КӨРКӨМ ӨНӨР БИЗДИН ТУРМУШТА

ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВ. 3-ЧЫГАРЫЛЫШЫ: СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ. 3-БӨЛҮМ. Г. АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КУСӨМ КОЛЛЕКЦИЯЛАРГА ОБЗОР

Музейдин коллекциясы менен жана белгилүү сүрөтчү жана культ кыргыз актеру Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылыгы менен искусство таануучу, Гамал Бөкөнбаев ТААНЫШТЫРУУНУ УЛАНТАТ.

Обзордун автору кесиби боюнча архитектор, дизайнер, сүрөтчү. Анын библиографиясында 12 басма китеби бар, мындан тышкары кыргызстандагы бир нече ондогон сүрөт көргөзмөлөрүн уюштурган.


Триптих (грекче triptychos – үч бүктөлгөн) – живопись чыгармасы (сейрек графика же рельеф түрүндөгү скульптура катары). Ал жалпы бир темадагы өз алдынча турган үч бөлүктөн турат. Т-тин ортоңку бөлүгү өзүнүн мазмунунун маанилүүлүгү жана көлөмү менен айырмаланып турат.


Устакана. «Уста» триптихтин сол жагы. Кенеп, май боек, 80х59, 1984

Кол өнөрчүлүк устаканасынын ичиндеги бөлмөнүн жасалгасы төрдөгү терезеге карай уланып кетет. Сырткы көрүнүшү атайылап жасалган баш аламандыкка чулганган, анын ичиндеги тартипти үй ээси гана көрө алат. Сүрөтчү андагы тартипти формаларынан көрүп турат, сыягы. Жаадай созулган араанын алкагы терезенин алкагына чагылышат. Дөңгөлөк берки тик бурчтуктар менен талашып жатканы көрүнүп турат. Үн тактасынын сүйрүлөрү, тиш ташы, терезенин бетиндеги тегерек араа ага жардамчы. Алар композициянын геометриясы үчүн жооптуу.

Жыгач сервант, үзөңгү, араалардын баш аламан ызы-чуусу жетишпей жаткан боштукту толуктап турат. Бирок ылдыйдагы үстөлдүн үстүндө форма дегенден дайын жок бир нерселер жүрүп жатат, аларга бул жерде чүпүрөктөр үстөмдүк кылууда. Обочо жерде жыгач саптуу балта, тырмак, така, кол кап жана өгөө сыяктуу бир нерселер жалгызсырап турат. Эң табышмактуусу – түшүнүксүз жашыл түс. Чемоданда майда-чүйдөлөр катылган. Жыгач жылуу атмосфераны түзөт, ал эми дубалдар менен терезелер салкын түстү тартуулаган көгүш өңдү кошуп турат.

Бул жерден кубизм* жана «Бубновый валет»** табылгаларын көрө аласыз. Бирок алар советтик жол менен чечмеленет: учтуу бурчтары жымсалданып тегизделген, өнүгүүнүн абстрактуу сызыктары жок; формасы басымдуулук кылбайт жана эксперименттер эбак эле кол өнөрчүлүк мектебине айланган. Бирок бул жерден сүрөтчүнүн баамчылдыгы байкалат, ал улуттук өзгөчөлүктөрдү камтый алган! Убакыттын өзгөчөлүктөрү! Үзөңгү — кыргыздын символу! Ал эми такага — кыргыздар кайдыгер карашат. Үзөңгүдө туруу – адам болуу! Домбра — казактын улуттук музыкалык аспабы. Ал бул жерге кайдан келген? Эмне үчүн? Анткени ал кезде биз чоң, бирдиктүү мамлекетте жашачубуз. Мазмундун өзгөчөлүгү өзгөгө окшобогон форманы талап кылат эмеспи, ошондо гана өзгөчө сүрөт пайда болот.

*Кубизм — искусстводогу модернисттик кыймыл. Сүрөтчүлөр объективдүү дүйнөнү жөнөкөй геометриялык фигуралардын жардамы менен чагылдырышкан. Негизги айырмачылыктар формалардын геометриялык элементтерге бөлүнүшү, түз сынык сызыктардын айкалышы жана перспективанын бузулушу. Бул багыттын негиздөөчүлөрү Пабло Пикассо жана Жорж Брак болгон.

**БУБНОВЫЙ ВАЛЕТ жөнүндө билгиси келгендер үчүн


Уста. «Уста» триптихтин борбордук бөлүгү. Кенеп, май боек, 80х72,5, 1984

Бул триптихтин борбордук бөлүгү. Анын сол тарабында кол өнөрчүлүк устаканасынын ичи, ал эми оң жагында аспаптардын натюрморту көрсөтүлгөн. Чокмор ат идиштерин да, музыкалык аспаптарды да жасаган бардык өнөрдүн чебери болгон. Улуу уулу Султан – ата өнөрүн улаган мураскери — 1995-жылга чейин, сексен жети жашка чейин жашаган. Сүймөнкулдун дал ушул эмгеги турмуштан алынып тартылган, агасы Султан Чокморовду иш үстүндө тарткан сүрөтү сакталып калган.

80-жылдары сүрөтчүнүн чыгармачылыгында живопистин реалисттик стилине, салттуу «кол өнөрчүлүк» иш ыкмаларына кайтуу байкалат. Карыя Уста өзүнүн устаканасында ээр чабууга камдаган шаймандарды алдына кармап турат. Анын турган турпаты майда-чүйдөсүнө чейин тартылган: жүзү, боз чалган муруту, көздөрү, жана өзгөчө колдору. Ал күндө жумушка кийчү кийимдерин кийген. Дубалдын артында балталар, өгөөлөр, темир араалар, кычкачтар, балкалар жана башка ат жабдыктары илинип турат. Ар кандай шаймандар, бүктөлгөн кийимдер, жүзүндөгү терең бырыштар, шишип кеткен тамырлар – мунун баары байыркы замандын, элдик кол өнөрчүлүктүн, жөнөкөй дыйкан турмушунун таң калыштуу үлгүлөрү. Жада калса жөнөкөй көрүнгөн калпак дагы: бул жерде баары жөнөкөй, биз иштеп жатабыз деп “жарыялап” жаткандай.

Мурда сыртынан караганда эч кандай айырмаланбаган адамдар көп болгон, а бирок совет бийлиги так ошондой адамдардын эсебинен акырына чейин сакталып келген. Мына ошолор өздөрүнүн тажабастан күндө аткарып келген иштеринин аркасында партиянын бардык кемчиликтери жана туура эмес жактары жымсалданып келген. Жана алар жөн эле нерселерди эмес, жогорку деңгээлдеги көркөмдүү нерселерди жасашкан. Алар адамдарга сулуулуктун мыйзамдары боюнча жашоого жардам беришкен. Элдик усталар! Эл артисттери!

А.Федоров тарткан фото

 


Натюрморт. «Уста» триптихтин оң бөлүгү. Кенеп, май боек, 79,5х60, 1984

Вертикалдуу сызыктар үстөмдүк кылат. Алар ойношот, ыргалышат, супрематисттик жол менен бир аз билинип-билинбей ар кайсы тарапка чайпалышат, татаалдыгы ушунчалык болгондуктан, көз токтотуп кароого эч мүмкүн эмес. Бир аз жумуру жана тегерек. Так ортодо үч бурчтук түзүлүштө түшүнүксүз нерсе бар. Бул кандайдыр бир жабдуубу? Бир нерсе жасоого даярдалган буюмдарбы? Түшүнүксүз! Бир гана ачык көрүнүп турганы: айры, эки комуз (алар триптихтин сол жагында казактын домбрасына карата туура тең салмакты сактап турат); ээр чабууга даярдалган жабдыктар жана челек. Ал эми композициянын борборунда баш аламандык өкүм сүрүүдө, булар мындан ары эч кандай буюм эмес — булар композициянын элементтери. Сүрөтчү үчүн бул колдон чыгып кеткен нерсе. Ал эми мындан ары мааниси терең нерселердин катарына кирбейт. Бул совет доорундагы кыргыз живопись мектебинин кеңири тараган илдети: сүрөтчүлөр коркунучтуу маанилерге тереңдеп кирбестен, коопсуз формалдуу эксперименттердин логикасына баш ийүүгө аргасыз болушкан. Жарым эстетизм* деген бул илдеттен кыргыз искусствосу дагы эле азап чегип келет. Ал эми натюрморттогу объектилер бизге дагы да болсо тааныш учурайт, бирок алыстан, бөтөн. Биз эми аны мурдагыдай кабыл алып кубана албайбыз. Биз алардын жытын эч качан искей албайбыз, сезе албайбыз, көлөмдүү денелер эч качан бир кучакка толбойт, башыбыздан бутубузга чейин боз-ала чаң болуп, чаңга оонап калбайбыз. Кол өнөрчүлүк — артка чегинүүчү мүнөзгө ээ. Бирок өз колубуз менен бир нерсе жасоону каалаган көксөөбүз бизде түбөлүккө калат!

*Искусстводогу эстетизм – бул мазмунга караганда кооз форманын үстөмдүк кылуусу.


Карыя уста. Кенеп, май боек, 81,5х72, 1980-1981

Иңир түшүп баратат. Арттагы кочкул кызыл түстүү туш кийиздин фонунда карыя уста кичүү небересин багып отурат, ошол эле учурда комузда күү чертүү менен алек. Анын жанында улуу небереси отурат. Ар ким өзүнүн ою менен алек: ымыркайдын көздөрү түстүү көрүнүштөргө толгон дүйнөгө таң калып карап отурат; жашы улуурагы кыялдануунун даамын татып калганы байкалат; аксакал карыянын көздөрү муңайым. Бул чыгармада «Улуу агасы Султан уулу менен» деген эмгеги туура өзүндөй кайталанганын байкоо кыйын эмес. Сюжети, композициясы, түсү кайталанган. Дагы бир каарман кошулуп, философиялык жалпылоо пайда болгондой. Фуртичев Вилитарий Иванович «Сүймөнкул Чокморов: Өмүрү менен чыгармачылыгынын он эки очерки» аттуу китебинде сүрөтчү 1971-жылы «Улуу агасы Султан уулу менен» полотносунун үстүндө иштеп баштаганын жана анын үстүндө он жылга жакын иштегенин жазат. Ал белгилүү бир таасирди билдиргиси келген.

«…«… Бала кезинде Сүймөнкулду бир жолу дубалга илинген тукабанын кесиндилеринен тигилген туш кийиздин түрүнө чагылышкан бөлмөнүн мейкиндигинин кызгылтым жалтылдаганы өзгөчө таң калтырган…». Жалтылдаганы балалыктын элеси сыяктуу. Ошол сырдуу жалтылдак караңгылыкты сүрүп чыгарып, сыйкырдуу кудурети менен жаркырап кайра келип, элдик каада-салттын, күч менен акылмандыктын, бакыт менен берекенин булагын издөөгө мажбурлайт. Таза колориттик маселени чечүү менен сүрөтчү эң сонун идеяны ачып бере алган: кыргыздар үчүн эң кымбат нерсе – балдар, алардын келечеги. Карыя уста аларга обон бериш керек! Өнөр! Рух! Эстелик! …Бирок карыя уста эмнеге ойлонду, көздөрүндө не деген муң бар? Балким эсинде көп кайгылуу, күңүрт нерселер сакталып калды бекен?


Менин уулум. Кенеп, май боек, 59х54,5, 1972

Артисттин өмүрлүк жары Салима Шабазова атасынын «Караш- Караш окуясы» тасмасындагы дебюттук ролунун урматына аталган бир жашар уулу Бактыгул менен. Бала көрүүчүнү таң калычтуу көздөрү менен карап турат, айланасындагы өзү үчүн жаңы дүйнөнү этияттык менен изилдеп жаткандай. Эненин эс-көөнүнүн баары баласында: ал аны пропорционалдуу эмес чоң колдору менен бекем кармап, кымтылган эриндери менен үнсүз эркелетет, мээримдүү көз карашында анын чексиз сүйүүсү, камкордугу сезилет. Колориттин негизин охра боегунун көлөкөсү жана дагы үч боз түс түзөт: ак көйнөк, көк көйнөк, кызгылт фон. Ачык түстөрдүн кошулган жерлеринде ийкемдүү кара контурлар көрүнүп турат, кээ бир жерлерде алар жоголуп кеткендей, бейкам түзүлүшкө баш ийгендей чегинип, анын фон менен акырындап айкалышып кетишине жол ачат. Эненин кара чачы, баланын балбылдаган көздөрүнө чагылышып бирин-бири кайталайт.

Бактыгул 1972-жылы төрөлгөн жана ошол эле жылы ушул сүрөт жаралган. Ал кыска убакыттын ичинде эле жасалган: сүрөтчү эмнени каалап жаткандыгын айкын билгендиги байкалат. Көптөн күткөн уул бала жаңылануу сыяктуу. Сүрөт да кайталангыс. Аны атасы кыргыз модернизмине мүнөздүү майда текстуралуу штрихтер менен тартат. Пуантилизмдин* босогосунда турат. Бул укмуштуудай көрүнүш: олуттуу жүзүндө кереметтүү жайлуулук жана сүйүү мейкиндиги орун алганын, түбөлүктүү терең маңызы модалуу формага үстөмдүк кылып жатканын байкоого болот.

*1885-жылы Францияда пайда болгон туура, чекиттүү же тик бурчтуу формадагы өзүнчө штрихтер менен жазуу ыкмасына негизделген неоимпрессионизм живописиндеги стилдик тенденция. Оптикалык эффект үчүн боёкторду физикалык аралаштыруудан баш тартуу менен мүнөздөлөт (көрүүчүнүн көзүнүн торчосунда «аралашуу» дегенди билдирет)


<= 2-ЧЫГАРЫЛЫШ                                                                                       4-ЧЫГАРЫЛЫШ =>


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 

 Кызык болсо жазылыңыз.


Автору
Гамал Бөкөнбаев

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *