Музейдин коллекциясы менен жана биздин сүйүктүү художник жана актёр Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылыгы менен искусство таануучу, 12 китептин автору, анын ичинде «Кыргызстандагы көркөм өнөр искусствосу» деп аталган көлөмдүү китептин (2007, 410-б.), «Кыргызстандын көркөм өнөр искусствосу: өнүгүү мезгили. 1927-2015, живопись, графика, скульптура, азыркы искусство» (2015, 160 бет), «Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзу: ишмердүүлүгү жана чыгармачылыгы» (2016, 234-бет) жана ошондой эле Кыргызстандагы бир нече көргөзмөлөрдүн уюштуруучусу ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВ ТААНЫШТЫРУУНУ УЛАНТАТ. Ал кесиби боюнча архитектор, дизайнер, сүрөтчү.
Күз берекеси. Картон, темпера, 70,5х75, 1980
Жалбырактары күбүлгөн жүгөрүнүн сотолору жыгач верандадагы илинип турган өрүлгөн чоң себетте кургатылып жатат. Ошол эле жерде күрөң тарткан күн карамалар кургап калган жалбырактары жана катый түшкөн данектери менен кошо орун алган. Андан ары жашыл бакча көрүнөт. Көк жоолукчан аял ийнине чоң себетти кармап тургансыйт. Анын асты жагында түстүү көйнөкчөн, кара чачтуу шок кыз турат. Маңызы, формалары, өңдөрү кооз коллаждын ар түрлүү түстөрүнөн куралгандай. Охра түсү коюланып отуруп күрөң түскө айланып кеткен; ар түрдүү жашылчалар менен байытылган; күндүн нурлары ага сары кадмийди кошуп, аппак түстүү кылып жиберет; акырындап отуруп ал көлөкөдө кара, кызыл, ала-була менен жай тынчып калат да жана көк диссонанс менен талашка түшөт! Күз гаммасынын бүткүл спектри, айкалыштардын гармониясы, колго кармалбаган бирок даана билинген айкын сулуулуктун сулуулугу! Ал эми композициянын борбору күтүлбөгөн жерден … көк болуп калат! Көк жоолукчан аял! Ким ал? Балким, бул чыныгы адам, же балким көрүнгөн элес. Орус искусствосунун аял образдарын эске салгансыйт. Петров-Водкин Чыгышты чыгыш таануучу катары чечмелеп берген. Ал эми кыздын жүзүн обочодон карап суктануу эмес, негизги түпкү принциптин ажайып сулуулугу. Бирок көк жоолукчан аял бөтөн жерлик эместей көрүнөт… тааныш, бирок жергиликтүү эмес. Ориентализмдин тескерисинчесиби? Чокморов Кыргызстандагы сүрөт тармагындагы биринчи постмодернист. Ал көп саякаттап, көптү көргөн, билген, дүйнөнү кулак тундурган миң түрдүүлүк катары кабыл алган. Ошондон улам чыгармаларында ассоциациялардын түптүүлүгү, тереңдиги жана байлыгы тунуп турат. Түшүнүксүз татаалдыктар кемчиликтей сезилчү, эми алар артыкчылык сыяктуу көрүнөт. Көркөм даанышмандык кооз табышмактарда катылгандай.
Гүлкайыр натюрморту. Холст, май боек, 80х100, 1988
Гүлкайыр, сары керамикалык кумурадагы ак саркеч, чөп гүлдөр. Алар композициянын борборунда турат. Ага жакын жерде: булгаарыдан жасалган идиш, көөкөр, гүл жалбырактарынын көлөкөсүндө көк, жарыкта күрөң көрүнөт; капталында жүзүм сабагы түшүрүлгөн ак чайнек; калемпир, анар, алма, шабдалы жана өрүк. Анын баары көк түстөгү тик бурчтуу кол аарчыгычка батпай турат: чайнек менен жемиштер аппликациялуу кийиз килемде орун алыптыр. Эки-үч шырдак бүт фонду ээлеп, узун туурасынан жайылып жатат. Сол жактан чий килемге мүнөздүү оймо-чиймелердин бир бөлүгү чыгып турат. Эмне үчүн килемдин оюулары мынчалык агрессивдүү? Алар чоң-чоң, ачык түстүү, кызыл-көк, кызыл-жашыл, кара-ак. Борбордогу ийри мүйүздүү айланалар, тегерек жана төрт бурчтуу, капталдарында мүнөздүү түтүктөр. Үч бурчтуктардын түз сызыктары сакчыларга окшош. Килем үлгүлөрү эки бөйрөктү таянып какайып турганына караганда, алар бул жерде кошумча фон болуш үчүн эмес, алар бул жерде эң негизгиси сыяктанат. Алар өздөрү өзүнчө бир тема болуп калышы мүмкүн! Сиз гүлдөрдү эсиңизден чыгарап саласыз. Контрасттардын оргуштаган сулуулугу көңүлдү билинип-билинбеген нюанстардан алаксытат. Дени сак келбеттүү эркектер тымызын түнөргөн жана маанайы чөккөндөрдү оңой эле жеңип алчудай. Бирок сен ошол сүйкүмдүүлүктү жеңе аласыңбы, “Орус модернинин” кубарган сулуулугун?
Кыргыз идиштеринин натюрморту. Картон, май боек, 60х79,5, 1967
Көчмөндөрдүн күнүмдүк турмушуна керектүү идиш-аяктар жөнөкөй жана ыңгайлуу: көөкөр – булгаарыдан жасалган, формасы боюнча өзгөчө идиш; кумгандар — кууш моюндуу жез кумуралар; жыгач табак, чөмүч, сырдалган чоң табак. Боз үйдүн, керегенин кыйгач алкагында кымыз куюу үчүн булгаарыдан жасалган баштык – чанач жана куржун – салттуу чыгыш ээр баштыгы илинип турат. Кызыл жана ачык охра боектору менен боелгон табигый түстөр. Охра жыгачы, жез, ышталган булгаары. Натюрморт жаралган жыл — сүрөтчүнүн актёр болгон жылы! Ал Болот Шамшиевдин «Караш ашуусунда атылган ок» аттуу белгилүү тасмасында башкы ролду – Бактыгулдун ролун ойногон. Бул натюрмортту сүрөтчү тасма тартылып жаткан аянтчада кайра жаратса болмок жана тасма тартуунун ортосунда өткөн кылымдын башындагы көчмөндөрдүн нукура жашоосун толугу менен тартып алса болмок. Ошентип артист-актёрдун кайталангыс ыкмасы жаралат. Ошол сыяктуу эле эки палитра болмокчу: патриархалдык турмушту чагылдырган табигый түстөрдүн палитрасы; жана шаардын парадоксторун чагылдырган анилин палитрасы. Эң негизгиси, зарыл болгон ылдамдыктын пайда болгону да! Модернисттик ылдамдык, ийкемдүү, көрктүү чакандык, чыныгы чакан, кыска! Сүрөтчү Сезанн, Матисс, «Бубновый валет» табылгаларын чыгармачылык менен колдоно билген. Советтик Кыргызстанда кесиптештери сүрөтчүнүн изденүүлөрүн жана жаңы табылгаларын жылуу кабыл алышкан. Азыр, көпчүлүк учурларда, алгачкы нукура таза, сергек түстүн ордуна керектөөчүгө майда тажатма окшоштук керек, бул жерде көркөмдүккө доо кетип, зыян тартып жатат.
Натюрморт. Гүлдөр. Кенеп, май боек, 69,5х91, 1978
Картинанын бетинин баарын талаадагы жапайы гүлдөр ээлейт. Биз алар жайгашкан чоң вазанын жана бир литр банкалардын үстүңкү бөлүгүн гана көрөбүз. Тегерек баш чөп, валериана, шалфей, мандалактар, лютик. Түстөрү да ар кандай: ак, сары, кызыл, кызгылт көк, көк, жашыл жана күрөң. Бул түстөрдүн көптүгүнө вазага тартылган гүлдөр кошул-ташыл болуп кетет. Сүрөт болуп тартылган жана жандуу нерсе — бул тема сүрөтчүнүн сүрөттөрүндө көп кездешет. Бул жерде тартылган нерсе алкактын чегине батып кеткен да, ал эми жандуулары ашып-ташып толуп жатат. Күн караңгылыктан көрктүүлүктү сууруп чыккан нерсеге адамдар узагыраак суктансын дегенсип, сүрөтчү жарыкта кармап турат. Жазуучунун кыска убакытта даярдалган эң мыкты натюрмортторунун бири. Жарыгы, көлөкөлөрү, рефлекстер дагы эле көрүнүп турат, бирок дагы бир аз болгондо конкреттүү объектилер жоголуп кетет да, анын ордун маанай гана ээлеп калат. Сол жактагы кичинекей тегерекче абстракциянын ордуна сүйлөп берип жатат. Ал формалардын жана түстөрдүн бардыгын керектүү гармонияда кармап турат. Ал керек, ошондуктан пайда болгон. А бул эмне? Маанилүү деле эмес! Абстракция! Балким жогору жактан бир нерсе пайда болгондур? А балким, аары болуп жүрбөсүн? Андай эмес окшойт, бирок мен ошондой ойлогум келет. Анда Осип Мандельштамдын «Импрессионизм» ырындай болуп калат: «…А бул кыйраган күнөстүү жерди / Буга чейин эле аары ээлеп алган».
Лимон менен натюрморт. Картон, май боек, 68,5х81,5, 1978
Үстөлдүн так ортосундагы кенен вазада же үч литрлик банкада жапайы талаа гүлдөрү турат. Сол жакта кочкул күрөң көлөкө, оң жагында жыш жашыл түстүү парда илинген. Ал жактан ачык эшиктен верандага же балконго чейин бөлмөгө ойноок шайкелең шамал секин кирип жаткансыйт. Бирок, бир түстүүлөр, күрөң жана жашыл, оюнкарак желге жол бербейт жана эки тараптын түстүү гүлдестесин бекем кармап турат. Бул симметриялык статикага лимон вазасы тоскоол болот, ал өтө активдүү жана өжөрлүк менен өзүнө көңүл буруп жатат! Кара өрүк менен алмурут бул карама-каршылыктын кармашынын арткы жагында, көлөкөдө калыптыр. Турмушта да ушундай болот: кээ бири жарыкта турат, башкалары көлөкөдө калат. Ал эми сүрөтчү үчүн: жарык жана көлөкө, жемиштер жана гүлдөр — бул түстөрдү айрып сезүү сезимдердин булагы гана. Ал жарыктын эң татаал сырларын тез түшүнүп, өзүнүн сүрөт драмасынын каармандарын өз ордуларына чебер жайгаштыра алат. Күндүн нурлары жолуна кокустан жолуккан көптөгөн буюмдарды жарып өтүп, аларга чагылышат да, сары түскө жарык чачат! Сары лимондор, сары лютик жана жарыктанган сары столдун чети! Мына ушул жерде — чыныгы борбор, композициянын чыныгы триумвираты! Так ушул жерде гүлдөрдүн салтанаттуу жүрүшүнө эч ким тоскоол боло албайт. Лимон салынган вазаны ылдый жактан колдон алып жетелегендей колдоп турат, көлөкөдөгү кара өрүк, алмурут анын көңүлүн көтөрүүдө, аңгыча жаңырган түстөрдүн музыкасы кубанычтуу жана катуу угула баштагансыйт. Ал эми катаалдыктын белгисин берген күрөң-жашыл түстөр аргасыз артынан ээрчип келаткандай.
<= БАШТОО. 1-ЧЫГАРЫЛЫШ УЛАНДЫСЫ 3-ЧЫГАРЫЛЫШ =>
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз.