ТАРЫХТЫН ТАРЫХ БАЯНДАРЫ

ЧОҢ-КЕМИНДЕГИ КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНДАГЫ ААЛЫ ТОКОМБАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕ “КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНЫН МУЗЕЙИ” АЧЫЛДЫ.

Биздин балдар тарыхты, өлкө тарыхын, үй-бүлө санжырасын жакшы биле беришпейт. Бул өтө өкүнүчтүү! Кийин эс тартканда убагында эмне үчүн сурап билип албадык, эмне үчүн окуп албадык деп өкүнүп калары шексиз.

Чоң-Кемин өрөөнүн тарыхы, анын ичинде Кайыңды айылынын тарыхы – бүтүндөй өлкөнүн тарыхый күзгүсү. Бул жүрөк толкуткан кызыктуу тарых издери. Мектеп окуучуларына, алардын ата-энелерине жана берекелүү аймакка келгендерге айта турган, көрсөтө турган нерсе көп. Эми ошол өткөн тарых барактарын барактап, өткөндү эскергенге ушул мектепте ачылган Кайыңды айылынын музейи жакындан жардам бермекчи.


МУЗЕЙДИН АЧЫЛЫШ САЛТАНАТЫНАН СҮРӨТРЕПОРТАЖДЫ көрүңүз.

Бул алгылыктуу демилгенин ээси – ЖК депутаты Каныбек Капашевич Иманалиев. Ал ушул мектепте көп жыл завуч жана директор болуп үзүрлүү эмгектенген педагог Капаш Иманалиевдин уулу.

Каныбек Капашевич Иманалиев — депутат ЖК

Чакан Кайыңды айылынан бүтүндөй өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүндө чоң роль ойногон ишмерлер, окумуштуулар, мугалимдер, музыканттар, акындар чыгышкан. Ушул жерде атак-даңкы Кыргызстанга эмес, алыска тараган көрүнүктүү тарыхый инсан Шабдан баатыр, атагы атасынан кем эмес таанымал анын уулдары жана неберелери жашап өткөн. Ушул жерде 1916-жылдагы драманын маанилүү эпизоддору орун алган. Ошол кайгылуу окуялардын катышуучусу, “Кайран эл” деген поэманын автору Ысак Шайбеков да ушул чөлкөмдөн. Кайынды — педагог-агартуучу, жогору окуу жайын (азыркы биздин Улуттук университет) уюштуруунун башатында турган, окуу китептеринин автору, латын алфавити боюнча комиссиянын мүчөсү, сөзсүз түрдө жалпы билим алуу жылдарында уюштурулган Академиялык борбордун мүчөсү Базаркул Данияровдун да кичи мекени. Айылдагы мектеп ысмын алып жүргөн, 1916-жылдагы окуяларды баяндаган “Кандуу жылдар” романын ыр түрүндө жазган Аалы Токомбаев да ушул жерде туулуп-өскөн. Алардан башка дагы борбор калаабыздагы музыкалык окуу жайга ысмы ыйгарылган залкар комузчу Муратаалы Күрөңкеев, академик-окумуштуулар Мырзабек Иманалиев, Санжарбек Данияровдор да ушул аймактын ардактуу кулундары. Улуу Ата Мекендик Согушта Кайыңды айылдын кырчындай жигиттери кан күйгөн майданга аттанышып, фашисттерди талкалоодо өмүрүн аяшкан эмес.

Кайыңдынын ушундай улуу инсандарынын басып өткөн таасирлүү таржымалын эми мектепте ачылган музейден көрүүгө болот.

Кыргыз Агартуу институтунун биринчи бүтүрүүчүлөрүнун катарында болгон Төлөнбай Данияровдун ысмын кайыңдылыктар сыймык менен атап келишет. Ал Мамлекеттик медициналык окуу жайда, андан соң Казакстанда эмгектенип, Китеп палатасын жетектеген, андан кийин ал агартуучу Нарын облусуна жиберилип, ал жакта бир нече мектептин пайдубалын түптөшкөнгө өз салымын кошкон. Өз туулуп-өскөн жерине кайткан соң, Тегирменти айылындагы мектептин директору болуп иштеп, 1960-жылдан өмүрүнүн аягына чейин 1975-жылга чейин ушул Кайыңды айылындагы мектепте агартуучулук милдетин аркалаган. Аны менен бирге ары ардактуу, ары түйшүктүү мугалимдик кесипте анын өмүрлүк жары Зуура Жетигенова бирге жүрүп, балдарга математикадан сабак берген.

Кемин токой чарбасынын кызматкери Советбек Акматов мындай бир кызыктуу учурду эскерет:

1955-1970-жылдары бири-биринен 3-4 километр алыстыктагы Кайыңды жана Карал-Дөбө айылдарынын ортосунда жашаган 15 үй-бүлөнүн балдарынын мектептен окуу мүмкүнчүлүгү жок, арабөк ортодо калышкан. Ошондо Советбек Акматов ошол жерге эки бөлмө үй бөлүп бергенде, Төлөнбай Данияров менен Капаш Иманалиев 1956-жылы ал үйгө мектеп ачышып, ошол жерде жашаган балдарга барып сабак өтүп турушкан.

Жаңыл Абдылдабек кызы

“Кайыңды айылынын музейинин” ачылышына алыс-жакындан айылына кайдигер эмес уул-кыздары атайын келишти. Алардын катарында учурда Ошто жашаган Ысак Шайбековдун кызы да болду. Музейдин кызыл лентасын Шабдан баатырдын чөбөрөсү Жаңыл Абдылдабек кызы жана ЖК депутаты Каныбек Иманалиев экөө кесишти. Экөө тең музейди уюштурууга жана анын ачылышына эң чоң салым кошкон адамдар.

Салтанаттын соңунда келечегинен көптү үмүттөндүргөн шыктуу мектеп окуучулары келген меймандар үчүн ыр окушуп, улуттук бийлерди бийлеп чакан концерт тартуулашты.

Бул музей өтө пайдалуу жана кызык экендиги талашсыз. Ал мындан ары жаңы маалыматтар, кызыктуу окуяларды баяндаган тарых барактары менен улам толукталып, өсүп келаткан жаш муун үчүн кызмат өтөөрүндө шек жок.


Дагы:

Сүрөтгалерея: КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНЫН МУЗЕЙИНИН АЧЫЛЫШЫ

ДОСТОР КИТЕПКАНАСЫ. ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

КИТЕПКАНА ҮЧҮН КИТЕП АЛЫП БАРДЫК. КЕМИН. КАЙЫНДЫ АЙЫЛЫ. ААЛЫ ТОКОМБАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП.

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *