КАЙТАРУУГА АЛЫНГАН АЙМАКТАР ЖӨНҮНДӨ

ТАЛКУУ КЛУБУ РУБРИКАСЫ. БИЗДИН КЛУБУ ЖӨНҮНДӨ.

Келгиле, бирге кеңешели!

Изображение взято с сайта www.onmywaves.com
Бул сүрөт www.onmywaves.com сайтынан алынды

Бул жерде билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери талкууланат. Фонд алектенген бул темалардын кулачы аябай кенен болгондуктан, анын уч-кыйырына көз жеткис десек да болчудай.

Бул темалардын башын эмне бириктирет?

Алардын баары гуманитардык тармактын бир бөлүгү болуп эсептелет, башкача айтканда, мейкиндик, анын борборунда – адам, ал — менин, сиздин, биздин жашоо-тиричилигибиз дегендей. Ар бирибиз эле жакшы жашоого умтулат эмеспизби, эч ким жамандыкты каалабайт 😉 .

Биз ошого КАНТИП ЖЕТИШЕ АЛАБЫЗ? Келгиле, ушул маселелердин тегерегинде ой жүгүртүп көрөлү. Узак мөөнөттө аткарыла турган келечек пландардан алсак, маселен, билим берүүнүн “субъектилеринин” жана “объектилеринин” көз карашы менен алып караганда билим берүү тармагынын көйгөйлөрү жана жетишкендиктери. Жана бүгүн-эртең ишке ашырууга боло турган пландар, алсак, шаар жана айылдагы турмуш шарттарына тиешелүү маселелер, мисалы, коңшу көчөнүн жолун оңдоо сыяктуу.

Бул жерде өзүңүздүн ой-пикирлериңизди ачык айта аласыз – биздин электрондук дарекке материалыңызды салып жиберсеңиз, биз аны карап көрөбүз да, ылайыгы келсе, жарыялайбыз. Жообун сөзсүз билдиребиз, дароо жооп бере албасак да, 1-2 күндүн ичинде жооп жазып жиберебиз. Эгерде күтүүсүз кырдаалдардын себептеринен улам ушул белгиленген мөөнөттө жооп бере албай калсак, бир жуманын ичинде жообун ала аласыздар.

Бул жерде сын пикир жана талкуу жүрөт – жарыяланган материалдарга комментарий жазсаңыз болот.

Виртуалдык клубдагы талкуулар бири-бирибизди жакындан таанышууга жардамдашат, ал эми Фонд биздин жашообузда мүмкүн болушунча жакшы нерселердин көбүрөөк, жамандыктардын азыраак болушуна кам көрүүчү долбоорлорду түзүп, ишке ашырууга  көмөктөшмөкчү.

Турмуштагы актуалдуу маселелерди талкуулаган адамдардын ой-пикирлерин, сунуштарын  жакшылап иштеп чыгып, оңдоп-түзөп тиешелүү жооптуу органдарга жана мекеме-уюмдарга жеткирүүгө болот деп ойлойбуз.

Келечекте кеңейтүүгө мүмкүн болгон темаларды сунуштайбыз:

  • МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ, МЕКТЕПТЕ БИЛИМ БЕРҮҮ, ОРТО КЕСИПТИК ЖАНА ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ,
  • ШААРДЫКТАР ҮЧҮН ШААРДЫ КӨРКТӨНДҮРҮҮ, ӨНҮКТҮРҮҮ
  • ЭЛЕТТИКТЕР ҮЧҮН ЭЛЕТ ТУРМУШУН ӨНҮКТҮРҮҮ
  • КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨЗГӨЧӨ КАРООЛГО АЛЫНГАН АЙМАКТАР (КОРУКТАР, УЛУТТУК ПАРКТАР)
  • БЕЛГИЛҮҮ АДАМДАР
  • ИЛИМДИ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
  • КР МААЛЫМАТ КООМУ

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *