Гроссман Василий. Кыргызстанга сапар. ХХХI- жыл. Биринчи альманах. Советтик жазуучу. 1948, 207-233-бет.
Василий Гроссмандын биз жарыялап жаткан очеркинин сенсациялык деле өзгөчөлүгү жок. Формасы боюнча алганда, бул узак убакыт бою согуш кабарчысы болуп иштеген жазуучунун классикалык «саякат жазуулары». Орус тилин мыкты өздөштүргөн. Окуяларды жымсалдап жумшак, дээрлик күндөлүк сыяктуу чебердик менен кылдат сүрөттөп берет. Ойлору байкоолоруна айланып, бири-бирине толукталат да кайра ой учугун улайт. Күнүмдүк көрүлгөн көрүнүштөрдүн сүрөттөлүшү, кызыктуу адамдар менен таанышуулар, жаратылыштын кооздугу автордук бирикмелер жана эскерүүлөр аркылуу бири-бирине байланыштырылат. Кыскасы, анда XIX жана XX кылымдагы классикалык орус жана совет адабиятына мүнөздүү болгон нерселердин баары бар.
Ал эми мазмунуна келсек, жаштар үчүн бул мурда болуп өткөн белгисиз, түшүнүксүз окуяларды баяндоо. Мындай окурмандарга бир гана айтаарыбыз: Василий Гроссман чындыкты жазган. Балким чындыктын баарын түгөл эмес, бирок чындыкты гана жазган. Андыктан ага ишенсе болот.
Ал эми эс тарткан кезде СССРде жашаган адам үчүн бул сапар баяндары — тааныш, бирок эсинен чыгып кеткен нерсе менен жолугушуу. Ал бирок ал жагымдуу жолугушуу. В.Гроссмандын очеркинде эч кандай жамандагандык, жада калса советтик чындыкты сындоо да жок. Чыгарма 1948-жылы жазылып жана басылып чыккан, башкача айтканда, сталинизм мезгилинде, канчалык парадоксалдуу көрүнбөсүн, көптөгөн совет адамдары акылга сыйбаган тышкы душман менен болгон согуш аяктаган, психологиялык жактан жеңилдеп калган мезгил болсо да, согушка чейинки террор жана чындык менен келишкис жалган доордун белгилери абада калкып сезиле баштаган эле. Сезимтал адамдарга ал белгилер байкалган.
Василий Гроссман сталинизмдин кайра жандана баштаган эң жийиркеничтүү көрүнүштөрүнө биринчилерден болуп туш болгон. Ал Илья Эренбург экөө америкалык еврей уюмдары менен биргелешип, немис фашисттеринин СССРдин еврей калкына каршы кылмыштары тууралуу даярдаган «Кара китеп» жарык көрүү алдында турган. Китеп АКШда басылып чыккан, бирок орус тилиндеги даяр типографиялык комплектиси ошол эле 1948-жылы тарап кеткен.
12-январь 1948-жылы еврейлердин антифашисттик комитетинин төрагасы Соломон Михоэлс Минск шаарында кайгылуу кырсыктан улам каза болгон. Ошондон кийин жазуучунун келечектен жакшылык күтүүгө чамасы жок эле. Анткени, ал согушка чейин эле Иосиф Сталиндин ким экенин, сталинизм эмне экенин жакшы түшүнгөндөрдүн бири болчу.
ОЧЕРКТИ ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ (орус тилинде)
Мына ушундай кыйын кырдаалда Василий Гроссман Кыргызстанга иш сапар менен учуп келип, биз азыр окурмандарыбызга сунуштап жаткан жол очеркин жазат. Очерк ушунчалык жаркыраган жагымдуу жана мээримдүү сезимдерге толгондуктан, автор бул жерде, ушул адамдардын арасында өзүн абдан жакшы сезгени айкын көрүнүп турат.
Интернеттен жазуучунун чыгармалары, анын чыгармачылыгы, саясий себептерден улам жазуучунун көзү тирүүсүндө жарыкка чыкпай калган атактуу “Өмүр жана тагдыр” романы тууралуу маалыматтарды оңой эле табууга болот. Гроссман Хрущевге жазган катында: “Мен Сизден менин китебиме эркиндикти кайтарып берүүңүздү суранам, менин кол жазмам жөнүндө Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкерлери эмес, редакторлор мени менен сүйлөшүп, талашып-тартышсын” деп кайрылган.
Бирок социалдык тармактардан “Кыргызстанга сапар” деген очеркин издебей деле койсоңор болот. Ал жерде ал очерк жок. Ал Википедияда берилген басылмалардын тизмесине да киргизилген эмес.
Бул очеркти досубуз, «Вечерний Бишкек» гезитинин кабарчысы Александр Тузовдун кеңеши боюнча Россиянын тарыхый китепканасынан таптык.
Очерк азыр орус тилинде гана берилет.