КӨРКӨМ ӨНӨР БИЗДИН ТУРМУШТА

ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВ. 1-ЧЫГАРЫЛЫШЫ: СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ. 1-БӨЛҮМ. Г. АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КУСӨМ КОЛЛЕКЦИЯЛАРГА ОБЗОР

Музейдин коллекциясы менен сиздерди искусство таануучу, 12 китептин автору, анын ичинде «Кыргызстандагы көркөм өнөр искусствосу» деп аталган көлөмдүү китептин (2007, 410-б.), «Кыргызстандын көркөм өнөр искусствосу: өнүгүү мезгили. 1927-2015, живопись, графика, скульптура, азыркы искусство» (2015, 160 бет), «Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзу: ишмердүүлүгү жана чыгармачылыгы» (2016, 234-бет) жана ошондой эле Кыргызстандагы бир нече көргөзмөлөрдүн уюштуруучусу Гамал Бөкөнбаев тааныштырат. Ал кесиби боюнча архитектор, дизайнер, сүрөтчү.


Автопортрет менен натюрморт. 1976. Картон, май боек, 63,5х49

Устанаканын ичинде чыгармачылыктын шааниси сезилип, баш аламандык өкүм сүрүп турат. Столдун үстүндө боектордун челектери, зыгыр майы жана башка аралашмалар куюлган бөтөлкөлөр. Щёткалар, чүпүрөктөр, кычкачтар, кырдуу стакан

беттик айнек. Чебердин куралдары көркөм чыгарма сыяктуу! Сүрөтчүнүн жүрөгүнө жакын, керектүү, тааныш нерселер, бул жерде эч кандай баш аламандык жок, баардыгы кол алдында, жыты да өзгөчө. Бул жытты ким сезе билбесе, май боек менен сүрөт тартуу эмне экенин билбейт! Булганып калбаш үчүн өзүнчө коюлган көркөм китептер — аларсыз кантип болмок. Столдун ары жагында, жерде алкактарга салынган полотно көрүнүп турат. Алардын биринде Бактыгулдун ролундагы автопортрети тартылган. 1968-жылы Сүймөнкул Чокморов Болот Шамшиевдин «Караш ашуусундагы атылган ок» аттуу гениалдуу тасмасында башкы ролду ойногон. Алгачкы аткарган  Бактыгулдун ролу сүрөтчүнүн артисттик ийгиликтүү карьерасына жол ачкан башаты болгон. Сүрөтчүнү башка Чокморов карап тургансыйт. Анын көз карашында үнсүз суроо турат. Ал эми сүрөт – бул сүрөт постмодерндик коллаж: чыгарманын негизги бөлүгү, ачык боз, “Бубновый валет” (1911-жылдан 1917-жылга чейин болгон алгачкы авангарддын эң ири чыгармачыл бирикмеси болгон орус көркөм чыгармачылык тобу, каалоочулар үчүн — төмөндөгү шилтеме), стилинде тартылган, ал эми автопортрет башка жашоодон, башка түстөн, башка пластикадан келгендей көрүнөт.. Актер биринчи кесибин эч качан унуткан эмес. «Ал ким, артистпи же сүрөтчүбү?» деген суроого Сүймөнкул Чокморов ар дайым “сүрөтчүмүн!” —  деп жооп берер эле.

БУБНОВЫЙ ВАЛЕТ жөнүндө билгиси келгендер үчүн


Көгүш натюрморт. 1989. Кенепке, май боек, 73х100

Фону – көгүш түстөгү дасторкон, ал кызыл, күрөң оймо-чиймелер менен кооздолгон. Анда жайылган жалпак үлгүдөгү оймолор жана көк түстөр басымдуулук кылат. Буюмдардагы оймо-чиймелердин көлөмү кичирээк, алар массаны коюлантып, аба менен дем алып жатканыңды сезгенге жардам берет. Тегереги аста-аста түшүрүлгөн көлөкөлөр жана билинер-билинбес ала көлөкө менен көрсөтүлөт. Эки идиш катар турат: бири фон менен жуурулушуп кетет, экинчиси – темир идиш. Көк жана ак түстөгү эки чайнек. Чыны жана анын жанында табак турат. Бул «кош» салыштыруулар алыс-жакын чагылышып, мейкиндикте каалгып жүргөндөй сезим жаратат. Эң маанилүү буюм дагы экөө: биринчиси, мөмөлөр салынган керамикалык тегерек идиш жана жыгач чөмүч; экинчиси, кызыл тегерекчелер түшүрүлүп жашыл желекчелер тартылган чоң сары кумура. Жандуу нерсенин сулуулугу жана боёк менен тартылган сулуулук. Бир бирден туш келди чачылып жалгызсырагансыган буюмдар, чөйчөктөр жана мөмө-жемиштер массалардын жана абадагы каалгыган кыймылдар менен кошо кыймылдап жаткансыйт. Бул жерде эң башкысы ким? Албетте, керамикалык идиштин көлөмүнө көңүл бурулат; албетте, 

ак, ачык көк, көк түстөгү оймолордун ичинен сары түстөгү оймо-чиймелер өзгөчөлөнүп турат; жакшылап үңүлсөң, борбордук огу көк чайнекти бойлой өтүп, алчага чагылышып жалтылдаганын байкайсың. Бирок эң башкысы, эң негизгиси, өтө кызык! Бул металл чыны! Кол буюмбу? Алюминийби? Бул укмуштуудай оймо-чиймелердин үлгүлөрүнүн арасында бул күнүмдүк колдонулган ашкана идиши эмне үчүн керек болуп калган? Ал жалпы стилистикага коошпой, туш тарапка тарап жайылып, кооздолгон боектор менен тең тайлашып турат. Бирок ансыз натюрморт өтө көгүш тартып, жеңил баа болуп калмак.


Актриса. 1977. Кенеп, май боек, 111х131

СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ 70-жылдары кино тасмаларга көп тартылып, живопись менен алектенгенге да жетишкен. Баардык нерсеге убакыт бөлүп, көп нерсеге жетишүүнү каалоосу менен  көркөм ыкманы – ала приманы, бир кыймылды аныктаган. Чийме жөнөкөйлөштүрүлгөн: ийкемдүү сызык, бурмаланган чекиттер жана тактар ​​басымдуулук кылат. Палитрасы өзгөрүлгөн: жер, охра түсү азыраак — анилин көлөкөлөрү, ачык жана тунук түстөр көбүрөөк. Бул ыкма заманбап жашоонун кутургандай ылдам кыймылын жакшыраак көрсөтүп берет.

Сүймөнкул Чокморов 1975-жылы Таттыбүбү Турсунбаева менен «Кызыл алма» тасмасында, 1977-жылы Наталья Аринбасарова менен «Улан» тасмасында роль жараткан. Ага окшошторду издесе болот, бирок портреттеги актриса конкреттүү каарман эмес, тек гана образ.

Премьерадан кийин бөлмө гүлгө толуп калган. Аларды баардык жерден көрүүгө болот: тизесинде, себеттерде, кумурада, стаканда. Розалар, пиондор, лилиялар жана гортензиялардын башаламан композициялык гүлдүү түстөр өкүм сүрүүдө. Аны чыгармачыл адамдарга тиешелүү ирээтсиздик толуктап тургансыйт: отургучта пальто менен кол баштык жатат, ал дагы туш келди ыргытылганы байкалат; табуреткада чайнек менен чыны, алмурут турат. Айтор, столдун үстү баш аламан. Ачык терезенин сыртында шаарды сүрдүү караңгылып каптап келатканын көрүүгө болот. Актрисанын жүзүнөн бактылуулуктун кымындай да илеби сезилбейт: ал жалгыздыкка тунжурап батып калган. Көңүлдүү өткөн кечтен кийин чарчоого басырылып отурганы езилет. Сүрөттөн келечектин куруучусу эмес, баатырдын басып өткөн даңктуу жолун эмес, жаңы жаралган каарманды көрүүгө болот – ийгиликти коштогон жалгыздык жана кайгылуу маанайды тартуулаган сан жеткис чексиз гүлдөр курчаган парадоксалдуу шаардык маданияттын өкүлү.


Арноо. Саякбай Каралаев. 1974. Кенеп, май боек, 131×179,5

САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ (1894-1971) – Улуу манасчы. Аны көбүнчө “XX кылымдын Гомери” деп атап коюшкан. Саякбай колун тизесине таштап коюп, шырдакта отурат. Көздөрү жумулуу, ал бүткүл жан дүйнөсү менен Улуу Эпостун сыйкырлуу ааламына аралашып, ата-бабаларынын энергиясын өзү аркылуу өткөргөнгө, адамдарды элдин руханий казынасына аралаштырууга ыклас коюп отурганы байкалат. Манас өзүнүн душманы менен кыл чайнашкан кармаш жүргүзүп жатат. Киндик кан тамган ыйык жер үчүн, биримдиктүү элдин келечеги үчүн айыгышкан кармаш улам күч алууда. Сол тарабында турган Каныкей кармаштын жүрүшүнө көз салып турат. Оң тарабында кырчылдашып кармашып жаткандар жана согуштан жыдыгандар. Формалардын жана түстөрдүн экспрессиясы. Күн менен түн, жарык менен караңгы, баш аламандык жана карама-каршылык! Улуу манасчы жөнүндө Чыңгыз Айтматов мындай деген: “… Каралаевдин аткаруучулук ыкмасы эмоционалдык күчкө толуп чыңалып турганын байкоого болот: ыргагы, ышкы кумары, шыктануусу, аны менен кошо – кусалыгы, сагынычы, кайгысы, санаасы, көз жашы – ушунун баарын коштогон – кайраты, чечкиндүүлүгү, эрдиги. Анан кайрадан эле ой-толгоолор, күлкү жана ый». Бирок сүрөтчү башка жолду тандап алгандыктан манасчынын образы көбүрөөк символдошкон. Ал дүйнөдөгү баардык нерселерден алыс. Бул адаттан тыш чечмелөө! Ошол туура болду бекен бирок деген суроолор туулат…

Бүгүнкү күндө бул эмгек Улуу эпостун эң кубаттуу сүрөт вариациясы деп саналат. Бул картина сүрөтчүнүн чыгармачылык мурасы катары кабыл алынат. Эмне үчүн Советтик Кыргызстанда мына ушундай чечкиндүү эксперимент жасоого мүмкүн болду экен? Балким ал кезде жан үрөп изденип, жаңылыштыктарды, кемчиликтерди кетирип жүрүп отуруп, акыр аягында чыныгы нукура искусство жаралып, руханий бийиктикке жетет деген түшүнүк жашаса керек! Анан кайра эле суроолор пайда болот…

 

А.Федоровдун сүрөтү


Саякбай Каралаевдин портрети. 1971. Кенеп, май боек, 123,5х99,5

САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ (1894-1971) – Улуу манасчы, элдин бийик руханий символу. Баатыр столдун четинде, көгүш чапанчан отурат. Артында көп-көк асманда каалгыган аппак  булуттар. Улуттук оймолор түшүрүлгөн дасторкондун чети көрүнөт. Арийне, сүрөтчүнү майда-чүйдөсү кызыктырбайт – ал символдорду жаратууда! Манасчынын турган турпаты айлананы ээлеп алган, анын маңдайындагы тырыгы да өзгөчөлүүлүгүн тастыктап коюлган эн белгидей көрүнөт. Токтоо, сабырдуу, айбаттуу, бүт турпаты менен бийиктикке — жогору жакка умтулганы туюлат. Бүткөн бою чыңалып бир муштумдай түйүлүп, көздөрүнөн от чагылышат… Асмандагы булуттар да уйгу-туйгу болуп жаткандай. Чыңгыз Айтматов Улуу манасчы жөнүндө мындай деп жазганы бар: “… Бул адамдын жүзүнө, жаңсоолоруна, көздөрүнө тигилип, өзгөчө көркөм жөндөмгө эгедер адамдын айтканын угуп отурсаң, ал өзү да эпикалык башталыштын башатындай сезилет…” Сүрөтчү чоң тематикалык картинага көп убакыт даярданган. Портретин тарта турган адамдын үйүнө барып изденип, аракеттенип, тынымсыз иштеген. Иш ыргагында ар дайым ошол учурдун белгилери сакталып кала берет, балким, манасчыны ичинен эзген катаал турмушу, атактуулуктун туу чокусунда көргөн сый-урматтан чарчап-чаалыкканы чагылдырылгандыр. Ал эми дасторкондогу таамай чагылдырылган жарашыктуу кооздук манасчыны эпос менен толук жуурулушуп кетүүдөн сактап калып, өзү композицияга шыр кирип кеткен.


«ХХ кылымдын Гомери» Саякбай Каралаевдин портрети, 1966. Кенеп, май боек. 137,5х104

САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ (1894-1971) – Улуу манасчы. «Манас» эпосунун Саякбай Каралаев айткан варианты толук түшүрүлгөн вариантынын бири катары таанылган. Ал Ысык-Көл облусунун Тон районунда туулган. 1916-жылы Үркүндө Кытайга качып, бир жылдан кийин кайтып келген. 1918-жылы кызыл гвардиячылардын отрядына кирген. 1921-жылдан тартып 1931-жылга чейин Ысык-Көл облусундагы айылдык кеңештерде төрага болуп иштеген. 1936-жылы Мамлекеттик филармониянын жеке аткаруучусу (солисти) болуп кабыл алынган. Кыргыз ССРинин Эл артисти (1939), үч жолу Эмгек Кызыл Туу ордени менен, бир жолу “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган.

Манасчы тактыда отургандай бийик орундукта жашыл кителчен, бир колу менен таякка таянып, экинчи колу менен тизесин кысып отурат. Желкесинде койдун терисинен жасалган тон. Абстракттуу түшүрүлгөн тактар ​​чылгый каптаган булуттардын арасынан асмандын бир үзүмү шыкаалап тургандай көк мейкиндин түзүлүшүн сүрөттөйт.

Жашыл, кара көлөкөлөрү — реалдуу портрет, бирок күнүмдүк эмес. Сүрөтчү манасчынын башынан өткөргөн эң күчтүү чыңалуусун сүрөттөп берген.

Сүрдүү көз карашы, бекем түйүлгөн кабагы, кымтылган эриндери. Эркинин күчү менен далысын түз кармап отурганы, колдорунун кыймылынын ачыктыгы. Сүрөтчү түстөрүн, жалпы тоналдуулугу жана деталдарын өзгөртүп манасчынын бир нече портретин тарткан, бирок композициялардын жалпы духу өзгөрүүсүз калган: элдин руханий турмушунун эбегейсиз зор ааламын камтыган Улуу адамдын зор ааламы.


Революционер САРЫКУЛАКОВДУН портрети. 1972. Кенепке, май боек, 100х65

КОЖОМУРАТ САРЫКУЛАКОВ (1892-1918) Кыргызстанда жаңы бийлик орнотуу үчүн күрөштүн активдүү катышуучуларынын бири болгон. Верныйда, Киевде, Казанда окуган. Февраль демократиялык революциясынан кийин Кыргызстанга кайтып келип, саясий турмушка активдүү катышкан. 1917-жылы 10-сентябрда “БУКАРА” союзунун төрагалыгына шайланган. Ал 1918-жылы каза болгон. Кыпкызыл кездемеден жасалган дасторкондо колуна газета кармап каарман турат. Билимдүү адам, интеллектуал жана демократ элдин аң-сезимине кайрылат! Жөнөкөйлүк – кедейлердин пафосу. Үстөлдө ашыкча эч нерсе жок, Түз сызык менен кагаздын чети көрүнөт. Кийимде ашыкча эч нерсе жок: ачык кызгылт өңдүү тик жакалуу көйнөкчөн. Боз талаанын эң четинде кембагалдардын үйлөрү көрүнүп турат. Жүзү кубарыңкы, бирок күнгө күйүп, кара жумушка жадеп бышкан кара колдору. Кара тамгалар менен жазылган кызыл, ак гезит, чачтары жана колдору кара. Калганынын баары жарык, ак түстүү! Кызгылтым, көк, кызгылт көк, сары жана жашыл түстөрдүн болор-болбос түшүп турган көлөкөлөрү. 70-жылдары революцияны жеңил романтика катары чечмелөө мода болчу. Азыркы учурда, ал негиздүү болуп саналат.

Каарман өлөт жана ал ачарчылык, репрессия, революциялык аракеттердин кыйрашы жөнүндө эч качан биле албайт. Анын колунда кандай гезит бар? Араб жазуусунда жана кирилл алфавитинде жазылган «БУКАРА» деген жазуунун бир бөлүгүн көрүүгө болот. 1924-жылга чейин кыргыздар орус, казак, өзбек, татар тилдериндеги гезиттерди колдонушкан. 1924-жылдын ноябрь айында гана кыргыздын туңгуч гезити «Эркин-Тоо»  жарык көргөн. Гезит араб арибинде басылган. Балким, сүрөтчү убакытты артка түрүп: “Басма — Билим — Эркиндик жана гүлдөп-өнүгүү!” дегенди ачык айкын көргөзгүсү келгендир.


Кыргызстандын кинематографисттери. 1986. Кенеп, май боек, 134,5х120

Жогору жакта, солдон оңго карай: СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ, режиссерлор ГЕНАДИЙ БАЗАРОВ жана БОЛОТ ШАМШИЕВ. Оң жакта четте турган – бүркүт кармаган аксакал кайсы кино тасмадан экендигин аныктоого мүмкүн эмес. “Ак кеме” тасмасындагы жомокчу чыйрак абышканы эске салат. Арийне, бул жалпылаштырылган образ шекилдүү. Төмөндө: оператор КАДЫРЖАН КЫДЫРАЛИЕВ, жана режиссер ТӨЛӨМҮШ ОКЕЕВ. Ортодо кыргыздын айдай сулуу кызынын образы. Сүрөтчү эмне үчүн ТАТТЫБҮБҮ ТУРСУНБАЕВАНЫН сулуу жүзүн түшүрбөдү болду экен? Балким автор бул “эркектердин тобуна” “образдын” болушун каалады бекен? Эч кимди таарынтпаш үчүн, ушундай идеалдуу кылгысы келгендир? Театр куурчагына кандай гана сын пикирлер айтылбады дейсиз!

Чындыгында сүрөтчү бул картинага 60-жылдын аягындагы, 70-жылдын башындагы Советтик Кыргызстандын кинематографиясындагы кыргыз кереметинин авторлорун батырган. Бирок мында МЕЛИС УБУКЕЕВ жана АЛЬГИМАНТАС ВИДУГИРИС көрүнбөйт. Балким сүрөтчү өзүнүн эң жакын иштешкен адамдарынын элестерин калтырууну чечсе керек. Ал ОКЕЕВ, КЫДЫРАЛИЕВ, ШАМШИЕВ менен көп иштешкен, ГЕНАДИЙ БАЗАРОВДУН портретин жазган. Автор өзүн кошпой, оператор НУРТАЙ БОРБИЕВДИ тартып койгон деген пикирлер бар…, бул талаштуу пикир.

Жалпысынан алганда, автор куюп койгондой окшоштукка умтулган эмес — ал өз түшүнүгүн билдирүүгө умтулган. ЧОКМОРОВ сол жагына карай, композициянын алкагынан сырткары көз чаптырып турат, ал эми оң жагында бүркүтчөн чал, БАЗАРОВ, КЫДЫРАЛИЕВ жана … театр куурчагы көрүүчүлөргө карай түз карап турушат. ШАМШИЕВ менен ОКЕЕВ — өздөрүнүн жан дүйнөсүнө терең үңүлгөн жаратмандар. Ар бири кыргыз киносунун бир кыры: карапайым эл ичинен чыккан ОКЕЕВ, шаардык интеллигенция өкүлү БАЗАРОВ, эмоционалдуу ШАМШИЕВ, акылман КЫДЫРАЛИЕВ. Ал эми автордун өзү — сүрөтчү, келбеттүү, көрүнүктүү, укмуштуудай таң калыштуу тагдыры бар актер.


Жайлоодогу кеч. 1967. Картон, темпера, 81х57,5

Төмөндө бир нерсе анча түшүнүктүү болбой турат. Кийиздер кургатуу үчүн илинип коюлганбы? Алар жаңы эле жасалышы мүмкүнбү? Чий кургатып жатышабы? Бул камыш тосмо болушу мүмкүн, бирок эмне үчүн жайлоодо тосмолор турат? Эгерде окуя тасма тарта турган жерде болуп жатат деп боолголосок, анда баардыгын түшүндүрүүгө болот. Бизге кандайдыр бир көрүнүш үчүн полотно керек болгондуктан, алар ушундай жасалгаларды даярдашкан. Бир аз жогору жакта боз үйлөр көрүнүп турат, анын жанында жатакчылар көрүнөт. Композициянын ортосун тоо дарыясынын жээгинде жайгашкан жылкылардын жайы ээлеп турат, андан кийин чакан көлдүн жээгинде жылкылардын үйүрү оттоп жүрөт. Узун көлөкөлөр композициянын горизонталдуу бөлүнүшүн гана баса белгилейт. Чеберлик менен тунук, кылдат жазылган. Жашыл жана көк түстөр кошулган охра түсүнүн көлөкөлөрү күн баткандагы тоо шалбааларынын баркыт сымал сулуулугун эң сонун чагылдырат. Көк түстөгү кийимчен аялдын турпаты жана кызгылт сары өңдүү жылкы бөлүнүп белгиленген. Бул иштин артында кандай идея жатат? Табият менен адам күндүн батышын зарыгып күтүүдөбү? Кыргыз сүрөтчүлөрү чыгармалары аркылуу маанай тартуулаганды жакшы билишкен. Алар чоң полотно болбосо да, бирок таланттуу мотивдер катары жогору бааланган. Ошентсе да, бул чыгарманы жаратууга эмне түрткү болду экен? … 1967-жылы Болот Шамшиев «Караш ашуусундагы атылган ок» тасмасын тарта баштаган. Анда оператор тартып алган жайлоодогу ак-кара түстөгү сонун көрүнүштөр бар. Балким, сүрөтчү кызыгып кетип, табигый сулуулукту өзүнүн көркөм чечмелөөсү аркылуу берүүнү чечкендир? …Тасманын акыркы эпизоддорунун биринде Сүймөнкул тоонун муздак суусун сүзүп өтөт. Ал суук тийип, өпкө оорусуна чалдыгат. Каарман оорудан улам жаралган жан чыдагыс азаптарды жеңип, тасманы аягына чейин бүтүргөн. Мүмкүн, кийиз кургатуу — Жозеф Бойстин (ЖОЗЕФ БОЙС — немец сүрөтчүсү, постмодернизмдин негизги теоретиктеринин бири) кийизиндей болсо керек… Ушунун баары акылга сыйбаган психоаналитикалык сандырактык! Ал эми өзүңөр жакшы билгендей, советтик жана постсоветтик көркөм сында фрейдизм болгон эмес!


Автопортрет (Атайын комиссар). 1976. Картон, май боек, 63,5х49

“Атайын комиссар” тасмасында (1970), сүрөтчү Түркстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин мүчөсү, Фергана облусунун революциялык комитетинин башчысы, кызыл комиссар НИЗАМЕТДИН ХОДЖАЕВДИН ролун аткарган. Кыргыздын улуу актеру өзбектин улуу коммунистинин ролун жараткан, СССРде мындай окуядан таң калаарлык эч кандай өөн нерсе болгон эмес! Өзбек элинин белгилүү режиссеру АЛИ ХАМРАЕВ “Өзбекфильм” киностудиясында, бир тууган коңшу республикада кино тасма тарткан. Эки жылдан кийин Сүймөнкул Чокморов башкы ролду ойногон “Жетинчи ок” кино тасмасы тартылган. Бул учурда сүрөтчү шашып аткандай тез иштейт, тасмаларга тартылууга үлгүрөт жана бул кутургандай ылдамдыктагы иш ыкмасын – ала приманы, бир кыймылды аныктайт. Интенсивдүү кызыл фон, башы таңылган, көк көйнөк жана боз пальто. Актёр кийим алмаштырууга, образдан алыстаганга да үлгүрбөй калган. Натыйжада ал колунда палитрасы, кисточкасы менен кызыл комиссардын образындагы автопортретти, Өзбекстандын коммунисти НИЗАМЕТДИН ХОЖАЕВДИН образында тарткан экен! Бул жерде эч кандай портреттик окшоштук жок — бул доордун укмуштуудай жалпылаштырылган портрети!


Кыргыз ССРинин Эл артисти А. Жанкорозованын портрети. 1975. Кенеп, май боек, 90х57,5

ЖАНГОРОЗОВА АЛИМАН (1914-1993) – театр жана кино актрисасы. Кыргыз ССРинин Эл артисткасы (1967). Ал: «Биздин балалыктын асманы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, «Каардуу» сыяктуу белгилүү тасмаларда роль жараткан. Чоң апа килемдин үстүндө тизесин кучактап, үйүлгөн жарашыктуу килемдер менен түркүн түстүү жууркандардын фонунда аялдардын улуттук баш кийими ЭЛЕЧЕК кийип отурат. Кылдат тандалган татаал түстүү чийме реалдуу көрүнөт, бирок сүрөтчүгө бул кызык эмес — ал оймо-чиймелерге кызыгат! Жүзү жана кийими укмуштуудай кооз оюулардан жаралган. Улуттук оймо-чиймелер кайдан жаралат? Мээримдүү көздөрдөн! Акыйкаттыктан! Тек гана койкоюп отурган асылзаада жандын турпатынан! Жеңил сызыктар менен толтурулган жана башка дагы артыкчылыктардан. Даанышмандык, акылмандык, мээрим төгүлүп турган билинер-билинбес кымтылган эриндерден. Эмгекти сүйгөн шадылуу колдору алдыга чыгып турат. Ал колдор сүрөттөгү мейкиндикке сыйбайт! Ишенимдүү ыкма. Бул портрет “Кызыл алма” тасмасынын (1975, режиссёр Төлөмүш Океев) чакан эпизодундагы каарман болгон. Башкы ролдо Сүймөнкул Чокморов чоң энесинин портретин тарткан сүрөтчүнү ойнойт. Эпизод сюжеттин өнүгүшү, бирок бул убакыттын ичинде сүрөтчү «асфальттуу кыргыздардын» кредосун айтууга үлгүрөт: шаарда түйшүк жетиштүү; тынымсыз иштей берсең, ишке алаксып оору басаңдайт; чыгарма жаратып жатканда баары эстен чыгат. Портрет чоң апага жагып калып, сүрөтчүнү айылына, тоого барып, кымыз ичип, күч-кубат, ден соолугун чыңдап келүүгө чакырат.

А.Федоровдун сүрөтү


Ардагердин портрети. 1985. Кенеп, май боек, 80,3х58

Бул жөнөкөй дыйкандын портрети: эски кочкул боз костюм, кызгылт сары түстүү көйнөк жана кандайдыр бир стандарттуу эмес, жөнөкөй калпак. Жумушчу калпак: таажысы бийик эмес, четтери ылдый түшүрүлгөн. Ал килемдин фонунда, колу менен таякка таянып отурат, адатта айылда сүрөткө ушинтип түшүшөт. Каармандын карапайым отурушунан айырмаланып, артындагы жарашыктуу туш кийиз жана дубалдагы килемдин ар кандай түзүлүшү жана түстөрү чагылышып жаркырайт. Бул өтө эле өзгөчөлөнүп, негизги нерсени көрүүгө тоскоол болуп жаткандай сезилет. Бирок, чындыгында, бул өтө кылдат берилген акылдуу композициялык ыкма! Элдик оймо-чиймелер сакал-мурутунда, беттеги бырыштарында, бырыш баскан колдорунда түрлөнүп кайталанат. Анан эле керилген келишимдүү келбет пайда болот, анын көз карашында кадыр-баркы ачык көрүнүп турат. Ардагер – карапайым адам, ошол карапайымдыгында анын улуулугу бар! Сенек доорунда советтик интеллигенция чөйрөсүндө ушундай мода болгон. Роберт Рождественскийдин «Жер бетинде, ырайымсыз кичинекей…» (1969) ырларынан кийин медалдар менен ордендер керек эмес, лента да керек эмес! Ал эми кичинекей адамдын эрдигин даңазалоо үчүн «бүт жер жүзүндө мрамор жетишсиз болгон…». Сүрөтчү түбөлүктүүлүктүн белгисин чагылдырууга умтулган. Бирок ал конкреттүү бир адамды отургузуп тарткан. Ал ким? Төрт бир тууган Чокморовдор — Султан, Чолпонкул, Чолпонбай жана Намырбек согушка катышкан. Чолпонбай 1941-жылы июль айында каза болгон. Калгандары кан майдандан аман-эсен кайтып келишкен. Намырбек милицияда кызмат өтөгөн. Улуусу Султан атасынын жолун жолдоп, темир устачылыкты мыкты өздөштүргөн, орден, медалдары бар эле. Ал 1995-жылы сексен жети жашында каза болгон. Балким, ошол агасынын портрети болуп жүрбөсүн? Азыр аны эч ким ишенимдүү ырастай албайт. Көп балалуу Чокморовдор өздөрүн тарых бетинде сактап калууга умтулбаган өтө жөнөкөй үй-бүлө болгон. Ошол кездеги Кыргызстан да алардын анысын түшүнмөк эмес. Кайдагы бир жөнөкөй адамбы? Сыйлыктар, орден-медалдар керек! Ийгиликтүүлүктүн күбөсү катары керек! Бири-бирин чыканактан тартып жөөлөшүп депутаттыкка талапкер, чиновник-бизнесмен болуп, тарых бетинде сакталып калууга умтулуу керек!


Манасчы М. Чокморов. 1968. Картон, май боек, 47,9х69,5

МАМБЕТ ЧОКМОРОВ (1896-1973) – Улуу манасчылардын бири! Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туулган. 1963-1973-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын кызматкерлери Чокморовдун оозунан “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин уникалдуу вариантын жазып алышкан. Сүрөтчүнүн фамилиясына окшош манасчы жердештерине улуу эпостун ар түрдүү үзүндүлөрүн айтып берип, өмүр бою өзүнүн айылынан алыс чыкпай жашап өткөн. Ал чоң шаарда жашагысы келбей, концерттик иш-чараларга ыңгайлашып, чыгармачылыгын бир калыпка салып көнгүсү келген эмес. Фон текши, жылмакай, жашыл-күрөң түстүү. Ийнинде – кызыл охра түстүү чапаны, башында – кара тебетейи (малакай). Кочкул боз костюм, аскердик гимнастеркага окшош көйнөкчөн, астынан ак жакасы чыгып турат. Жүзүндө олуттуу, нааразылык байкалат. Кабагы бүркөө, эриндери кымтылган, көздөрү тик. Аксакал эл алдындагы жоопкерчилигин түшүнөт – ал өзүнүн өзгөчө өнөрүнүн алдында карыз. Ал согушта! Руханият үчүн, мурас үчүн! Ар бир күн, ар бир саат, ар бир көз ирмемде — ал эс ала албайт. Сүрөт да ошого ылайыктуу. Фондогу уламдан улам азайган кара штрихтердин экспрессиясы борборго карай күчтөнүп берилип, каш менен көздүн симметриясын жарып өткөндөй. Бул чыгарманы чоң көргөзмөгө ошол бойдон кое албасын автор жакшы түшүнсө керек… Ал Саякбай Каралаевдин портретинин үстүндө көпкө иштеген…. Бирок бул эскиз да көрүүчүгө көп нерсени айтып бере алат. Бул сүрөтчүнүн ролу жана анын чыгармачылыгынын маңызы жөнүндө толук жетишерлик маалымат.


УЛАНДЫСЫ. 2-ЧЫГАРЫЛЫШ =>


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 

 Кызык болсо жазылыңыз.


Автору
Гамал Бөкөнбаев

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *