Гапар Айтиев атындагы МКСМ коллекцияларындагы Кыргызстан сүрөтчүлөрүнүн эмгектерине искусство таануучу Гамал Боконбаевдин жасаган обзору менен тааныштырууну улантабыз. Сиздер бул эмгектерден кандайдыр бир башка нерселерди көрө алдыңыздарбы? Же, тескерисинче, кесипкөй искусство таануучунун пикирине толугу менен кошуласызбы? Балким анын көз карашындагы баяндоолор сиз мурда байкабаган нерселерди көргөнгө жардам берип жаткандыр?
Сабитжан Бакашев (1941-1988) — кыргыз совет монументалист, сүрөтчү. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Терек айылында жарык дүйнөгө келген. Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын (1957-1960), В.И.Мухина атындагы Ленинград жогорку көркөм өнөр окуу жайын (1960-1966) аяктаган, А.К.Казанцевдин устаканасында билим алган. 1960-жылдан (19 жашынан) көргөзмөлөргө катышкан, 1967-жылдан бери Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.
Уста Сабыр. 129х89, 1977
1984-жылдагы Сүймөнкул Чокморовдун “Уста” деген триптихи эске түшөт. Чокморовдун буюмдары арбын, мунун өзү негиздүү: образ көп нерсенин жыйындысынан куралат. Бул иш болсо башкача жасалган: болуп жаткан нерсенин маанисин ачкан нерселер гана берилген. Биздин алдыбызда улуттук кыл аспабы болгон кыяк жасоонун чебери, конкреттүү адам турат. Күнүмдүк жумуш кийимин кийген: костюм-шымы, башында калпагы, бутунда өтүгү бар. Отургучта отуруп, өзү ойногон күүсүн тыңшайт. Үстөлдүн жанында жабдуулары жана керкиси турат.
Абстракттуу фон. Болду жетишет! Көңүлдү алаксыткан кошумча эч нерсеси жок. Бизге отургучтун (табуретка) буттарынын баары текши көрүнбөйт. Сынчылар: “Мага отургучтун төрт буту көрүнбөй жатат!” деп, каалашынча сындай берсе болчудай. Бул чынында эле ошончолук маанилүүбү? Сүрөтчү бизге болуп жаткан нерсенин маңызын көрсөтүп жатат – даярдалып жаткан жабдуулар али музыкалык аспапка айлана элек. Ал эми устат ишин улантаардан мурда даяр болгон аспаптын үнүн кунт коюп тыңшап угат. “Мен туура жолдо баратамбы? Оңдоо үчүн кеч боло элекпи? Аспаптын үнү элдин үнүн жеткиргидей кылып мыктылап жасашым керек!” деген күмөн саноолору байкалат… Бирок сүрөт сөз эмес, адабият да эмес. Сүрөтчү өзүнүн оюн живопись аркылуу берет. Үн — примитивдүү энергия. Тапкычтын баары жөнөкөй, Уста куру сөз менен алдабайт. Эч кандай жасалгалоо жок! Искусство — бул катаал курулуш. Бул концентрация! Бул дүйнөнүн калган бөлүгүнөн алынган абстракция! Аксакал отургучка отурган жок – ал талыкшып чыңалгандан ордунан козголду. Ошондо оор эмгектен каржалган карылык артка чегингендей.
Ак түстөгү портрет. Кенеп, май боек, 100,2х84,8
Жумшак креслодо ак көйнөкчөн аял колдорун жыгачтан жасалган таянгычка таянып отурат. Жарашыктуу кийинген ары сүрдүү, ары сулуу аял. Отурган келбетине караганда, келишкен узун бойлуу жана күчтүү экени байкалат. Композициянын огу сол жакка жылдырылган, оң жакта абстракттуу фон ачылат. Фон композициянын маанилүү элементи болуп калат! Динамикалуу штрихтер менен келбетинин түзүлүшүнө жана жүзүнө басым жасаган. Башы сүрөттүн четине карай кыйшайып, денеси ылдый жагынан кесилген, буттары көрүнбөйт. Эң негизгиси — ак көйнөк! Анан, албетте, жүзү! Кара тору, кара чачтуу, кара көз, … көздүн көк тактары актарын ого бетер аппак көрсөтөт.
Портрет жалпыланып, монументалдуу жасалып, ошол эле учурда терең индивидуалдуу, жекече экендиги көрүнөт. Биз аны билебиз! Жакында эле көргөнбүз! Кайда экени эсибизде жок! Ошончолук типтүү так болжолдонгон. Типтүү да композициянын элементиби? Айтыш кыйын, өтө кыйын… А биз ал тууралуу эч нерсе билбейбиз. Тик, аяр караган көз караш. Балким, спортчудур, балким өмүрүндө биринчи жолу ак көйнөк кийгендир. Аза күтүү аяктадыбы? Парпыраган бүйүрмө жакалуу көйнөк. Чымырканып отурганы моюнунан, бүгүлгөн тизелеринен байкалат. Өзүн оңтойсуз сезип отурабы? Бирок өзүн кандай сонун кадыр-барктуу кармап отурат! Кудум ханышадай! Ак түстөгү портрет – тазалыктын кудайы! Бул символбу? Кыз кудайы? Же болбой эле Түбөлүк колуктубу?
Ырлар. Кенеп, май боек, 100х100, 1978
Класстагы столдун жанында жаш жана сымбаттуу эки кыз турат. Биринин колунда кичинекей кызыл китеби бар, ал поэтикалык сабатсыздыкты жоюу боюнча семинарда ыр окуп жатат. Ал кызгылт сары түстүү кофта жана көк юбка кийип алган. Анын артында күрөң көйнөкчөн курбусу турат. Терезе ачык, пардалар салкын желге желбирейт. Кеңири штрихтер аркылуу бөлмөнүн ичи көрсөтүлгөн: фигуралар, терезе, стол жана столдун үстүндөгү китептер. Штрихтер адамдардын жүзүндөгү ар бир сызыктарды, бүктөлгөн кийимдерди даана айгинелейт. Күңүрт дубалдар айлананы караңгыга чулгабай, тескерисинче, ал жарыкты күчөтүп тургандай. Көгүш тарткан көлөкөлөр – бул муздак эмес – бул жаңы жана тазалыктан кабар берип турат. Ал тургай күрөң түс да бул жерде өзүнө мүнөздүү эмес, башкача өңүттө – жеңил, назик көрүнөт. Академиялык милдеттенмесиз жазылган, бирок бул агитация же пропаганда эмес. Жана монументалдык живопись да эмес. Бул поэзия! Жаштыктын, романтиканын, энтузиазмдын жана энергиянын сүйкүмдүүлүгү. Жана сонун… поза. Бул али ишеним эмес – боёкторго чулганган кумарлануу, бул али сүйүү эмес — көркөм кумарлануу. Кыздар поэзияга ашык болуп, шыктануу менен башкаларга “жуктуруп” жатышат. Бир көз ирмемге сабатсыздыкты токтотуп, бул дүйнөдө эң башкысы поэзия экенине ишенесиң! Идеалдуу сүйүү, ишке ашпас үмүт, жомоктогудай ишеним жөнүндө ыр саптары!
Кабарлар. Кенеп, май боек, 178,5х199, 1969
Белгилүү искусство таануучу Ольга Попова сүрөтчүнүн бул эмгеги жөнүндө мындай деп жазат: “…Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргызстанга арналган “Кабарлар” картинасы жөнөкөй түс менен жазылган.
Ал Бакашевдин башка эмгектери сыяктуу эле пейзаждык чөйрөнү жана адам образдарын сүрөттөп берүүнүн жалпыланган шарттуу мүнөзү боюнча ошол мезгилдин монументалдык живописинин стилине жакын, бирок мольберт* сүрөттөрүнө мүнөздүү болгон терең эмоционалдык таасир берүүчү күчкө ээ.
Ал гармониялуу түрдө түс схемасын иштеп чыккан, кенептин пластикалык бүтүндүгүнө жетишкен сызыктуу кыймылдын музыкалуулугун тымызын баса белгилеген. Улуттук мүнөздү, этнографиялык чындыкты жакшы билгендиги декоративдик-монументалдык планда чынчыл жана терең көркөм образдын түзүлүшүнө шарт түзгөн”.
Алыскы тоодогу жайыттарда, жайлоодо радио жок, жашоочулар фронттон кабарларды гезиттерден алып турушат. Чогулгандарга согуштун ардагери газета окуп берип жатат. Ал адамдарга далысын салып дүмүрдө отурат, колуна гезит кармап, чыканагы менен балдагын сүйөп турат. Анын үстүндөгү аскердик кара шинель өзгөчөлөнүп турат — бул композициянын борбору. Газета окуп отурган адам жана атчан адамдар күчтүү диагоналды түзүшөт. Боз үйдүн ак кийизи, баланын ак көйнөгү, ак түстүү гезит жана ак боз кунан – ушул ак тактардын баары биригип керектүү статиканы түзөт.
Тоолордун кыркалары да, батып бараткан күн да өзүнө тиешелүү ролун аткарып жатат. Чогулган адамдын саны он бештей бар: негизинен карыялар, аялдар, балдар. Алар чогуу, бири-бирине жакын турушат. Карыялардын үстүндөгү кийимдеринин түсү кара, аялдардыкы агыш болуп кетет. Кабактары салыңкы, ар түрдүү адамдар кунт коюп угуп турушат. Аскер курагындагы жигит адамдын көңүлүн өзүнө тартат, кыз андан көзүн албайт… Жигитиби? Үйлөнгөнбү? Ак боз кунан эмне үчүн чалдын чапанынын артына тумшугун катып калган? Сүрөтчү аны эмнеге мынчалык кооздоп тарткан? Ашыкча кооздоп кебетесин бир аз бузуп алгандай. Жаныбар эмне болуп жатканын түшүнбөй жатабы? Эмнеге аны толугу менен көрсөтүү керек эле? Берки аттын жарымы кайдадыр жоголуп кеткен. Сүрөтчү түзүлүштөрдү жана адамдардын жүздөрүн план боюнча жарыктандырган жана ар жактан келген бул ички жарык картинага оптимисттик маанай тартуулап турат.
*Станоктук же мольберттик живопись – живопись искусствосунун түрлөрүнүн бири, анын чыгармалары өз алдынча мааниге ээ жана айлана-чөйрөгө көз карандысыз кабыл алынат. Сөзмө-сөз — станокто (мольбертте) жаралган сүрөт. Мисалы, аны фрескадан (дубалдагы нымдуу гипске тартылган сүрөт) же дубалдагы мозаикадан айырмалантып, алкакка салынган сүрөттү дубалга илип, каалаган бөлмөгө орнотууга болот.
Ак-Теректиктер – менин жердештерим. Кенеп, май боек, 136х165, 1984
Үстүнө модалуу ак булгаары плащ жана жакасы туюк ак водолазка кийип, туулуп-өскөн айылына келген белгилүү сүрөтчү айылдаштары менен учурашып жатат. Ал өзүнүн жетишкен ийгиликтери жөнүндө айтып берүүдө. Аны курчап турган аксакалдар ага ишенбегендей көз карашта: бири ындыны өчкөндөй төмөн карап, кайдигерлиги жүзүнөн көрүнүп турса, бири баарынын артында жылмайып турганы менен шектенүү сезимин жашырбайт. Бир гана шляпа кийген айылдык интеллигенция өкүлү чын дилинен кубанып турат, ал өзү мугалим болсо керек. Аны жанындагы жашы улуураак бир аял колдоп-коштоп, суктануу сезимдерин билдирип атат. Берки сулуу бийкеч көрүүчүнү (же балким дагы башка бирөөбү) теше тиктейт, бирок өзүнүн кандайдыр бир алыскы кыялы менен алп урушуп жаткандай, анын көз карашы алдыга карай озгон кыялдары менен алектенип жатканын көргөзүп турат…
Алардын артындагы алыскы айылдын четин кошо көргөзүп кетүү үчүн бул топту сол тарапка жылдырган. Аркы четте койлор жайылып жүрөт. Бир өңчөй жашыл түстүү жыш бактардын арасында чатырлар агарат. Бул эрте күздүн белгиси. Аба ырайы сууктап баратат. Аялдар узун ак жоолуктарга оронуп алышкан. Эркектер да жылуу кийимчен. Эмне жөнүндө сүйлөшүп жатат болду экен? Мүмкүн, колхозчулар: «Алар жакшы төлөйбү? Начальниктерге караганда көбүрөөкпү? Эмне үчүн? Искусство? Маданият? Аа-аа-аа! Анда иште, жигит! Бизди да эсиңден чыгарба». Жердештерди унутпаш керек, урук туугандарды эстен чыгарбоо керек. Салт-санааны сактап, замандан артка калбай, өнүгүү керек.
Сүрөтчү өзүн-өзү өнүктүрөт: ал начальник эмес, партиянын катарында эмес, прокурор эмес, ошентсе да жакшы жашап, элдин урмат-сыйына ээ, бийлик аны жогору баалайт. Эмне үчүн? Биздин өлкөдө маданияттын күчү бар! Искусствонун күчү бар! Адамдын рухунун күчү! ….Азыр бул тууралуу түшүбүзгө да кирбейт. Ал эми айылдыктар дагы бир топ жүйөлүү суроону беришет: «Сүрөтчүлөргө эмне үчүн эмгек акы төлөнүшү керек?». Анын жообу жокпу? Шаар менен айыл толугу менен биригип, жуурулушкан кезде келечек жөнүндө бирдеме деп айтууга болор…
Булак башаты. Кенеп, май боек, 150х120, 1980
Суу алуучу колонканын жанында эки кыз жана эки аял турушат. Алар эң жөнөкөй карапайым айылдыктардын узун жана жабык кийимдерин кийишкен. Бир аялдын колунда чака бар, экинчиси чакага суу толтуруп жатат. Алар суу алганга эки-экиден келишет. Улуулар жана жаштар. Алардын айланасы абдан шарттуу түрдө белгиленген. Мейкиндик дарактын айланасында текстураланган штрихтер менен тегеректелген. Таажысы кудум асмандагы ак булуттай. Өрүк гүлдөдү! Жаз!
Жарым тегеректен түшкөн төрт фигура жантайган тегиздикте туруп, кайрадан ааламдын бороонуна кирип жок болуп кетишет. Фантастикалык композиция! Бирок идеологиялык жактан туруктуу. Автор айылдарда кандай жакшы болуп калганын айтып бергиси келет: алар терең скважиналарды казышып, калкты таза суу менен камсыз кылышкан. Калк өкмөткө ыраазычылык билдирди. Алар жазында суу алуучу колонканын түбүнө чогулуп алышып, кубанычтуу кужулдашып турушат. Толук бакыт үчүн дагы эмне керек? Фигуралар атайылап примитивдүү түшүрүлгөн. Ойлору да примитив… Жок, андай болбой калсын! Алардын сүйлөгөндөрүн карачы! Бир аял экинчисин аяп турат, кыжыры келгенинен жанан басынгандан ыйлаганга даяр. Ал эми кыз өзүнө жакпай турган нерселер жөнүндө кабардар болууда. Таранчы чымчыктай үрпөйүп олуттуу боло түштү. Көрсө, айланадагынын баары – суу, жаз, композиция – ушул руханий борбордун айланасында чырмалышкан тура! Примитивизмге карай, артка кайтуу! Проторенессанска! Джоттого*!
* Джотто ди Бондоне (1266-1337) 14-кылымдагы италиялык сүрөтчү жана архитектор, Прото — Кайра жаралуу доорунун алгачкы өкүлдөрүнүн бири** болгон. Батыш Европа искусствосунун тарыхындагы негизги фигура. Мурунку византиялык икон-живопись салтын жеңип, Жиотто италиялык живопись мектебинин негиздөөчүсү болуп калды, мейкиндикти сүрөттөөнүн жаңы ыкмасын иштеп чыкты. Джоттонун эмгектерине Леонардо да Винчи, Рафаэль Санти, Микеланджело Буонарроти шыктанган.
** Проторенессанс — италиялык маданияттын тарыхындагы Ренессанстын, башкача айтканда, Кайра жаралуу доорунун алдындагы этап.
Достук (Дружба) мунай зат түтүгү. Кенеп, май боек, 138х157,5, 1975
Достук (Дружба) – дүйнө жүзүндөгү эң ири магистралдык мунай зат түтүктөр системасы болуп эсептелет. Ал алыскы 60-жылдары курулган, мунай затты СССРден Европага жеткирип турган! Биздин көз алдыбызда ошол системанын бир бөлүгү – мунай затты кайра иштетүүчү завод турат.
Айланасы түтүктөр, жолдор менен курчалган, оң тараптан кирип, ылдый түшүп кетет. Кайдан? Кайда? Мунун баары кайда жайгашкан? Бул маанилүү эмес. Бул Жер планетасында адамдын колунан жаралган абстрактуу нерсе! Цилиндрдик цистерналар, шар сыяктуу тоголок шаймандар, цехтин имараттарынын параллелепипеддери, кандайдыр бир жогорку даражалуу технологиялык приборлор. Жалпысынан алганда, социалисттик реалисттик өндүрүш темасы…. Бирок 70-жылдары өндүрүш темасы өзгөрдү! Жана аны автор эң сонун байкаган. Борбордо кызыл желекчелер, административдик имараттар жана … жеке автомашиналар. Бул начальниктер машиналары менен заводдун аймагына кирип баратышат.
Жумушчулардын жолу такыр башка. Айланып жүргөн автобус менен көп кабаттуу кичи райондордон коомдук транспорттун аялдамасына чейин. Анан ал жерден айрылыш жол менен андан ары жөө. Түтүктөр “желмогуздун курсагына” түстүү кумурскаларды киргизүү үчүн ийилип турат, жол жертөлө аркылуу жер алдына кирип кетет… Боз-көгүш түстүү бетондон курулган имараттардын түсүнө карама-каршы келген сары сигналдык түс басымдуулук кылат, бирок иштин жалпы өңү кубарыңкы. Бул биз негизги нерсени — адамдарды көрүү жана адамдык масштабды сезүү үчүн жасалган….
Азыр «Достук» мунай зат түтүктөрүнүн курулушу башкача кабыл алынат. Россиянын мунай зат ийнеси! Батыштын газ укуругу! Достук эмес — душмандык! 1975-жылы, сүрөтчү эч нерсени көрбөгөн бактылуу көз карашта болгон, бирок ал негизги карама-каршылыкты гениалдуу сезген: адам өзүнүн фантастикалык акылынан азап тапкан ишмердүүлүгүнүн коркунучтуу кучагында басылып калган.
Менин калаам. Кенеп, май боек, 149х149, 1978
Тоо этегинде ак панелден курулган чакан райондор жайгашкан, алар асмандагы ак булуттардай кайкып учушат! Жашыл бак менен курчалган так ортодогу гранит постаментинде коло эстелик турат. Бул конкреттүү каарман эмес! Дүйнөлүк пролетариаттын жолбашчысынын мүнөздүү ишараты (колу) көрүнбөйт! Автордун концепциясы боюнча социалисттик шаардын борборунда эмгекчи элдин бактысы үчүн абстракттуу күрөшүүчүлөрдүн эрдиктерин ырга кошуп даңазалоо керек. Ошол эле жерде портико жана кызыл желектүү имарат турат. Ал шарттуу түрдө шаардын жана өлкөнүн жетекчилери отурган Ак үйдү билдирет. Эски шаардын чатырлары саргайып баратат, алардын көп жылдык өз тарыхы бар! Тик өскөн теректер граниттен жасалган постаментти туурагандай бой тирешет. Ал эми талдар, карагайлар, липалар, клендер, арборвиталар … дарактар жана бадалдар жыш жашыл калың бадалдарды түзөт. Чакан аянтчаларда шаардыктар маданияттуу эс алышат: жаштар топ ойноп жатат; карылар жайбаракат сүйлөшүп отурат; ашыктар бак-дарактардын түбүнө кетишти. Көк фонтандар гана жетишпей тургандай.
Суу сактагычтар, дарыялар да жок, алар автордун концепциясына туура келбей калса керек. Чынында эле шаарыбызда эс алууга ылайыктуу жээктер, жакшы каралган суу сактагычтар жок. Муну айрым кемчиликтерди тымызын сындоо катары караса болот… Аткарылган эмгектин жалпы өңү боз, жашыл-көгүш түстүү болуп кетет да, ага кошумча каныккан түстөрдүн кошулмасы байкалат: сүрөттүн эң четинде көк асманды тиреген тоолор, жогору жагында ак имараттардын ленталары, ортосунда сары чатырлардын сызыктары, ылдыйда карайган тоо кыркалары. Таланттуу сүрөтчү ошонун баарын бириктирип, гармониялуу, бакытка чулганган келечекти сездирген сезимин жараткан! Чын ыкласы менен жасалган, таланттуу, жана да … өтө окшош, өтө шарттуу. 70-жылдары сүрөтчүлөр монументалдык живопистин ыкмаларын станоктук живописте колдоно башташкан. Сыягы, бул жасалган эскиз көркөм кеңеш тарабынан жактырылган эмес: алар эс алууга ылайыктуу жээктердин жана жакшы каралган суу сактагычтардын жоктугу тууралуу тымызын сынды кабыл алышпай койсо керек. Ал эми автор көпкө ойлонбой туруп, даяр эмгекти музейдин экспонатына айландырып койгон.
Жаз. Кенеп, май боек, 104,3х129,3, 1974
Гүлбактагы отургучтун жанында топтошкон жаштар турганы көрүнөт. Үч жигит жана төрт кыз. Үчөө отурат, экөө бери жакка далысын салып ары карап турат. Эгерде биз бул жерде тик турган фигураларды, жантайынан жайгашкан отургучту, көз караштардын диагоналдарын жана жоолуктун түстүү акцентин гана көрсөк, анда кызыксыз болот. Сөздөр айтылбаган маектин өзү кызыктуу… Келгиле, кызыл жоолукчан кыздан баштайлы. Ал эч кимди карабайт, башын капалуу ылдый салып турат, бирок бүтүндөй турган турпаты менен сары свитерчен жигит үчүн өтө маанилүү бир нерсени шыбырап жаткансыйт. Анан ал, чунак жигит, аны байкабай, жогору жактагы көк кийимчен кыздын колундагы ачык жашыл бутактарды карайт.
Экөө назик жалбырактар аркылуу шыбырашып, жашырууга мүмкүн болбогон нерселерди жашырууга аракет кылып жатышкандай. Көгүш кийимчен жигит бери жакка жана кызыл жоолукчан кызга далысын салып унчукпай отурат. Ал тандай албайт. Сыягы, анын жан дили көгүш түстүү кийимчен селкиге тартылгансыйт, бирок жеңи жок курткачан кызды да жактырып тургандай. Балким бакыт сиздин… артыңызда болушу мүмкүн. Ал эми жеңи жок куртка кийген кыз күрөң жемпирчен жигитке карай умтулгандай. Ал чунак жигит анысын байкабайт, отургучка жанаша отуруп, эки колун бооруна алган боюнча кызыл жоолукчан кызга чакырык таштаган көз караш менен өзүнүн ичиндеги сезими жөнүндө кыйкырып жаткандай!
Көп бурчтук туюкка кептелгендей. Ак кийимчен кыз топтун сыртында жалгыз калганы көрүнүп турат, ал ачык эле жалпы сүйлөшүүгө кошулгусу келет жана формалдуу түрдө (композициянын бардык диагоналдарында жана вертикалдарында) кошулгандай көрүнөт, бирок бул жерде ал ашыкча.
Таланттуу сүрөтчү-монументалист гениалдуу драматург болуп чыкты. Биз аны адабий деп атап алып, жаңылып калдык. Биз абстракттуу агрессия, маанисиз экзальтация жетиштүү деп чечтик да, конкреттүү сүйлөө жөндөмүн жоготтук. Провокатор жаз жөнүндө! Жоопсуз калган сүйүү, алдамчы бакыт жана чыгармачылыктын парадокстору жөнүндө.
Эс алуу күнү. Кенеп, май боек, 70х91, 1974
Шаар пейзажы, чет өлкөдөн алынган таасирлер. Балким, бул Балтика мамлекеттерине, балким, социалисттик Шериктеш өлкөлөрдүн бирине чыгармачылык командировка болгондур. Караңгы, нымдуу жер: жамгырдан кийин кичинекей көлчүк жылтылдайт. Жашыл түстүн жоктугу кооптуу символго айланат. Кызыл чатыры жана кызыл дубалдары кызыл охра, плитка, кирпич сыяктуу көрүнөт. Эч нерсеси менен өзгөчөлөнбөгөн жыш жайгашкан тарыхый имараттар. Багелеги кенен жынсы шым, өңдөрү кызыл-тазыл түркүн түстүү кийимдер, ак пуделди жипке жетелеген ак халатчан адам. Мунун баары абдан жөнөкөй… жана башкача. Көксөгөн чет өлкө!
Көчөлөрдүн супрематизми, минималисттик дизайн жана катаал текстура. Терезесиз дубал тик штрихтер менен шыбалып, асман менен жер горизонталдуу. Бош дубал үстөмдүк кылат! Бош аянт үстөмдүк кылат! Ал эми кызыл тегиздиктер түстүү фигуралар менен бирге азыркынын анилиндик оюнчук маанайын жаратат. Караңгы өтмөктөр мейкиндиктин перспективасын жана метафизикасын кыйытууда! …Биздин ата мекендик сүрөтчү евро-картинаны жаратууну каалады эле – ал аны аткарды! Алардын композициялык парадоксторун эң сонун түшүнгөн! Бош дубалдардын сулуулугун баалады! Таза саптардан турган поэзияны! Мелжиген түз тегиздиктин гениалдуулугун баалады! Бирок жөө жүргүнчүлөр өтө түз болуп калган. Алар эс алышпайт — алардын жансыз урбанизациясынын тазаланган заттары кайдадыр шашып жатат. Бирок бак-дарактардын жоктугу коркунучтуу, бизде да ошондой болобу?
Майрамдык таң. Кенеп, май боек, 128,5х148,5, 1980
Таң эртеден тарта кызыл-тазыл кийинген адамдар баш калаанын борбордук аянтына жол көрсөтүүчү жетекчилерин тосуу үчүн чыгышты, арасында өз ыктыяры менен чыккандары да бар, аргасыз келгендери да бар. Алар колдоруна кызыл желектерди, жалындуу ураандарды, үйлөтүлгөн шарларды көтөрүп алышкан. Шаңдуу шарлардан, айланадагы жашыл бак-дарактардан, кызыл-тазыл кийимдерден улам бул Биринчи Май демонстрациясы экенин аныктай аласыз! Кызыл – идеологиянын түсү. Ал абдан аз. Ал баса белгилеп турат! Жашыл-көгүш түс — таңдын түсү, жазындагы жашыл бак-дарактардын жана түшүнүксүз кубанычтын түсү! Ал үстөмдүк кылат. Охра жана күрөң түстөр адамдардын тынымсыз агымынын түсү, ал агым термелип агып жатат! Бак-дарактар жана имараттар чоң көлөмдө көрсөтүлгөн, ал эми адамдар өздөрүнүн агитациялары менен майда деталдар аркылуу берилген. Күн чыга элек, же балким, аны булут каптап, түстөр кошумча көлөкөлөр менен курчалгандай көрүнөт. Ал эми жарык керек болгон жерден, композициялык зарылчылыкка жараша берилген. Теректер бой тиреп керилип, талдар, клендер ыргалат, тыт дарактары ийилет. Сүрөтчү кайсы майрамды майрамдап жатышканын көрсөтүп койсо болмок, бирок ал көрсөткөн эмес.
Ал жаңы атып келаткан таңды тарткан жана адамдар, чоңдор жана балдар чогулуп, өз шаарын кыдырганы кандай сонун экендигин көрсөткүсү келген. Алдыда юбкачан кыздар топтошуп шаңдуу баратат. Алардын артында калгандары бар, бир шайыр агай Владимир Ильич Ленинге коюлган эстеликке ишарат менен көрсөтүүдө: «Баардыгыбыз кыздардын артынан ээрчийли! Жолдоштор, сиздер туура жолдо бара жатасыздар!». …Сүрөтчү өзүнүн тамашасын бир аз кооздоп жашырып койгон. Бирок 80-жылдары эч ким тамашасын жашырган эмес да. Таланттуу сүрөтчү бизди СССРдеги майрамдык таңга тереңирээк кароого мажбурлайт.
Панфилов атындагы көчө. Кенеп, май боек, 110х85, 1970
Сүрөттө кайсы жер тартылганын боолголоп билүүгө болот. Кыязы, Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосу болсо керек. Бул 80-жылдары клиниканын короосуна айланган кичинекей аянт. Азыр бул жер курчоого алынып, «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» деп аталат. Бирок, балким, башка жер сүрөттөлгөндүр. Шаарда көп эле нерсе өзгөрдү, жаңы имараттар пайда болду, айрымдары бузулду. Ошондой эле автоунаалар да көбөйдү. Сүрөтчү аларды өтүп бара жаткан адамдар менен велосипедченге салыштырмалуу атайылап кичинекей кылып сүрөттөйт.
Бул позиция! Май айында жааган жамгыр, араң билинер-билинбес ачык боз түс басымдуулук кылган жашыл түстөр жаңыдан пайда боло баштаган мезгил, айлана кызыл кирпичтен жасалган охра акценттери менен өзгөчөлөнөт. Жазгы жамгырдан кийин мына ушундай жарык, тунук болуп, жеңил дем аласың да, ушул кооздукка көздөрүңдү ирмебей бакырайта ачып, сулуулукка суктана аласың, бул эң сонун, бул ден соолук. Жаркырап агарып келаткан асман нымдуу тротуарга чагылышып… сөз менен айтып жеткире албаган шаардын руху… Көчө азыркы убакта да атактуу аскер башчы, Советтер Союзунун баатыры Иван Васильевич Панфилов атындагы көчө бойдон аталып калган. Иван Васильевич 1938-жылдын октябрында Фрунзе шаарындагы Кыргыз ССРинин аскер комиссарынын кызматына дайындалган. Балким ал мурда Садовая деп аталган ушул көчөдө жашагандыр. 1941-жылы анын жетекчилиги астында 316-аткычтар дивизиясы түзүлгөн. Анын катарына Алма-Ата областынын Алматы жана Фрунзе шаарларынын тургундары кабыл алынган. 1941-жылдын 10-октябрында 316-дивизия душмандын аскерлери менен салгылашууга кирип, ага олуттуу зыян келтире алган.
ХХII съезд атындагы көчө. Кенеп, май боек, 110х119,5, 1971
70-жылдардагы Фрунзе шаарынын пейзажы. Таанымал көчө кесилиштери, Чүй-Тыныстанов жана устаканадан көрүнгөн көрүнүш, кыязы, «Сүрөтчүлөр үйүнүн» экинчи кабатынан тартылып алынган көрүнүш болсо керек. Эч нерсе өзгөргөн жок. Бирок аталыштары тез-тез алмашып турган. Купеческая көчөсү 1924-жылы Гражданская болуп калган, 1936-жылы Сталин көчөсүнө айланган, ал эми 1961-жылы XXII партсъезд көчөсү деп өзгөртүлгөн. Сүрөт жаралгандан кийин, 1974-жылы, ал Ленин проспектиси болуп калды. Кыргыз Республикасы түзүлгөндөн кийин Чүй проспектиси пайда болгон. Тыныстанов көчөсү мурда Краснооктябрьская деп аталып келген… Күз, бак-дарактардын жалбырактары саргайып, бир аз кызыл түскө аралашып, сүрөттүн көбүн ээлеп турат. Дарактар түсү, түзүлүшү жана көлөмү боюнча үстөмдүк кылат. Чынында көчөнүн өзү күрөң сөңгөктөрдүн арасынан анда-мында гана көрүнүп турат. Экономика министрлигинин боюндагы аллея даана көрүнөт. Аллеяны бойлоп адамдар баратат. Жамгыр жаап өтүп, нымдуу асфальтка асман, дарактардын сабактары жана жалбырактар чагылышат. Имаратка жакын жерде төрт унаасы бар унаа токтотуучу жай жайгашкан. Азыр алардын саны дагы көп! Батпайт! Аллеянын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алышкан. Ал эми сүрөтчүнүн адамдары машиналарга караганда чоңураак. Ал атайылап унааларды оюнчук кылып, атайын тескери көз карашты колдонгон. Ал эми сүрөтчү үчүн эң негизгиси — бак-дарактар. Эми баары тескерисинче: адегенде машиналар, анан адамдар, анан гана бак-дарактар… Сүрөтчүлөр мындай эмгектеринде шаардын тарыхын «жазышат». Имараттардын, көчөлөрдүн, дарактардын жана адамдардын тарыхын. Шаардын рухунун тарыхын, анын маанайын жана артыкчылыктарын.
Күзгү талаа. Картон, май боек, 40,6х68,3, 1971
Күзгү талаа. Күзүндөгү талаа. Чыгарманын сөзмө-сөз аталышы ушундай: картондун артына сүрөтчү колу менен кандай жазса, ошондой аталат. Контрасттардын жана диссонанстардын чебери бул чыгармада эң сонун нюанстардын аткаруучу ырчысы катары көрүнөт! Охра түспөлдүү күзгү талаа. Асманды боз булут каптап турат: агартылган охра кызгылт көктүн жаңырыгы менен алыска тарайт. Жапыз дөңсөөлөр, жалгыз чөмөлө чөп көрүнүп турат. Бадалдар кызыл жана күрөң охра түрлөрүн кошууда. Жердин сары жана жашыл анча чоң эмес тилкелери көрүнөт. Болду жетишет! Эмне үчүн мынчалык кубарган, монотондуу, бир түстүү пейзаж ушундай кызыктуу көрүнөт? Мунун баары тактардын түзүлүшүнө байланыштуу!
Бир кызыктай түзүлүштөр горизонталдык ритмдерге тартылып тарап баратат. Жогору жактагы тоолордун кыркаларынан түшкөн көлөкө бийлеп жаткандай туюлат. Баардыгы ортодо чөмөлө чөпкө баш ийгендей, ага жараматтанып бак-дарактар да ыр созууда. Ар бир жер маңыздуу, алар так ошондой болушу керек. Ар бир так ойлонуштурулуп, тыкан жана кооз жазылган. Тик штрихтер көрүүчүгө жакыныраак тизилип алган. Кудум эле ритмикалык кыймылдарды аткарып бийлеп жаткандай, ар кайсы тарапка ыргалышат! Ошондой болушу мүмкүнбү? Аталышын түз маанисинде алганда, күзгү талаа дегенди билдиреби? Башкача айтканда бийби? Чечетка бийиби? …Бирок мындай болушу күмөн…. Анткен менен «ритм» жана «бий» деген сөздөр бул композициянын артыкчылыгын так аныктайт. Сүрөтчү эң татаал тапшырманы аткарды: ал нюансты темпераменттүү көрсөтө алды!
Этюд. Тоолор. Картон, май боек, 34,2х49,7, 1979
Автор каалаганына жетти да, токтоп калды. Андан ары деталдаштыруу ишти жакшырта албайт, тескерисинче, аны начарлатат. Жаңы таасирлер, таза түстөрү, үнүнүн оригиналдуулугу жоголот. Алар кайдан пайда болот? Жылуу жана муздак көлөкөлөрдүн айкалышынанбы? Ак кошулмаларды кошкондобу? Штрихтердин текстурасынанбы? Шамалда ыргалып титирегени, жашоонун өзү сыяктуу …. Жагымдуу жумшак булуттардын арасынан көгүш тарткан ызгаар көрүнөт. Чокуларда кар жатат. Жарык тийген кыркалары — охра жана жашыл түстүү; көлөкөлөр көк жана көгүш сындуу. Бизге жакындаган сайын көлөкө карарып, кырка боорлору жаркырап, кызгылт сары түс кошулат. Сүрөтчү учкан желди, абаны кармай алган. Бул импрессионизм! Бирок бир аз башкачараак: щеткалардын кыймылында чеберчилик аз, штрихтер кенен, катаал, ырайымсыз. Бул биздики жана бөлөктөрдүкү, улуу жана оюнчуктай кичинекей, бизди бир шыктандырат… жана ошол эле учурда кайра кайдыгер калтырат. Түшүнүксүз татаал сезимдер! Балким, бул көз алдыбыздагы учактан алынган көрүнүш болгондуктан, ушундай болуп жүрбөсүн? Ошондой болушу ыктымал. Ал эми бул болсо сүрөт үчүн жаңы тема! Стандарттуу эмес көркөм изилдөөлөр жана күтүлбөгөн корутундулар. Мындай кичинекей изилдөөдө — түбөлүктүүлүк жөнүндө учкай сөз бар. Кичинекей текстура чоң масштабдуу нерсеге ишарат кылат, биз андан универсалдуу кеңдикти көрдүк жана мындан ары коркпой калдык. Биз алардан жогору турабыз, өйдөдөн ылдый карайбыз, аман-эсенбиз, ыңгайлуу лайнердебиз. Биз түбөлүктүүлүктү жандай учуп баратабыз.
Тон. Кенеп, май боек, 75х99. Жазылган жылы белгисиз
Чыгарманын жаралган жылы белгисиз, бирок, сыягы, бул сүрөтчүнүн эң алгачкы эмгектеринин бири болсо керек. Сүрөтчү өнүгөт, анын стили, манерасы өзгөрөт, бул түшүнүктүү жана табигый нерсе, ошондой болгон жана боло берет. Өнүккөн социализм доорунун көптөгөн сүрөтчүлөрү бир убакта бир нече формалдуу концепцияларда иштешкен, андан тышкары, алар бир чыгарманын ичинде ар кандай ыкмаларды колдонушу мүмкүн. Бул нормалдуу көрүнүш, бул чыгармачылык изденүү жана … аны постмодернизм десе да болот…. Кезинде белгилүү искусство таануучу, формалдуу концепциянын автору Ольга Попова: «Сабитжан Бакашев, Сагын Ишенов, Малис Акынбеков, Сатар Айтиев, Мурат Бекжановдордун чыгармачылыгында сүрөттөрдүн үстүндө иштөөдө салттык ыкмадан четтөө байкалат. Эреже катары, тематикалык сүрөттөр алар тарабынан фантазияга, тарыхый же фольклордук булактарга негизделген табигый материалсыз жаралат. Буга байланыштуу бул сүрөтчүлөр тобунун визуалдык тили өзгөрдү — ал шарттуу жана декоративдик болуп калды. Азыр биз аны постмодерн деп кадыресе айта алабыз. Кыргыздын өзгөчө жана кайталангыс вариациясы…. Линиялардын дизайни, алардын пластикасы өзгөргөн жок, бирок манерасы таптакыр башка!”
Тоолор жана өрөөндөр — бир тондо жана бир түстө сүрөт тартуу үчүн колдонула турган монотондуу сызыктардын табылгасы. Мындай ыкмада сызыктар катуу, кээде орой жана эстетикалык эмес көрүнөт…. Тескерисинче, айылдын үйлөрү, имараттары, чөп-чарлары, жашыл бактары жакшы, даана жасалган. Тунук сызыктар аркылуу жолдо бараткан машина, адамдар даана көрсөтүлгөн. Аттын үстүндөгү адамдын сөлөкөтүн көрүүгө болот, айланада койлор жайылып жүрөт. Нюанстуу өткөөлдөрдүн жана укмуштуу соккулардын тымызын оюну. Бул эстетикалуу… Балким, бул сүрөттүн негизги өзгөчөлүгү болуп саналар! Даана тартылган тоолор жана тескерисинче, калк жашаган айылдын талаасындагы нукура байкоолор? Сүрөтчү бизге кандай гана стилде болбосун иштей алаарын көргөзгүсү келгендей, каалагандай композицияны куруп, каалаган чекти буза алаарын айтып жаткандай.
Бул өзүнчө максатка айланат, бул формалдуу түшүнүк үчүн кечирим суроо болгондой!
Кой-Таш. Кенеп, май боек, 44,5х69,7, 1986
Кырка тоо этектеринен өөдө карай бийикке көтөрүлгөн жеринен экиге бөлүнөт. Кудум канаттуулардын канатындай. Бир канаты сүрөттүн четине чыгып, оңго кетет. Экинчиси — солго, алыскы карлуу чокуларга айланып кеткендей. Ал эми тоо этектери, тоо кыркалары, карлуу чокулар, жада калса асман да чоң текстуралуу штрихтер, щетка жана палитра бычагы менен атайылап жасалган. Жана да кызыгы: биз анын жакын жерин жана кайсы жерде алыс экенин көрүп турабыз, биз бардык бурулуштарды физикалык жактан сезебиз.
Автор бизге структурасын көрсөтө алган. Бизге аймактын геодезиясы түшүнүктүү көрүнөт. Биз мейкиндиктин дизайнын көрөбүз, ал куштун канаты сыяктуу – эки тарапка тараган тоолор. Бул кеңейген мейкиндикте майда деталдар батырылып жазылган: теректер, бадалдар, жол, дарыянын жайылмасы. Жолдо адамдар бараткан сыяктуу, же бул өсүп турган бадалдыр. Архитектор кардарга чыныгы масштабды көрсөткүсү келгенде, долбоордо адамдарды ушундайча сүрөттөйт. Мындай учурда сүрөттөрдүн башка мааниси болбойт. Ошондуктан жалпысынан алганда, сүрөтчү архитектордой болуп иштейт, ал үчүн жалпы масса маанилүү.
«Кичинекей архитектуралык формаларга» көңүл бурбайт. «Дизайн» менен иштебейт. Анткени, живопись, эскиз, пейзаж – бул, биринчиден, мейкиндик жана сабатсыз сатып алуучу үчүн жылмаланып жасалган детал эмес. Ошондуктан чебер туюнтма чындыктын маңызын жакшыраак берет! Анан, балким, … сулуулукту… мейкиндикти. Сүрөтчү Чүй районундагы Кой-Таш айылына жакын жерде иштеген. Айылда акыркы кездери чыр-чатактар көбөйдү, бирок бул сүрөткө анын эч кандай тиешеси жок.ого отношения.
КОҢУР-ӨЛӨҢ. Кенеп, май боек, 110х169,5, 1981
Тээ асманга чукул кооптуу бийиктикке жеткен тоолордун чокусу, тоңгон тоо кыркалары мына-мына бери карай оодарылып кетчүдөй сезилет.
Аны сүрөтчү кескин көтөрүлүп, вертикалдуу төмөндөп, тайманбас кыйшык штрихтер аркылуу көрсөткөн. Бир бөлүгү чоочуп кеткендей, акырын ылдый жылат; жумшак адырлар аркылуу ылдыйлап жүрүп отурат, анын ылдыйкы түбүндө жантайыңкы ачык жерлери бар. Тондун жана түстүн карама-каршылыгы аскадай катуу текстураны түзөт. Жада калса бак-дарактар да таштан жасалгандай. Сызыктар укмуштуудай көп багыттуу жана натыйжада горизонталдуу сызыктарга баш ийүүгө туура келет. Сүрөтчүнүн пикиринде ошентип капчыгайлар пайда болуп, адамдар тарабынан иштетилген төмөн жактагы ойдуңдар жолго айланат. Жолдо адамдар жөө, атчан, машине менен ары-бери өтүшөт, түбүндө көлү бар өрөөнгө барышат. Тоо тараптан төмөнкү өрөөнгө чейин адаттан тышкаркы ажайып көрүнүш. Адатта тескерисинче тартышат. Четиндеги тоонун эки үч бурчтугу — активдүүлүк жана контрасттар. Ортодогу өрөөндүн үч бурчтугу тынч. Асмандагы штрихтер тизилип артынан өтүп баратат. Нюанстар сууга жакын жердеги асмандан көрүнгөн ырахатты чагылдырат.
Ал эми мында жол алдыңкы орунга чыкты! Жол композициянын борборуна… жана ааламга айланды! Тоолор, өрөөндөр, көл эмес. Асман эмес! Башкысы – бул жол! Муну адамдын көзү жасаган. Адамдын көзү «S» тамгасын баса белгилеген. Долларды издеп жүрөт, бирок таппайт… КОҢУР-ӨЛӨҢ — Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы айыл. Анын жанында, капчыгайда сүрөтчү токтоп, суктанып, таланты менен ажайып жаратылышты, жолду, атчандарды, машинаны жана … өзүн түбөлүккө калтырган.
Тоодо. Кенеп, май боек, 130,3х149,1, 1980
Талаалар, тоолор, чокулар. Жол боюндагы теректер. Андан ары айыл жайгашкан. Саргарган бак-дарактар али жашыл түсү кете элек дарактар менен аралаш көрүнүп турат. Эртең менен сары трактор күзгү айдоо иштерин баштады. Көк асманда булуттар туш тарапка тарап баратат…. Элементтерди тизмектеп жатып, биздин көз алдыбыздагы көрүнүш типтүү тоо пейзажындай көрүнүшү мүмкүн, бирок баары эле жөнөкөй эмес… Белгилүү искусство таануучу Ольга Попова сүрөтчүнүн пейзаждары тууралуу төмөндөгүлөрдү жазган: «Сабитжан Бакашев сүрөттүү текстуранын кооздугуна, боёктордун түстөрүнүн уникалдуулугуна чоң маани берет… Ал көпчүлүк кыргыз сүрөтчүлөрүндөй эле жаратылышты чагылдырганды жакшы көрөт, бирок ал өзгөртүлгөн, өтө кооздолгон көрүнүштө көрүнөт, ошол эле учурда композициялардын негизин ар дайым реалдуу, профессионалдуу тартылган, бир аз жеңил жана табити жогору экендигин белгилеген стилдештирилген сүрөттөр түзөт, түс айкалыштары реалдуу, жандуу табияттын каныккан түстөрүнөн алыс болгондугуна карабай, түстөрү шарттуу түрдө ээн-эркин, жаркыраган жана жарашыктуу, гармониялуу курулгандыгы билинет”.
Сүрөтчү тажатма жарык-аба перспективасын жөн гана этибарга алгысы келбейт, өзүнүн эмгектеринен адепсиз аба туманындай боштукту сүрүп чыгарып салат. Ал чукулунан «бетме-бет алган» түстөр (бул академиялык живописте чоң күнөө болуп саналат) көк асмандын, тоолордун, ала-була талаалардын сулуулугун толугураак чагылдыраарына ишенет. Жана да саптар ырдап турушу керек! …Ийри бөксө тоолордун сызыктары толкундап, көтөрүлүп, дөңсөөдөн дөңсөөгө тийип, акырындап, учтуу чокуларга тийип тынчып калгандай. Жогору жагында алар эңкейиштеги энергетикалык кыйшык штрихтери менен бекемделет…. Анан калса, сүрөтчү табышмаксыз жашай алчу эмес (искусство таануучуларга жашоо канттай таттуу сезилбеши үчүн). Эл талаанын четинде эмне кылып жүрөт? Бул жакка сары машина менен келишкенби? Айылдан келиштиби? Күзгү талаа жумуштарынын башталышын майрамдап жатышабы? Окшобойт – үгүт иштери көрүнбөйт ко. Алар бир катар тизилип тизелеп турушат. Сыйынып жатышабы? Бирөөнү акыркы сапарга узатып келиштиби? … Жакшы түшүм болсун деп түлөө өткөрүп кудайдан тиленип жатышабы? Анжелюс болуп кеткенби. Колхоздукубу? Мусулмандардыкы! A-а! Социалисттик реализм өлкөлөрүндө дин темасы! Бул мүмкүнбү! …Менимче, сүрөтчү тоонун ажайып бийиктигин жеткирүү үчүн ким экендиги, эмне иш менен алек болуп жатканы белгисиз адамдарды (кандай иш менен алек болсо да) жөн салды гана тартып койгондой! Укмуш диспропорция. Ошентип, ал дароо айкын болуп калышы керек: бул түбөлүктүүлүк жөнүндө! Бирок бул убактылуу. Бул кайра эле дин жөнүндө го! A-а!
«Эркин-Тоо» газетасын таратуу. Кенеп, май боек, 80х140, 1977
Тоолор чоң штрихтер менен тартылган; кичинекей штрихтер менен — эл, жылкылар, боз үйлөр. Бийик тоолуу жайыт шалбаалары толкундуу сызыктар менен көрсөтүлгөн. Бардыгы жалпыланган, жөнөкөй жана түшүнүктүү түрдө көрсөтүлгөн. Сол жактан балдар колдоруна гезит кармап чуркап келатат; так ортодо жайлоодогулар акыркы жаңылыктарды талкуулап турушат; оң жакта чабармандар андан ары маалымат таратууга жөнөп баратат. Ал эми шамал аларга ак гезит барактарын учуруп, жерге жаюуга жардам берет. Жашыл жана жер, кызыл тоо жана көк түстүү кийимчендер… Абдан кооз монументалдык … панно! Маалыматты таратуунун көзгө көрүнгөн образы… Белгилүү искусство таануучу Ольга Попова 70-жылдардагы сүрөтчүлөр жөнүндө мындай деп жазат: “Алардын дээрлик бардыгы өз темаларын издөө менен бирге калыптандыруу боюнча эксперименттерден баштап, түзүлүш маселелерин мазмунунун көйгөйлөрүнөн жогору коюшкан. Бирок, алар өздөрүнүн мыкты чыгармаларында формалисттик концепциянын тардыгын женип, так татаал образдык түзүлүштүн аркасында күчтүү интеллектуалдык жана эмоционалдык заряд алып жүргөн чыгармаларды жарата алышкан”… Форманын үстүнөн иштөө мазмун боюнча иштөөгө айланып баратабы? Ал эми СССРде кандай мазмун болушу мүмкүн? Жалгыз гана социалисттик! Ал болжолдуу түрдө мындай угулмак: социалисттик курулуштун ийгиликтери жөнүндөгү маалыматтар биздин кең өлкөбүздүн эң алыскы булуң-бурчтарына таркап жатат! … “Эркин Тоо” гезити 1924-жылдан бери чыгып келет. Ал “Кызыл Кыргызстан” (Красная Киргизия), 1956-жылы “Советтик Кыргызстан” (Советская Киргизия) деп аталып калган. Мүмкүн бул сүрөт республиканын жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң аксакал гезитинин юбилейине карата тартылгандыр… Азыр бизге көбүрөөк нерселер көрүнүп жатат, ачык кызыл түстүү тоолор Кыргыз Республикасынын желегин эске салат! Совет бийлигинин патриархалдык жашоо образына кийлигишпегенин көрөбүз: эркектердин өз чөйрөсү, аялдардын өз чөйрөсү бар; Көбүнчө эркектер отурушат, аялдар турушат. Жана каада-салт менен заманбап жашоонун эч кандай карама-каршылыгы жок! Ал эми социалисттик мазмун — бул кооз композиция жасоого шылтоо гана. Ошондо ал декоративдик паннонун эскизине окшош болсо, эмне болмок эле. Сүрөттөн бакыттын учкундары жана гармония чыгып тургансыйт. Сүрөттүн идеясы — кандай гана бийлик болбосун, адамдар жашоодон ырахат алып жашай берет деген ойду камтыган… анын ичинде маалымат аларга эми тезирээк жетет деген ой да бар.
Беде талаасы. Кенеп, май боек, 118х149, 1986
Сүрөтчү беде талаасынан өйдө көтөрүлүп, айланага көз жүгүрттү. Көз алдында керилген өрөөн жатты: талаалар, адырлар, көл, тоолор жана чокулардын үстүндө ак булуттар, алардын артында көгөргөн көк асман. Күзгү теректердин баштары, чатыры сары үйлөр жаңы атып келаткан күндүн нуруна чагылышып түрлүү боек чачып турду. Кайсы бир жерлери майда-чүйдөсүнө чейин (комбинациялар көрүнүп турат), ал эми бир жери жалпыланып (импрессионизм жана абстракционизм) көрүнсө, бир жерлерде болсо образ символ, белги аркылуу сүрөттөлгөн. Перспективасы бир нече жолу бузулуп берилген: учканда бардык эрежелер маанисин жоготот. Өзгөчө мааниге ээ болгону бул штрихтердин динамикасы: түсү, түзүлүшү жана кыймылынын багыты … Бул салондук иш эмес, сатуу үчүн эмес, буйрук менен да аткарылган эмес. Көлөкөлөрү өтө кара, булуттар кир, көл — көк тилке болуп көрүнөт. Шашылыш, чалды-куйду аткарылган. Көчө сүрөтчүлөрү мындан жакшыраак шилтей алышат. Бул азыр ушундай! Ал эми 80-жылдары сүрөтчүлөр ээн-эркин иштешкен! Көргөзмөлөрдө да тайманбаган өжөрлүк, кайраттуулук акырына чейин бааланган! Мамлекет да колдоо көрсөтүп, музейлер сатып алып, искусство таануучулар, билгичтер суктанып турушкан. Бул монументалдык сүрөт эмес. Ал эми мольберттик сүрөт деп да атай албайсың. Аны кантип көрсөтүү керек? Декоративдик абстракциябы? Кооз протоплазмабы? Тээ, эң башында болгон нерсеби? Бул сөздөр али мааниге ээ боло элек кездеби? Эгер ошондой болсо, анда бул абдан олуттуу нерсе жана мунун аталышы али табыла элек. Келечекте табыла коебу анан? Өнүккөн социализм доорунда живопистин өзгөчө түрү гүлдөдү. Кыска көз ирмем аралыгында сындан башканын баары мүмкүн болду. Ал эми, чындыгында, сүрөт өзү өнүгүп отурат да, … учуп кетет! Парадокс! Жана дагы бир парадокс: 80-жылдары сүрөттөр композиция деп атала баштаган…
Эстутум. Кенеп, май боек, 85х125, 1976
Жарым тегерек тоо менен курчалган өрөөн; ортосунан агып жаткан дарыя. Асмандагы булуттар каяккадыр жылып, баарын артынан ээрчитип бараткандай көрүнөт. Асан-үсөн түстөрүнүн тотому. Ар кандай түзүлүштөгү майда штрихтер, бөлүндүлөр жана бүтүндүк! Татаалдуулук жана жөнөкөйлүк! Бул кантип мүмкүн болсун? Бир гана нерсе анык — белгилүү бир нерсенин бети (тон, түс жана түзүлүштүн айкалышы) белгилүү бир нерсени билдирет. Тоолор — жантайыңкы штрихтер менен, өрөөндөр — горизонталдуу, адамдар — вертикалдуу. Кыргыз пунктилизми! Сүрөтчү табиятты түз мааниде берүүгө умтулбайт, ал – шарттуу түрдө белгилейт. Ал муну өзүнүн таланты аркылуу, ойдон чыгарып жана жандуу эскерүүлөрдөн жасайт…. Жигиттер жолдо токтоп, эс алып турушат. Жанында жерде чоң баштыктары жатат.
Балким алар шаардан жайкы каникулга келишкендир? Эми алар туулуп-өскөн жерлерине тарап кетишет чыгар? Же тескерисинчеби? Алар окууга баратышат! Чоң дүйнөгө аттанышты! Кызыктуу укмуштуу окуялар жана фантастикалык мүмкүнчүлүктөр ааламына. Экөө чоң пландарды түзүп, алдыдагы келечекти катуу талкуулап жатышат. Үчүнчүсү отуруп алып, туулуп-өскөн жерин капалуу карайт: аларды алдыда эмне күтүп турат?.. Төртүнчүсү жатып алып дарыядан суу ичип жатат! Же бети-башын чайкап жатабы, же таптакыр эч нерсени ойлогусу келбей, тек гана жашоодон ырахат алгысы келип жаткандыр. Ал — сүрөтчү, демек, алдыдагы нерсени көргүсү келет! Же төртүнчү өлчөмдүбү? Бул кызыктуураак жана окуяларга байыраак. Ал бери бурулуп, чыныгы дүйнөнү көрөт. Бул ыкма менен сүрөтчү оңой эле биздин кабылдообузду тескери буруп, керексиз пафостон арылтып, жөнөкөй композицияга парадокс кошту! Сүрөттүн негизги символу ушул жерде: жигиттердин бардык пландары бир нече жолу тескери бурулушу ыктымал… Сүрөтчү мына ушундай: татаал, эки ача, шайыр, тентек композициялар аркылуу кыргыз станок искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошкон!
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз.