Зинаида Рихтер. Азиатская Швейцария (по киргизским кочевьям) [Азиялык Швейцария (Кыргыз конуштары боюнча)]. Москва-Ленинград: Физкультура и туризм. 1930 – 49 б.
Биздин сайтка жарыяланган Василий Гроссмандын очерки зор кызыгуу жаратканын байкаган соң, биз ага окшогон дагы бир чыгарманы сунуш кылууну чечтик. Эгерде “Турмуш жана тагдыр” романынын автору согуштан кийинки Кыргызстанды сүрөттөп берсе, бул биз сунуштаган макалада НЭПтин акыркы жылдарындагы республикабыздын турмушу баяндалат. “Азиялык Швейцария (кыргыз конуштары боюнча)” деп аталган “Пролетардык туристтин китепканасы” сериясынан алынган брошюра 1930-жылы Москвада жарык көргөн. Анда автор 1929-жылдын жайында саякатка келгендеги алган таасирин баяндайт.
Саякатчынын маршруту Фрунзеден башталып Токмок, Боом, Рыбачье, Каракол, Каркыра, Суусамыр аркылуу өткөн. Жалпысынан алганда, Василий Гроссман басып өткөн жолдой эле десек болот. Түшкөн транспорту да ар түрдүү — бардык жүргүнчүлөр жогору карай түртө турган автомобиль, автобус; араба, узун кайыктарга түшүп, ат менен минип жүргөн. Саякатчынын жолуккан адамдары жана алар менен баарлашуусу да ар кандай болгонун жазган. Алардын бири, мисалы, караколдук карыя, 90 жаштагы отставкадагы генерал Ярослав Корольков болгон.
Ошондой эле 1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндө жазган китебинде Канат Абукиндин (Ыбыке уулу), Шабдан Жантаевдин балдарынын, ротмистр Железняковдун аттары гана эмес, ошондой эле полицеймейстер Поротиков жана башка Үркүндүн “терс баатырларынын” ысымдары да эскерилет. Ал окуялар автордун эсинде жакшы сакталып калгандыктан, саякатчы колунан келишинче эмне болгонун түшүнүүгө, түшүнгөндөрүн өз сөзү менен айтып берүүгө аракет кылат. Ошондой эле кыргыздардын курортторго кантип барары, апийим кантип казылып алынганы, Суусамырда “дүйнө жаралгандан бери” биринчи жолу көрсөтүлгөн кино тасмасы кандай өткөнү, көчмөндөр конушундагы саясий талаш-тартыштар тууралуу баяндар бар. Анда сифилис менен күрөшүү, жайыттарга чек коюп бөлүштүрүү, камакка алынган манап тууралуу да айтылат… Саякатчынын кол жазмаларында революцияга чейинки мезгилдин драмалары жана Совет бийлиги орногондон он жыл өткөндөн кийинки кыргыз айылдарындагы турмуш-тиричилик кыйынчылыктары аралаш берилген.
Мындай баяндамалар башка жерден кездешери күмөн. Автор ушул баяндоолор аркылуу өзү басып өткөн жерлердин жаратылыш кооздугун кошо сүрөттөйт… Акырында көргөнүнө таң калган автор: «Суусамырга мурда сүрөтчү барган беле жок беле, барса, ал күндүн тоого батып бараткан көрүнүшүн тартып алган беле?» деп сонуркайт… анткени элестетүүгө мүмкүн болбогон мындай кооздукту мурда эч жерден көрбөгөн.
Автор жөнүндө бир-эки ооз сөз. Зинаида Владимировна Рихтер (кыз кезиндеги фамилиясы Дурова болгон) (1890-1967) — өтө тынчы жок адам болгон. Сөздүн эң жакшы маанисинде алганда авантюрист десе да болот. Ал Абхазияга (1929-жылы Кыргызстанга келээр алдындагы) саякаты жөнүндө баянын «Түштүк Кара деңиздеги бардык Кавказ шаарлары түрктөрдүн кант чачылган жыпар жыттуу илешкек рахат-лукумундай бат эле тажатат» деп баштайт. Ошондон кийин ал 15 жылдан бери бир да конок көрбөгөн жерлерге кантип жеткенин, ал жерден негрлерди кантип көргөнүн, алар «Бул жерге кантип келдиңер эле?” деген суроого: «Силер андан көрө, орустар бул жерге кантип келгенин сурасаңар болмок… биз болсо дайыма ушул жерде жашап келгенбиз» деп жооп бергенин сүрөттөйт.
Ал Москвадан Крымга чейин жөө басып, Таймырга муз жаргыч кемеде сүзүп барып, Эльбруска чыккан, тарыхта биринчи жолу Москва-Пекин-Токио багыты боюнча биринчи рейске катышкан. Ал кабарчы болуп иштеген, анын ичинде борбордук «Известия» жана «Правда» газеталарынын аскердик кабарчысы болгон. Википедияда ал тууралуу маалыматтар бар, андыктан алардын баарын кайталап айтуунун кажети деле жок. Болгону 1952-жылы көптөгөн белгилүү адамдардай эле ал да азаптуу сталинизмдин репрессиялык машинасынын чеңгелине түшкөндө, Жамбул облусунун Талас району саякатчынын сүргүнгө айдалган жери болгонун белгилейбиз. Москвада туулуп-өскөн Зинаида Владимировна ал жакка коркпостон барса керек, себеби, 1929-жылы ал бул жер жана жергиликтүү тургундар жөнүндө көп нерселерди билип калган эле…
ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ PDF (орус тилинде)
Очерк азыр орус тилинде гана берилет.
Тилекке каршы, көчүрмөнүн сапаты начар.