ӨТКӨН ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ БАЯНДАР

“КЫРГЫЗБЫ” ЖЕ “КИРГИЗБИ”? РАСМИЙ ЭТНОНИМДИН ДОКУМЕНТАЛДУУ ТАТААЛ ТАРЫХЫ. 1-БӨЛҮК

«Кыргыз» этноними адамзатка эң байыртан тааныш болгон этнонимдердин бири болгонуна карабастан, анын акыркы кылымдарда орус тилинде (экзоэтноним) колдонулушунун өзгөчө тарыхы бар жана талкуу бүгүнкү күнгө чейин уланып келет.

Советтер Союзундагы республикабыздын жетекчилери Абдыкадыр Орозбеков менен Баялы Исакеевдин Москва менен болгон бул темадагы абдан кызыктуу жана маанилүү кат алышуусу менен таанышууну сунуш кылам. Документтер РФМА — Россия Федерациясынын Мамлекеттик архивинен (ГАРФ) алынган.

2-бөлүктө документтердин фотосүрөттөрү жана алардын тексттери берилген.  Экинчи бөлүккө ШИЛТЕМЕ ушул басылманын аягында берилген.

Ал эми документтер менен таанышуудан мурда бул кат алышуунун маңызына, катышуучулардын тагдырына жана маселенин өзүнө кыскача токтоло кетейин.


1-БӨЛҮК

СССР тарап, эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин кыргыздар КЫРГЫЗ этнонимин орус тилинде колдоно башташып, ал тургай мындай этнонимди (жана Кыргыз Республикасы топонимин) өлкөнүн Конституциясына да киргизген.

Ага ылайык, англис тилиндеги вариантында Kirghiz (эски сөздүктөрдө) деген сөз Kyrgyz (бардык жаңы сөздүктөрдө жана басылмаларда) болуп өзгөртүлгөн. Ошол эле учурда француздар (Kirghize) жана испандар (Kirguistán) бул сөздү өз тилдеринде кыргыз тилинен эмес, орус тилинен алынган котормосун сактап калган.

Орус ЖМКлары жана орусиялыктар дагы эле “киргиз” этнониминин вариантын колдонушат, анткени орус тилинин грамматикасы тиешелүүлүгүнө жараша орус институттары тарабынан жөнгө салынат, ошондуктан этнонимдин (экзо-этноним) орусча варианты мисалы, Пушкин атындагы орус тили институту тарабынан аныкталышы керек деп негиздешет.

Бирок, биз ушул күнгө чейин орус тили Кыргыз Республикасынын Конституциясында «мамлекеттик» кыргыз тилинен тышкары «расмий» деген макамды сактап келатканын белгилей кетишибиз керек, андыктан менин көз карашымда, Кыргызстан бул сөздүн орус тилиндеги тил нормасын аныктоого толук укуктуу. Эгерде анын укугу жок болсо, балким, анда республикадагы тилдин статусун өзгөртүү керектир.


АДЕГЕНДЕ МУРУНКУ ТАРЫХЫ ТУУРАЛУУ

Кыргыздар Россия империясынын колониясынын курамында турган мезгилде – Орус Түркстаны же Түркстан аскер генерал-губернаторлугу (1867-1917 жж) — кыргыздар менен казактарды ​​“киргизы” деп атап келишкен. Монархияда «мамлекеттик тил» деген термин колдонулган эмес, бирок Россия империясынын иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлүп келген. Ошондуктан, элдердин өздөрү “кыргыз” жана “казак” эндоэтнонимин (өз аты) колдонушканы менен, расмий анкеталарда, басылмаларда, документтерде экөө тең “КИРГИЗЫ” деп аталып калган. Орус адабиятында жана басылмаларында кээ бир авторлор азыр орусча “казах” деп аталып келаткан элге карата “киргиз-кайсак” же “киргиз-казак”, ал эми өздөрүн “кыргыз” деп атагандарга карата орус тилинде “кара-киргиз” же “дикокаменные (жапайы таш) киргизы” деген сөздөрдү колдонушкан.

1917-жылы монархия кулагандан кийин Россия империясынын Түркстан генералдык өкмөтүнүн урандыларынан Россия Федерациясынын курамында Түркстан Автономиялык ССР  (1918-1924) түзүлгөн. Ошого жараша эки эл — кыргыздар жана казактар дагы расмий түрдө орусча “киргиз” деп аталып калган.

Түркстан АССРинин курамында Түркстан генералдык-губернатордук мезгилиндегидей эле биздин ата-бабаларыбыз кыргыздар менен казактар башка элдердин арасында ​​ жашап келген. Бирок казактардын түндүк бөлүгү Түркстандын сыртында – түздөн-түз Россия Федерациясынын курамында жашап, ал жерде эгемендүүлүккө ээ болууга аракет кылып, Алаш автономиясын (1917-1920), андан кийин Алаштын ордунда борбору Оренбург шаары болуп Кыргыз (орусча Киргизская) АССР (1920-1924) түзүлгөн, аны Казак АССР деп атаса туура болмок.

1924-жылы Түркстан бөлүнүп жоюлгандан кийин биз, кыргыздар Кара-Кыргыз автономиялуу облусу (1924-ж. октябрь–1925-ж. май) болдук, ал эми Түркстан казактары түндүк казактар менен биригип Кыргыз (орусча Киргизская) АССР болуп түзүлгөнү белгилүү. Башкача айтканда, этнонимдер жана топонимдер менен чаташуу улана берген…

Акыры, 1925-жылдын май айында кыргыздар «кара» деген кошумча аты жок Киргизская (Кыргыз) АО деп атала баштаган, ал эми мурдагы Кыргыз АССР (азыркы Казахстан) Казак АССР (айтмакчы, ал кезде «казак» этноними орусча “х” деген тамга жок эле “к” тамгасы менен бекитилген) болуп калган. Мына ушул тарыхый учурда, 200 ЖЫЛДЫН ИЧИНДЕ БИРИНЧИ ЖОЛУ, эки бир тууган, бирок эки башка элдин ортосундагы расмий айырмачылык менен чаташуулар жок кылынган!

Андан ары СССРдин курамындагы биздин республика Кыргыз (орусча Киргизская) АССРи (1926-1936), Кыргыз (орусча Киргизская) ССРи (1936-1991) деп аталган. Бирок бул жерде да республиканын аталышы СССРдин мамлекеттик тилинде — орус тилинде (советтик документтер боюнча — «улуттар аралык катнаштын тилинде» ал эми де-факто — бүткүл Союзда жана республиканын өзүндө, иш кагаздарын жүргүзүүнүн тили б.а. мамлекеттик тилде) Киргизия, Киргизская деп аталган…


СОВЕТ ДООРУНДА КЫРГЫЗДАР ӨЗДӨРҮ «КИРГИЗИЯ» АТАЛЫШЫН КАНДАЙ КАБЫЛ АЛГАН?

Совет мезгилинде республикада бардык иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлүп келген. Кыргыз АССР/ССРинин алыскы бир бурчунда жашагандар орус тилин билбесе да мамлекеттик органдарга, милицияга, сотко, саламаттыкты сактоо органдарына кайрылуулардын, ишке кабыл алуу боюнча арыздардын, эмгек китепчесиндеги жазуулардын бардыгы орус тилинде толтурулган. Жогорку окуу жайларында (В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтун кошпогондо) окуулар орус тилинде жүргүзүлгөн. Ал эми өзгөчө ынталуу ишмерлер кыргыз тилине (мисалы, басма сөз органдарынын аталыштарына) орус тилинен “правда” же “родина” деген сыяктуу сөздөр кайсы тилде болбосун, анын ичинде кыргыз тилинде да бар, жасалма жол менен киргизиле баштаганда да эч ким сындабай эле кадыресе кабыл алынган. Кыргыз ССРинде чыгарылган документтердеги кыргыздардын аттары жана фамилиялары түпнускадагы аталышы жана мааниси боюнча жазылбай, ушул күнгө чейин сакталып келет. Мисалы, Жусуптун ордуна Юсуп, Орозбектин ордуна Уразбек, Жоомарттын ордуна Джоомарт, Төлөгөндүн ордуна Тологон же Тулеген ж.б. Көпчүлүгү бул абалды аларга жакса да, жакпаса да кадыресе көрүнүш катары кабыл алган.

Бирок кыргыз коомунун билимдүү бөлүгү жана анын бийликтеги өкүлдөрү расмий, эң көп колдонулган республикалык топонимге жана этнонимге карата мындай мамилени өөн көрүшкөн эмес. Анткени, күн сайын республиканын “киргиздер”, “Киргизская” дегендерине тиешелүү документтерди жасып, кол коюуга туура келген…

1936-жылы СССРдин жаңы Конституциясы (жана ошого жараша союздук республикалардын жаңы конституциялары) кабыл алынышынын жана жаңы негизги мыйзамда бекитилүүгө тийиш болгон республикабыздын автономиялуу статусунан союздук статуска өтүүсүнүн алдында,  Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Председатели Абдыкадыр Орозбеков башчылык кылган Президиуму СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумуна кайрылуу жазган.

—————————————————-

1936-жылдын 27-октябрындагы бул кайрылуусунда А.Орозбеков Кыргыз ССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиуму элдин атын жана бардык туунду сөздөрдү орус тилинде «киргиз» деген сөз аркылуу эмес, «кыргыз» деген сөз аркылуу жеткирүү зарыл деп эсептегендигин билдирген жана бул боюнча атайын токтом чыгарууну СССР Борбордук Аткаруу Комитетинен өтүнгөн.

—————————————————

Катта кыргыз тилиндеги «киргиз» деген уятсыз этиш менен дал келүүсү, ошондой эле кыргызча айтылышына туура келбегендигин жүйөлүү себеп катары белгилеген. Эске сала кетсек, “киргиз” мажбурланган түрдөгү жекелик буйрук этишти билдирет. Кеңейтилген сүйлөмдө ал толугу менен нормалдуу мааниге ээ, бирок контексттен тышкары, өзүнчө колдонулганда, этиш эки ача мааниге ээ болот.

Абдыкадыр Орозбековдун орус тилиндеги “КИРГИЗ” деген сөздү “КЫРГЫЗ” варианты менен алмаштырууну колдогон катында төмөнкүдөй жүйөлөр келтирилген:

  1. “Кыргыз” деген сөздү орус тилиндеги тексттерде түрк адистери жана изилдөөчүлөр колдонуп келген, эгерде «киргиз» деген сөз колдонулган болсо, кашаанын ичинде (туурасы – кыргыз) белгилешкен. Бул маселени россиялык белгилүү түрколог А.Н.Самойлович мурда да бир нече жолу көтөргөн.
  2. СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин практикасында мурда эле алмаштыруу прецеденти болгон: “Тифлис” топоними расмий түрдө грузин сөзүнө көбүрөөк шайкеш келген “Тбилиси” менен алмаштырылган, “Батум” топоними «Батумиге» алмаштырылган.
  3. Орус тилинин өзгөчөлүгү “кыргыз” деп жазууга жана айтууга толук мүмкүндүк берет.

“Кыргыз” деген сөздүн орус тилинде колдонулушуна азыркы учурда каршы чыккандар эндоэтноним (эл өзүн эмне деп аташат) экзоэтнонимден (бир элди башка элдер кандайча аташат) көбүнчө айырмаланып турганына таянышат. Мисалы, кыргыздар да Россия эмес, кыргызча Орусия деп айтышат, ал эми орустар Франциянын борборун Пари эмес — Париж деп аташат, же Дойчланд эмес — Германия, Инглэнд эмес — Англия дешет. Алар төмөнкүлөрдү кошумчалаган: тигил же бул тилде экзоэтноним кандай угуларын эне тилинде сүйлөгөндөр, мында орустар аныкташы керек дешкен. Менимче, бул катта Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун атынан катка кол койгон Орозбеков мындай аргументтерге алдын-ала даяр болуп, бул пикирге өтө татыктуу жана ынанымдуу каршы чыккан.

Билдирүүдө терминди алмаштыруу жөн гана каалаган кадам катары эмес, зарыл кадам катары мүнөздөлүп, тиешелүү түрдө бул өзгөртүүгө расмий жана мыйзамдуу статус берүү өтүнүчү айтылган. Кат абдан логикалык, ырааттуу, жүйөлүү жана эч кандай ашыкча “суусу” жок жазылган. Урмат-сыйын билдирүү менен, бирок жогорку жетекчиликтин алдында чөгөлөп ийилген эмес (Алар билишкен да!).


РЕСПУБЛИКАНЫН КАЙРЫЛУУСУНА СССР УЛУТТАР СОВЕТИНИН ЖООБУ

СССР Борбордук Аткаруу Комитети бул катты Улуттар Советине — Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) Президиумунун мүчөсү, БАК Улуттар Советинин секретары Александр Исакович Хацкевичтин кароосуна киргизет. Бул кат жазыларынан бир жыл мурда, 1935-жылы ал Белоруссиядан келип, бул кызматка дайындалып, ал жерде жогорку кызматтарды ээлеген, анын ичинде «Беларусизация» маселелери менен алектенген.

А.И. Хацкевич секретариат башчысынын орун басары П.Либах аркылуу 1936-жылдын 10-ноябрында Илимдер академиясына “киргиз” деген сөздү “кыргыз” деген сөзгө алмаштыруунун негиздүүлүгү боюнча профессионалдык корутунду алуу өтүнүчү менен кайрылган. П.Либах корутундунун даярдоо процессин тездетүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү өтүнүчтөрүн жиберет, балким ал СССРдин жаңы Конституциясын кабыл алууга тийиш болгон Советтердин Бүткүл союздук чукул чакырылган VIII съездинин жакында ачыла тургандыгына байланыштуу болсо керек. Акыр аягында СССР Илимдер академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн (КИБ) корутундусу Хацкевичке 22-ноябрда, башкача айтканда, 1936-жылдын 25-ноябрынан 5-декабрына чейин болуп өткөн съезддин башталышына үч күн калганда жиберилген.

Хацкевичке жооп катка СССР Илимдер академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнөн 20-жылдардын аягында Ленинграддагы Чыгыш таануу институтуна иштөө үчүн көчүп келген Орто Азия кабинетинин окумуштуу секретары, атактуу түрк тилчиси, өзбек тили боюнча адис, теги ташкенттик Александр Константинович Боровков кол койгон. Жоопко СССР Илимдер академиясынын академиги-секретары, белгилүү философ Абрам Моисеевич Дебориндин коштоочу каты тиркелген.

———————————-

Бул корутунду кыргыздар байыркы булактардан белгилүү эл экендигин жана сунушталып жаткан “кыргыз” улуттук аталышы турмуштагы айтылышына жакыныраак экенинтастыктайт. Документте орустун да, батыш европалык да илимий транскрипциясында бул сөз так ошол сунушталгандай (кыргыз) берилгени жөнүндө жазылат, ага карабай “салт боюнча” (балким Россияда күнүмдүк турмушунда) «киргиз» деген аталышы калыптанып калганы айтылат. Сунушталган айтылышы орус фонетикасына карама-каршы келбейт. СССР Илимдер Академиясы «кыргыз» деген сөздү кабыл алууну сунуштайт.

———————————-

Документте кызыл карандаш менен, сыягы, А.И. Хацкевичтин колу менен: Таль, Ставский, Тулепов деп белгиленген. Маалыматты тааныштыруу керек болгон үч адам тең басма сөз тармагындагы жетекчилер.

Окумуштуулардын корутундусун алган Александр Исакович 1936-жылдын 2-декабрында СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумуна маселени кийинки отурумдун күн тартибине киргизүү жөнүндө суроо-талап жиберет жана СССР Жогорку Советинин Президиумунун токтомунун долбооруна «киргиз» деген сөздү «кыргыз» деген сөзгө алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун токтомунун долбоорун тиркейт.

Жаңы конституцияны кабыл алуу боюнча съезд башталды, акыркы датасы — 5-декабрда


ЭТНОНИМДЕРДИ АЛМАШЫРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА СССР БОРБОРДУК АТКАРУУ КОМИТЕТИНИН АРАКЕТТЕРИ

Маселе акыркы мүнөттөрдө болсо да эми оң жагына чечилиши керек эле. Бирок съезд аяктаганга чейин маселе чечилген эмес. Республиканын жогорку органдарынын өзүнүн билдирилген эркине, илимий негиздемелердин бар экендигине, ошондой эле саясий институттардын жетекчилеринин, атап айтканда, Улуттар Советинин жетекчилеринин макулдугуна карабастан, бул этапта алмаштыруу болгон жок.

Съезд 1936-жылдын 5-декабрында СССРдин жаңы Конституциясын кабыл алган, анын “Мамлекеттик түзүлүш” деген II главасынын 13-беренесинде: “СССР — тең укуктуу советтик социалисттик республикалардын ыктыярдуу бирикмесинин негизинде түзүлгөн союздук мамлекет: — … Киргизская Советская Социалистическая Республика” деп тизмеде акыркы, он биринчи болуп биздин республика эски аталышы менен жазылып калган.

Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун кайсы мүчөсү бул маселени съезддин аягына чейин күн тартибине киргизгиси келбегени белгисиз. Бирок, эч кандай айкындык камсыз кылынган жок, республиканын өзүндө конкреттүү чечимди күтүп жатышты, ошондой эле өзгөргөн статуска — автономиядан союзга өтүп жаткандыгына байланыштуу жаңы республикалык конституцияны даярдоонун үстүндө иштер жүргүзүлүп жатты.

Декабрдын аягында (26-декабрдагы документтин көчүрмөсү) СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин секретары Иван Алексеевич Акулов коштоочу катка мурда кол койгон академик Деборинге Илимдер академиясынын корутундусун “бул маселе боюнча ар тараптуу корутунду берүү” тапшырмасы менен кайтарып берет. Санкт-Петербургда туулган И.А.Акулов бул кызматка чейин СССРдин биринчи прокурору (1933-1935), бул кызматта андан мурун иштеп, кайгылуу жагы менен белгилүү Андрей Вышинскийдин начальниги болгон, ал ал тургай өзүнүн чуулгандуу өмүр баянында 1933-1935-жж. Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын (ырасында Казах Республикасын) бир жыл (1920-21) жетектегенге үлгүргөн.

1937-жылдын 21-февралында СССР Илимдер академиясынын КИБнын академик-секретары Деборин СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин секретары И.Акуловго мындай корутундусун жиберет:

—————————-  “… кыргыз тилинин көз карашынан алып караганда алмаштырууну туура деп эсептейбиз жана орус тилинин көз карашынан алганда алгылыктуу деп эсептейбиз … түзүлүшү – “кыргыз” деген сөздү «кыргызча» сын атооч менен, биздин оюбузча, орус тили үчүн кабыл алып, ошону менен СССРдин бир тууган элдеринин бири — “кыргыз” элинин аталышында жана айтылышында орус тилинин өзгөчөлүктөрү пайда кылбаган ашыкча бурмалоолорду жоюу керек”.

———————————————-

Академиктен мындай корутундусун алып, аны алмаштырууга макул болууга аргасыз болгон И.Акулов 1937-жылдын 9-мартында И. И.Сталинге «киргиз» деген аталышты «кыргыз» формасына алмаштыруу өтүнүчү менен кат жөнөткөн. Тиешелүү токтомдун долбоору тиркелген катта мындай деп айтылат:

———————————-

«…СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун ВКП (б)нын партиялык тобу Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин өтүнүчүн канааттандырууну жана мындан ары орус тилинде «киргиз» деген сөздүн ордуна «кыргыз» деген сөздү бекитүүнү зарыл деп эсептейт.

———————————

Бул жөнүндө республикада азырынча белгисиз эле. Ал ортодо Кыргыз ССРинин жаңы Конституциясын кабыл алууга даярдык көрүү кызуу жүрүп жаткан. Атайын комиссия 1937-жылдын 11-мартында Кыргыз ССРинин (эми автономиялуу эмес, союздук республика) Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун заседаниесинде долбоорду сунуштап, аны толугу менен жактырган. Долбоор «Кызыл Кыргызстан» газетасынын 1937-жылдын 12-мартында жалпы элдик талкууга коюлган.

Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин Председатели Баялы Дикамбаевич Исакеев жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча атайын комиссиянын мүчөсү болгон, борбордук бийлик органдарынын ишин уюштуруу боюнча подкомиссиянын председатели болгон. 1937-жылдын 13-мартында ортосу 5 мүнөттүк интервал менен Москвага эки шашылыш телеграмма жиберген:

Бири — ВКП (б) БК айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Яков Аркадьевич Яковлевге, республиканын конституциясынын орусча текстине «кыргыз» деген аталышты киргизүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен жөнөткөн. Исакеев айыл чарбасы менен байланышкан бул ишмерди Эл Комиссарлар Совети аркылуу билгени анык болсо керек. Кат алышуудан бир ай мурун, 1936-жылдын октябрында Яковлев ВКП (б) БКнын партиялык контроль комитетинин председателинин биринчи орун басары болуп бекитилген эле.

Экинчиси — маселени чечүүчүнү тездетүү жөнүндөгү өтүнүч менен Улуттар Советинин председатели И.А.Хацкевичке.

Албетте, республиканын жетекчилиги Кыргыз ССРинин конституциясынын акыркы редакциясына элдин жана республиканын өзүнүн аталышына өзгөртүү киргизүүгө үлгүрүүгө үмүттөнүшкөн…

Ошол эле күнү Хацкевич Исакеевге жооп берип, бул маселе жакынкы күндөрү каралат деп ишендирген… Хацкевичтин бул жообунун кол менен жазылган тексти да, телеграмманын өзү да сакталып калган.

17-мартта Яковлевдин аппаратынын кызматкери И.Половинкин анын тапшырмасы менен Исакеевдин телеграммасын И.Акуловго жиберген, ал биз билгендей документтерди И.Сталиндин кароосуна тапшырган.

1937-жылдын 23-мартында кат алышуулар уланып, И.Акулов Баялы Исакеевге:

——————————

“Сиздин Яковлевге жазган телеграммаңызга жооп берип жатам кош чекит Киргиз деген аталыш маселеси чечилип жатат. Санкция бере албайбыз чекит АКУЛОВ” деген маалымат жиберген.

——————————

Санкция бере албайбыз!

1937-жылдын 24-мартында мурунку эле аталыштагы тексти менен Кыргыз ССРинин жаңы Конституциясы «Кызыл Кыргызстанга» басылып чыккан, ошондой эле туу менен гербде кыргызча жана орусча варианттарын көрсөтүү белгиленген, акыркысы Киргизская ССР деген жазуусу менен кеткен.

Бул биз билген “кыргыз” этнониминин маселеси боюнча акыркы жазылган каттар. Баарыбызга белгилүү болгондой, алмаштыруу чечими ошол бойдон кабыл алынган эмес.


ОКУЯНЫН АНДАН АРЫ ӨӨРЧҮШҮ

Эми ошол эле жылы, 1937-жылы 9-марттан кийин кат алышуунун бардык катышуучуларынын тагдыры кандай болгонун түшүнүүгө убакыт жетти көрүнөт. Төмөндө кат алышуунун катышуучуларынын тизмеси, алардын негизгилери жана жөн гана сөз арасында айтылгандар же кат алышуу учурундагы кызмат орду жана андан кийинки тагдыры көрсөтүлгөн документтин көчүрмөсү жөнөтүлгөн.

Көрүнүп тургандай, СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун ВКП (б)нын партиялык тобунун И.Акулов кол койгон 1937-жылдын март айында И.Сталинге кайрылуусунан бир нече ай өткөндөн кийин, 1937-жылдын август-сентябрь айларында “киргиз” этнонимин “кыргыз” деп алмаштыруу жөнүндөгү токтомдо бекитилген маселени талкуулоону улантып, биротоло чечимге келе турган эч ким калбай калган.

1. Абдыкадыр Орозбеков (Абдукадыр Уразбеков) — Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын жана Кыргыз ССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Председатели.

1937-жылдын сентябрында камакка алынган. Түрмөдөн кайтып келген эмес. Түрмөдө каза болгон, балким 1938-жылдын майындагы  кыйноодон улам көз жумса керек. Башка версия боюнча Фрунзе шаарына (Бишкек) жакын Таш-Дөбө айылында атылган.

2. Баялы Исакеев – Кыргыз ССРинин эл комиссарлар Советинин Председатели.

1937-жылдын 10-сентябрында камакка алынган. 1938-жылдын 12-сентябрында бекитилген 1-категориядагы “Кыргыз ССРи боюнча СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы тарабынан соттолгон адамдардын тизмеси” боюнча 1938-жылдын ноябрында Фрунзе шаарынан (Бишкек) 30 км алыс жерде атылган. Ал Ата-Бейит мемориалдык комплексинде түбөлүк уйкуда.

3. Самойлович Александр Николаевич — СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун директору, орустун жана дүйнөнүн эң көрүнүктүү түркологу, В.В.Радловдун шакирти.

1937-жылдын сентябрында камакка алынган. Япониянын пайдасына шпиондук кылган, “контрреволюциячыл буржуазиялык-улутчул уюмду” түзүп, “Улуттук чет жакаларды СССРден бөлүп алуу жана аларды япондук империализмдин таасирине баш ийдирүү” үчүн күрөшкөн деп айыпталган. 1938-жылы февралда атылган. Сөөгү Бутово кыштагынын же “Коммунарка” совхозунун жанына коюлган.

4. Хацкевич Александр Исакович — 1935-жылдан СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун мүчөлүгүнө кандидат жана СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Улуттар Советинин секретары.

1937-жылы “эл душманы” катары камакка алынып, антисоветтик иш боюнча жашыруун иликтөө жүргүзүү үчүн деген шылтоо менен Минскиге жеткирилген. 1937-жылдын 24-ноябрында СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы Хацкевич А.И. өлүм жазасына тартууга жана бардык мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарылган. Өкүм иш жүзүнө ашырылган. Анын аялы да камакка алынып, чыккынчынын үй-бүлө мүчөсү катары соттолгон. Ал Мордовиядагы жана Архангельскинин жанындагы лагерлерде сегиз жыл камакта болгон.

5. Деборин Абрам Моисеевич — СССР Илимдер академиясынын Коомдук илимдер бөлүмүнүн академик-секретары, белгилүү философ

Ал репрессияга дуушар болгон — мекемелердин жетекчилигинен четтетилген, чыгармаларды басып чыгаруудан чектелген, «согушкер меньшевизм», космополитизм үчүн айыпталган, бирок камакка алынган эмес.

6. Боровков Александр Константинович — 1935-1936-жылдары Кеп маданияты институтунун илимий кызматкери. 1934-жылдан бери окумуштуу секретары болуп иштеген.

1938-жылдан баштап СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун улук илимий кызматкери жана Орто Азия бөлүмүнүн башчысы. 1939-1945-жылдары —  СССР Илимдер академиясынын Өзбекстандагы филиалынын директорунун орун басары. 1962-жылы 15-ноябрда Ленинградда каза болгон

7. Акулов Иван Алексеевич – 1935-жылдан СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун секретары жана мүчөсү. Ага чейин, 1933-жылдан 1935-жылга чейин СССРдин прокурору (Андрей Вышинский анын орун басары жана мураскору болуп калган).

1937-жылы 23-июлда камакка алынган, 1937-жылы 29-октябрда В.Ульрихтин төрагалыгы астында СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы контрреволюциялык аскердик заговорго катышкан деген айып менен өлүм жазасына тартылган; Жаза эртеси, 1937-жылдын 30-октябрында аткарылган.

8. Яковлев Яков Аркадьевич – 1934-жылдан баштап ВКП (б) БКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысы. 1936-жылдын октябрынан 1-орун басары, ВКП (б) БКнын партиялык контроль комитетинин председателинин 1-орун басары.

12.10.1937 камакка алынган. Аны менен кошо жубайы Софья Соколовская («Мосфильмдин» директору) камакка алынган. 1938-жылдын 29-июлунда СССР Жогорку командачылыгынын өкүмү менен контрреволюциячыл террористтик уюмга катышкан деген айып тагылып, 1938-жылдын 29-июлунда өлүм жазасына тартылган.

9. Таль Борис Маркович – СССРдин Чыгыш таануу институтунун кызматкери

ВКП (б) БКнын басма сөз жана басма бөлүмүнүн башчысы; “Большевик пресс”, “Большевик” журналдарынын жана “Известия” газетасынын, “Индустриализация үчүн” газеталарынын редактору жана редколлегиясынын мүчөсү. 1937-жылдын 27-ноябрында ордер көрсөтпөстөн камакка алынган. Антисоветтик контрреволюциячыл террордук уюмга катышкандыгы үчүн айыпталган. Ал сурак учурунда кыйноого алынган. Талдын ысымы 1938-жылдын 19-апрелинде Сталиндин өлүм жазасына тартылган тизмесине киргизилген. 1938-жылдын 17-сентябрында СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясынын жыйынында расмий түрдө өкүм чыгарылып, ошол эле күнү атылып өлтүрүлгөн. Сөөк коюлган жер — Москванын жанындагы НКВДнын «Коммунарка» атайын мекемеси.

10. Ставский (Кирпичников) Владимир Петрович — прозаик, журналист, редактор.

Экинчи дүйнөлүк согушта салгылашкан. Ал 1943-жылы 14-ноябрда Невелге жакын жерде снайпер Клавдия Иванова менен бирге нейтралдык тилкенин сыртындагы жортуулда каза болгон. Анын сөөгү Великие Лукиге коюлган.

11. Тулепов Мирасбек Нургалиевич – илимий басылма секторунун башчысы, ВКП (б) БКнын басма сөз жана басма бөлүмүнүн башчысы.

1937-жылдын 22-августунда камакка алынган. 1938-жылдын 25-февралында өлүм жазасына тартуу өкүмү менен атылган.

12. Половинкин Иван МатвеевичВЦСПСтин айыл чарба белумунун орун басарынын жардамчысы.

1937-жылдын 20-октябрында камакка алынган. 1938-жылдын 8-февралында СССР Жогорку Сотунун (ВКВС) Жогорку коллегиясы тарабынан контрреволюциячыл террористтик уюмга катышкан деген айып менен өкүм чыгарылган, ошол эле күнү өлүм жазасына тартылган. Сөөгү Москвада, Коммунаркадагы аткаруу полигонунда коюлган

13. Кульварская (Раскина) Нина Михайловна — СССРдин Чыгыш таануу институтунун кызматкери.

1953-жылы каза болгон

14. П.Либах – тагдыр белгисиз

15. Хутанцев – тагдыр белгисиз

01 Орозбеков
« 1 of 10 »

= > ЭКИНЧИ БӨЛҮК: “КЫРГЫЗБЫ” ЖЕ “КИРГИЗБИ”? РАСМИЙ ЭТНОНИМДИН ДОКУМЕНТАЛДУУ ТАТААЛ ТАРЫХЫ.


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *