ТАРЫХТЫН ТАРЫХ БАЯНДАРЫ

КЕМИНДИН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН АРНАЛГАН “МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМДҮН САНЖЫРАСЫ” СЫНАГЫ

Дети и родители собрались на Церемонию
Дети и родители собрались на Церемонию

Ар бир үй-бүлөдө китептерде сүрөттөлгөн окуялар чагылдырылган.  Биздин балдар алардын чоң атасы, алардын атасы ким болгондугун, ата-бабаларынын өлкөбүздү, өзү жашаган аймакты өнүктүрүү үчүн кошкон салымдары тууралуу билишеби? Чоң атасы кандай адам болгон, кандай кызматтарда иштеген? Чоң апасы менен кантип таанышкан? Алардын жаш кезинде коомдо кандай эски көз караштар бар эле? Алар өз учурунда кандай окуяларга күбө болушкан жана эмнеге түйшөлүшкөн? Алар жашаган айыл кандай болгон? Аны кимдер түптөгөн? Азыркы үй-бүлөсү жашаган үйдү ким, качан курган? Мурда анда кимдер жашашкан? Алардын үй-бүлөсү мурда кайда жашаган? Биз балдардын ушул суроолордун тегерегинде ой жүгүртүүсүн, бул тууралуу ата-энелеринен, чоң ата, чоң энелеринен, жакын туугандарынан сураштырып дилбаян жазууларын, ал эми ал дилбаянга өз үй-бүлөлөрүнүн генеалогиялык санжырасын тиркөөнү өтүнгөнбүз.

Бул сынак 2013-жылы өткөрүлүп, жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты 2014-жылдын 24-августунда болгон

Бул сынактын максаты:

  • Балдардын өзүнүн үй-бүлөсүнүн таржымалына, санжырасына, өзү жашаган аймакка жана Ата-Мекенине кызыгуусун арттыруу
  • Райондун тургундарынын таржымалы аркылуу аймактын тарыхын жыйноо.

 

Жиберилген дилбаяндарды кесипкөй калыстар тобу баалашты. Ага төмөнкү критерийлер камтылган:

  • Теманын толук жана ирети менен ачылышы, ошол мезгилди терең изилдөө жана маалыматты арттыруу
  • Баяндалган тарыхтын аныктыгы жана аны документалдуу негиздөө
  • Формалдуу эмес тил менен жандуу стилде баяндоо
  • Дилбаянды өз алдынча жазуу (китептерден, гезиттерден, журналдардан, Интернет булактардан алынган бир да сап болбошу керек; дилбаянда автордун өзүнүн гана ою болушу зарыл!).

Сынакка мектептин жогорку жана майда класстарынын окуучулары күч сынашты. Эки жеңүүчүнүн ар бирине ыйгарылган башкы сыйлык – фотоаппарат. Биз, идеянын авторлору сыяктуу ле окуучулар үй-бүлөсүнүн фотоархивин жана өздөрү жашаган аймактын фотогалереясын түзүүгө кызыкдар болушат деген ниетте болдук.

Балдар көлөмдүү “үй тапшырманы”, анык изилдөө ишин аткарышты. Алар иш учурунда үй-бүлө мүчөлөрүн кошо тартышып, теманы активдүү талкууга алышты. Сынактын катышуучулары үй-бүлөлүк санжырасын түзүүдө чыгармачылык менен кыял чабытын айкалыштырып аткарышканы көрүндү: жакындарынын колго тартылган портреттерин алдындагы жазуулары менен бак-дарактын фонунда же гүлдүн жалбырактарында жана ошондой эле жүзүмдүн бир талына сыйдырып жайгаштырышкан. Сиз сынактын катышуучулары жөнөткөн сүрөттөрдү ушул жерден көрө аласыз.

Жеңүүчулөрдү сыйлоо салтанаты

Айкан с дипломом вруках
Айкан с дипломом в руках

Жыйынтыгы чыккандан кийин, катышуучулар жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатына күбө болушту. Ал иш-чара окуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге жана жалпы эле күйөрмандарга бир чети кызыктуу, бир чети кубанычтуу болду деп ойлойбуз. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасы Шабдан айылындагы “Билимканада” өттү. Балдар ал жерге ата-энелери менен чогуу келишти.

  • Жогорку класстын окуучуларынын арасындагы сынакта Шабдан айылындагы мектептин окуучусу Айкан Иманалиева жеңүүчү деп табылды.
  • Төмөнкү класстын окуучуларынын арасындагы сынакта Тарсуу айлындагы мектептин окуучусу Адилет уулу Элхан жеңүүчү болду.

    Элхан получает Диплом победителя из рук Радика Таланта - победителя конкурса молодых ученых-медиков
    Элхан получает Диплом победителя из рук Радика Таланта — победителя конкурса молодых ученых-медик

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатын “Билимкана” мектебинин директору, Фонд Кемин районундагы мектептердин арасында өткөргөн “Биринчи мугалим” сынагынын 2011-жылдагы жеңүүчүсү Бактыгуль Калмамбетова алып барды. Салтанаттуу жолугушууга коомдук ишмер, Кемин аймагынан чыккан урук-туугандары, өлкөбүздүн билим берүү тармагына салмактуу салым кошкон Базаркул Данияров, Санжарбек Данияров, Төлөнбай Данияров  жөнүндөгү китептин жана мемуарлардын автору Кутпа Бакировна Даниярова-Орузбаева сүйлөп, келген меймандарга кызыктуу маек куруп берди. “Билимкана” мектебинин окуучуларынын күчү менен даярдалган музыкалык саламдашуусу жана музыка сабагынын мугалими Максат Абдылдаевдин ырлары өзгөчө жылуу шаңга бөлөдү. Калыстар тобунун төрайымы Мира Расабековна Мыкыева сынакка келип түшкөн эмгектерге өз баасын берди.

Артисты - муз коллектив школы Билимкана в с. Шабдан, где проводилось мероприятие
Артисты — муз коллектив школы Билимкана в с. Шабдан, где проводилось мероприятие

Айрыкча, сынактын катышуучуларынын, анын ичинде жеңүүчү болгондугунан кабары жок жеңүүчүлөрдүн сүйлөгөндөрү өзгөчө кызыктуу болду. Өзүнүн генеалогиялык санжырасынын түзүмүн жөнөткөн ар бир катышуучуга автордун санжырасы түшүрүлгөн плакаттар белекке тартууланды.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты баяндалган сүрөтотчетту ушул жерден көрсөңүз болот.

Жыйынтыктап айтканда, дилбаяндар менен иштөө учурунда балдар ата-энелери, жакындары менен күнүмдүк тиричилик жөнүндө эмес, руханий байлыкты арттыруучу темалар боюнча баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү деп ишенебиз. Долбоордун авторлору ушул максатты ишке ашырууну көздөдүк.

Биз өзүбүздүн лауреаттарыбыз менен байланыш түзүп, сайтка баш баккандарга ал кичинекей каармандарыбыздын кийинки ийгиликтери тууралуу кабарлап турмакчыбыз.


СҮРӨТАЛЬБОМ: БАЛДАР ӨЗДӨРҮНҮН ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН САНЖЫРАСЫН ТҮЗҮШКӨН

СҮРӨТАЛЬБОМ: СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ


Дагы:

Биринчи мугалим сынагындагы сыйлык тууралуу


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *