КӨРКӨМ ӨНӨР БИЗДИН ТУРМУШТА

ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВ. 11-ЧЫГАРЫЛЫШЫ: АМАН АСРАНКУЛОВ. 1-БӨЛҮМ. Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КҮСӨМ КОЛЛЕКЦИЯЛАРЫНА ОБЗОР.

Искусство таануучу ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВдин кыргыз сүрөтчүлөрүнүн Улуттук музейге коюлган коллекцияларына жасаган обзору менен тааныштырууну улантабыз. Бул Аман Асранкуловдун чыгармачылыгына арналган эки бөлүмдүн биринчиси.

Асранкулов Аман (1939-1998) — сүрөтчү. Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1964-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт училищесин жана 1969-жылы – Москва шаарындагы В.И.Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун аяктаган. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү. 1971-жылдан бери СССР Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү болгон. Ош шаарында сүрөтчүнүн эстелиги тургузулду


Жалгыздык. Кенеп, май боек, 62х70, 1994

Белгилүү искусство таануучу Ольга Попова сүрөтчүнүн чыгармачылыгынын акыркы мезгили тууралуу мындай деп жазат: “Албетте, совет доорунун кулашы жана ден соолугуна байланыштуу башынан өткөргөн жеке кыйынчылыктар Асранкуловду кечээ жакында болуп өткөн окуяларга,  бардык убактагы адамдын ордуна, жалпы эле дүйнөгө жаңыча көз караш менен кароого аргасыз кылган. Советтик эпоханын коллективизми урап, адамды өлбөс-өчпөс эл жана өлбөс адам, өлбөс-өчпөс искусство жана жеке чыгармачылыгы деген түшүнүктөр менен бетме-бет жалгыз калтырган… Мунун баары аны түшүнүү үчүн кайраттуулукту, балким, мезгилге, адамдарга, өзүнө карата мурдагы катуу талаптарды кайра карап чыгууга мажбур кылгандыр. Акыркы жылдардагы сүрөттөрүнө караганда, Аман Асранкулов бардык сынды четке кагып, чыгармачылыгына жан дүйнөсүндө ар дайым жашап келген эң таза жана бийикти гана калтыра алган. Ага мындан ары натураны издөөнүн кереги жок болчу. Ал өзүнүн дүйнө таанымын поэзиядай түзүлгөн таза образдар аркылуу билдирген. Бир дагы ашыкча сөз (ишараат кыймылдары) жок, эң керектүү нерселер анын сүйүүсүн жана кайгысын өтө ачык жана даана билдире алган. Үйдүн алдындагы ачык бастырмада кара көйнөк, ак жоолукчан кемпир жашайт. Ал терезени, каалганы жана бир гана керебетти көрөт. Үмүтсүз, баласыз, небересиз жашайт, күтөт. Эч кими жок, баары туш тарапка кеткен… Кичинекей төрт бурчтуктай кичирейип кеткен. Тик бурчтуктун сыртындагы чөйрө – бөтөн жерде тигин каскан душмандай, ырайымсыз каардуу көрүнөт. Уулуу сары-жашыл түстүү. Чоподон жасалган тандырдын айланасында боштук өкүм сүрөт. Очоктун табы эбак өчкөн, бирок дагы эле сирендей жагымдуу жылуулугу сакталып турат. Алар үн салып бири-бирин чакырат: тегерек — чарчы. Сырткы күчтөр биримдикти бузуп кеткен: бастырма — очок. Эми алар бөлүнүп, катып калган гармониялардын түбөлүктүүлүгүнө баш оту менен кирип кеткенсийт. Көпкөк асман да, жада калса жап-жашыл болуп кулпунган дарактар да караган көздү сүйүнтпөйт. Алдамчы эстетикалык боёк таш боор жалгыздыктан куткара албайт шекилдүү.


Чий. Кенеп, май боек, 80,7х64,3, 1994

Апасы менен кызы оңдон солго карай акырын дубалдагы килемди түрүп жатат. Дубалдан сыйдаң ылдый түшүрүүдө. Эненин башында гүлдүү жоолук, кийгени кызыл көйнөк; кызы жалаң кызыл түстүү кийинген, өрүлгөн сербейген чачы бар. Апасы туруп иштеп жатат, кызы анын жанына тизелеп отурат. Апасына жардамдашып, кол кабыш кылып жатат. Килем менен кошо дубалдагы кооздукту түрүп алып салышты! Килемдин арты аңгырап ээн калган боштук… же тунжураган чексиз асманбы? …Килемдин бүктөлгөн бөлүгүнүн арткы бети саргайып кеткен. Диагоналдык супрематисттик тик бурчтук композицияны эки бөлүккө бөлүп турат. Болуп өткөн нерсеге жана алдыда боло турган нерсеге… Сулуулугу кайтып баратат!

Кереги жок нерсе. Руху кетти – көбүнө түшүнүксүз композиция калды. Кийинкиси эмне болот? Мүмкүнчүлүктөрдүн мейкиндигиби? Же көңүл чөктүргөн боштукпу? Адамдардын баары сүрөтчүгө карайт, бирок анын сунуш кыла турган эч нерсеси жок …. Бирок кызык! Анын сүрөтү оптимисттик маанай тартуулайт! Түстөр ачык жана таза, сызыктар жарык жана күчтүү. Ал сары менен кызгылт көктүн, кобальт жашылынын жана киновардын, кызыл охра менен краплактын* гармониясына суктанып жатканы байкал. Анда айкындуулук жана тыгыздык, биримдик бар. Демек баары жакшы болот деген ишеним бар! Эскинин ордуна жаңысы, ошондой эле татыктуусу келет деген ишеним пайда болот.

Бул керээз сыяктуу угулат! Үмүтүңүздү үзбөңүз, сулуулукту ача турган да, артка кайрыла турган да мезгил келет жана ушул окуялардын ортосунда жашоо бар дегендикпи бул… Жана албетте, чыгармачылык! Жалгыз калуудан, «биздин кооз жана каардуу дүйнөбүздү капилет келүүчү душмандык күчтөрдүн аракетинен коргоосуз калуудан коркуунун кереги жок» **

*краплак —ачык кызыл боек (ализарин жана пурпуриндин негизги алюминий туздары менен кошулмасы) 
**Андрей Платоновдун “Сулуу жана каардуу дүйнөдө” китеби


Ашкабак түшүрүлгөн натюрморт. Кенеп, май боек, 47,5х35,5, 1994

Бул натюрморт менен «Кызгылт драп пардалуу натюрмортту» диптих* катары бирге кароо керек. Эки картина тең бир эле жылы, бир эле темадагы вариациялар катары тартылган. Курамы кайталанат: ашкабактан жасалган кумура вертикалдуу түрдө драпталган стендде турат, ал эми кумуранын үстүндө жемиштер салынган табак турат. Негизги буюмдар ошол эле бойдон калтырылып, аларга сүлгү кошулган.

Баары кайталанган, бирок бул таптакыр башка чыгарма, бул таптакыр башка маанай. Сакталып калган вертикаль —Түштүктү тең салмактап турган негизги динамиканын гармониясы! «Кызгылт түстөгү драп менен натюрморт» — жайкы, бул болсо – күздөгү маанай. Күз — үнсүз сары-күрөң түс, ал эми мөмөлөрү чоң — акыркылары! Кайсысы мурда тартылган? Белгисиз. Жайкы натюрморт — секелек кыз, күзүндөгүсү — күйөөгө тийген аял. Кыз жеңил жайкы шляпа кийген. Ал эми аялды — оор жүк баскандай, жоолук менен жабынып алган…

Балким, сүрөтчү, өзгөрүү доорунда, табылган теманын вариацияларын өзүнө ишенкиребей уланткысы келгендир. Ал Галатея** жанданып, абстрактуу аралыктарга, идеалдуу жээктерге карай чакырышын күтүп жаткандай. Заман менен бирге кадамдаш болгусу келгендир! А бирок ага батына албагандай. Ошонусу туура болуптур. Андан ары Кыргызстандын сүрөтүн постмодерндик гана компиляциялар***, өзүн-өзү кайталоолор жана сейрек кездешүүчү ийгиликтер күтүп турган. Биз аларды советтик шайдоот шайыр модернизмдин түштүк мектебинин уландысы деп атап коебуз!

*Диптих – эки бөлүктөн же паннодон турган, биригип бир көркөм чыгарманы жараткан көркөм чыгарма (триптих – үч бөлүктөн, полиптих – көп бөлүктөн турат).

**Галатея — аялдардын аты. Байыркы грек мифологиясында андай аттар менен аталгандар: 
Галатея – Полифемди четке каккан, Нерей менен Дориданын кызы – Нереида.  Тынч деңиздин образы. 
Галатея — скульптор Пигмалион тарабынан жасалган жана Афродита кудайы анын сыйынуусу менен жанданткан кооз айкел. Бул жандуу айкелдин образы драматургдарга, акындарга жана сүрөтчүлөргө жагат.

***Компиляция – баштапкы булактарды өз алдынча изилдөө эмес, башка эмгектердин негизинде түзүлгөн китеп же макала, эссе.


Кызгылт түстөгү драп менен натюрморт. Кенеп, май боек, 48х34

Күлгүн-кызгылт драп болочокту тескерисинен көрсөтүп тургандай тартылган. Анын үстүндө саргыч күрөң түстүү ашкабактан жасалган кумура турат. Идиш башына жүк көтөргөн аялды элестетет. Ал эми жашыл-көк өңдүү табак бизди жападан жалгыз көзү менен тиктеп тургансыйт. Кара кочкул кызыл карек биздин көңүлүбүздү өзүнө бурат. Бир гана сызыктар жана түсү көрүнөт, ал эми объекттердин элеси биздин акыл-эсибизде түбөлүккө уюп калгандай.

Алтын түстөгү драп оймолору автордун объектилерден эмнени издегенин – оймо-чиймелерди, абстракцияны издегенинен кабар берип турат! Пластика чындыгында эле байкалып турат, бирок гений аларга мүнөздөмөлөрдү ойлоп таап чыккан. Мастер үчүн фондунун «үлгүлөрү» да өз ишин кылып жатат: жарык жагы дубалдын түзүлүшүн активдүү түзүп берсе, ал эми көлөкө жагы чөгүп, мейкиндиктин тереңдигине чуңгуп кетет…. Мунун баары үстүртөдөн гана көрүнгөн кооз нерсе! Ал эми тереңиндечи? Контекстиндечи? Контекстте: биз азыр Кыргыз Республикасыбыз, биринчи президентибиз жана өзүбүздүн валютабыз бар! Өзгөрүү доору башталды. Эмнеси өзгөрөт? Сырткы көрүнүшүбү?

Ичин өзгөртүүгө болобу? Таза абстракцияга өтүү мүмкүнбү? Бул логикалуу болмок! Чындыктан эч нерсе жок! Кумура ашкабакка окшобой калган, ашкабак деле өзүнө окшобойт ко? Ал эми табак да табактай көрүнбөйт. Стенд жөнүндө сөз кылуунун да кереги жок. Бир аздан кийин эле мунун баарынын чындык менен байланышына шектүү көз караштар жаралышы ыктымал. Бирок бир нерсе тоскоол болуп турат. Каада-салт, үрп-адаттарбы? Советтикпи? Түштүккө таандык менталитет болуп жүрбөсүн? Кандайдыр бир көрүнүш тоскоол болууда! Батыштын көз карашы боюнча, ал толук эмес жана экинчи даражадагы нерседей. Биз болсо толук аяктады деп ойлойбуз! Ал ойлоп табылган идеологияга жана өжөр башчыга каршы күрөштө өзгөчө орунду ээлеп калды. Биз аны советтик ири модернизмдин түштүк мектеби деп атайбыз!


Намазга жыгылуу. Кенеп, май боек, 120,7х114,3, 1991

Сүрөтчүнүн чыгармачылыгынын этаптары жөнүндө Кыргызстандын белгилүү искусство таануучусу Ольга Попова мындай деп жазат: «Анын (Асранкулов Амандын) тематикалык жана калыптандыруучу изденүүлөрүнүн эволюциясы кескин түрдө эки башка этапка бөлүнөт: ал социалдык көйгөйлөргө кызыккан совет мезгили жана ал өзүн философиялык маанайдагы сүрөтчү катары көрсөткөн 90-жылдардын мезгили…».

Бүгүн биз ага мындайча тактоо киргизсек болот: мурда сүрөтчү советтик деп өзүнө кабыл алган коомдук жана философиялык проблемаларга кызыгып келсе, эми СССР тарагандан кийин түздөн-түз диний темаларга кайрыла баштаган. Жаңы, белгисиз темаларга киришкен. Боз үйдөгү экөө жайнамаздын үстүндө тизелеп олтурат, намаз окуп олтурганы байкалат. Карапайым адамдар: боз кийимчен чал жана кара көйнөкчөн, башына ак жоолук салынган кемпир. Жалгыз бой калган. Кандайдыр бир кайгылуу окуядан кийин жалгыз калдыбы? Айланасынан кандайдыр бир маалымат алгыдай белгилерди байкай албайсың. Таң калычтуу: советтик турмуштун бир да белгиси жок. Ошол 70 жыл эч качан болбогондой! Бирок бул жерде бир нерсе кылтыйып чыгып турат: Исламда аял менен эркек бир катарда туруп намаз окубайт. Муну Советтик Кыргызстандын мусулмандары билген эмеспи? Же алар муну маанилүү деп эсептешкен жок беле? Эң башкысы ыйманды сактоо болчу… Боз үй – сыйынуучу үй, түндүк (боз үйдүн үстүнкү тешиги) аркылуу Кудайдын ырайымындай жарык төгүлүп турат. Вертикаль ачык көрүнүп турат — жарык, адамдардын сөлөкөттөрү, килемдер. Горизонталь тосмо аркылуу түзүлөт. Вертикалды жашыл түстүү чоң сандык жана үйүлгөн жууркан-төшөктөрдүн жардамы менен пирамида бекемдеп турат. Вертикалдуу жана горизонталдуу айкалыштыктар кайчылаш белгини (крест) көрсөтөт!

Бул жерден эч кандай белгилерди издөөнүн кереги жок! Бирок сүрөтчү белгилерди (символдорду) издебей коё албайт! Сүрөтчү боз үйдүн сыйынуу үчүн канчалык жакшы кызмат кылаарын көрөт. Тагыраак айтканда жогору жактан кандай жарык түшкөнүн көрүп турат! Терезелери жок болгондуктан, сырткы дүйнөдөн ажыраган маанай түзүлөт. Дубал жок, биз чөйрөнү көрүп жатабыз! Бүтүндөй бир ааламды! Teңирди! Бул мистикалык эмеспи? Ушундай болушу мүмкүнбү? Бул жаңы сезимдер, алар динийби же мистикалыкпы, аны алдыда дагы түшүнүү керек. Азырынча: сүрөтчүдө жана ойчул философто баардыгы кандай болсо ошондой абалда өмүр бою сакталып келген жана сакталып кала берет! Негизги моралдык ишеним – төбөңдөгү аалам жана жан дүйнөңдөгү ыйман!


Кагаздан жасалган гүлдөр. Кенеп, май боек, 99,5х85,5, 1991

Дубалдагы көк түстөгү чарчы жаңы шыбакпы? Же бул терезени «сокурайтып» бекитип койгонбу? Ал керексиз болуп калгандыктан, шыбап салганы көрүнүп турат. Ал кооптуу болуп калды: анын көзүнөн биздин замандын бардык жаман жактарын көрүүгө болот. Өңүңдө кыялданып олтурганча сокур болуп көрбөй, уктап калган жакшы. Микеланджело Буонарроти жазгандай “… бул кылмышкер бети жок заманда / Сезбей, көрбөй жашаган жакшы… / Уктоо жагымдуу, таш болуу андан да жагымдуу”.

Андыктан кыз да уктап жатат (көздөрү бекем жумулуп, каректери таштай катып калган), өз доорунун дартына чалдыгып ооруп, жасалма, ойлоп табылган сулуулукту сүйүп бийик көтөрүп жүрөт жана кудум сокур сыяктуу табигый сулуулукту байкабайт (ылдый жагында көзгө илинбей куураган бир нече жалбырактар жатат). Мындай жүрүм-турум автордун көңүлүн табигый эместиги менен өзүнө тартат: ал тургай гүлдөрү да кагаздан жасалган дүйнөнү түшүнбөйт. Бирок бул тажатма акыл-насаат окууга себеп эмес: бул жагдай сүрөтчүнү гармонияны издөөгө шыктандырат! Механикалык кыймылдар жана жасалма түстөр камтылган заманбап гармонияны; мында күрөң түстөгү жердеги жылуу жалбырактарга басым жасалса да, кайдыгер кагаздан тарап жаткан муздак көлөкөлөр басымдуулук кылууда. Изденүүлөрү ийгиликтүү болгон! Ал эми коомдук искусство жөнүндө эмне айтууга болот? Бизге эстетизм эмес, активизм керек! … А бирок байкасаңыз, кыз кагаз гүлдөргө алар кудум тирүү болгондой кылдат мамиле жасап жатат…


Кагаз ваза менен натюрморт. Кенеп, май боек, 60,7х49,5, 1990

Кагаздан жасалган вазада жапайы гүлдөр, кургатылган пижма жана миң жалбырак (тысячелистник) турат. Сыягы, калай челекти вазадай ыңгайлаштырып, сыртынан кол менен боёлгон кагазды чаптап койсо керек. Же керексиз болуп калган сүрөттү колдонгон. Жазуунун бир бөлүгү көрүнүп турат, бул «Куттуктайбыз» деген сөз жана кызыл жоогазындын сүрөтү окшойт. Дагы бир ваза сары ашкабактан оюлуп жасалган. Жанында кочкул кызыл өңдүү анардын мөмөсү. Үчөө тең оң жак бурчка карай жылып калган бырыш жашыл драпка жайгаштырылган. Натюрмортко күн нуру жарык тийип тургандыктан, оң жактагы бөлмөнүн караңгы ички бөлүгү да композициянын бир бөлүгүндөй көрүнөт… Доордун аягында сүрөтчү табигый иштөөгө бел байлап, жаңы нерселерди издейт. Сүрөттөрдөгү образдары таң калгыдай. Кагаз ваза — убакыттын символу! Сүрөтчүгө мүнөздүү театралдуулук чарк жарылган: күндүн нуру софиттин жарыгына айланат; драп баркыт театр көшөгөсүнө айланат. Сахнанын түпкүрүндө коркунучтуу боштук өкүм сүрүп, сахнада каармандардын сүйлөшкөн күңүрт үндөрү жаңыра баштайт. Идиштин ээси ак саргыл соодагер майрамдаганга суу алып келди. Кичинекей кочкул кызыл түстүү аскер өзүнүн даамдуу буурчактарын тобокелге салууга даяр. Ал эми кайдыгер калай кагаз суусап чаңкаган элди кол жеткис бийиктикте кармап турат. Каны катып суусаган, толкунданып, идиштин оозуна мойнун созуп телмире тиктеп, эртерээк суусунун кандырса экен деп сурангандар.


Интерьердеги портрет. Кенеп, май боек, 117х100, 1982-1987

Ак буурул чачтуу, башына ак жоолук байланган, кара чапан кийген көз айнекчен аксакал туруп алып гезитти барактап атат. Анын жанында кемпир кызыл жемпир токуп отурат… Бир капталга карай кыйшайган эки карыянын баштары капалуудай көрүнөт. Алардын арт жагындагы дубалда илинген туш кийизде шапкечен солдаттын портрети сүйрү алкакта илинип турат. Натыйжада үй-бүлөнүн портрети толук түзүлүп калган. Карыган ата-эне жана уулунун сүрөтү. Ооганстанда каза болгон уулунун портретиби? Андай учурда алкактын четинде белгиленүүчү кара белги кайда? Уулу Ооганстанда кызмат өтөп жүрсө керек!

Анда түшүнүктүү: карыя атасы гезитти үңүлө тиктеп, согуш тууралуу маалыматтарды издеп жатат. Карыган эненин да кимге жемпир токуп отурганы түшүнүктүү. Бир аз карикатураланып, күңүрттөнгөн, бейчеки боёктор менен түшүрүлгөн примитивдүү сүрөт. Айлана-чөйрөсүндөгү аянычтуу, жупуну көрүнүш жашырылбай ачык көрсөтүлгөн. Улуттук оймо-чиймелер түшүрүлүп, четтери кара түстөр менен жээктелип жасалган, төрт чарчы көгүш алкакка салынган портреттер. Жерде килем, жууркан төшөлгөн. Болду, башка эч нерсе көрүнбөйт. Мааниси жок ооган согушунун портрети! Карыялар ичиндеги катылган жарасын жашырганды үйрөнүп, өздөрүн түйшүктүү ойлордон күнүмдүк түйшүк, каада-салт, ырым-жырым менен алаксытып көнүп калышкан. Ал эми картталган шылдыңкөй, кайдыгер түзүлүш аркылуу жараты жан чыдатпай ооруп турат.


М. Рыскуловдун портрети. Кенеп, май боек, 114,8х97,3, 1986

Муратбек Рыскулов (1909-1974) – советтик театр жана кино актеру. СССРдин эл артисти (1958). Кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө туулган. 1937-жылы Кыргыз музыкалык-драмалык театрдын (азыркы опера жана балет театры) алдындагы студияны аяктаган. 1941-жылдан баштап Кыргыз драмалык театрынын актеру болгон. Режиссер Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” киносунда Бакайдын ролун гениалдуу аткарган. Режиссер Мелис Убукеевдин “Ак-Мөөр” фильминде Жантай хандын ролун да ошондой эле жогорку деңгээлде ойногон. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 5-8-чакырылыштарынын депутаты болгон… Портрет эсинде сакталып калган эс тутумдары жана элестетүүдөн жаралган. Алдыңкы планда артист, арттагы театр көшөгөсү ачылганда — Кыргызстан көрүнөт! Дарыя, өрөөн, тоолор, карлуу чокулар. Мазмуну боюнча баары туура, терең ойлуу, шайдоот көрүнүп турат! Бирок эмнегедир баары башкача тартылган! Артист жаш эмес, олуттуу, бели бүкчүйө түшкөн, чарчаңкы, романтикалуу эмес, карапайым. Үстүндө анчейин элеганттуу көрүнбөгөн кара костюмчан, галстук, ак көйнөкчөн. Сүрөтчү өзүнүн каарманына көшөкөрлөнүп жагалданбайт. Сүрөтүндө да ашыкча кооздоп, шөкөттөгөн боектор көрүнбөйт. Боз чалган асман, каралжын тарткан тоолор, киргилденген бозоңку түстөр. Бурчта керексиз болуп калган сырдалган фондор түрүлгөн. Шарттуулукту жеңүү идеясыбы бу? Бул примитивдүү форма эмне жөнүндө болушу мүмкүн? Балким Анна Ахматова өзүнүн төмөнкү ырында ушул ойлорду сүрөттөгөндүр: “Когда б вы знали, из какого сора / Растут стихи, не ведая стыда, / Как желтый одуванчик у забора, / Как лопухи и лебеда”…

Мүмкүн күңүрт өңдөр аркылуу сүрөтчү бизге генийдин өзүнө жана өзүнүн аткарган ишине канааттанбагандыгын көрсөткүсү келгендир. Же улуу актёрлор деле башкалардай эле жөнөкөй адамдар, асмандагы кудай эмес* дегенди айткысы келип жатпасын?! Жетишет! Соодагердин көзүн будамайлай албайсың! Ал сүрөтчү өзүн келекелеп жатканын көрүп жатпайбы. Дал бүгүн мындай айыптоо орундуу сезилет. Ал эми 1980-жылдары төбөлдөр үн катышкан эмес. Бул алардын акылына чак иш эмес экенин билишчү. Көрсө, “элден” (көсөмдөрдөн) ажырап, искусство нукура элдик болуп калат бекен? …Азыркы заманда мындай портреттин пайда болушу мүмкүн эмес. Сырдуу, толук ачылбаган подсознание эстетикасы ачык, түшүнүктүү, өзүнө-өзү маашырланган официалдуу эстетика менен көз-көрүнөө конфликтке барат!


Монголияда. Кенеп, май боек, 70х98, 1986

Бул — чыгармачылык командировкада алган таасирлерден. Автор табигый натура менен иштеген эмес — ал өзүнүн байкоолорун сүрөттүү пластикалык түрдө жазып алган. Кызгылт көк чатыр, кыязы, көчмөн монголдордун жашаган жайы МАЙХАН болсо керек. Анын түзүлүшү абдан жөнөкөй: ортосунда мамы устун орнотулган жана андан ар кандай багытта калың кездемеден жасалган созулган белгилер бар. Бул туш тарапка бирдей тараган үч бурчтук болуп чыгат. Чатырдын так ортосундагы эшик эки жакка ачылат. Ичинде улуттук кийимчен кыз мамыга жөлөнүп турат. Оң жагындагы чакада бээнин сүтүнөн жасалган кымыз. Үч бурчтук басымдуулук кылат, анын артында горизонталдар – көгүлтүр асман, кер сары тарткан талаа керилип жатат, күрөң үч бурчтуктарды бойлой ичке чынжырчадай созулган тоолор. Бейтааныш, бирок ошол эле учурда ушунчалык жакын тааныш сезилген турмушту чагылдырган сүрөт. Кымыз турат, бирок чаначы кайда? Кымызды куюп, аны быша турган идишичи? Башкалардын көр-тирлигин анча түшүнө бербейсиң, же түшүнбөйм деп ойлойсуң, жаңылышып каламбы деп чоочулайсың. Андыктан композиция жөнүндө гана айта аласың… Симметрия — ааламдын идеалдуу түзүлүшү. Ал эми адам ушул түзүлүштөн композициялык түзүлүш жасаган. Жападан жалгыз борбордун аянычтуу, империялык идеясы. Ал эми үч бурчтуктагы адам – бардык нерсенин негизи, өзү жерде туруп, асманга учууга умтулат… Модернисттик композицияны формалдуу талдоо живопистин интерпретациясына ылайык келбейт. Дайыма сырткы көрүнүштөн да тереңирээк нерсе бардай сезиле берет… Таза жана жарык дүйнөнүн ортосундагы үч бурчтуктун ичинде бир кыз турат. Күңүрт түстүү үч бурчтукта дагы бир башка дүйнө бар: адамдын карапайым буюмдарга толгон турак жайы. Кыз ошол караңгы, өзүн бир чети чоочуткан белгисиз ааламды аны менен бөлүшө турган адамды күтүп турат.


Сулайман тоосунун түнкү көрүнүшү. Кенеп, май боек, 90х70, 1986

Картина эки дүйнөдөн турат. Төмөндө кичинекей короо, ал эми жогоруда — мейкиндик! Ачык сызык ааламдарды бөлүп турат. Ал төмөнкүдөй түзүлгөн: үйдүн чатыры, чатырдын үстү, дубалдар. Короо айдын алыстан тийген нурунан, терезеден жакындан түшкөн жарыгынан жарык жана жылуу болуп турат. Саргыч түстөр кубулуп жерге куюлуп агып, атты да, адамды да чулгап алгандай. Жогору жактагы дарак жана океан сымал чоң мейкиндиктеги кызыктуудай көлөкөлөр. Ыйык тоонун кичинекей силуэти алыстан таанылат. Үстүндө — кара көк тарткан түнкү асман, толукшуган ай жана толкундай удургуган булуттар…

Эки дүйнө: кичине жана чоң, жакын жана алыс, убактылуу жана түбөлүктүү. Ар кандай сүрөттөрдүн имманенттүү темасы. Жогору жактагы дүйнө — фантастикалык, табышмактуу, сырдуу… жана коркунучтуу. Төмөнкүдө – өзүнүн чак-чакан түйшүктөрү менен алектенип, тосмонун артына жашынат да, башын көтөрбөй, жогору жактагы кереметти көрбөйт. Ал эми даракты кайсы дүйнөгө кошсок болот? Ал ортодобу? Кенеп боектун калың катмарында катылып “басылып” калгансыйт. Бирок авторго ачык көрүнгөн ажайып сулуулуктун кереги жок — ал үчүн геометриялык концепциясы маанилүү! Бул эки башка дүйнө, алар эч качан жолукпайт. Ошол экөө биригип сүрөтчүнү гана кызыктырат. Ат башын буруп, адамды күткөндөй карап турганын көрөт. Ал эми адам аны карабайт – мүдүрүлүп кетпеш үчүн төмөн жактагы бутунун учун карайт. Адам жогору жакты карабайт, ал убактысын кетиргиси келбейт. Ал аты үчүн бир тутам чөп алып баратат. Ооба! Чынында эле ошондой! Кыргыздын жан дүйнөсүн эки гана нерсе толтурат! Мал багыш керек, анан төбөңдө жылдыздуу асман бар экенин билиши керек. Ага аларды кароонун зарылдыгы жок! Анткени алар менен түздөн-түз байланыштуу. Жогору жактагы дүйнө ага төмөндөгү жашоосун улантууга жана өзүнө чак майда-чүйдө түйшүктөрү менен асманды таң калтырууга күч-кубат берерин жакшы билет.


Тоодогу чөп чабык. Кенеп, май боек, 79х114, 1986

Сол жана оң тараптардын контрасттарынын укмуштуудай оюну. Сол жакта – чөмөлөнүн жарык тийип турган жагы. Анын көлөкөсүндө көйнөгүн чечип алып өзүнө чатыр кылып, айланасына суктана караган адам эс алып жатат. Оң жакта айры менен иштеп жаткан аялдын жарык тийип турган тулку бою көрүнөт. Анын артында сүрөттүн четине чейин созулган экинчи чөмөлө турат. Экинчиси биринчисинин көлөкөсүндө калган. Эркек эс алып жатат, аял иштеп атат. Сүрөтчү гендердик теңсиздикти көрсөткүсү келгенби? Андай болушу күмөн. Колхоздо эмгектенген аялдардын активдүүлүгүн көрсөтүп жатабы? Балким. Аялдар чоңдорго терең ишеним менен баш ийип, жумуштарды ырааттуулук менен аткарышабы? Толук мүмкүн. Балким ал аял өзүнө берилген жеке тапшырмасын аткарып жаткандыр? Ашыгы менен аткарууга тийиш болгон милдеттенмеби? Же балким тиги эркектин жанында олтургусу келбеген чыгар? Иш күнү аяктай элек болгон соң, кыймылдап иштеп тургусу келгендир. Кыязы, сүрөтчүнү анысы кызыктырбайт окшойт. Ал кезектешип алмашып жаткан нерсеге кызыгуусу артып жаткандай: караңгыдан кийин жарык, жарыктан кийин кайра караңгы. Чөптү тоо жактан, бийиктен жыйнашат. Эки үйүлгөн чөмөлө — сүрөттүн четине карай ачылган көшөгө. Төмөндө, сахнада — тоолуу өрөөн жайылып жатат. Көшөгөнүн алдында көк көйнөк, жоолукчан аял турат. Ал жарыкта көзгө толумдуу блуп томпоюп, табигый көрүнөт. Көшөгө артындагы адам караңгы жана монотондуу. Аял – көгүш тарткан тоолор менен асман, эркек — жер жана каралжын тарткан айыл. Ал эмгекчил жана жигердүү! Эркеги ой баккан кыялкеч жана үстүртөдөн “кол учунан” иштеген адам. Эки адам жана өндүрүш. Кыргызстандын живописинде көп кездешүүчү тема. Бирок бул жерде 60-70-жылдарга мүнөздүү лирика жок. Бул жерде тек гана экөө турат. Алар композициянын объектилери сыяктуу өз ара аракеттенип жатат, бирок алардын ортосунда рухий биримдик жок. Жамиля менен Данияр эмес. Жана алар эч качан алардай боло албайт. Анткени жайдын ушул күнү, ушул жумушта, ушул дөбөдө аларды колхоз чогулткан үчүн гана экөө ошол жерде болуп калган. Коллективде коошпогон жат, чоочун жагдай — модернисттик теманын анык өзү!


Жаз. Кыргызстандын Түштүгүндөгү Орто-Азия колхозунун туңгуч төрагасы К.Суранбаев. Кенеп, май боек, 78,5х86, 1986

Суранбаев Камбаралы (1894-1953) Сузак районундагы Орто-Азия айылында туулган, 1937-1950-жылдары – СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы (1939). 1928-31-жылдары Сузак районунун комсомолдук жана партиялык уюмдарынын уюштуруучусу болгон. 1931-жылы Орто-Азия колхозун уюштуруп, колхозду башкарган. Кыргыз ССРинин айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери. Эки жолу Ленин жана эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери жана Ардак белгиси ордени менен сыйланган… Партия менен өкмөттүн жүргүзгөн саясаты толугу менен айыл чарбасына колдоо көрсөткөн сүрөт! Бирок сүрөтчү формалдуу принциптерден баш тарткан эмес. Аткаруу ыкмасы 30-жылдардагы социалдык примитивизмдин стилин эске салат… Жер кара жана охра түстүү болуп тең экиге бөлүнөт*. Кара – бул адамдын колу тийип казылган, айдалган, охра – табигый нукура, кол тие элек. Ортодо трактор жүрүп баратат, анын түтүнү алыстан көрүнөт. Талаа, асман, өгүзгө чегилген соко, адамдар – саргыч топурактуу жердин көлөкөлөрү. Аларга «кара чарчы» жакындап келе жатат. Сүрөтчу аны трактор аркылуу “тартып” көрсөтөт. Соко сүйрөгөн өгүздөрдүн кереги барбы? Коллективдештирүү жана механизация доорунда алар ишсиз калды. Кетмен көтөргөн адамдын кереги барбы? Керек болушу мүмкүн. Анткени биз али толук өздөштүрүп бүтө элек техниканын тетиктерин колу менен оңдой турган кожоюн керек. Бизге төрага керек! Келбеттүү, чечкиндүү, эрктүү, күчтүү төрага, жана анын каршысында –салбыраган сөлөкөттүү катардагы колхозчу. Чанда гана бирөөлөр орден тагынып, сталиндик алгыр шумкар аталган! Ал эми калгандары топтошкон кайдигер көпчүлүк бойдон калган.

Ордендер көп эле болот, эмгек өндүрүмдүүлүгү болбойт. Анан төрага – кожоюн эмес, төрага – чиновник. Автор жеке эле декаденттик сүрөттөрдү гана тартпай башка да сүрөттөрдү тарта аларын көргөзө алган. Ал ар кандай татаал, ар тараптуу иштерди тарта билген, алдын ала көрөгөчтүгү бар экендигин далилдеген.

*Охра — чопо аралашмасы бар темир кычкыл гидратынан турган табигый пигмент. Охра түсү — ачык сарыдан күрөң-сары жана кочкул сарыга чейинки түстү камтыйт.


Үйүр малдын кайтып келиши. Кенеп, май боек, 60х70, 1985

Уйлар кечинде жайлоодон кайтып келатат. Уйчусу көрүнбөйт. Үй жаныбарлары көнгөн жолу менен чынжырдай тизилип калыптанып калган тартип боюнча короосун көздөй баратышат. Ак, кара, боз, күрөң, кызыл жээрде өңдүү түркүн түстөр. Бул кадыресе жай турмуштун ыргагын ары жактан көрүнгөн кара букага окшош неме бузуп жибергенсиди. Ал көлөкөдөн чыккансып, үйүрдүн артынан чыга калды. Ачык охра, кызыл, кара жана ак аралашмасы бар боз-жашыл түстөгү ар түрдүү түстөрдү түзөт. Айыл көрүнбөйт, терезелерден жылуулуктун жышаанынан кабар берген жарык күйбөйт, жада калса дарактар да ​​жок, малын тосуп чыккан ээлеринин да жиги жок. Тегеректин баарын боштук ээлеп алгандай. Сүрөтчүнү көнүмүш эски өндүрүш темасы кызыктырбайт. Ал айланасында бардыгы айланып тургандай кылып өзүнүн борбору менен жабык дүйнөнүн символун жараткан. Ортодо боз үйгө же вулканга окшогон дөбө. Жогоруда түндүк же кызарган кратер, андан жакында түтүн чыгат. Бул биздин жалпы дүйнөбүз: баарыбыз тегеректеп жүрөбүз. Үйдөн жумушка барабыз, жумуштан үйгө келебиз. Ал эми жаркыраган асман, бейпил булуттар, алыстагы түбөлүк тоолор гана алардан башка да маани маңызды камтыган кыймылдар бар экендигинен кабар берип үмүт байлайт. Асман — акыл-эстин жогорку чегине жетелеген үмүттөй! СССРде “Кайра жаралуу жана айкындуулук” алдында тайманбай берилген идея!

Көзгө анчейин чалдыга бербеген бул чакан чыгарма — кыргыз сүрөт модернизминин эң мыкты чыгармаларынын бири. Мазмуну социалисттик эмес, формасы да реалисттик эмес. Бирде өйдө, бирде төмөн болуп, бирде сергек болуп, кай бирде өкүнүчкө кептелген, бирде керексиздей сезилген абалынын уникалдуу жалпы маанайы…


<= 10-ЧЫГАРЫЛЫШ                                     12-ЧЫГАРЫЛЫШ =>


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Гамал Бөкөнбаев

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *