күүгүм – мастерге таандык учур! Ал назик көлөкөлөрдү жакшы көрөт. Ал акварель суудай тунуктукту сезгендей, жан дүйнөсү менен күүгүмдү сезет… картон… Боз үйдүн жанында балалуу аял турат. Талаа жакка үңүлүп карайт. Жумуштан кайта турган күйөөсүнүн жолун карап турат. Балким караңгы түшүшүн карап тургандыр? Же саргыч тарткан муздак ай өзүнө тартып жаткандыр, кызыктырып. Түтүн каптап турат, боз үйдө очок күйүп турганы менен, жылуулугу сезилбейт. Айланада салкын тарткан түстөр. Дарактар өзүнүн ушул турушунда кандайдыр бир сооротуучу күч берип жаткандай. Анан дагы сүймөнчүктүү бала. Бирок бул жетишсиз. Жакын жерде бийик кочкул боз пайдубалдын үстүндө үй турат. Бош үй…. Шалдыраганыңды токтот! Азыр талаадан чоңдор, эркектер кайтып келишет да, өздөрү менен бирге сырткы ажайып чоң дүйнөдөн жылуулук, жагымдуу кабар ала келишет, анан дароо электр жарыгын күйгүзүп, баары жандана түшөт.
Сүрөтчү архетипти ээрчийт: балалуу аял күүгүмдө жумуштан келчү эркектин жолун карап күтөт. Кылымдан кылымга дайыма ушундай болуп келген. Азыр ал бир калыпка окшош. Же балким… Сүрөтчү жакында эле «Улан» тасмасына тартылбады беле. Кино тасмада каада-салттан ажырап калуу адамга кандай терс таасирин тийгизээри тууралуу сөз болгон. Жолдорунда асфальт төшөлгөн шаарда ата баба салтын, тууган урук тамырын сактап калуу кандай кыйын. Кичинекей эскиз чебердик менен жазылган: картондун текстурасы аркылуу жандын чеберчилиги байкалат! Жакын жерде эки үй бар, боз үй жандуураак, жылуураак көрүнөт.
Кыштактагы таң. Кенеп, май боек. 33,7х64,3. 1985
Жүрүш талааларга, жайыттарга алып барат. Уй алдыда кетип баратат, анын соңунда уйдун ээси ээрчип баратат, анан аялдар чөп орууга карай агылууда, колдорунда айрылары, жанында баласы бар (балким, бала бакча курула элек болсо керек – бул совет бийлигинин кемчилиги). Эшек таң эртеден бери бүтүндөй бир арабадагы чөптү ташып (качан жыйнап алышкан?) тынбай иштеп жатат. Чабандес атты таскактатып чаап баратат. Кадимки жай-күз пейзажы: тоолор, тал-теректер, үйүлгөн чөмөлө чөптөр, имараттар. Жөнөкөйлүк, сулуулук жана жан сергиткен таңкы сергек аба. Сүрөтчү карапайым элдин тек гана эмгекке умтулуусун даңазалайт. Ошол кандай сонун эле! Бардыгы жалпы ортодо, бардыгы элдики, бардыгы бирдей чогуу иштешет! Ошол эле учурда ар бири өзүнүн жеке чарбасын жүргүзгөнгө үлгүрчү. Эч ким эч кимге тоскоол болбойт жана бири-бирине көз артпайт. Баардыгы бири-бирине чын жүрөгүнөн жакшылык гана каалашчу эле.
Гармония, табияттын койнунда ыраазы болуу менен бири-бирине ырахат тартуулаган, чыр-чатаксыз, оору-сыркоосуз жарык дүйнө. Турмуштук тымызын байкоолору бар, бирок азырынча так табигый мүнөздөмөлөр жок. Азырынча бул жеңил тартылган гана сүрөт, мольбертте тартылган татаал сүрөт бул жерде орунсуз. Азырынча бул театралдуулук: дыйкандар мизансценада болгонсуп, ишке ашыгышат, башка эч нерсе болбойт. Бул жакшы башталыш! Автор андан ары маанилерин татаалдаштырып, майда-чүйдөсүнө чейинки конкреттүүлүктү кошсо болот. Контраст үчүн кичинекей караңгы бурч кошуп койсо болмок. Анын негизинде социалисттик реализмдин стилинде негизги тематикалык чыгарманы түзүү үчүн келечектүү изилдөө. Бирок автор ага кошумча киргизип өзгөрткөн эмес. Башка мезгил келет, башка идеялар келет.
Кызыл өрүк. Кенеп, май боек, 60х44,5, 1986
Сүрөтчүнүн көңүлү сюжетке бурулган: өрүк жана тикенек. Экөө тең күнгө өңү өчүп кеткен, бирок бири кызарып, сулуу болуп, экинчиси өң-алети кетип саргайган. Тикенек турган жеринде куурап калды, ал эми өрүк өзгөрүп кетти. Бул куйкалаган ысык аптапка татыктуу жооп! Сүрөттө бул жөнүндө айтып берүүгө болобу? Сүрөтчү өзүнүн сезимдерин жеткирүү аракети менен тобокелдикке салып, күчтүү ыкманы колдонгон — кызыл өң кыжырды келтирет. Мындай түс дисгармониясын абстракттуу искусстводо кабыл алууга болот, бирок реалисттик чыгармаларда эмес. Ал бул жерде куру бекер убарадай көрүнөт. Билермандар: “Көгүштүн үстүндө ушундай кызыл болмок беле? Анда профессионал адамдын токтоолугу кайда? Ал эми гармония жөнүндө эмне айтууга болот? Реализм жөнүндөчү? Ал эми жарык-аба перспективасычы?” деп айтаары бышык. Макул, баары туура, бирок жеңилдетүүчү жагдайларды тапса болот. Келечеги бар. Тикенек түсү жана өңү боюнча эмес, тикенектүү түзүлүшү менен алды жакта турат. Терең мейкиндиктин өнүгүшү чопо дубалга барып кептелет да, ага дарактын көлөкөсү барып «кулайт». Түшкөн көлөкөнүн боюн – алдында жана арт жагында мейкиндиктер чектейт. Бирок дубалдын артында да өңү тынчыбайт. Бул жерде да күн жана диссонанс үстөмдүк кылат. Бул сүрөтчү каалаган нерсенин дал өзү. Бул ырааттуулук — бадалдар, дарак, дубал, алыскы көрүнүш — композициялык көз карашты түзөт. Көрүүчү бул ыкманы байкабайт – ал мааниси эбегейсиз мейкин экендигин көрөт… Күн аёосуз куйкалап күйүп жатат. Бир учурда ал күйгүзөт; ал эми экинчисинде — курчутат. Эмнеге андай? Түшүнүксүз. Көпчүлүгү тукумунан болсо керек деп жооп беришер… Эмне үчүн бул сюжет авторду өзүнө тартты? Ал андан өзүнүн тагдырын көрдүбү? Ал тайманбастык менен кооптонуу коштолгон күнгө карай түздөнүп, каардуу кызарып, түбөлүккө курчуду.
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз.