КӨРКӨМ ӨНӨР БИЗДИН ТУРМУШТА

ГАМАЛ БОКОНБАЕВ. 5-ЧЫГАРЫЛЫШЫ: СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ. 5-БӨЛҮМ. Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КУСӨМ КОЛЛЕКЦИЯЛАРЫНА ОБЗОР

Искусство таануучу ГАМАЛ БОКОНБАЕВ Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин коллекцияларына жасаган кезектеги обзорунда Сүймөнкул Чокморовдун бай чыгармаларынын топтомдору менен тааныштырууну улантат.

 


Элет жазы. Картон, май боек, 45,5х76, 1985

Гүлдөгөн өрүктүн көлөкөсүндө жашыл чөптүн үстүндө алты бала отурат, алардын ары жагынан кызыл жоолукчан кыздын болоор-болбос карааны көрүнөт, кыязы, алардын курбу кызы окшойт. Балдар кыйгач өтүп бара жаткан ал кызыл көйнөкчөн кызды жардана карап жатышат. Тосмо артында бара жаткан аялга көңүл да бурушпайт. Сол жакта боз эшек жатат, аябай чарчаганбы, айтор эки жакты карабай, эс алып жаткан түрү бар. Оң жактагы тосулган короонун ичинде бала багып отурган кыздын күңүрт карааны көрүнөт, ал көчөдө эмне болуп жатканын билгиси келип кызыгып атканы байкалат.

Тээ алыстан кирпичтен салынган бир кабаттуу имараттар көрүнөт. Уюлдардын тосмосу композицияны эки бөлүккө бөлөт. Төмөнкүсү адамдарга жана алардын жер үстүндөгү түгөнгүс түйшүктөрүнө арналган. Сүрөттүн жогорку үчтөн эки бөлүгүн оймо-чиймелердин, тактардын жана сирень түстөгү чекиттердин динамикалык фантазиясы ээлейт. Жазында гүлдөгөн убак. Бутактардын жогору жагынан көк асман көрүнөт. Бул мотивди кыргыз сүрөтчүлөрү көп колдонушат: көр-тирликтин күнүмдүк түйшүктөрү жана жогору жактагы ажайып керемет көрүнүш.

Бирок бул жерде андан да татаалыраак горизонталдуу байланыштар бар. Апасы чарчаңкы оор басырыктуу басышы менен кичинекей баласын жетелеп кызынын ал-жайын билгени баратат. Жашоонун көз ирмем учкундары горизонталдуу түрдө кандайча жайгаштырылганы көрүнө баштайт: чоңдордун жоопкерчилиги жана алгачкы аялуу сезимдер, кызыгуу жана уялуу. Ошондо гана биз булар бул жерде бекеринен коюлбаганын, баары ойлонуштурулуп, кандайдыр бир себеп менен коюлганын түшүнөбүз. Советтик Кыргызстандын сүрөтчүлөрү эң жакшы өздөштүргөн, а бирок Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөрү эбак эстеринен чыгарып коюшкан өнөр.


Балалыктын короосу. Картон, темпера, 55,5х75, 1976

Айыл жериндеги чөп баскан короо. Айлананын бардыгы жабалактап өскөн жапжашыл бактарга, чөпкө, бак-дарактарга, бадалдарга толгон. Кошумча курулган чарбанын дубалдары, үйүлгөн чөмөлө чөп, аялдардын келбеттери үзүл-кесил көрүнөт. Жарыкта сары-жашыл, сары жана кызыл охранын агыш өңдөрү чагылышат. Күңүрт жагында ачык көк жана ачык кызгылт көгүш түстөрү билинет. Сүрөтчү абстракция өз алдынча туура маанайды жаратаарына ынанып турат. Түс сюжетти жана башкаларды жаратат: сызыктардын жана темгил тактардын оюну. Көктө жайгашкан көпкөк тегиз асман жадырап-жайнаган түрү менен короодогу кыймылдуу жандыктар менен түстөрдүн баш аламандыгын четке кагып, жердегилерге: «Тынчтангылачы, акыры. Силерден анча алыс эмес жерде так эле силер менен чектештер эң сонун болуп турушат. Алар да так силердей ызы-чуу болушат!» — деп акырын кыйытып жаткандай. Бирок «мындагылар» дагы деле тынчыбайт…

Бардык чыгармачыл адамдар балалык темасына кайрылып, чыгармачылыктын өмүр башатын ошол жерден издешкен. Бул койбу? Ал кызыл кийимчен аялды көздөй бой салат. Ушунчалык узун моюну мененби? Пардага окшогон чоң ак жоолук салынган аял. Түбөлүк колуктубу? Бул кемчиликпи же подсознаниеби? Сүрөтчүнүн балалыгы оор болгон, ал тубаса оору менен жапа чегип, көп кыйынчылыктарды башынан кечирген. Албетте, тар короодон жомоктогудай дүйнө тарткысы келсе келгендир. Анткени ал жерде көөдөнүңө толтура таза абадан кере-кере жутуп алып, жеп-жеңил учуп кетүүнү эңсеген асмандын бир бөлүгүндө орун бар.


Чабандын портрети. Картон, май боек, 37,2х25,8, 1980

Оймо-чийме салынган өзгөчө калпак куйкалап тийген күндөн калкалап турат, көйнөгүнүн жакасы жагжайып ачык. Сүрөтчү чабанга капыл-тапыл жолугуп, анын даярдыгынын бар-жогуна карабай, күнүмдүк иште кийген кийими менен, эң жөнөкөй шартта болгонун болгондой тартып алганы байкалат. Чабан сүрөткө тарткыча, биротоло эс алып алайын деген маанайда макул болуп отурат. Чабандын боз бубак чалган сакалы, чыйралган кара муруту, кара кашы, жадагалса, бир көзүнүн кызарган тамырларынын өйдө кашкайып даана көрүнөт.

Жашыл шибер үстүндө жүзүнөн нуру тамган, ал-күчтөн али тая элек чымыр денелүү аксакал жылмаят. Анын жогорку жагындагы оң бурчунда сап-сары каакым-кукум бажырайып көргөн көздү кубантат. Теманы кийинчерээк тереңдетип тартуу таризинде арыдан-бери тарта салгандай чиймелер. Бирок убакыттын өтүшү менен бул таланттуу этюд өз алдынча жаралганы менен, толук аякталган эмгекке айланган.

Мына сага — реализмдин күчү! Мына — бул жаратылышта табигый иштөөнүн маанилүүлүгү! Бирок мындай мамиле көпкө сакталып калган эмес. СССРде карапайым элди сыйлашар эле. Жөнөкөй эмгекчил адамдар да өздөрүн сыйлашчу. Алар ата мекендик өндүрүүчүлөр тиккен бышык калпактарды кийишчү, артыкча көрүнүүгө аракет кылышчу эмес, тартынчу да эмес, анткени уялып тартына турган эч нерсе жок болчу. Бул кайталангыс советтик пафосту кайталоо, социалисттик утопияны кайра жандандыруу эч мүмкүн эмес.


Эки мергенчи. Кенеп, май боек, 125х119, 1978

Мергенчилер боз үйдүн жанында алгыр куштар менен отурат. Жашыраагы бүркүт кармаса, улуусу шумкар кармап отурат. Алар калың булгаары мээлей кийген колдору менен кармап алышкан. Алардын оң жагында дагы бир бүркүт отурат. Бүркүттөрдүн баштарында көздөрүн жаап турган булгаары томогосу бар.

Композиция татаал кезектешүү ыкмасы боюнча куралган: үч жырткыч куш жана эки мергенчи. Түсү — агартылган охра жана күрөң түстөгү колорит менен берилген. Бул жерде боз үйдүн өңү басымдуулук кылат. Төмөндө кызыл охра түскө оронгон жер көрүнөт, тээ алыстан жашыл түстүү мейкиндик созулуп жатат.

Айрыкча аксакалдын көк түстүү кийими, ак сакалы өзгөчө бөлүнүп турат. Аксакал турган турпаты менен табигый көрүнүшү боюнча тартылганы көрүнүп турат, мындай жандуу образды ойлоп табуу мүмкүн эмес. Модернисттик живопистин техникасы колдонулганы байкалат: түзмө-түз менен схеманын, табигый жана абстракциянын ортосундагы карама-каршылыктар. Семён Чуйковдун алгачкы чыгармачылыгындагы чыгыш таануунун эң жогорку жетишкендиги болгон «Балык кармаган бала», Владимир Образцов жетектеген «Кыргыз примитивизми» эске түшөт… 70-жылдары Советтик Кыргызстандын сүрөтчүлөрү классикалык социалисттик реализмдин принциптеринен четтеп, 30-жылдардагы формалдуу жетишкендиктерге кайрылышкан. Бул кыймылды формалдуу түшүнүктөрдү издөө деп атап коюшат.

Метод эч кандай реалдуу көйгөйлөрдү козгогон жок, бул форма боюнча эркин иштөөгө мүмкүндүк бергендей. Автор дайыма социалисттик мазмундун улуттук уландысынын үстүндө иштеп келгендигин белгилөөгө болот. Чындыгында, укмуштуудай уникалдуу форма түзүлгөн! Улуттук сүрөт жааты байытылгандыгы жөнүндө баяндаган форма! Каада-салттардын уландысы жана дагы бир сөз менен түшүндүрүлгүс нерселер жөнүндө…. Азыр форма менен чоң бир иштер жөнүндө айтып берүү маанисиз манеризмге айланып кеткен. Андыктан созулган узун фигуралар этнографиялык салон талаасынан уланган бир нерсе деген ойдон арылуу мүмкүн эмес.


<= 4-ЧЫГАРЫЛЫШ                                                                                                           6-ЧЫГАРЫЛЫШ =>


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 

 Кызык болсо жазылыңыз.


Автору
Гамал Бөкөнбаев

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *