Бул Кыргыз улуттук сүрөт музейинин коллекциясындагы сүрөтчү Мурат Бекжановдун (1946-жылы туулган) чыгармаларына обзордун экинчи бөлүгү. Обзорлордун мурунку чыгарылыштарындай биз анда искусство таануучу Гамал Бөкөнбаевдин пикирин сунуштайбыз.
Экинчи бөлүктө биринчисиндей эле сүрөтчүнүн 9 эмгегин көрүүгө болот.
МУРАТ БЕКЖАНОВ (1946-жылы туулган) – Постер сүрөтчүсү. Сүрөтчү. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 1946-жылы 17-ноябрда Токмок шаарында туулган. 1966-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, 1972-жылы В.И.Суриков атындагы Москва сүрөт институтунун графика бөлүмүн бүтүргөн, Н Пономаревдун плакат устаканасында билим алган. 1976-жылдан бери СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Чыгармалары Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде ошондой эле КМШ мамлекеттеринин музейлеринде бар (Маалыматтар Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинин сайтынан алынды).
Таң. Картон, май боек, 70,2х50,8, 1982
Бул эрте жаздагы таң, күндүн нуру көзгө чагылышпай жагымдуу жылуу тийип турат, жана верандада гезиттеги акыркы кабарларды жана шаар менен айылдын бириктирилиши жөнүндө жаңы, кызыктуу макалаларды окуп отурууга болот. Анан заманбап сүрөтчү, мугалим, интеллигентпи, айтор жаш жигит жашоого ыңгайлуу элет жери жөнүндө кыялданат. Темир-бетондон жасалган көп кабаттуу имараттардын кереги жок — мамылардан жана самандан стилдүү заманбап дизайнды түзүүгө болот! Чакан, фрагменттүү, эч кынтыксыз! Үйдүн дубалы жана чатыры өзгөчө түзүлгөн балкондун ачылышы үчүн ыңгайлуу алкакты түзөт. Жер пол сыяктуу; асман дубал сыяктуу; көлөкө конструкциянын элементтери катары. Контурга чейин тазаланган чийме жандуу көрүнөт: тону, текстурасы, болор-болбос түшүп турган көлөкөсү. Негиз катары япон жөнөкөйлүгү жана Джорджио де Чириконун* метафизикалык мейкиндиктери берилген. Ал эми айыл почтасы жана башка коомдук ыңгайлуулуктары менен кошо модернисттик дизайнга, универсалдуу графикага, жашоонун жаңы түшүнүгүнө жана жөнөкөй формалардын көркү катары, тажатма декору жок жаздыктарга, пилдерге мышыктарга ээ болот. Бул эң эле жөнөкөй адепсиздик эмеспи! «Чын эле түшүнүү кыйынбы? Анткени, жашоону кызыктуу кылуу өзүбүздүн колубузда да». Кандай сонун кооз утопия! Минималист сүрөтчү үчүн бул жерде жашоо жагымдуу болмок, бирок бул түшүнүксүз: мунун баарын кантип иш жүзүнө ашырууга болот жана каржылык жактан өзүн актайбы? 80-жылдардагы Советтик Кыргызстанда бул утопияга ишенишкен, азыр ишенбейт. Жана ошондой эле 21-кылымда Кыргыз Республикасында шаар менен айылды бириктирүү процесси жүрүп жатат! Шаар чоң айылга айланат.
*Джорджио де Кирико (1888-1978) — италиялык сүрөтчү, метафизикалык живопистин негиздөөчүсү, мурунку сюрреалисттерден. Анын чыгармаларында антикалык жана кайра жаралуу доорунун таасири сезилип турат. Жансыз объекттерге сырдуу маани берүү, алардын чыныгы ниетин ачууга аракет кылуу, бири-бирине дал келбеген нерселерди айкалыштыруу жана подсознание менен ойноо – ушунун баары 20-кылымдын искусствосундагы масштабдуу багыттардын бири — сюрреализмдин жарчысы болуп калды.
Күзгү алдында. Кенеп, май боек, 120х89,7, 1980
Улгайган аял күзгүнүн алдында туруп, күзгүдөгү өзүнүн келбетинин артында турган эбак көзү өтүп кеткен адамдардын элесин көрөт. Ал — маркумдардын элеси… Булар тууган-туушкандары эмес, алар — бирге иштеген кесиптештери, жаңы өлкөнүн курулушуна чогуу катышкан жолдоштор! Дал ошолор менен бирге ал революцияны, граждандык согушту, Улуу Ата Мекендик согушту (символикалык түрдө) басып өтүп, талкаланган эл чарбасын калыбына келтирүүгө катышкан. Курбуларынын арасында тебетейчен секелек кыз, гимнастерка кийген кыркм чач кыз да бар. Бардыгы комсомолдор, арасында партиянын мүчөлөрү да болсо керек. Карапайым жумушчулар — начальниктер эмес. Арасында колдоруна китеп кармаган жашы улуу достору да бар. Эмгек интеллигенциясы! Баары кетип, ал өзү гана калды.
Эми минтип өмүрүнүн аягында анын сүйүктүү курбу кыздары, достору жана кесиптештеринин жаркын элестери күзгү бетинде чагылышып келип турат… Советтик боёк — бул кызгылт сары кирпич — Хрущевдуку — жана боз-жашыл — панель — көлөкөлөрдүн контрасты. Жүздөрү сүрдүү жана катаал. Сүрдүү совет адамы! Азыр жашы улгайган аялдын күүгүмдө минтип күзгүдөн арбактардын элесин көрүп жатканында таң калыштуу эч нерсе жок…. Кадимки эле триллер. А бирок ошол кезде ал сүрөт компетенттүү органдардын арасында суроолорду жаратып, интеллигенциянын талкуусуна негиз болуп калышы мүмкүн эле! Бул эмне жөнүндө? Бул советтик мистицизмби? Ал кезде мындай эркиндиктерге жол берилгени жакшы болгон экен. Сүрөтчүлөр да таланттуу чыгармалары аркылуу чектелген алкактарды мүмкүн болушунча сүрүп чыгышкан: көрүүчүлөргө да кызыктуу, жетекчиликке дагы жагат. Бул өнүккөн социализм доорунун социалисттик романтизми деп эсептелген: мазмуну бирдей айкын (кандай экени түшүнүктүү) – ар кандай формада, бирок экстремизм жок. Сүрөттү 80-жылдары музей сатып алган, а бирок азыр анын маанисин жаштарга түшүндүрүү кыйын.
Темирдин портрети. Кенеп, май боек, 70х50, 1977-1980
«Көзү күйүп турган кубар өңдүү жигит…»* карапайым костюм кийген, галстугу жок; Көйнөктүн үстүнкү топчусу топчуланган эмес; тентек шамал анын тармал саамайларын туш тарапка жайып сапырат. Кыргыз маданиятынын кайра жаралуу доорундагы жигиттин энергиясы чырайына чыга көрүнүп турат. Жоош адам эмес, карьерист да эмес, ал балким чындык кайда экендигин түшүнгүсү келип жатабы? Анын идеясына кошулбаган адам менен талашканга даяр. Сүрөтчү анын жооп издеген, тынчсызданган көздөрүн таамай сүрөттөй алган. Эриндери кичинекей баео баланыкындай ээги даана көрсөтүлгөн. Укмуштууда керемет реалистикалык картина, мында мүнөзү, пластикасы, энергиясы бар! Бул жерде реалдуу ыкмаларга ачык кайрылуу бар, бирок башка деңгээлде! Фон — бул экспрессия жана катаал текстуранын үстүн боегондун кереги жок, анда эле кыймылы, импульсу, уникалдуулугу жоголду бей бер! Модернизм менен реализмдин ортосунда кандай айырма болушу мүмкүн? Анан эмне үчүн реализм жаман болушу керек? Эң негизгиси, жаңы нерселерге жаңыча таланттуу болсо болду. Эгерде сүрөтчү өз эмгегин «Комсомолдун портрети» деп атаса, анда баарлашуу такыр башкача болмок (аталышы эле кабыл алуубузга канчалык таасир этерин байкаңыз!). Бирок Темир комсомолго окшобойт. Мүмкүн ал формалдуу түрдө комсомол болсо болгондур, ал кезде баары комсомол болчу да. Бирок анын турган турпатынан өтө эле тынчы кетип турганы ачык көрүнүп турат, кандайдыр бир жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген нерсе менен алпурушуп, метафизикалык суроолорго жооп издегендей! Ал жооп таппаса мейли, жаштар ушундай болуш керек… Жаш сүрөтчүлөргө нукура табигый нерселерге бат-бат кайрылып турууну кеңеш берсе болот. Ал эми бүгүн бейтааныш жигиттин портретин эч ким сатып албай турганы жана аны өзүң ойлоп табышың керектиги жөнүндө кеп башка… Алар табигый турмуштан алып иштешет! Бирок анын эмнеге керек экени эсибизден чыгып кеткен. Бул жагдайды сүрөтчү жана теоретик Константин Шкурпела мындайча аныктаган: «70-жылдары жаратылыш жөнүндө сүрөттөр тартылган эмес, бирок аларда жаратылыш бар болчу! Азыр алар табигый турмуштан иштешет, бирок алардын иштеринде жаны, табигый нерсеси сезилбейт!» …
Портреттин автору чыныгы турмуштагы “бүдөмүк түшүндөгүдөй” элести “дагы деле даана байкалбаган” нерсени көргөн, андан конкреттүү форманы көрүп, идеяны өзүнүн эмгегинде чагылдыра алган! 1980-жылдагы Кыргызстандын жаштары мына ушундай болгон!
Жада калса абстракцияны да жашоодон алган пайдалуу болорун кошумчалай кетсек болот.
Сүрөтчүлөрдүн улуу баянды сүрөт бетине түшүрүүдөн башка жана улуу пафос жазуудан башка аргасы жок. Бизге ойдон жаралган табылгалар керек!
Сатар Айтиевдин “Кыргызстан жаштары” деген эмгеги эсимде. Анда шылдыңдаган маадай, антиплакат бар сыяктанат. Сүрөттөрдүн ортосундагы талаш Мураттын чыгармачылыгын бийик көтөрөт. Скептицизм керек, позитивдүү маанай керек.
Бул жерде Сатар Айтиевдин чыгармаларындагыдай шылдыңдаган маанай байкалбайт. Ал жерде.
Даталарына караганда, сүрөтчү бул портретти жаратууга 3 жыл жумшаган! Андай болушу мүмкүн эмес. Балким, атрибуттары так эмес болуп калгандай.
*В.Я.Брюсовдун ырынан цитата келтирилет.
Күн. Кенеп, май боек, 150х200, 1977
Чыккан күндүн нурларынан айланада чогулгандарга жарык чачырап турат. Жарык дөбөнүн бир бөлүгүнө, кээ бирлеринин жүздөрүнө жана келбеттерине түшөт. Сол жакта аттын, тебетей кийген кишинин карааны байкалат; ортосунда – топтошкон адамдар турат; оң жакта элечек кийген аялдар, тайын жетелеген бээ жүрөт. Алардын баары эскерүүлөрдөн пайда болгондой көрүнөт. Кээ бирлери жарыкта көрүнүп турат, кээ бири көмүскөдө көрүнбөйт. Бирок, эч кандай деле көлөкө жок — баары агыш жана күрөң анча көп эмес кошулмалар менен берилген кызгылт көлөкөлөрү менен ак жарык аркылуу чагылдырылган. Кубатбек Жусубалиевдин “Күн автопортретин тартып бүтө элек” (1967) повести эске түшөт. Сүрөтчүнүн айтымында, күн жарык нур алып келген! Жана дагы жылуулукту! Ал алып келбей кое алма эмес, анткени ал — күн да! Бул Сатар Айтиевдин «Арноо» (1972), «Акындар» (1973) чыгармалары менен полемикасы дегенди билдирет. Сатар катаалыраак, сүрдүү, анын сүйүктүү темасы — үмүтсүздүк темасы… Көркөм чыгарманы ар кандай өңүттөн кароого болот. Социалисттик революциянын бу кызыл нуру адамдарды кыйла кылымдардан бери келаткан кылымдык уйкусунан ойготту деп айтса болот; бул 1916-жылдын каардуу кышынан кийинки Кайра жаралуу! Же, балким, бул 1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согушту жеңгендеги жазгы Жеңиш күнү! Ар түрдүүчө чечмелей берсе болот, мунун баарынын изилдөө катары мааниси бар. Бирок бул сүрөт эмне жөнүндө болду экен? Түшүнүксүз! Конкреттүү даректин жоктугу кыргыз совет модернизминин алсыз жери болуп кала бермекчи… Кое туруңузчу. Же, балким, ал биздин доор аркылуу ушундай көрүнүп жаткан болбосун? Андай болсо 1916-жылдагы окуяларды кыйытып көрсөтүүнүн өзү, албетте, тайманбастык болору анык! Демек, бул таланттуу эмгекти баалоо үчүн анын ошол мезгилине толук сүңгүп кириш керек тура! А бирок андай болушу мүмкүнбү? Деги эле ал керекпи? Бул көркөм тажрыйбанын азыр кереги деле жок. Анан да канаттуулардын тилинде сайраштын зарылдыгы жок. Бүгүн өнөр адамдары нукура чындык сөздү бетке түз айтышы керек!.. Көп нерсени кыйыткан а бирок, ошол эле учурда эч нерседен кабар бербеген бул керемет чыгарманы талдоону келечекке калтыруу керек!
Көгүш көйнөк кийген кыз. Кенеп, картон, май боек, 50х70, 1977
Кыз көк түстүү дубал менен курчалган айлананын ичинде олтурат. Терезенин сыртында дөбөдө көк шаар көрүнөт. Бул бир кабаттуу террассаларбы? Түшүнүксүз. Бизде андай жок. Москва да, Париж да эмес. Фантазия! «Адамдардын түшүнө кээде аты жок көк шаарлар кирет». 70-жылдары СССРде ушинтип ырдашкан… Рефлекстер ак түстүү күрмөнү көк түстүү кылат. Көк түскө контраст болгон – күрөң түстүү жыгач отургуч, күрөң чачтуу аял. Күрөң түс — жылуу, жандуу. Ал суук менен күрөшүп, моделди тунук, назик, дене түстүү көлөкөлөрү менен жылытат. Сыйкырдуу кыз жаркылдап, сырдуу жылмайып турат, бирок анын жашыл түстүү көздөрү азырынча бош. Жана да табигый эместик сезими сизди коштоп турат: кышкы суук жана жылуу дене, фантазия жана чаңдуу кристалл, отурушу текебер акселератканын диспропорциялары. Галатея эмес, Джоконда эмес, Кар ханышасы да эмес. Чоңое элек. Ал эми чоңойбойт дагы, анткени айнектин түсү жашыл өңдүү советтик айран бөтөлкөлөрүнүн түсүнө окшош. Айнек идиштерди чогултуу пунктунун фонунда айнек идиштердин хан бийкесиндей көрүнөт.
Советтик искусство таанууда мындай эстетикалык категория жок болсо да, сүрөтчү искусстводо жана турмушта диссонанс категориясын иштеп чыгуу укугун өзүнө алат. Сүрөтчү чеберчиликтин чегинде эксперимент жасайт, «табигый эмес» жана «ылайыксыз» түшүнүктөрүн изилдейт. Ал эч нерседен коркпойт жана аң-сезимдин эң караңгы бурчтарына үңүлүп чыгат. Автор мындай кылганга акысы бар, бирок көгүш түстүү фантазиясы үчүн ичиң ачышат жана кызга бир аз бооруң ооруйт.
Жашыл моюн орогуч оронгон кыз. Картон, май боек, 49,5х36, 1976
Кыздын тегерек жүзүн капталынан берилген жарык баса белгилеп турат. Охра түстөрү: агыш түстөн тарта жашыл күрөңгө чейин берилген. Мойнуна оролгон жашыл моюн орогуч көзгө даана урунат. Нукура жандуу байкоолор жана жалпыланган образ — улуттук, советтик жана албетте, модернисттик экени көрүнүп турат. Формасы жөнөкөй жана образы да жөнөкөй — жандуу, достук, меймандос! Анын көз карашы ачык, бир аз жылмайыңкы. Мурат Бекжанов, Сатар Айтиев, Аман Асранкулов, Жамбул Жумабаев жараткан портреттердин сериясы 70-80-жылдардагы шаар маданиятынын образдары. Эреже катары, булар атактуу адамдар эмес (профессор эмес, жазуучу да, эмгек баатыры да эмес) жана алардын кандайдыр бир формалдуу өзгөчөлүгү өзүнө тартып турат. Мына ушул учурдагыдай — жашыл моюн орогуч. Монтажчыларды, жип ийрүүчүлөрдү, токуучуларды даңазалагандан көрө шаардык примитивдин стилинде формалдуу изденүү менен алектенген жакшы… Парадокс: пафосту четке кагышты эле, эми минтип руханиятка келишти! Бул кандай? Балким, баарына күнөөлүү кыздын башындагы нимб болуп жүрбөсүн? Бирок, сыягы, бул форманы кармангандын эч мааниси болбосо керек: композиция үчүн нимб керек болчу. Ашыкпаңыздар! Же балким бул кайталангыс советтик динчилдиктир? Бул атеист Голгофа (же Фудзи) жөнүндө сөз баштап, а бирок эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнбөй туруп, ар ким өзүнүн пешенесине жазгандын көрүшү керектигин кыйытып жатканы болуп жүрбөсүн. Башкача айтканда, түшүнүү менен! Бирок өз алдынча. Бүткүл адамзат үчүн укмуштуудай азап тартып жаткандай түр көргөзүү, андан кийин баарын койдой алдыга жапырт салып айдаган боюнча көңүл кош курган коммунизмге кирүү! Ырахматы жок жумуш… Же балким, баары жөнөкөй жана бийик деңгээлде болсо керек, бул ар бир кыздын эң жөнөкөй пенделик кереметти күткөн периштедей портрети болушу да ыктымал.
Боз үйдөгү кыз. Картон, май боек, 50х35,4, 1975
Бул чыгарма тууралуу белгилүү искусство таануучу Ольга Попова мындай деп жазган: «Сүрөтчү «Боз үйдөгү кыз» (1975) картинасында мейкиндик маселелерин да чечет. Чыгарма эскиз түрүндө жасалып, андагы томдор деталдары жок скульптураланып, түс мамилелери жалпы мааниде алынган». Боз үйдүн босогосунда кыз отурат. Башына ачык сары жоолук салынып ачык кызгылт түстүү көйнөктүн үстүнөн ачык көк түстөгү күрмө кийген.
Охра түсү үстөмдүк кылат, ага ачык жашыл жана боз көк түстөр атаандашат. Боз үйдүн жылчыгынан асман, тоолор, адырлар, тоо этектери, дарыя көрүнөт. Эгер боз үйдөгү кыз деген аталышы болбосо, тоодогу үйдүн ички жасалгасы сүрөттөлгөн деп ойлоого болот: жамбысы өтө жылмакай, бурчу өтө туура, түп-түз берилген. Кыз сүрөтчүнү эмнеси менен кызыктырды болду экен? Бул атактуу «Советтик Кыргызстандын кызы» эмес, баатыр же символ эмес. Автор өткөн доордун идеалдарын кайра жандандыруунун мааниси жок экендигин жакшы түшүнөт. Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Алтынайдай Москвага баары эле окуй бербейт, баары эле академик боло бербейт. Бул кыз үн-сөзсүз, карапайым, жупуну, эр жүрөк чапчаң эмес. Жасанып кийинип сүрөткө тартканга даяр отурат, көйнөктүн жакасы ичке моюнуна өтө кенен экени байкалат; күрмөсүн да “салтанаттуу” күндөрдө кийиш үчүн башка жупуну кийимдери менен нафталинге ороп катып койгон сандыгынан алып чыгып кийгени көрүнүп турат. Сүрөтчү композицияга аккан дарыяны бекеринен кошкон эмес. Талант бекеринен эч нерсе кылбайт. Бул кызды мына ушул дайрадай деп айткысы келип жатат: ал майда тамчыларга чогулуп, кадимки эле сууга айланат да, капчыгайларды аралап бир аз шарылдап, анан гүлдөгөн өрөөн аркылуу түшүм өскөн талааны аралап аккан дарыяга агып чыгат! Жана анын агымы токтобогон чексиз! Бирок азыр ал унчукпай тынч гана отургандыктан, анын ичинде кандай энергия катылып жатканын байкоо кыйын жана ал ошонусу менен кызыктуу! Ишке ашырылбаган мүмкүнчүлүктөр! Ал рухий күчүн болор-болбос жерде көрсөтпөй ичине катып, сыноо жылдарында гана ачыкка чыгарган эл сыяктуу. Азырынча ортодо уялыңкы, тартынчаак болуп турат.
Скульптор Эркин Мергеновдун портрети. Кенеп, май боек, 70х50, 1974
Белгилүү искусство таануучу Ольга Попова сүрөтчүнүн чыгармалары жөнүндө мындай деп жазган: “70-жылдары Мурат Бекжанов өзүн формалдуу изденүүлөрдөн четте калбаган чебер портретчи катары көрсөтө алды. Портреттердин формалдуу-мейкиндиктик чечилишинин логикасы (мейкиндикти уюштурган түрдүү тондордун так ыргагы, окшош түстөгү тегиздиктер) моделдердин мүнөзүнө жана рухий көрүнүшүнө байланыштуу белгилүү бир психологиялык маанайды түзөт (“Скульптор Э. Мергеновдун портрети”). 1974; “Күн нуруна оронгон кыз”, 1974)”
… Эркин Мергенов (1940-2015) – казак сүрөтчүсү жана скульптору. 1973-жылы Москвадагы Василий Суриков атындагы искусство институтунун скульптура факультетин бүтүргөн.
Мурат 1972-жылы ушул эле институттун графикалык бөлүмүн аяктаган. Портретти тартканда Мурат 28 жашта, Эркин 34 жашта эле… Чакан, кыска чыгарма, бирок канча сөздөр камтылган! Дос жөнүндө, убакыт жөнүндө, өзү жөнүндө. Жаш жигит бөлмөдө жалгыз; бир кызыктай абалда отурат (эки отургучта?), колдору отургучтун жөлөнгүчүнө оролгон. Бул чакырык! Адаттан тыш нерсеге кине койгондой! Ал каректерин төмөн түшүрүп ойлонуп олтурат. Баары жөнөкөй, тегиз, таза, кудум таралгандай теп-тегиз; ак чаар свитер, күрөң түстүү вельвет джинсы. Атүгүл шыбактын бурмалары да тигинен салынып, тегизделген. Таза барактан, бекем тартиптен, эң жөнөкөй нерседен баштоого, архитектурадан, курулуштан баштоого болгон каалоо. Ал эми терезеси жөн терезе эмес! Бул шарттуу ачылыш, ички дүйнө менен тышкы байланыш. Шаардын көрүнүшү, жашыл бак менен курчалган бийик имараттар. Бул Фрунзеби? Алма-Ата? Москва? Же, балким, бул Франциядабы? Гаврдабы? Же Италиядабы? Миландабы? Жаңы муун бу түзүлүштөн тынчтык издегендей, анын модернисттик тазалыгы жөнүндө кыялданат. Эң туура, так эрежелер жөнүндө кыялдануу. Стилдүү жана европалык нерсени каалоо. Өмүр бою күтүп, бирок жете албаган нерсе. Бул курулушта да, архитектурада да, дизайнда да болбой турган, ишке ашпай турган нерсе. Бул живописте ишке ашат! Саптардын тазалыгында ойлордун тазалыгы болот.
Талаада. Картон, май боек, 39,5х63,2, 1973-жыл
Жыйырма алты жаштагы сүрөтчүнүн эмгеги. Мындан бир жыл мурун жазуучу Москванын Василий Суриков атындагы көркөм сүрөт институтунун графика бөлүмүн аяктаган. Күз, күүгүм: боз жана охранын көлөкөлөрү басымдуулук кылат. Чабылган чөп чөмөлө (же самандан жасалган дубалбы?), шыргыйдан жасалган тосмо, дарбаза, мал үчүн короо. Башка эч нерсе көрүнбөйт, адамдар да, үй жаныбарлары да. Сүрөттөлгөн карама-каршылыктар жок: жарыгы көбүрөөк, көлөкөлөрү караңгыраак болсо дурус болмок. Бирок жаш сүрөтчү бул трендди кармап, кызыктуу экспериментке: кыргыздын ири модернизминин негиздерин түзүү ишине белсенип киришкендей. Ал бардык жалпы кабыл алынган эрежелерди бузуу керектигин жакшы түшүнөт. Өзүнө тарткан нерсени гана көрүү керек, балким фрагменттерин гана бөлүп көрсө да болчудай. Сүрөтпү же графикабы? Ооба, негизи, айырмасы кайсы. Живопись – кубарган көлөкөлөрдү камтыган катаал графика. Чектен ашкан бир кызыктай, түшүнүксүз нерселерди көбүрөөк тартып, социалисттик реалисттик темпераментти азыраак тартуу – ал кездеги мода болчу: мындай эр жүрөк сүрөтчү дароо эле кызыгууларды жаратып, музейлер анын чыгармаларын сатып алууга ашыккан. Эч нерседен тайманбай адилет көз караш менен талаада ээн, талкаланган колхозду өзүнүн чыгармаларында чагылдырган автор ошондогу советтик чындыкты жалтыратып бурмалагандардан бир тепкичке өйдө чыккан. Бул тамаша эмес эле. Советтик жазуучу идеологиядан буйтап качкан, интеллигент келекелегенден алыс, ал эми шаардык сүрөтчү болсо устундардан жасалган тик бурчтуктардын супрематисттик* оюнун ойногон. Устундардан тышкары, сол жакта чөмөлөнүн тик бурчтугу, төмөн жагында жердин тик бурчтугу, үстүндө чатырдын көлөкө бөлүгүнүн кара тик бурчтугу жана асмандын жашыл тик бурчтугу бар. Бардык композиция – бул тик бурчтуктардын контраст-нюансы. Кылдат, интеллектуалдык оюн! Бирок шаардык супрематизм талаа пейзажынын субъективдүү таасирлерин берүүгө ылайыктуубу?
*Супрематизм – 1915-жылы Казимир Малевич тарабынан негизделген авангарддык искусстводогу кыймыл. Ал абстракттуу искусствонун бир түрү болуп саналат жана түз сызык, квадрат, тегерек жана тик бурчтук сыяктуу эң жөнөкөй геометриялык фигуралардын көп түстүү тегиздиктеринин айкалышында туюнтулган.
<= 15 ЧЫГАРЫЛЫШ АНДАН АРЫ (УЛАНДЫСЫ БАР…)
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз