1916: ТАНДАЛГАН ДОКУМЕНТТЕР

№75 ДОКУМЕНТ. 1916-ЖЫЛ БАЛЫКЧЫНЫН ТУРГУНУ И.А.ЖДАНОВДУН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ. №12 ДЕПТЕР

— КР УИА.Тил жана адабият институту. Кол Жазмалар Фонду. Оп. Тарих. 1519 (12) Д. 91-92 Б. Жазып алган: университеттин тарых факультетинин 4-курсунун студенти Казим Забиров. Бул документ орус тилинде жазылган. 

Тарыхчылар 1916-жылы Семиречьеде болуп өткөн окуялар тууралуу ар кандай материалдардан окуп изилдесе болот. Сиздердин назарыңыздарга окуянын түздөн-түз катышуучуларынын өз оозунан жазылып алынган маалыматтар камтылган документтердин бири.

1953-жылы университеттин тарых факультетинин 4 студентинен турган топ жергиликтүү калк өкүлдөрүнөн, 1916-жылдагы окуяга күбө болгон, ошол кезде көзү тирүү адамдардын өз ооздорунан окуянын чоо-жайын жазып алуу үчүн республиканын булуң-бурчтарына жиберилген. Ал документтер Кыргыз ССРнын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондунда сакталган жана аны колдонууга чектөө киргизилген. СССР таркаган соң, ал документтер кеңири колдонууга берилген. 17 дептерден (дагы бир дептер башка дептерден көчүрүлгөн көчүрмө) турган, орус же кыргыз тилдеринде жазылган ал кол жазмалар, окуянын катышуучуларынын жана ага күбө болгондордун өз оозунан жазылып алынган.

Курал жүктөлгөн арабаны күч менен тартып алгандын күбөсу болгон, Балыкчынын тургуну И.А. Ждановдун айткандарын сунуштайбыз.

Бул маанилүү эпизод Төлө ажы уулу Ыбрайымдын айтуусунда, Жунуш Карачороевдин жана Нургазы Кыдыралиев, Элебес Сулаймановдун айтуусунда, ошондой эле инженер Бондыревдин айткандары жөнүндө, анын жубайы Нина Полторацкая-Бондыреванын күндөлүгү, Рымшевичтин рапорттору жана башка аскерлердин жазып калтыргандары. Документтер ошол окуяларда ар кандай роль ойногон ар түрдүү адамдардан ар кайсы мезгилде жазылып алынгандыктан, көпчүлүк учурда бири-бирине дал келбейт жана кай бирде бири-бирине карама-каршы келет.

Бардык шилтемелер документтин соңунда келтирилген.

Ал окуя тууралуу ушул кезге чейин маалым болгон бардык документтердин негизинде толук камтылган В.И.Шварцтын макаласында «Винтовки для повстанцев»


 

КӨРҮҮ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ  (түп нускасы — орус тилинде)

 

№12 Дептер. №6 Жазуу

 

 

 


№21. Жданов И.А., 1899-жылы туулган, Балыкчы районундагы Рыбачье айылында жашайт, социалдык абалы – кедей дыйкан.

1916-жылга чейин кыргыздардын орустар менен мамилеси жакшы болчу, көтөрүлүш жөнүндө эч кимдин оюна келген эмес. Анан эле кыргыздарды армияга чакырып жатыптыр деп айтып калышты. Ошондон көп өтпөй эле орустардын арасында да кыргыздар көтөрүлүшкө чыгууга даярданып жатыптыр деген сөздөр тарап кетти. Аны уккан  орустар коргонуу үчүн тосмолорду орното башташты. Тегерек четибиздеги боз үйлөрдө жашаган кыргыздардын баары капысынан эле көрүнбөй калышты. Биздин үйгө бир тааныш Нургазы деген кыргыз келип, көтөрүлүш болоорун айтты. Ошентип жүрсөк эле, тоо этегинде топ-топ атчан кыргыздар пайда боло башташты. Биз анан кыргыздар Көтмалдыга (Боом капчыгайы) солдаттардын коштоосунда келаткан мылтык жүктөлгөн арабаны тосуп келгени кетишти деген кабар уктук. Ошол учурда Рыбачьенин чыгыш тарабынан кыргыздар капысынан айылга басып киришти да, айылды өрттөп салышты. Айылдын жашоочулары көлгө карай качып жөнөштү, ал жакта узун кайыктар бар эле, баары ошого түшүп, сүзүп кетип жатышты. Кыштакта бир эле орус Бачин деген чал калыптыр, аны деле өлтүрүп салышканын билдик. Суу менен сүзүп кеткенге үлгүргөндөр Пржевальскийди карай багыт алдык. Эртең менен Жаргылчакка жээктеп токтойлу десек, ал жак да өрттөнүп жаткан экен, кайра сүзүп кеткенге мажбур болдук. Сазановкага сүзүп келсек, ал жакта да жалындаган от күйүп жатат, аны көргөндө, андан ары сүзүп жөнөдүк. Михайловкага жеткенде, ошол жакка кайыктарыбызды таштап, андан ары жөө жөнөдүк. Пржевальскийге баарыбыз жеткен жокпуз, анткени орто жолдон бизге мариновкалык дунгандар кол салышып, кээ бирөөлөрүн өлтүрүштү. Бир нече убакыттан кийин биз Токмокко кете бердик, анткени Рыбачьенин баарын өрттөп кетишиптир.


Ссылки на этот документ есть в следующей статье:
В.ШВАРЦ. ВИНТОВКИ ДЛЯ ПОВСТАНЦЕВ. ИЗ 5 ЧАСТЕЙ С ВВЕДЕНИЕМ И ЗАКЛЮЧЕНИЕМ. ЧАСТЬ 5-Я. ВЕРСИЯ УЧАСТНИКОВ

Еще документы и публикации ПО ТЕМЕ:

ДОКУМЕНТ №61. ВОСПОМИНАНИЯ ЫБРАЙЫМА СЫНА ТОЛО-АЖЫ О ЗАХВАТЕ ОБОЗА С ОРУЖИЕМ В 1916 Г.
ДОКУМЕНТ №62. РАССКАЗ ИНЖЕНЕРА К.Л.БОНДЫРЕВА О СОБЫТИЯХ 8 АВГУСТА, ЗАПИСАННЫЙ ИМ 02.11.1916
ДОКУМЕНТ №63. 1916 ГОД В ВОСПОМИНАНИЯХ КАРАЧОРОЕВА ЖУНУША, КЫРГЫЗА САРЫБАГЫШЕВСКОЙ ВОЛОСТИ
ДОКУМЕНТ №64. 1916 ГОД В ВОСПОМИНАНИЯХ КЫДЫРАЛИЕВА НУРГАЗЫ ИЗ БАЛЫКЧЫ. ТЕТРАДИ №1 И №12
1916 ГОД. ТУРКЕСТАН. ХРОНОЛОГИЧЕСКИЙ ОБЗОР. ДЕНЬ 39
ДОКУМЕНТ №65. 1916 ГОД В ВОСПОМИНАНИЯХ СУЛЕЙМАНОВА ЭЛЕБЕСА ИЗ БАЛЫКЧЫ. ТЕТРАДЬ №12
ДОКУМЕНТ №66. ДНЕВНИК Н.А.ПОЛТОРАЦКОЙ С ЗАПИСЯМИ О СОБЫТИЯХ 1916 ГОДА В СЕМИРЕЧЬЕ
ДОКУМЕНТ №73. ПОКАЗАНИЯ ВОЗЧИКА ОБОЗА С ОРУЖИЕМ, ДАННЫЕ ИМ В НОЯБРЕ 1916 Г. В КАШГАРЕ
ДОКУМЕНТ №72. ПИСЬМО РОТМИСТРА В.Ф. ЖЕЛЕЗНЯКОВА В ГОСДУМУ С ВЕРНЕНСКОЙ ГАУПТВАХТЫ В 1917 Г.


Автору
Жданов И.А.

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *