ИШ-ЧАРАЛАР

КЕМИНДЕГИ “МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМДҮН САНЖЫРАСЫ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2014-жылдын 9-августунда Чоң-Кемин өрөөнүндө жайгашкан мектептердин окуучуларын, алардын ата-энелерин, мугалимдерди чогулткан аябай кызыктуу окуя болду!  Ага Бишкек шаарынан калыстар тобунун мүчөлөрү барышты, калыстар тобунун мүчөлөрү “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагын калыс баалагандар экенин эсиңиздерге сала кетели. Сыйлоо салтанаты Шабдан айылындагы БИЛИМКАНА мектебинде өттү. Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Улуттук паркы, тоо койнуна куп жарашкан жаңы мектептин имараты, андагы кубанычтуу адамдар өзүнчө эле майрамды элестетти. Иш-чараны БИЛИМКАНА мектебинин директору Бактыгүл Маликовна Калмамбетова алып барды. Ал эсиңиздерде болсо, Фонддун 2011-жылдагы “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын жеңүүчүсү болгон. Сыйлоо аземинин программасында расмий чыгып сүйлөгөндөрдүн куттуктоо сөздөрүн мектеп окуучуларынын жана ыр сабагынын мугалиминин музыкалык ыр саламы коштоду. Сынакка катышкан бардык окуучуларга алар өздөрү тарткан генеалогиялык үй-бүлөлүк санжырасы түшүрүлгөн плакаттар таркатылды.

КЕМИНДЕГИ “МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМДҮН САНЖЫРАСЫ” СЫНАГЫ ЖӨНҮНДӨ


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *