Искусство таануучу ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВ музейдин коллекциялары жана сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылыгы менен ТААНЫШТЫРУУНУ УЛАНТАТ. Мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде Сүймөнкул Чокморовдун бир топ эмгектери сакталган, андыктан биздин обзордун бир нече бөлүгү анын чыгармачылыгына арналган. Анын эмгектеринин баардыгы эле музейдин залында коюлган эмес, биз сиздердин назарыңыздарга сунуштаган картиналардын көпчүлүгү музейдин сактоо бөлүмүндө сакталып, сүрөтчүнүн чыгармачылыгынын кезектеги ретроспективасы уюштурула турган учурун күтүп жатат десек болот.
Моника Витти. Кенеп, май боек, 56х45, 1978
Сүрөтчү көбүнчө чет элдик маданият ишмерлеринин портреттерин тарткан. Анын коллекциясында атактуу италиялык киноактриса Моника Виттинин портрети бар. Алар — 60-жылдардагы Микеланджело Антонионинин* атактуу «обочолонуу трилогиясындагы» (“Трилогия отчуждения”) экзистенциализмдин иконасы** — «Укмуштуу окуялар», «Түн», «Тутулуулар». Ачуулануу жана тукумсуздук, сулуулук жана кайгы, бакубатчылык жана жашоонун маңызын жоготуу. Бул 60-жылдардын биринчи жарымында модалуу болгон: эмнеден жапа чегип жатканы белгисиз, айтор түшүнүксүз бир нерседен азап чегүү. Канчалык түшүнүксүз болсо, ошончолук гениалдуу. Биз бул буржуазиялык кино эмес экенин түшүнгөнүбүз менен, ал адамдарга эл катары жөнөкөй жашоого эмне тоскоол болоорун түшүнбөдүк. Аларда баары бар: акча, талант, сулуулук. А бирок алар өзүңөр көрүп тургандай, жалпы обочолонуудан жабыркап, маанисиз иштерди жасашат. Чынында ал иш деле эмес, коомчулукка эркелөө, обу жоктонуу… Бирок портретте мунун бири да байкалбайт. Татаал эч нерсеси жок, өтө жөнөкөй блондинка. Табигый натурасын арыдан-бери тез эле чиймелей салган этюд. Чачтары өтө жасалгаланган жана ак куба тарткан териси тунук жүзү, кирпиктери жана көздөрү жашыл түстүү, үстүндөгү кийгени көгүш водолазка. Биздин советтик художник неондук лампалардын жарыгында өзүнүн сексуалдуулугун ачык көрсөткөн, батыштан келген эркин айымга жолуккандай. Биздин советтик художник аны мына ушундай кабылдап, көргөнүн ачык сүрөттөп берген. СССРде баары башкача болчу… СССРде деле аял эркин эле, анын укуктары Батыштагы аялдарга караганда көбүрөөк эле. Бирок СССРде баары бир башкача болчу…
Жогорудагы жазуу: MONIKA B(V)ITTI ИТАЛI(И)A VI МКФ МОСКВА шаары. Бирде латынча, бирде кириллица менен жазылган кээ бир тамгалары жакшы окулбайт. Бирок 1969-жылы Моника Витти Москвага VI Москва кинофестивалына келгени анык, актрисанын Алексей Кеплерге берген маеги “Кинопанорама” телепрограммасында сакталып калган. Балким, бул портрет ошондо жасалгандыр. Атрибуция датасы, кыязы, бул музей чыгарманы сатып алган датасы болсо керек.
*Экзистенциализм (латынча existentia — бар болуу), — XIX-XX кылымда философиядагы, ошондой эле адабияттагы адамдын өзгөчөлүгүнө көңүл бурган багыт.
**Микеланджело Антониони (1912-2007) – италиялык белгилүү кинорежиссер
Базаровдун портрети. Картон, темпера, 70,5х48,5, 1975
Геннадий Базаров (1942), режиссёр, сценарист, Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1991). Портрет тартылган маалда ал төмөнкү белгилүү тасмалардын автору болгон: «Саманчынын жолу» (1967), «Буктурма» (1969), «Көчө» (1972). Сүймөнкул Чокморов 1975-жылга чейин Геннадий Базаровдун тасмаларында роль жараткан эмес.
Колунда тамеки кармаган кара свитер кийген мурутчан жигит көрүүчүлөргө тике карап турат. Көз карашында суроо жана чакырык байкалат. Ал өзүнүн чакырыгына, азыркы замандын эң актуалдуу проблемаларын чечүүгө укуктуу экендигине ишенет. Кеңседеги иш столуна отурганда ага ар түрдүү ойлор келет. Портрет дубал менен терезенин фонунда тартылган. Иш столу көрүнбөйт.
Көрүүчүлөр башкача бир чоң көлөмдүү колду байкашат. Балким, бул жерде негизги нерсе, түтүнү буркураган тамеки кармаган кол менен бирге, биздин замандын эң актуалдуу суроолоруна жооп берүүгө чечкиндүү караган көз карашы болушу мүмкүн. Алардын алдында турган милдеттердин маанилүүлүгү андан кем эмес… Бирок, бул тартылган этюд кыязы, чоң идея үчүн алдын ала изилдөө болсо керек жана ал жерде көлөмдүү нерселер такталбай жасалгандай. Эң негизгиси – шаттуу маанай! Шайыр, жарык, оптимисттик маанай. Он жылдан кийин, 1986-жылы сүрөтчү «Кыргызстандын кинорежиссерлору» аттуу фильмди тартат. Ал жерде Геннадий Базаров павильондун караңгы жеринде бирюза түстөгү күрмөчөн, колунда тамекиси жок, ошол эле абалда турат. Көз карашы сүрдүү, иштеги маселелерге кабатырланган түрү бар. Ал арада биздин алдыбызда отуз үч жаштардагы келбеттүү, көз карашы ачык, ою тунук, таланттуу сүрөтчү жигит турат. Келечекте Сүймөнкул Геннадийдин «Көздүн кареги» (1976), «Каныбек» (1978), «Биринчи» (1984) сыяктуу тасмаларында роль жаратат.
Күз портрети. Картон, май боек, 79,8х60, 1977
Эч кандай оюм-чийими жок, стилдүү иш. Бул жерде оюм-чийимдер сүрөтчүнүн өзү үчүн үлгү болуп калат. Лаконикалык композиция, так оюм-чийим жана түстөр жалпы айырмачылыкка келтирилет. Керектүү көк. Күзгү охра кызыл, жашыл, күрөң түстөр менен эмес, көк түстөгү контраст менен жакшыртат. Жөнөкөй аял, кадимки көрүнүш. Жашоодо байкалбайт, көңүл бурбайсың, бирок сүрөтчү бул күздүн портрети деп чечти!
Советтик Кыргызстандагы менменсинген, текебер периштеби? Бирок байыркы* деген баадан алыс. Бул мода эле: карапайым адамды элеттиктердин жупуну кийими менен каарманга айлантуу. Колу карылуу, чоң, өңү тотуккан кара тору жумушчу менен дыйкан аял. 70-жылдары жөнөкөй советтик жарандарды көркөм чыгармалардын каарманы кылуу мода болчу. Коммунизмди куруучулардын деми өчүп бараткан эле.
Бирок ичинде эмне бар? Сүрөтчүнү турмуштан алынган бул табигый көрүнүш эмнеси менен кызыктырды? Портрет турмуштан алынып тартылганы шексиз: бул отурушун, жүзүн, сактангансыган көз карашын ойдон чыгара албайсың. Эмне үчүн күзгү портрет? Күздүн портрети – түшүм жыйналып, эс ала турган учур, анан ошол кезде карапайым дыйкан аял колуна соолуп бараткан барбаристин бутагын кармап сырдуу тиктеген периштедей сулуу айымга** айланат.
*Байыркы (античность) — байыркылык, илгерки. Көбүнчө ал «байыркы» деген мааниде колдонулат, өзгөчө, тиркемеде Байыркы Греция жана Байыркы Римге тиешелүү. Ал көбүнчө классикалык, теңдешсиз үлгүнүн синоними катары түшүнүлөт жана гуманизмдин негизги агымы менен тыгыз байланышта.
**Сулуу айым – Европанын орто кылымдар адабиятындагы образ, орто кылымдардагы рыцарга болгон сүйүү объектиси, рыцарь өз фантазиясында жараткан образ, руханий да, физикалык да бийиктиктин идеалы. Эң негизгиси, рыцардын Айымга көрсөткөн таазими, кызматы болду, ал адегенде тоң, муздак көрүнүшү мүмкүн, бирок «асылкеч» жан болгондуктан, карапайым адамдарды сүйүүгө жөндөмдүү болгон. Сулуу айым — сыйынуу объектиси катары көрсөтүлгөн аялзаты. Сүрөт дүйнөлүк маданиятта бүтүндөй бир сулуулукка сыйынуу каадасын жараткан.
Эмгек ардагеринин портрети. Кенеп, май боек, 78х64, 1985
Эмгек ардагери мээнеткеч колдорун бооруна алып отурат. Ал татыктуу эс алууга чыгып отурганы көрүнүп турат. Туурасынан кеткен сызыктар жумшак отургучту, тик, вертикалдуу сызыктар — жалпак дубалдагы килемди көрсөтөт. Кызыл, сары, кара жана ак тилкелердин татаал айкалыштарынан куралган сызыктар басымдуулук кылат. Композициянын ортосунда көйнөктүн жана жоолуктун үлгүлөрү бар. Тартылган гүлдөр көлөмдүү келбеттин кыймылын ээрчип узап кетет. Текши эмес тартылган көркөм сызыктар фондун графикасын кадимкидей жандандырат.
Бул жерде эң негизгиси – жүзү жана колдору. Логикага таянсак, алар портреттин руханий борборуна айланышы керек эле. Бирок андай болбой, оймо-чиймелер басымдуулук кылып кеткен. Анын жанында адам – болгону гана оймо-чиймелердин оюнуна катышкан кошумча нерсе гана болуп чыга келет. Тагыраак айтканда, эмгек ардагери – бул көйнөк менен жоолуктан куралгандай. Бирок муну соцреализм дегенге болбойт, бул – советтик модернизм.
Сүрөтчү стереотиптик темаларга канааттанбай, башка ыкмаларды жана башка интерпретацияларды издейт. Ал эми анын аты жөн гана сөз айкашы. Эмгек ардагери – ким экенин билбейбиз. Бул жөнүндө эч жерден автордун кыйытып айткан белгиси да жок.
Автор башкача ойлогону көрүнүп турат: адам ким болгон күндө да, ал өзүнүн … оймо-чиймелеринен ажырай албайт. Оймо-чиймелер – бул каада-салттар жана көндүм адаттар, түпкү ата теги жана күнүмдүк көр-тирлик, түбөлүктүү жана убактылуу. Советтик чындык жана анын артында турган бир нерсе. Бул биздин коддор. Түшүнүксүз табышмактуу, тактала элек нерселер.
Бул эмгектен көрүнүп тургандай, сүрөтчү 70-жылдардан баштап чыгармачылык дараметине жана “илхомуна” жараша бир эле учурда улам кезектештирип, эки багыт менен иштеген.
Г. Сулайманованын портрети. Кенеп, май боек, 79,5х60, 1977
Бул Социалисттик эмгектин баатыры Гүлсайра Сулайманованын портретине көбүрөөк түспөлдөшүп турат. Ал 1956-жылы 26 жашында бригадага звеньевой болгон. Анын звеносу район боюнча эң мыкты деп табылган. СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1965-жылдын 31-декабрындагы Указы менен кант кызылчасын даярдоодо мол түшүм алып өндүрүштү жогорулаткан ийгилиги үчүн Гүлсара Сулайманова Социалисттик эмгектин баатыры наамын алып, Ленин ордени жана “Орок жана Балка” медалы менен сыйланган.
1976-жылы Гүлсара Сулайманова СССР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Гүлсара Сулайманова 12 баланы төрөп өстүргөн Баатыр эне болгон.
Портретте сүрөтчү «Эл баатыры» деген түшүнүккө өзүнүн чечмелөөсүн берет. Бул жерде орден менен медалдарын көрбөйбүз, майда буржуазиялык көргөзмө сулуулук жок. Өзүнө ишенген токтоо жана салабаттуу адам. Эч кандай жасалгалары жана жалтырак буюмдары жок. Советтик жөнөкөйлүк деген көз карашта калыптанган стилде тигилген кенен кемселчен. Анда эбегейсиз чоң жана одоно көрүнгөн топчулары даана көрүнүп турат. Көз жоосун алган ак ала көйнөктүн бир бурчу чыгып турат. Революциялык түстү даңазалаган кызыл жоолугу баш аягы билинбеген жоолукка айланган. Дене түзүлүшү бүт мейкиндикти ээлеп турат, атүгүл колдору да четинен чыгып турат. Фону — жашыл түстүү кызылча талаасы. Аялдын жүзү майда-чүйдөсүнө чейин иштелип чыккан, калганынын баары жалпыланып жазылган. Бул олуттуу көрүнгөн форманын катаал стили эмес. Бул жерде ачыктыгы сулуулукка жатпайт. Ошонун өзү модернизм… Кыргызстанда формалдуу портреттер сейрек тартылчу, эгер тартылган болсо да, эмнегедир туура эмес кылып коюшчу. Социалисттик реализм — бийликке жеткиликтүү формада берилген бийликти мактоо деген эки кайчы пикир бар. Бирок бул учур ага дал келбейт. Албетте, мындай «өтө чынчыл» эмгекти жасоого эл аралык коомчулуктун сүймөнчүлүгү болгон эл артисти, Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреатына жол беришкен. Мен «советтик модернизмди» партиялык, административдик жана чарбалык системанын алдыңкы ийгиликтүү адамдары, мажорлор* жараткан деп эсептейм.
*Постсоветтик терминдерде “мажорлор” деп бала кезинен эрке өскөн, жок дегенди билбеген, бай ата-энелердин балдарын аташат.
Сүрөтчүнүн эжесинин портрети. Кенеп, май боек, 64х74, 1985
1980-жылдары сүрөтчү табигый натуранын реалисттик интерпретациясына кайтып келген, бирок композициялык чечимдер курч, күтүүсүз жана мазмундуу бойдон кала берген.
Сыягы, портретте 1928-жылы туулган сүрөтчүнүн улуу эжеси БАГДАТ тартылган. Сүрөтчүнүн 1942-жылы туулган НАСИКАТ аттуу карындашы да болгон. Бул эмгек жаралган учурда БАГДАТ 57 жашта болчу.
Азыркы түшүнүк менен караганда, ал али карый элек, бирок турмуштун сыноолору, оор кара жумуш аны мезгилинен эрте карытып койгон. Сүрөтчү баарын кандай болсо, ошондой эле сүрөттөйт. Шадылуу чоң манжалары, кара жумуштан көөп чыккан колунун тамырлары, күнгө күйгөн жүзүндөгү бырыштар, айтор баары майда-чүйдөсүнө чейин даана тартылган. Турмушу оор түйшүккө, кара жумушка терең баткан. Антсе да, … бул сүрөтчүнүн өзүнүн турмушу сыяктуу эле. Түшүнүксүз, даана көрүнбөгөн дивандынбы же креслонунбу таянгычына боюн таштап отурганынан чарчаңкы кебетеси даана көрүнөт. Жөнөкөй, карапайым жүзү, бай ички жан дүйнөсү толуп турат. Ал эми кайгылуу көздөрүндө — эстей турган нерселер катылгандай, сырдуу, ал бирок жаркын да эмес, кубанычтуу да эмес. Кадыр-баркы жана кайгысы, кара көйнөгү менен ак жоолугу, боз көк кемсели жана кочкул жашыл көшөгө. Композициянын элементтери бири-бирин тең салмактап, тынчтык жана бейпилдик маанайын жаратат. Ал эми анын жүзү менен колдору жөнүндө эмне айтууга болот? Арийне, сүйөнүп отурган отургучтун кырында турган колу жөнүндө эмес… Бул өтө оңой болмок. Көйнөктүн жакасы буралып ачылып артка түрүлүп турат, анын артында – жашыл мейкиндик! Ал эми портреттин натурализминен айырмаланып, ал импрессионисттер тарабынан жасалган! Жана биз короодогу ачык тийген күндүн нурун демибиз менен сезе алабыз, жаз өз күчүндө кайнап турат! Жашоо уланууда.
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз.